Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин
төрагасы Кеңешбек ДҮЙШӨБАЕВ:
"Криминалга бөгөт коюуга, тартипти орнотууга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет!"
- Кеңешбек мырза, Сиз өлкөбүз оор кырдаалды башынан кечирип турганда, кызматка келдиңиз. Маегибизди ошол күндөрдөн баштасак?
- Апрель айы мен үчүн гана эмес, мамлекет үчүн, эл үчүн абдан кыйын мезгил болду. Бул мезгилге сын же ар кандай пикирлерди айтышка да болбойт. Кандай баа берилээрин убакыт келгенде өзү көргөзөт. Апрель окуясы өзүнөн-өзү эле чыккан жок. Ага канча жылдан бери чогулуп келаткан элдин кыжырдануусу, көкүрөктү өйүгөн көйгөйлөр түрткү болду. 2005-жылга чейин укук коргоо органында иштеп, март окуясынын чок ортосунда калгам. Ал мезгилде мен өзүмдүн принцибимден тайбастан "жаңы келген бийлик менен иштебейм, бийлик Конституцияны бузуу жолу менен мыйзамсыз келди. Мен мындай жагдайда иштей албайм" - деп кеткем. Мына андан бери беш жыл бою өзүмдүн позициямдан тайган жокмун. Дайыма бийликке карата өзүмдүн сын-пикирлеримди ачык билдирдим. Ошол себептен оппозиция лидерлеринин катарында жүрдүм. Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн канчалаган кыргыздын эр азаматтары үй-бүлөлүк бийликтин атылган огунан курман болуп, жарадар болушту. Эгер мындай болбогондо, Кыргызстандын келечеги кандай болот эле аны бир Кудай өзү билет. Бул элдин өзүнүн тандаган, Кудайымдын көргөзгөн жолу. Элдик бийлик орноду. Жөн эле орноп калбастан, ал конкреттүү түрдө өзүнө милдеттерди алды. Убадаларды берди. Жарым жылдын ичинде биз укуктук, мыйзамдуу түрдө бардыгын ордуна коюп, жаңы багытка, келечекке жакшы жол ачып беребиз деп убада бердик. Ошол убадаларга жараша элдин ит бекерге сатылып кеткен байлыктарын кайрадан элге, мамлекетке кайтарылып берилди. Өсүп кеткен баалардын бардыгы өз ордуна келди. Элдин таланып-тонолуп жаткан байлыктарынын бардыгы кайра берилгенден кийин эл үчүн кадимкидей жеңилдиктер болуп калды.
- 7-апрелдеги кан төгүү окуясына учурда сиздердин Улуттук Коопсуздук комитетинин "Альфа" атайын оперативдик тобунун кызматкерлери жоопко тартылуу алдында турат. Буга сиздин көз карашыңыз кандай? Ошол күнү алар Форумдун алдынан куралдарын элге тарттырып жиберишкен эле. Учурда ал куралдар кайра толугу менен кайтарылдыбы? Айрым маалыматтарга караганда куралдын көбү ОПГ мүчөлөрүнө өткөн экен.

- Биздин Улуттук Коопсуздук комитетинин атайын оперативдик тобунун кызматкерлеринин окуяга байланышы бар болуп, суралып, бир тобу азыркы күндө жоопко тартылууда. Мен оппозиция лидерлеринин бири катары билем. 7-апрелде тынчтык митинги болмок. Анда баягы 17-мартта элдин астында оппозиция лидерлеринин бийликке койгон талаптары канчалык деңгээлде аткарылды, аткарылса эмне кылабыз, аткарылбаса эмне кылабыз, тынчтык жана мыйзам жолу менен эмне иш-аракеттерди жасайбыз, мына ушул маселелер каралышы керек болчу. Ал эми бийлик мыйзамды ашкере бузуп, лидерлерди камакка алып, кысым көрсөтүп, элди коркутуп-үркүтүп, капастагы айбанга жасаган мамилени жасады. Бул учурда элдин чыдамы кетип, каршылык көргөзгөнгө мажбур болушту. "Тынчтык митингин өткөрөлү" - деп чогулган элге, куралданган милиция кызматкерлерин, куралданган атайы бөлүктөрдү жибериштин кажети жок болчу. Ал жерге "курал менен баргыла" - деп буйрук берген чоң чиновниктердин бардыгы кылмыштуу буйрук берген. Ошондуктан биринчи кезекте ошол кылмыштуу буйрук бергендерди, элге ок аткандарды жоопко тартыш керек. Ал эми буйрукту аткарган жөнөкөй кызматкерлерде күнөө жок деп эсептейм.
