Темирлан Сманбеков, актёр:
"Куловго окшоштугуман көп кызыктуу жагдайларга туш болгом"

Б ул өмүрдө өңү окшош, бирок, тагдыры окшобогон адамдар көп кезигет. Биз сырткы келбети окшош адамдар үчүн атайын "Окшош дүйнө" деген рубриканы ачканбыз. Аталган рубрикабыздын алгачкы меймандары катары генерал Алымбай Султанов менен полковник Абдурашид Керимбеков болгон. Бул санда парламент депутаты Феликс Кулов менен таланттуу актёр Темирлан Сманбеков болмокчу...

- Сизди Феликс Шаршенбаевичке окшош деп айтып келишет. Сизди ал киши менен окшоштуруп, адаштырган кызыктуу окуялар көп болсо керек?
- Мен Феликс Шаршенбаевичти "Железный Феликс" деп аташып, министр болуп турган кезинде эле билчүмүн, бирок, ага окшош экенимди байкаган эмесмин. Кийин Феликс Шаршенбаевич премьер-министр болуп турган убагында, орустун кемпирлери көчөдөн токтотуп алып "дорогой Феликс Шаршенбаевич" дешип колумду кысып, учурашкан учурлар болгон. Бир жылдары Ысык-Атада эс алып жүрсөм, бир кары адам алдымдан чыгып "айланайын балам, иштериң жакшыбы, аман эсенсиңби?"- деп учурашып калды. Андан бери бассам дагы башкасы учурашып, "кандайсың, ден соолугуң жакшыбы?"- деп сурайт. Булар менен каяктан тааныштым эле деп, өзүмчө аябай таң калдым. Түштөнүү убагы болуп ашканага барсам, эки аксакал бир үстөлдө олтурушат. Анын бирөө "атаңдын көрү, Феликс Кулов ушул жерде жүрөт, аны менен азыр эле жолуктум"- деп калды. Жанындагы ата "ай, ал бул жакка келбейт" десе, тигиниси "ой азыр эле кол алышып, көрүштүм"- деп экөө ошол жерден айтыша кетишти. Ошентип тартышып жатканда, аларга жакын отурган апа, " силер эмнени эле талашып жатасыңар?" десе, "ой мен Куловду көрдүм десем бул жок, ал эмес деп ишенбей жатат"- деп ачууланды. Анда тигил апа "ай, ал Темирлан Сманбеков деген артист, Куловго аябай окшош"- деп экөөнү элдештирген. Кийинчерээк инилерим менен кайсы бир банкка барып, машиненин сыртында туруп калдым. Иним бат эле келип калды. "Ой эмне болду" дегичекти эле "байке терезени карасаңыз"-дейт. Карасам банкта иштеген кызматкерлердин бардыгы терезеге жабылып келип, мени карап жатышыптыр. Көрсө бирөөсү "Кулов келди" деп айтып коюптур. Мен ошол турган жеримден аябай күлдүм. Кыргыз драм театрында иштеп жүргөн учурумда, эс алайын деп Панфилов паркына келип, эки жакты карап отурам. Анан эле жаныма бир жаш бала келип: "Саламатсызбы агай! Биз жаштар кыймылын түзүп, иш алып барып жатабыз. Сизге окшогон адамдардын жардамы керек"- дейт. Улуу адам катары сурап жаткан го деп, ичимден ойлонуп калдым. "Колдойбуз, эмнеге колдобойбуз? Болуптур бара кой"- деп тура бергенимде "мен сизге жолуксам болобу?"-дейт. "Болот"- десем, "Сизди кай жактан табам?"- деп туруп алса боло. "Мен кээде ушул жерге отуруп калам"- дедим. Ал мени таң кала карап, шашып бат-баттан сүйлөп, "Феликс Шаршенбаевич, мүмкүн болсо телефон номериңизди таштабайсызбы?" дейт. Көрсө мени Кулов деп ойлоп жатыптыр. Ушундай кызыктуу учурлар көп болгон. Азыр мени мурдагыга караганда кино, театр аркылуу көпчүлүк эл таанып калышты. Мен Ф.Кулов менен деле жолугуп сүйлөшкөн эмесмин. Бирок, бири-бирибизди сыртыбыздан тааныйт болушубуз керек. Феликс Кулов министр болуп турган кезинде, ал тууралуу фильм тартабыз деп сценарийин жазып келип, "сиз Феликстин ролун ойнойсуз"- дешти. Мен макул болуп, катуу даярданып жаткам. Кийинчерээк эмнегедир ал тартылбай калды. Жакында "24 саат" деген кинодо полковниктин ролун ойнодум. Ошондон кийин мага Феликс Шаршенбаевичтин ролун ойнодуң деп айткандар көбөйдү.
- Ф.Куловду качан биринчи жолу көрдүңүз эле?
- Акаевдин убагында Феликс мырза Премьер-министр болуп турган кезинде, бир белгилүү инсандын 90 жылдыгы Опера жана балет театрында өтүп, мен ал кечени алып барып калдым. Кеченин аягында ар бири сахнага чыгып, сөз сүйлөп, коштошуп жатканда ал киши сахнадан мени карап издеп калды. Байкап калып карасам, кол булгалап, кетип калды. Эми ойлосом, Куловду ошондо биринчи жолу көрүптүрмүн. Ал коомдук ишмер, мен искусство адамы. Тааныштарым кээде тамшалашып "Феликс Кулов милициянын генералы болсо, сен искусствонун генералысың"-деп айтып калышат.
- Феликс Шаршенбаевичти сыртынан карап туруп өзүңүздүн кайсы мүнөзүңүздү окшоштурасыз?
- Анчейин деле окшоштура албайм. Сыртыбыздан караганда отургандарыбыз, экөөбүздүн тең чачыбыз аппак, кыркылышы да окшош болсо керек. Бир жолу гезит бетине чыккан бир интервьюсун окуп жатып, сүрөтүн көрүп таң калгам. Себеби, бир караган адамга бет түзүлүшүбүз окшоп кетет экен. Кээде отуруп "дагы жакшы белгилүү адамга окшошуп калгам"- деп ойлонуп калам. Эми ар бир адамдын өзүнүн табият тарабынан берилген тубаса кыялы, мүнөзү, жүрүм -туруму болот тура. Мен Феликс Шаршенбаевичти карап туруп өзүмдөгү өжөрлүктү байкайм. Эч нерседен тартынбай, тайманбай, айта турган сөзүн ачык айткан жагынан экөөбүз окшошпуз. Мени да бир көргөндөр аябай сүрдүү, сүйлөшүш кыйын экен деп айтышат. Сүрдүүлүгүмдү билбейм бирок, ишке келгенде абдан олуттуу мамиле кылам. Анткени, бир ишти алдыга сүйрөш үчүн олуттуу мамиле талап кылынат.
Кээде кармана албай эмоциям сыртка чыгып кеткен учурлар болот. Жаш кезимде мен өтө токтоо адам элем. Кийинки учурларда турмуштан, жашоодон кыйналганда чыдай албай бакырып жиберем да, бирок аны тез эле унутуп калам. Адамгерчилик, адамдык касиетти биз бек кармашыбыз керек. Бар нерсеге көөп кетип, жок нерсеге чөгүп кетсең адамдык касиетиңди жок кылып коёсуң. Анда сен жакшы адам эмессиң. Адам ошол нерсенин ийгилигин, кайгысын, кубанычын дагы бирдей көтөрүш керек. Менде жөнөкөйлүк сапат бар. Ошол жөнөкөйлүктөн алыстагым келбейт. Эр жүрөктүүлүк сапатым бар. Эр жүрөк адамды мушташып кыжыры келе берген киши катары эсептебеш керек. "Эр жүрөк" деген өз ишин так билип, алдыга сүйрөгөн, талап кылган жерде талапты коё билген, сураган жерден сурап коё турган, айкөл болгон жерден айкөлдүгүн көрсөткөн киши.




