Кыйроого учурабасак болду...

Кытайлар темир жол салып, кыргыздын кендерин ташып кетеби?

К ыргызстандын бийлиги экономикалык коллапстын таасиринен улам калктын социалдык жарылуу коркунучунан кооптонуп, Кытай тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп айла кеткендеги агониялык кадамдарга барып турат. Кытай тарап менен экономикалык кызматташтык жөнүндөгү доолбордун схемасы мындайча. Кытай узундугу 268 километрге созулган Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир-жолун курат да, анын акысы үчүн Кыргызстан тарап Теңир Тоодогу өткөн жылы чуулуу болгон Жетим Тоо темир кенин (баасы 3 млрд. доллардан ашык) Жумгал менен Кочкор аймагындагы Сандык калай кенин (баасы 150 млрд. доллар) Терраккан, Перевальное алтын кенин (баасы 3 млдр. 300 миң доллар) иштетүүгө жана тартып кетүүгө берет. Демек, темир жол кыргыздар үчүн эмес, кытайларга кендерди ташып кетиш үчүн гана керек экендиги көрүнүп турат.

Бул авантюралык келишимден Кыргызстан тарап жылына болгону 210 млн. доллар пайда көрөт да, 20 миң жумушчу иш менен камсыз болот экен. Темир жол бүтсө долбоор же куру кыял боюнча, Кытай тараптан жылына 250 миң турист келип турат имиш. Чынында, мынча туристтердин келип-кетишине эч ким кепилдик бере албайт. Келгени го жакшы, ошончо кытай келип, кайра кетпей калсачы? Ооба, кыргыздар Кытайдан товар ташышат, бирок анчалык көлөмдө эмес. Россия, Белорусия, Казакстан быйылкы жылы бажы биримдигин ишке ашыргандан кийин, Кыргызстан тараптан Россияга Кытайдын товарын реэкспорттоого, ташуусуна бөгөт койду. Демек, биз Кыргызстан мурдагыдай соода жүгүртүүнү азайттык десек болот. Бул маселенин бир жагы. Экинчиси, Жетим Тоо темир кенин иштетүүдө колдонуучу химиялык заттарды мындай кой, Кичи Нарын дайрасынын боюндагы флора, фауналар кыйроого учураары турган иш. Экологиялык баланс бузулат. Улуу Нарын дайрасы Сыр дарыяга куйган соң, кен иштетүүдөгү колдончу зыяндуу заттар бул улуу дарыяны ал куйган Арал деңизин кошо булгайт. Бул кендерди иштетүүдө 20 миң. жумушчу орун камсыз болот деген сөз бул кыргыз жарандар үчүн эмес, эң эле жок жегенде 10 миң. кытай жумушчулар үчүн. Жогоруда эскерткендей Теңир Тоо өрөөнүндө Нарын дайрасынын боюндагы фауналар (бака, жылан, кескелдирик, суур, каш кулактар) 10 миң Кытайдын тамагына айланат. Жапайы өсүмдүктөрдөн карагат, кожогат, ышкын, ат кулак, чүкүрү, козу карын, чычырканак даны жана башкалардан эч нерсе калбайт. Азыр Кытайлар Боом капчыгайындагы жолду кеңейтүүдө. Ошол тегеректеги флора менен фауналарды таптакыр тукум курут кылып жаткандыгы белгилүү. Бул күмөндүү долбоорго Кытай кызыкчылыгын көздөгөн Кыргыз бийлигинин атка минээр лоббисттеринин жан үрөгөн аракети экендиги "дүрбүсүз" көзгө көрүнүп турат. Темир жол жөнүндө өткөн тарыхтарга кайрылууга аргасыз шарт келип турат.
Өткөн кылымдын 1920-1935- жылдары Кыргызстанда эч техникасы жок кол араба, кетмен күрөк, кайлоо, теке, эчкинин мүйүздөрү менен узундугу 680 км.,Ош-Хорог узундугу 650 км., Фрунзе-Торугарт шоссе жолдору узундугу 260 км., Луговой-Кант, түштүктө жалпы узундугу 200 км., Ош-Кара-Суу, Жалал-Абад-Көк -Жаңгак, Куба Сай,Кызыл -Кыя, Үч -Коргон, Таш-Көмүр, Пролетарский-Сүлүктү темир жолдору курулган. Ошентип, ошол жылдары узундугу 400 км. темир жолу, узундугу 1300 км. шоссе жолдору техникасыз, инвестор-Кытайсыз курулганын азыр көзү тирүү, ошол курулуштарга катышкан адамдар жана тарых билет. Жаш Кыргыз Мамлекети анын жарандары мамлекеттин артериясы болгон жолдорду чыныгы патриоттуулук энтузиазм менен курушкан. Азыркы заман техниканын, технологиянын заманы, бирок бийликтегилерде абийир, адал эмгек, мекенчилдик, улуттун камкордугун ойлогон жан жок. Өткөн 1996-жылы карыя Турдакун Усубалиевдин демилгеси А.