6-апрелде оппозиция лидерлеринин бири катарында камакка алынып, ошол эле кызматкерлер тарабынан "Форумдун" имаратынан алынып келинип, УККнын жертөлөсүндө камакта отурдук. Анан эртеси эл көтөрүлүп баарыбызды бошотподубу. Ошентип Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болдум. Бул элибиздин тарыхындагы бир бурулуш болду. Ошондуктан элибиздин жаңы тарыхы ачылып жатканда бирдиктүү позицияда болуп, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү болуп калганыма сыймыктанам. Эл үчүн таза, жакшы иштеп берсек деген ниетим бар. Эми колдон келген аракеттерди жасап жатабыз. Ал эми убакыт өткөндөн кийин акылдуу болуп сырттан карап, "мындай кылса болмок, тигиндей кылса болмок" - деп сын айтыш абдан жеңил. А эгер ошонун баары өзүңдүн башыңа түшүп, абдан кыйчалыш мезгилде башаламандык болуп, укуктук бир нерсени кылыш кыйын болуп турганда дароо эле туура жолду табыш кыйын да. Азыр артка сарысеп салып сүйлөп, кыйын болгондор көп. Ошол адамдар эмне кылып, кыйын кезде кайда жүрдү эле?- деп сурагым келет. Алардын бурчтан шыкаалап, үйүнө жашынып жатып алгандары жалган эместир. Эгер кыйын болушса, элдин арасында болуп, бей-күнөө атылып өлүп, жарадар болуп жерде жаткан адамдарды жөлөп-таяп, эл менен чогуу болбойт беле. Мен ойлойм, түштөн кийин чыга калып, бышкан ашка ашпозчу болгондор, адегенде "мен кайда элем, эмне кылдым, эл үчүн эмне иш жасай алдым" - деп өзүнө-өзү суроо берсе.
- Агай, 7-апрелде оппозиция лидерлерин камакка алуу боюнча көрсөтмө берген тергөөчүлөрдүн тагдыры эмне болду, кандай чаралар колдонулду?
- Албетте бийлик алмашканда, тарыхый бурулуш болгондо кимдин ким экени билинет. Бизде канчалаган кызматкерлер бар. Ошолордун баары эле "бийликтин кызматын кылып, алардын камчысын чапты" - деп айткандан алысмын. Албетте, алардын арасында кылмыштуу буйруктарды аткарган, жаман иштерге барган, мыйзамдын чегинен чыккан кызматкерлер болгон. Аны моюнга алышыбыз керек. Кээ бирлери бүгүнкү күндө качып, кылмыш иштери боюнча издөөдө жүрүп жатат. Кээ бирлери дароо рапортторун жазып, кызматын таштап кетип калышты. Ал эми калгандарын биз кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүп кызматтан четтеттик. Улуттук коопсуздук комитетинин катарынан бошоттук. Алты ай өткөндөн кийин биз ишибизди салмактап, жыйынтыктаганда карап көрсөк, мыйзам чегинен чыгып, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган элүүдөн ашык кызматкерлерди кетирип, жүздөн ашуун кызматкерлерге тиешелүү жазаларды бердик. Көп кызмат орундарды алмаштырып, ордуларына профессионалдарды коюуга аракет кылып жатабыз. Мен ушул кыска мөөнөттө "баарын кыйратып салдык" - деп айта албайм. Бул система эки жыл эмес, ондогон жылдар бою түзүлгөн система. Ачыгын айтканда, акыркы жыйырма жылдан бери үй-бүлөлүк кландын кызыкчылыгын, алардын камчысын чаап, байлыгын коргоп келди. Ошолордун тапшырмаларын аткаргандар гана көтөрүлүп кызматка илинген. Ал эми "элдин, мамлекеттин байлыгын коргойм" дегендер четте калган. Көп жылдар бою канга сиңген системаны аз убакыттын ичинде өзгөртүп коюш эч бир адамдын колунан келбесе керек. Ошол себептүү, системаны жакшы жолго салууга дагы убакыт керек. Анткени, биз тазалап эле койбостон, алардын профессионалдуулук деңгээлин келечектүү кылып көтөрүшүбүз, материалдык, техникалык жабдыктар менен камсыз кылышыбыз керек. Кадрлардын деңгээлин көтөрүп, окутуп, кайра даярдашыбыз керек. Бүткүл дүйнөлүк тажрыйбаны изилдеп чыгып аларды да колдонушубуз керек. Азыркы жашоо-турмуш, саясий ал ахыбалдын оордугу биздин эле мамлекетте эмес, Орто-Азия чөлкөмүндө да болуп жатат.
