Эрежесиз эр уруш...

Путиндин кумири жеңилди
Акыркы мезгилде эрежесиз эр уруш (панкратион) боюнча бир тууган ага-ини Емельяненколордун таскагы катуу чыккан. Дүйнөдөгү "мен кыйынмын" деп, мушташ майданына "төш кагып чыккандардын" бат эле эсебин таап, акесин таанытканды адат кылып алышкан.
Бир туугандардын улуусу, 1976-жылы туулган Федор Емельяненко самбонун мушташ түрү боюнча Орусиянын чемпиону болгон соң, эрежесиз мушташка өтүп кеткен. Канча жолу рингке чыгып, айыгышкан таймаштарды өткөрүп, публиканы өзүнүн чеберчилиги жана жөнөкөйлүгү менен тартып алууга жетишти. Ал тургай Федордун мушташканын көрүүгө Владимир Путин, Голливуд жылдызы Жанклод Вандам да атайы келишип, аны сүрөп олтурушканы маалым. Емельяненконун улуусу панкратиондон оор салмак боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону болууга жетишип, акыркы 10 жылдан бери болгону эки жолу жеңишин алдырып жибергени болбосо, аны эч бир атаандаш жеңе албай келген. Тилекке каршы, үстүбүздөгү жылдын 13-февралында Федор өзүнөн бир топ иригирээк бразилиялык Антонио Сильва аттуу атаандашынан жеңилип калды. Ал бул жеңилүүсүнөн улам панкратион менен кош айтышаарын билдирген. Ошентип, эрежесиз эр уруштун легендасына айланган спортчунун бул тармактагы карьерасы ушуну менен токтоп, Федордун улуу эпохасы аягына чыгып барат окшойт.


  Бир беттеш үчүн

1 млн. доллар
Бүгүнкү күнү Федорду Путин, Вандамдан тышкары миллиондогон жаштар дагы кумир тутуп келишет. Голландиялык промоутерлердин маалыматына таянсак, Федор рингдеги ар бир таймашы үчүн 500 миңден 1 миллион долларга чейин алып келет. Аны Батыштагы эрежесиз мушташтын күйөрмандары Майк Тайсонго да теңеп жиберишкен.


Алекс "ворбу"?

Ф едор кеткени менен анын фамилиясы панкратиондо дагы деле жаңыра бермекчи. Себеби, оор салмакта аны менен катар эле атаандаштарын ат тепкендей соккулары менен сулатып жүргөн 1981-жылы туулган Александр деген иниси бар.

Алекс дагы агасын ээрчип, спорт залга бара берип, самбонун мушташ түрү боюнча Орусиянын бир нече жолку чемпиону болууга үлгүргөн. Кесиби боюнча "электросварщик" болгону менен бой жеткенден бери, ал да агасы сыяктуу ринг үстүнөн өз күчүн сынап келет. Өзүнүн салмагы 100 килограммдан ашса да, өзүнөн чоңдорду удаа-удаа жасаган темирдей соккулары менен тез эле жер жыттаткандыгы менен айрымаланып келет. Бүгүнкү күнү үйлөнүп, эки кыздын атасы болгон. Маалыматтарга караганда, 5 жылга эркинен ажыратылып, кылмыш дүйнөсүнүн ана башы болгон "вор в законе" деген ыйык наамдын алып жүрүүчүсү. Кылмыш дүйнөсүнүн жазылбаган мыйзамдарына ылайык, эки ийиндин бир аз төмөн жагындагы эки жылдызчаны "ворлор" гана алып жүрүүгө укуктуу. Себеби, адам денесиндеги сүрөттөр кылмыш дүйнөсүндө анын "удостоверение личности" десек аша чапкандык болбос. Ал эми, Федордун эки ийнинде "воровской" эки жылдызчанын тартылганын көрүү менен анын кылмыш дүйнөсүндөгү статусун оңой эле аныктап коюуга болот. Славян улутундагы кримчөйрөнүн өкүлү болгондугу менен убактысынын көбүн машыгуу менен өткөрөөрү белгилүү. Ии баса, мунун "вор" болгонуна карабас-тан Владимир Путин агасы менен жолукканда Александрды да жылуу кабыл алып, аны менен өзүнчө бир нерселерди кобурашып сүйлөшкөнүн журналисттер жазып чыгышкан. Александр Федордон эле эмес, эрежесиз эр урушка чыккан бардык спортчулардан айырмаланып, денесинде оголе көп татуировкалар тартылган. Ушундан улам, журналисттер Федорго кайрылып, анын денесиндеги "наколкалар" кандай маанини, эмне деген символдорду түшүндүрөөрүн сурашканда, тиги мындай жооп кайтарган:
- Например, на правой руке - собор с пятью куполами. Каждый купол обозначает 1 год заключения… Звезды на плечах - символизируют честь и достоинство человека, означают, что он живет по своим устоям, принципам. На спине - изображена Божья Матерь.
Честно говоря, я не знаю, что и сказать. Все татуировки были сделаны в разное время, разными людьми… А что касается символики, каждая наколка имеет свое месторасположение и соответствие, я могу просто рассказать, что каждая из них обозначает, для тех кто несведущ. Например, на правой руке - собор с пятью куполами. Каждый купол обозначает 1 год заключения… Звезды на плечах - символизируют честь и достоинство человека, означают, что он живет по своим устоям, принципам. На спине - изображена Божья Матерь. Звезды на коленях "говорят" - НИКОГДА НЕ ВСТАНУ НА КОЛЕНИ. Тату Пират означает 167 ст. УК - разбой. Надпись на латыни - "смелым сопутствует удача", надеюсь, комментариев не требует. На спине по-немецки написано: Бог с нами. Для меня это символ возрождения, что ли. Сверху на левом плече надписи на русском. Кому интересно, могут рассмотреть на фотографии. Ниже локтя, на этой же руке изображена "голова" наполовину кошки, другая половина - череп. Значение примерно так можно растолковать: человек человеку - волк. Этот афоризм является, наверное, одним из жизненных принципов. На плече - паутина.
P.S. Түшүнүктүү болсун деп которбостон, айтканын айткандай бердик.
Байтур АКЫЛБЕКОВ