Бомбалар жарылабы?

Кулов мамлекеттик структуралардагы коррупциялык схемалардын бетин ачты

Ф.Кулов Кыргызстандагы күч структуралары менен сот органдары коррупция менен чындап күрөшүүгө даяр эместигин билдирди.
Анын айтымында, бул ушул органдардын өздөрүнүн коррупциялашып кеткени менен байланыштуу. Мындан тышкары, күч ведомстволорунун кызматкерлеринде профессионализмдин жетишпестигин алардын жетекчилери айтышууда.
"Коррупцияга аралашкан адамдар өздөрүнүн маселелерин чечүү үчүн чиновниктердин туугандарына чыгышат. Эми парламенттеги фракциялар да кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоп чыгышы мүмкүн. Эгер, биз өзүбүздүн партияда коррупциялык иштерге аралашкан депутатты билип калсак, аны партиядан чыгарабыз. Себеби, жаңы Конституцияга ылайык, депутатты партия курамынан гана чыгара алабыз, бирок мандатынан ажырата албайбыз. Бул деген биздеги парламентаризмдин кемчиликтеринин бири"- дейт Кулов.
"Биз жогорку мамлекеттик бийлик бутактарындагы коррупциялык схемаларды жок кылсак, бюджетибизге кошумча 300 миллион доллар түшмөк"- дейт депутат.





Журналист менен чиновниктин кармашы
Баткен прокуратурасы губернатор
С.Айжигитовго кылмыш ишин козгоду
Облустук прокуратура облус губернатору С.Айжигитовдун үстүнөн кылмыш кодексинин 143, 304 жана 308-беренелери боюнча кылмыш ишин козгогону дайын болду.
Прокуратура кызматкерлеринин мындай кадамга барышына, "Баткен таңы" гезитинин мурдагы башкы редактору Абдихалил Акматовдун арызы себеп болгон. Себеби, губернатор кызматка келээри менен эле аны 2009-жылдын июнь айында ээлеген кызматынан мыйзамсыз бошоткону аз келгенсип, акыркы убакта куугунтукка да ала баштаган.
Эң кызыгы, Акматов менен Айжигитовдун ортосундагы тиреш өткөн жылы эле эмес, тээ 2006-жылдан бери уланып келе жаткандыгында. Ошондо эле Айжигитов облустук администрациянын башчысы болуп турганда Акматовду үч жолу кызматынан негизсиз бошотконунан, экөө 9 жолу соттошууга жетишкен экен.
"Райондук соттон Жогорку Сотко чейин жетип, алардын баары ишти менин пайдама чечкенине карабай, губернатор куугунтук кылганын токтотпой койду"- деп билдирет журналист.
Эске салсак, Акматовду кайра ордуна дайындоо боюнча соттун чечимин Баткен районунун сот аткаруучулары губернатордун колуна карматышса да, ал аны аткаруудан баш тартып жатыптыр.





Кимдер?
Текебаевден коалицияга кирүүнү талап кылышууда
Апрель окуясынан кийин мамлекеттик башкаруу системасын президенттиктен парламенттикке өткөрүүдө Өмүрбек Текебаевдин эмгеги зор экенин жашырууга болбойт. Тилекке каршы, карапайым калкка жакын "Ата Мекен" партиясынын шайлоодон утуп чыгуусуна жана парламентке спикер болуп шайлануусуна сырткы жана ички күчтөр бут тосушту. Себеби, Текебаев спикер болуп, өзү баштаган көптөгөн реформаларды ишке ашырып, коррупция менен кылмыш дүйнөсүнө балта чабары турган иш болчу. Бирок, өздөрүнүн дайым жем жеп жүргөн "кормушкаларынан" айрылып калгысы келбеген күчтөр жана криминал менен коюн-колтук алышып калгандар үчүн андай көрүнүш керек эмес эле. Ал тургай биринчи коалиция түзүлөөрдүн алдында, азыркы коалицияга кирген белгилүү эле бир депутат (аты-жөнүн айтпай эле коелу) өңүндө эмес, түшүндө Текебаевди парламент төрагасынын креслосунан көрүп, чоочуп ойгонуп, аялы сөөмөйүн оозуна салып ап-аптаганынан араң өзүнө келгенин ошол депутаттын аялы сиңдисине "эч кимге айтпа!"- деп айтып бериптир. А бизде эч кимге айтпа дегени канча адамга айтылаарын айтыштын өзү кыйын.
Эми Нарын, Көл менен Талас-тын активдери чогулуп, жакында Текебаевге келип, коалицияга кирүү талабын койгону жатышыптыр. Аларды Өмүрбек мырза кандай тосуп, кайра кантип узатаар экен?