- 7-апрель окуясынан кийин эле Ошто кандуу кагылыш болуп өтпөдүбү. Ошол кандуу кагылышка "Камчыбек Ташиевдин да байланышы бар" деген элеңиз. Негедир бул жоопсуз калып келет?
- Назгүл, ишенсең мен ушул кезге чейин бир дагы журналисттин сөзүн жоопсуз калтыра элекмин. Биринчиден, апрель окуяларынан кийин эле июнь окуясы келип чыккан жок. Апрель айында канчалаган акциялар болуп, мамлекеттик имараттарды, жергиликтүү бийликтерди басып алуу, бийлик бөлүштүрүү сыяктуу ызы-чуулар болуп, өзгөчө Бишкек шаарында, Чүй өрөөнүндө, түштүктө оор күндөр болду. Май айында болсо Үсөн Сыдыков, Исхак Масалиев жана башкалар чыгып алып, мамлекетибиз менен элди экиге бөлүүгө аракет жасашпадыбы. Ал боюнча биз прокуратуранын санкциясы менен жазылып алынган үн угууларды атайын тасмага түшүрүп, ачыкка чыгардык. Ошол эле май айларынын 19-20ларында Жалал-Абадда коогалаң чыгып, областтык администрацияны басып алуу болуп, ал жерде да ок атышуулар болду. Бакиевчилер массалык башаландык уюштуруп, чуу чыгарышты. Ага чейин Бакиев Ошко, Жалал-Абадга барып, өзүнүн жактоочуларын алып чыгып, керек болсо мамлекетти да бөлүп жибергенге даяр болду. Анан кыргыз эли бир экен, мамлекетибиз үчүн күйөт экен, провокацияларга моюн берген жок. Айласы кеткенде Бакиев башка мамлекет башчыларынын, эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен качып кетти. Бул апрель, май айларындагы окуялар болду. Революциядан кийинки эки ай абдан татаал, абдан кыйын болду. Андан кийин Ошто улуттар арасында жаңжал чыкты. Ага үчүнчү күчтөр, реваншисттик күчтөр да чоң салым кошту. Канча миңдеген адамдар кагылышууларга катышып, жүздөгөн мекендештерибиз курман болушту. Миллиарддаган сомдук зыян тарттык. Июнь окуяларынын чыгыш себептерин айтып, атайын пресс конференция берип, атайы техникалык жабдыктарды көргөзүп, кимдер күнөөлүү экенин айткам. Ошондо "улуттар арасындагы кагылышууда элдин арасында бир топ саясатчылар, ошолордун арасында Бакиев менен иштешкендер жүргөндүгүн, алардын арасында Камчыбек Ташиевдин жүрүшү да байкалгандыгын, булар боюнча оперативдик тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирип, тергөөнүн жыйынтыгы боюнча тыянак чыгарабыз"- деп айткам. "Камчыбек Ташиев уюштуруптур, ушул күнөөлүү" деп айткан эмесмин. Анан кээ бир чагым салууга даяр саясатчылар сөздү бурмалап чыгышты. Ал кезде тигини же муну күнөөлөш эрте болчу. Тергөөлөр жаңы башталып жаткан. Бул боюнча тергөө, сот органы аныктап, чечсин.
- Мына ошол кагылышуулардын алдын ала албагандыктары үчүн, Улуттук коопсуздук комитетин күнөөлөп чыгышты? Дегеле сиздерге алдын-ала маалыматтар түштү беле?
