Артур Медетбеков, Кыргызстан Элдик демократиялык партиясынын лидери:
"Бийликтегилер кызматта турганыбызда
"ичип, жеп калалы"
деген көз караштан алыс болуусу керек"

(Башы
өткөн санда)

- Биздин маалымат боюнча, уюлдук операторлор 7-апрелден кийин тыңшоочу СОРМ (система оперативно-розыскных мероприятий) каражатын үзүп салышса, УКК аны кайра жарым саатта илдиргенин адис-тер айтышкан эле. Жакында Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары М.Иманкулов "биз депутаттарды тыңшабайбыз"- деп айтты. Алар депутаттарды тыңшабаса, кимдерди тыңшаары бизге кызык болуп жатат. Себеби, карапайым жөнөкөй жарандардын сөзүн угууга УКК кызыкдар эмес болуш керек...
- УКК эле эмес, башка күч структуранын өкүлдөрү да козголгон кылмыш ишинин негизинде санкция алып, шектүүлөрдү тыңшоого укугу бар. Бирок, 6 жыл мурда Жогорку Кеңештеги оппозициялык маанайдагы депутаттардын иш бөлмөлөрүнөн тыңшоочу аппараттардын табылганын билебиз. Андан кийин 2006-жылдагы апрель окуясы учурунда ошол кездеги оппозиция мүчөлөрүнүн, өткөн жылы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн миллиондор тууралуу сүйлөшкөндөрү интернетке чыгып кеткенине коомчулук күбө. Сырттан тыңшоочу, көрүүчү аппараттарды алып келип, колдонууга Кыргызстанда бир да мыйзам жок экенин да белгилегим келет. Бирок, мындай мыйзамсыз тыңшоолор ачыкка чыгып жатса да, ал боюнча козголгон бир да кылмыш иши аягына чейин чыккан эмес.
- Себеп?
- Мамлекетти бир үй-бүлөлүк бийлик башкарып, баарын көзөмөлдөп, өздөрүнө ылайыктуу шарттарды түзүп, мыйзамды уруп ойнобогондугунан улам болуп жатат.
- Аз күн мурда "мамлекетибиз "черныйлардын" же красныйлардын" өлкөсү болобу?"- деген суроого Ички Иштер министри З.Рысалиев "Кыргызстан "красныйлардын" өлкөсү болот деп жооп берди. Эмне "черныйлар" "красныйларга" үстөмдүк кылып кеттиби?
- Эми мамлекетибиз олку-солку абалда турганда кылмыш дүйнөсү да активдешип, баш көтөрөөрү турган иш. Ушундан улам, ал мындан ары биздин милиция кызматкерлерибиз кримтоптордун баарын кармап, баш көтөртпөйбүз деп кол алдындагы кызматкерлеринин моралдык духун көтөрүп жаткандыгы катары түшүнүү зарыл.
- Улуттук комиссия Ош окуясынын чыгышына айрым Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн күнөөсү бар экендигин, атап айтсак, ошол кездеги Күч структураларынын куратору А.Бекназаров, Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы К.Дүйшөбаев, Коргоо министри И.Исаков жана Ички иштер министри Б.Шерниязовдун ысымдарын атады. Бирок, комиссиянын мындай жыйынтыгына И.Исаков макул эместигин билдирип, улуттук комиссиянын мүчөлөрү улут аралык кагылыш болгондо Ошко барбаганынан улам, көп нерселерден кабардар эместигин айтты. Коогалаң учурунда согушту токтотуу үчүн сиз дагы Ошто жүрүп, маселени сыртынан эмес, ичинен көргөнсүз. Комиссия мүчөлөрүнүн коогалаң учурунда Ошко барбай туруп, жогорудай чечимдерди чыгарышына көз карашыңыз кандай жана анын канчалык деңгээлде чындыкка жакындыгы бар деп ойлойсуз?