Теңине албай жатканыбы?
Казак чек арачысы мыйзамдын жазасынан кутулса да, абийир жазасынан кутулбайт!
Өткөн жылдын сентябрь айында Бишкек-Москва поезди менен кетип бараткан кыргызстандык бир жүргүнчү кызды казактын "голодный" бир чекарачысы терминалга киргизип туруп, зордуктап салганы маалым. Ошондо, жанагы жаны ачыган кыз менен кошо бараткан Кыргызстандык соодагерлер чек арачынын мындай айбандык жоругуна жандары кашайып, Ак-төбө станциясында поездди бир канча саатка кармашып, чек арачыны камакка алууну талап кылып туруп алышкан эле. Ошондо гана прокуратура кызматкерлери станцияга келип, тиги жиниккирди кармап кетишкен.
Тилекке каршы, казак прокурорлору чек арачыны камакка алымыш этип, жүргүнчүлөрдү жөн гана тынчытып, эптеп кетирип жиберүүнүн амалы экендиги бүгүн ачыкка чыгып олтурат. Атап айтсак, аз күн мурда Ак-Төбөнүн аскер прокурору Жанболот Акенов чек арачы эки ай камакта жатканын (ооз көптүрүп, ишендирүүгө аракет кылып) айтып, андан кийин өлкө аймагынан чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы өзгөртүлсө, кийинчерээк "чек арачынын аракетинде кылмыштын курамынын жоктугу аныкталып, кылмыш иши жабылганын билдирди. Прокурордун айтымында, чек арачынын кызды зордуктоо боюнча кылмышка тиешеси бар экендигин аныктоо үчүн атайы тергөө жүрүп, көптөгөн соттук экспертизалар өткөрүлгөн. "Бирок, жабыр тарткан кыз сөөмөйү менен кайсы чек арачы зордуктаганын көргөзгөнүнө карабай, тигил чек арачы жасаган күнөөсүн мойнуна алмак тургай, көрсөтмөлөрдү берүүдөн да баш тартып койду"- дейт прокурор. Ушундан улам, кайсы бир кылмышка шектүү делип кармалгандар көрсөтмөлөрдү берүүдөн баш тартып, жасаганын мойнуна албай койсо эле кошуна өлкөнүн укук коргоо органдары эркиндикке кое беришеби деген суроо туулат. Андан да кызыгы, Казакстанда кызды зордуктоо фактыларында укук коргоо органдары кылмыштын курамын таба алышпаса, бул деген алардин профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүнөн кабар бербейби? Себеби, резонансты жараткан ушундай чоң кылмышка барган чек арачыны прокурор эркиндикке гана кое бербестен, өз ишин улантууга да уруксат берген. Эртең, ал поездге түшүп дагы ушундай кылмышка барбайт деп эч ким кепил боло албайт. Андыктан, Казакстандын биздеги элчилиги жогорку бийлик өкүлдөрүнө чек арачынын жазага тартылбай калганын жана ага кыргызстандыктардын реакциясын жеткирип коеруна ишене туралы. Себеби, тиги чек арачынын дагы башка кыздардын убалына калуусуна жол бербешибиз керек. Жасалган кылмыш жазасыз калбашы абзел. Балким, чек арачы мыйзамдын жазасынан кутулуп кетээр, бирок аны дайым абийир жазасы кечирбей, аңдып жүрөөрүн эсибизден чыгарбасак.


Кимдер?
Ак халатчандардын айлыгы 3 эсеге көбөйөбү?
Аз күн мурда Таластын белгилүү бир дарыгери той берип, ага аттуу-баштуу ак халатчандардан кимдер гана келген жок. Анда сөз алып, юбилярды куттуктоо үчүн ортого чыккан Саламаттыкты сактоо министри Сабыр мырза медиктерге бир аз сабыр кылып туруусун айтып, аз күндөн кийин алардын айлык акысын 3 эсеге көбөйтүп берээрин билдирген. Бирок, аз күн мурда Финансы министрлиги медиктердин айлыгын көбөйтүүгө азырынча акча каражаты жок деп маалымдады. Муну Улуттук каналдан көргөн дарыгерлер "сен билесиңби же айыл өкмөтү?"- деген анекдоттой болуп, шефине же акча кармаган финансы министрлигине ишенерин билбей, баштары маң.
Улан МАМБЕТОВ