- Туура. Биздин Улуттук коопсуздук комитетине "маалымат берилген эмес, чаралар көрүлгөн эмес" деген бир топ күнөөлөр коюлду. А чынын айтканда алдын-ала маалыматтар берилип, айтылып, эскертилген. Албетте, ошол мезгилдеги окуяларга жараша Убактылуу өкмөткө да, жаңы бутуна туруп жаткан жергиликтүү бийлик органдары да, бардык жактан от күйүп, туш тараптан ызы-чуу чыгып жатканда отту өчүрүүгө аракет кылуусу абдан кыйын иш болчу. Анткени, ошол мезгилде митингдер, жол тосуулар, басып алуулар башкача айтканда массалык башаламандыктар болуп жатканда, "эртеңки күнү кайсынысы чоң өрт болуп жанып кетет" - деп отурганда так ушундай болот деп кесе айтуу кыйын эле да. Ошондуктан, айрым окуяны бөлүп алып, кандайдыр бир тескери маани, баа берип, өзгөчө салмак, басым жасап, анын тегерегинде кандайдыр бир саясий спекуляция кылган туура эмес деп ойлойм.
- Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошева Кадыржан Батыров менен Убактылуу өкмөттүн бир топ лидерлеринин кезиккендиги тууралуу видео-тасма бар экендигин билдирип, тасма бир генералга берилгенин билдирген эле. Ушул тасма сизде деп жүрүшөт?
- Апрелден кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү элди тынчтандырып, стабилдүүлүк кылыш үчүн, ар кимиси колунан келген аракеттерди жасады. Июнь окуяларына чейин Иномжан Абдрасулов болобу, Кадыржан Батыров болобу же башкасы менен болобу алар менен жолукса эмне кылмыш бекен? Алар да башка адамдардай эле биздин мамлекеттин атуулу болгон. Коомдо өзүнүн орду, саясий бир деңгээли, салмагы бар адамдар эле да. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү миңдеген адамдар менен жолугуп, миңдеген адамдар менен баарлашты. Алардын маңдайында "эртеңки күнү кылмыш жасайт, эртең жаңжал чыгарат" - деп жазылган эмес да. Жакшы маанайда, жакшы тилек менен жолугуп жатса анын эмнесин кылмыш дейбиз. Эгер ал кылмыш кылгандан кийин баа берилсе анда ал башка маселе. Жолукканда "кылмыш жасайлы" - деп сүйлөшкөн эмес. Андан көрө "ызы-чууну кантип басабыз, элди кантип ынтымакка чакырабыз" деген мааниде сүйлөшкөн. Ал эми жашырынып алып, өздөрүнчө сүйлөшкөндөрүн мен билбейм. Жанагы менде деп айткан тасма да жок. Көргөн да эмесмин. Эгерде андай боло турган болсо аны жаап-жашырбай эле эчак эле алып чыгып, "мына күнөөлүүлөр"-деп чыкпайт белек.
- Агай, негизинен ошол Ош коогалаңы эмнеден улам келип чыккандыгы жана кимдердин кызыкчылыгы астында кандай болуп уюштурулгандыгы боюнча сиздерде иликтөө иштери аяктап калдыбы же "улуттар аралык араздашуу"-деп баа берип коюуга болобу?
- Түштүк жергесиндеги трагедиялар боюнча канчалаган комиссиялар иштеп жатат. Атайын ведомстволор аралык тергөө тобу иштеп, канча миңдеген иштерди козгоп, тергеп бүтүп сотко жиберди, кээси тергелип жатат. Андан сырткары академик Абдыганы Эркебаев баштаган Улуттук комиссия түзүлүп, алар дагы абдан дыкаттык менен иликтеп, бардык материалдарды топтоп, эл менен жолугуп, том-том болгон материалдарды чогултуп, бүгүнкү күндө да корутундунун үстүндө иштеп жатышат. Ага кошумча Эл аралык комиссия иштөөдө. Парламенттин биринчи иш күнүндө трагедиялык окуяны изилдөө үчүн депутаттык топ түзүлдү. Карап көрсөк, комиссиянын үстүндө комиссия болуп жатат. Ошондуктан, мен ойлойм комиссиялардын бардыгы өздөрүнүн ишин жүргүзсүн, бардык жагынан салмактап изилдеп чыгышсын, анан ар кимиси өз бааларын берип, жыйынтыкташсын. Кимиси кандай жыйынтык чыгарат аны убакыт көрсөтөт.