- Улуттук комиссия мүчөлөрүнүн Ошко барбагандардан, коогалаңга катышпагандардан түзүлгөнүн туура деп эсептейм. Эгер улут аралык кагылышка катышып, баарын өз көздөрү менен көрүшкөндө, эмоцияга алдырып, жыйынтыктын бир тараптуу болуп калуусу мүмкүн эле. Комиссиянын жыйынтыктарын жалпысынан карасак, аны чындыкка жакын деп айтууга негиз бар. Бирок, комиссиянын жыйынтыгы дагы толуктоолорго, терең изилденген фактыларга муктаж. Комиссия мүчөлөрү бул улут аралык кагылыштын чыгуу себептерин, хронологиясын документтештирип, видео тасмага түшүрүп, аны массалык маалымат каражаттары аркылуу коомчулукка жарыя кылышса болмок. Балким, алар антип көрсөтсөк тынчып калган эки улут кайра козголуп, өчкөн отту тутантып жибербейли деп кооптонуп жатышса керек. Ушундан улам, анын жыйынтыгы бүдөмүк болуп, көптөгөн суроолорду туудурууда.
Эң негизгиси, комиссиянын чечиминен бийлик төбөлдөрү анализ жасап, мындан ары эки улут ортосундагы мамилелерди кантип чыңдап, бекемдеп кетүү керектигин ойлонушу зарыл. Ал эми Ош окуясына тиешеси бар адамдар мыйзам чегинде жазаларын алууга тийиш. Мамлекетте мыйзам аткарылбай калгандыктан ушундай окуялар чыгып жатканын эсибизге түйө жүрүшүбүз абзел. Орустар "все беды от неисполнения закона"- деп туура айтышкан. Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн көбүнүн мурда аткаруу бийлигинин жогорку кызматтарында иштеген тажрыйбасынын жоктугунан көптөгөн кемчиликтерге жол бергени жашыруун эмес.
- Бүгүнкү күнү жаңы түзүлгөн өкмөтүбүздө аркан тартыш болуп, биринин жуураканын экинчиси жулуп алгысы келгендей туюм калтырууда. Айтайын дегеним, канча деген убакыттан бери тынч жаткан мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери айлык акынын аздыгынан нааразычылык акцияларына чыга баштады. Муну кокустук же жөн гана дал келүү деп айтуу кыйын, аларды кайсы бир күчтөр козутуп жаткандай...
- Аның туура, андай таасир жок деп айтууга болбойт. Сен айткандардан тышкары, Балыкчыдан Жети-Өгүзгө чейинки элдер да Кумтөр менен өкмөттүн ортосунда түзүлгөн келишимге нааразычылыктарын билдирип, ал акчалардын кайда кетип жатканын билгиси келип, жолдорду тосо башташты. Алтындын 67%зы Кыргызстанга, калган 33%зы канадалыктарга кетип жатканы менен, түшкөн акчалардын дайын-дареги билинбей жатпайбы. Ал эми аркан-тартышка келсек, үч партия коалиция түзгөнү менен көпчүлүктүн пикирлери ача чыгып, биринин ишине экинчиси бут тосуп, ортолорунда биримдик жок болуп жатат. Азыркыдай кыйынчылыктан чыгып кетүү үчүн бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылып, арка-жөлөк болуп иштөөлөрү шарт эле. Тилекке каршы, үч партия өлкөбүздөгү бардык тармактарды бөлүшүп алып, түшүнгөнүн деле, түшүнбөгөнүн деле жетелеп алып барып, креслого олтургузуп коюшту. Өз ишин чемичкедей чаккан профессионал адистер болбосо, ушундай нааразычылыктар чыга бериши мүмкүн.
- Өлкөбүз азыркыдай кризис-тик абалдан канткенде кыйналбай чыгып кете алат деп ойлойсуз?
- Бүгүнкү күнү бийликте олтургандарга саясий биримдик, элибизге ынтымак аба менен суудай керек болуп турат. Бийлик башына келген адамдар убакыттан, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, кызматта турганыбызда ичип, жеп калалы деген спекулянттык, коммерциялык көз караштан алыс болуулары шарт.
Коопсуздугубузду чыңдашыбыз зарыл. Коопсуздугубуз болбосо, кайдагы экономика, кайдагы өнүгүү болот? Бардык министрлик, ведомстволордо коррупцияны төмөндөтүп, ага аеосуз күрөш жүргүзүү керек. Анан экономикалык программаларды дыкаттык менен ишке ашырабыз.
Маектешкен
Улан МАМБЕТОВ, bloknot23@mail.ru