Акаевдин колдоосу менен Балыкчы-Кара-Кече темир жол курулушун башташып, курулуш ара жолдо калган. Бул жөн эле акча жемейдин амалы. Куру популизм болгон. Элден, марафондон түшкөн акчанын бир азы топуракка көмүлүп (жолду баштаган түр көрсөтүп) калган акча сол чөнтөккө кеткенин эл жакшы билет. Эгер бийлик элди, өлкөнүн келечегин ойлосо кен байлыктарды Кытайларга бербей туруп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууга даяр адам ресурстары бар. "Урунарга тоо, урушарга жоо таппай" кымбат автоунааларды ой келди айдашып, күнү -түнү кафелерден чыкпай же Ата Мекенге Конституциялык милдетин өтөшпөй альтернативалык кызматтамын деп, болгону 12 000 миң сом төлөп коюшуп жүрүшкөн байбачалар четтен чыгат. Бийлик чындап эле темир жол курууну көздөсө, Ата Мекен алдында аскерге милдеттүү, бирок альтернативалык жаштарды ошол темир жол курулушуна жибериш керек. Ошол темир жол курулуп жаткан аймактарга аскердик бөлүктөрдү ачып, жаштардын алты саатын жумушка, эки саатын аскер тартибине, курал жаракты колдонгонго үйрөтүү керек. Мына ушул жол бийликке дагы, жаштарга дагы эффективдүү болмокчу. Азыр өткөн кылымдын 20-30 -жылдардагыдай жол курулушуна кол араба, эчки- теке, кетмен- күрөктөр колдонулбайт. Эгерде, чындап эле бийлик темир жол кургусу келсе, маселен Бишкек-Кара-Кече же Кытайга бул курулушка 4 экскаватор, 4 грейзер, 30 камаз автомашинасы, темир жол рельсин салуучу бир же эки кран, көпүрө салуучу, тоо -ташты жардыруучу бир канча адистер эле керек. Бул курулуш батальондоруна ириде бийлик жана бизнес чөйрөсүнүн Ата Мекенге аскер кызмат кылуунун альтернативалык "кызматында" жүрүшкөн, жээн- таякелери, күйөө балдары жана башка туугандары жөнөтүлүшү керек. Эгер ушундай кадамдарга бара алса, ошондо гана бийлик эл үчүн кызмат кылгандыгын бир аз болсо да көрсөтүп, ишеним жарата алат. Эгер андай кадамдарга бара албаса ,трибунадан" Эл!" - деп кыйкыргандары сөз эле бойдон кала берет.
Азыр кыштын суугунан калк электроэнергияны ашыкча пайдалангандын кесепетинен энергия системасы тез-тез аварияларга учуроодо. Аны калыбына келтирүү үчүн да аракет кылуу керек. Келерки жылы дагы азыркыдай кырдаалга туш болбойбуз! - деп эч ким кепил боло албайт. Ушундай кризистен чыгуу үчүн Бишкек-Кара- Кече темир жолун жаз алды менен баштоо керек. Бул жолдун узундугу 120 км. Эгерде бул темир жол бүтсө Кара -Кече көмүрүнүн баасы Бишкекте, Ысык-Көлдө орто эсеп менен 900 сомдон айланмак. Бийлик Кытай, Кыргызстан-Өзбекстан жолун токтотуп, Бишкек-Кара -Кече жолун ойлонуусу зарыл. Бул курулушка мен жогоруда айткан адам русурстарын жана техникаларды колдонсо, эки жылдын ичинде бүтүүчү объект. Кийинки кездерде инвестиция, инновациялык технология деген сөздөр бийликтегилердин оозундагы сөздөр модага айланды. Жол куруу үчүн инновациялык технологиянын эч бир зарылдыгы жок. Дагы эле тарыхка кайрылайын. 16-17- кылымдарда ушул эле Ала- Тоодо кургак жерге суу алып келиш үчүн калмактар 200-300 м. бийиктиктеги аска ташты талкалап, каналдарды салып, ирригациялык системаларды курушканын Кыргыз жеринин булуң бурчундагы адырлардын, тоолордун беттеринен көрсөк болот. Мына ушуларды көрүп, аргасыздан өзүңдөн өзүң уялат экенсиң, замандаш...

Жолдошбек ТОКОЕВ