- Түштүк коогалаңы келип чыгаардын алдында Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефондук сүйлөшүүлөрү ачыкка чыккан эле. Сиз тажрыйбалуу саясатчы катары айтсаңыз, ушул окуяга "Бакиевдердин катышы бар" - деп айтууга болобу?
- Тиешеси бар демек тургай, мен ошолор деп ишенем! Анткени мына бизде толук негиз бар да. Ошондой эле мына өзүң айтып жаткан телефондук сүйлөшүү. Бул эмне далил эмеспи? Сүйлөшүүдө айтып жатпайбы "жаңы бийликти талкалаш керек. Талкалаганда акчаны да, курал-жаракты да берип, адамдарды даярдап жибериш керек" - деп керек болсо кайсы күнү башталаарына чейин айтышпадыбы. Бул эмне далил эмеспи? Андан тышкары да бизде бир топ оперативдик маалыматтар бар болчу. Биз ал жөнүндө убагында айтканбыз. Чет мамлекеттердеги Эл аралык террорчулар менен байланышып, аларга акча төлөп, керектүү адамдарды жиберип, ушул коогалаңды уюштуруш үчүн чоң даярдык көргөнү эч кимге жашыруун сыр эмес болчу. Жеке эле укук коргоо кызматы эмес, журналисттер өзүңөрдүн изилдөөңөр менен да айтып чыктыңар. Бардык жагынан салмактап карап көргөндө, далилдер өзүнөн-өзү эле чыгып, өзүнөн-өзү көрүнүп турбайбы. Ошондуктан бул жерде жөнөкөй карапайым адамдардын, тажрыйбалуу чоң саясатчылардын да ою бирдей эле болуш керек. Эгерде Бакиевдердин реваншисттик ой-максаты болбогондо, биздин элдин башына мынчалык көп кайгы түшпөйт эле.
- Ушул эле жерде түштүк криминалдарын пайдалангандыгы же болбосо тиешеси бардыгы ачык байкалып турат. Деги эле түштүктө криминалга каршы көрүлгөн кандай иштер жүргүзүлүп жатат? Менимче ал жакта криминалдар басымдуулук кылып жаткандай таасир калтырат?
- Бакиевдин 2005-жылы эле кылмыштуу топторду колдонгондугу маалым болгон. Ошондо эле криминалдык томтордун жетекчилери менен жолугушуп, сүйлөшүүлөргө барып, аларды колдонуп буйрутма адам өлтүрүүлөрдү жасатып, журналисттерди сабатып, өлтүртүп, көптөгөн саясий ишмерлердин каршылык көргөзгөнүн жок кылды. Каршылык көрсөтө албагандары айласыздан өлкөдөн качып кетүүгө мажбур болушту. Үй-бүлөлүк бийлик өздөрүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн, башкарууну бекемдеш үчүн криминалды пайдаланышып, өзгөчө наркотикалык заттар менен шугулданган криминалдык топторго байланышып жүргөндөрүн массалык маалымат каражаттары жазып чыгшышпадыбы. Андан тышкары, тонналаган баңгизаттарды кармап, канчалаган кылмыштуу топторду жок кылып, кадимкидей наркотрафикке бөгөт коюп иштеп жаткан Баңгизатка каршы мамлекеттик агентствосун атайы жок кылып жиберди. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө да биздин айрым саясатчыларыбыз криминалдык топторду өз кызыкчылыктарына колдонгонго аракет кылып жатат. Мына жакында президентибиз Роза Исаковна "криминал парламентке да жулунуп жатат" - деп айтты. Алардын баарын буюрса ордуна коебуз. Бүгүнкү күнгө чейин жалаң ызы-чуудан башыбыз чыга албай, бийликтин мыйзамдуу, легитимдүү бутактарын түзүүнүн үстүндө Убактылуу өкмөт иштеп келди. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, террорчулукка каршы күрөшүү боюнча көптөгөн иш аракеттерди жасадык. Өкмөт менен парламент эми жаңы иштеп баштады. Криминалга бөгөт коюуга, тартипти орнотууга биздин күчүбүз да, эркибиз да жетет. Бүгүнкү күндө Улуттук коопсуздук комитети бир да кылмышкерден, кылмыш дүйнөсүнөн коркпойбуз! Алардын кимиси болбосун кылмыш жасаса камакка алып, мыйзамдын чегинде жазалоого даярбыз! Бүгүнкү күндө элдин астында жүзүбүз жарык, ишибиз таза! Эч кимиси менен илешкен эмеспиз, илешпейбиз дагы. Илешкеги бар кызматкерлерди аоесуз жазалап, сот жообуна тартабыз! Буга ишенип койсоңуздар болот.