Феликс Кулов, Жогорку Кеңештин депутаты:
"Менин чоң кемчилигим - жалкоомун"
- Темирлан Сманбековду өзүңүзгө окшош экенин качан байкадыңыз эле?
- Биринчи жолу Темирлан мырзаны көргөндө анын мага окшош экендигине көңүл бурбаптырмын. Алгач көргөнүмдө ага колумду көтөргөнүм, бул менин учурашканым эле. Анткени, биздин ата-бабаларыбыз алыста болсо, баш ийкешип же кол булгалашып гана саламдашкан. Ушул кезге чейин Темирлан Сманбеков менен жакындан таанышып, баарлаша элекмин. Жөн гана сыртынан гана көрүп, угуп жүрөм жана аны таланттын ээси, искусство адамы, көрүнүктүү актёр катары билем жана сыйлайм. Анын эмгегин эл билет, баалайт. Мен болсо саясатчымын. Экөөбүз эки башка чөйрөнүн адамыбыз дегендей.
- Ал киши менен сыртынан гана таанышмын дедиңиз. Ал тууралуу теледен көрүп, гезит беттеринен окуп, жүрсөңүз керек. Сурайын дегеним, экөөңүздөрдүн ортоңуздарда сырткы келбетиңизден башка дагы окшоштуктарыңыз барбы?
- Бул жашоого ар бир адам баласы бир жакшы, бир жаман сапат менен жаралат экен. Эң биринчи менин чоң кемчилигим жалкоомун. Адамдарга бат ишенмей жагым бар. Ушундай сапаттар канчалык адамды артка тартаарын оңой эле түшүнсө болот. Чынын айтсам, анын жашоодо кандай адам экендигин мен билбейм. Бирок, менин угушумча Темирлан мырза өтө таланттуу, жашоого терең караган, ичинде кири жок, акылдуу адам. Мен Темирланды карап, кээде ойлонуп калган кездеринде, андан өзүмдөгү кең пейил жана мекенчил сапаттарын байкайм.
- Темирлан Сманбековдун кайсы аткарган ролун, кайсы киносун көрүп баа бергенсиз?
- Бул кишинин чыгармачылыгын баалайм. Ар бир аткарган ролуна өтө кылдаттык жана кыраакылык мамиле жасап, өз талантын көрсөтүп келе жатат. Биздеги мыкты актёрлордун бири катары билем. Эмгек сиңирген артист болгондон кийин элдин жүрөгүндө калган мыкты ролдорду көп ойносо керек. Акыркы учурда тартылган "24 саат" киносунан полковниктин ролун ойногону эсимде калды , абдан жакшы. Кийген формасы дагы жарашып калган.
- Сиз жөнүндө кино тартылып кала турган болсо, ал кинодо сиздин образыңызды Темирлан агайдын ойногонуна кандай карайсыз?
- Азырынча мен кино образга татыктуу эмесмин . Элге кызматым өтүп, эмгегим сиңип, тамыры терең кыргыз элинин төбөсү көккө жетип, өнүккөн мамлекет болуп, мен 100 жашка чыксам, анан кино тартса болот го.
Даярдаган
Айнур Өмүркулова