- Учурдан пайдаланып сурай кетейин, "Водолаз" деген сырт аты бар Максат Абакиров азыр сиздерде камакта. Ушул туурасында билдире кетсеңиз? Аны камакка алуунун негизи эмнеде?
- Максат Абакировду биздин кызматкерлер мыйзамсыз курал сактап жүргөндүгү боюнча кылмыш ишин козгоп, камакка алышкан. Тергөө иши аяктап, сотко жиберилген. Андан кийин Ички иштер министрлигинде кылмыш иши бар экен. Бүгүнкү күндө алардын тергөөсү жүрүп жатат. Тергөөсү бүтсө сотко жиберилип, соттон тиешелүү жазасын алат го деп ойлойм.
- Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов Ошто шайлоонун алдында элди түндүк-түштүккө бөлүп, кырдаалды курчутууга аракет жасады. Бул боюнча чара көрүлдүбү?
- Эми ар бир мезгилдин өзүнүн бир "геройлору" болсо керек. Алардын арасында анык чыныгы баатырлары жана жасалма баатырлары болот да. Кимиси "дутый" кимиси "настоящий" аны эл көрүп, баалап турат. Мелис Мырзакматов болсо шаардын мэри. Убагында ошол жердеги шаардык кеңештин депутаттары татыктуу деп, Бакиевдин сунушу менен мэр кылып шайлашкан. Ал канчалык эл үчүн аракет жасап, эмгек кылды аны эл өзү бааласын. Ал эми тартип бузуу жагынан болобу, мыйзам бузуу жагынан болобу, кандайдыр бир туура эмес иштер болсо, анда тиешелүү укук коргоо органдары убактысы келгенде баасын берет деп ойлойм.
- Камчыбек Ташиевдин үйүндө кайтаруучулары менен сиздердин кызматтын оперлери ортосунда кагылышуу болду. Ташиевдин айтуусу боюнча сиздер тараптан атайын буйрук болгон экен. Ал эми сиздер анча ынанымдуу жоопту бере алган жоксуздар. Бул окуянын жыйынтыгы эмне болду?
- Мына 23-декабрьда туура эки ай болду. Ошондон бери Башкы прокуратура тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Аны эки ай эмес, эки күндүн ичинде деле тактаса болмок. Бирок саясий-укуктук баа бериш Башкы прокуратура үчүн бир топ оор болуп жатат окшойт. Менин оюмча канчалык убакыт созулса да, убактысы келгенде Башкы прокуратура тергөөсүн аяктап, кимиси күнөөлүү, кимиси күнөөсүз экенин айтат болуш керек. Бир аз чыдап, күтүп туралы. Прокуратура тыянак чыгарсын. Эгерде биздин Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери күнөөлүү болсо, күнөөсүнө жараша жазасын беребиз. Эгерде Ташиевдин кароолчулары болобу, жигиттери болобу күнөөлүү болсо алар да тиешелүү түрдө жооп бериши керек! Бул жерде мен Ташиевден коркуп-үрккөнүм жок. Анын балдарынан да коркконубуз жок. Ошол эле мезгилде мен өзүмдүн кызматкерлеримди калкалаган жерим жок. Депутат болобу, депутат эмеспи, кызматкерби же кызматы жокпу бардыгы мыйзамдын чегинде жооп бериши керек.
- Жакында болуп өткөн Оштогу жана Спорт ордосундагы жардыруулар боюнча айта кетсеңиз. Жакын арада дагы болуп кетиши күтүлүүдө деген дүрбөтүүлөр да болууда. Бул боюнча алдын-ала маалыматыңар, даярдыктар кандай?
- Назгүл, эсиңде болсо керек, 23-ноябрь күнү Ички иштер министрлигинин оперативдүү кызматкерлери бир кылмыштуу топту издеп жүрүшүп, колго түшүрүшкөн. Алардан курал-жарактар, жардыруучу заттар, ага керектүү техникалык жабдыктар чыккан. Ошолорду терең изилдеп жатып, биздин кызматтын атайын иликтөө кызматкерлери өтө олуттуу террорчулук топторго чыгышкан. 29-ноябрьда биз Ош шаарында атайын операция жүргүзүп, ошонун негизинде үч террористти жок кылдык. Алар айыгышкан каршылыктарды көрсөтүштү. Бирөөсү өзүн жардырып жибергенге чейин барды. Алардын жаткан жеринен бир топ курал-жарак, жардыргыч заттар, экстремисттик китептер табылды. Андан кийин декабрь айында мындай жардырууга керектелген заттардын көбү табылып, буга шектүү адамдар кармалды. Мына Спорт сарайында бир жардыруу болсо, ошол эле учурда ондогон жардыруулар алдын-алынды да. Бүгүнкү күндө террорчулук фактылар дүйнө жүзүндө болуп жатпайбы. Биздин атайы кызматтар алдын-ала чараларды көрүп, укук коргоо органдары менен биргеликте иштерди жүргүзүп жатат. Бирок, бардык нерсени алдын-ала билүү бир эле жараткандын колунан келбесе, адамдын колунан бардык учурда келе бербейт го.
- Агай, өзүңүз деле билсеңиз керек, Бакиевдин учурунда Улуттук коопсуздук комитети оппозициялык маанайдагы журналисттердин артынан түшүп, куугунтуктоо күч алган. Мындан ары анын багыты өзгөрөбү?
- Мына бүгүн канча журналисттер Убактылуу өкмөттү, укук коргоо органдарын сындап жатышат. Бирөөнө куугунтук болуп, бир журналистке катуу сөз айттыкпы? Бул жагынан конкреттүү фактылар барбы? Кайра алардын айткандарына кошулуп, "туура бизден кемчилик кетип жатат" - деп моюнга алып жатпайбызбы.
- Балким кызмат ордуңарда калыптангыча ошондой болоор. Калыптангандан кийин баары башталсачы? Анткени, Бакиев да башында ишти жакшы баштаган. Андан да биздин "Ачык саясат", "Алиби" гезиттерине катуу кысым болуп, сиздердин кызматтын көптөгөн аңдуулары болгон.
- Назгүл, ишенесиңби Улуттук коопсуздук комитетинен мен дагы аябай запкы көргөм. Анткени, баягы 2005-жылы марттан кийин, ак кепкалардын иши менен мени канча сүйрөштү. Анан "Барыктабасов менен төңкөрүш уюштурдуң" - деп сүйрөштү. УВДда иштеп жүргөндө "мыйзамсыз иштерди жасап ремонт жасаптырсың, УВДга машине алыптырсың" - деп да суракка алышты.
(Күлүп). Менин деле Улуттук коопсуздук комитетине таарына турган көп таарынычтарым бар. 6-апрелде да ушул жерде капаста жаттык. Тарыхта капаста жатып кайра ошол жерге жетекчи болгон адам биринчи мен болсом керек.
- Камчыбек Ташиев шайлоо мезгилинде Баткенге барып, эл алдында "Бакиевди алып келем"-деп айтып, ал боюнча видео-тасманы сиздердин кызмат атайын тартып, мантаждап жасаган"-деп кайра актанып чыкты. Мунун канчалык чындыгы бар?
- Эми Ташиев жанын жеп эле айткан эмесмин деп актанып жатпайбы. Аны өз абийирине койдук. Айтпаса, карганса мейли. Аны Кудай өзү таразаласын! Ташиев канча актанган күндө деле кайсыл жерде кандай деп сүйлөгөнүн, эмне деп убада бергенин калың эл жакшы билет. "Тасманы атайы жасады, бизде эксперттер бар" - деп айтып жатат. Ошол эксперттерин алып келип, алардын берген корутундусун көргөзсүн. Анан мыйзам чегинде укуктук баа берели.
- Сиздердеги кадрдык жөнгө салууну айта кетсеңиз. Негизи эле сиздерге кандай кадрлар керек? Профессионалдарды даярдоо жагы кандай болууда?
- Биздин кызмат Улуттук коопсуздук болуп жаткандан кийин, бизге алынган кадрлар абдан катуу сыноодон, текшерүүдөн өтүшү керек. Айлап, керек болсо жылдап текшерилиши керек. Жети атасына чейин текшерген учурлар болот. Атайы кызматтын иши астында кандай максаттар, тапшырмалар коюлат, жетекчилик кандай иш алып барат мына ушуга көз каранды болсо керек. Эгерде мурдагыдай үй-бүлөлүк кланга кызмат кылып, ошонун камчысын чаап, жан дили менен кызмат өтөй турган кызматкерлер болсо, ага албетте өзүнчө критерий болот. Ал эми кызматкерлердин астында "мамлекетке, элге, Ата Мекенге кызмат кыласың" деген ыйык милдеттер болсо аларга критерий таптакыр башка болот. Жеке эле биздин атайы кызматтын эле эмес, бардык мамлекеттик кызматкерлер, Кыргызстан, эл деп Искак Раззаков атабыз айткан "Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот" деген ураан менен жашасак, албетте биздин оюбуз максатыбыз, алдыга койгон умтулуубуз аткарылат деп ойлойм.
- Чек ара постторундагы аскер көзөмөлү МУККга карап калган. Ошол жерлерде коррупция абдан күч алгандыгы айтылууда. Мисалы, Кыргызстан жана Тажикистан чектешкен аймактагы Бордөбө постундагы аскер пункту болбогон шылтоолор менен Мургабда жашаган этникалык кыргыздардан чоң суммадагы акчаларды алып жаткандыгы тууралуу маалыматтар биздин редакцияга түштү. Алар бул көйгөйдү атайын сиздерге кирип билдирүүбүздү өтүнүштү.
- Бул атайын билдирүү экен. Муну жазып алып текшерип анан жыйынтыгын айталы. Мен дароо эч нерсе айта албайм. Биринчи иликтешибиз керек.
Мурда чын эле чек ара кызматы өзүнчө болуп Улуттук коопсуздук деңгээлин бирдиктүү камсыз кылуу кыйынга турган. Негизи көп мамлекеттерде, дүйнөлүк практикада чек ара кызматы менен атайы кызмат бир. Анткени коопсуздук чек арадан башталат. Биздин мамлекет башчыбыз Роза Исаковна чек ара кызматы менен атайы кызматты бириктирип, туура чечим кабыл алды.
- Агай, Урмат Барыктабасовдун иши тергелип бүттүбү?
- Урмат Барыктабасовдун иши тергелип бүтүп, сотко өткөрүлдү. Сот кайсы күнү караарын тактайт. Ишине жараша укуктук баа берилет го деп ойлойм. 2005-жылы "бийликти басып алууга массалык башаламандыкты уюштурганга аракет жасады" деген мурунку ишин биз кыскартканбыз.
- Сизди Атамбаевдин заказын аткарат дешет?
- (Күлүп) Мен жеке эле Атамбаевдин эмес, Убактылуу өкмөттүн, мамлекеттик жана элдин заказын аткарып жаттым.
- Сизди Акаевдин ишенимдүү адамдарынын бири дешет. Ал эми Акаевдин кол тийбестиги алынып жатканда алгачкылардан болуп кол койгонуңузга эмне себеп болду?
- 2005-жылга чейин Акаев президент болуп турду. Ошого чейин ким президент менен жаман болуп, же аны менен каршылашайын деди? Акаевдин элге кандай кызмат, эмгек кылганын, анын канчасы ак, канчасы кара экени дагы деле толук билине элек го деп ойлойм. Убакыт өткөндө тарых да, эл да өз баасын берет болуш керек. Ал эми мен эң эле ишенимдүү адамы болсом, эмне үчүн мага бир сөз айтпастан 23-март күнү төңкөрүш болоордун алдында окко-чокко башым менен матырып тыгып койду? Мен Акаевге да, Бакиев да эмес, биринчи кезекте мамлекетке кызмат кылдым деп эсептейм! Акаев, Бакиев учурунда деле кемчиликти бетке айтып, коркпой-үркпөй эле жүргөм. Тууганчылык же жердешчилик принциптерин колго алып аракет кылсам, Акаев кетээрден бир күн калганда эмес, балким бир жыл мурда министр болмокмун да. А чынында андай болгон жок да.
Маегиңизге рахмат!

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА