Тагдыр

БАЛА ТИЛЕГИ
Дамиранын кулагында таенесинин "Жараткандан жакшылыктарды гана тилегин, каралдым. Жаштын тилегин Кудайым берет" деген сөзү дайыма жаңырып турат. Кулагынан кирген бул сөз жүрөгүндө жатталып бүткөн. Ошон үчүн жатса-турса да өзүнчө бир нерселерди күбүрөнүп, карыган таенесин туурап жакасын карманып алганына не бересиң. Муну кээде байкап калган таенеси:
- Ии, Дамиш, эмне деп эле күбүрөнүп жатасың?- деп сурап да калат.
- Эч нерсе, таене, эч нерсе,- деп так секирип качкан бойдон жөнөйт андайда. Өзүнчө тиленген тилегин эч кимге айткысы келбейт. А балким, кимдир бирөө угуп-билип койсо, анда эле анын тилеги орундалбай кала тургансып кызганат. Ошондон коркот...
Дамира былтыр таенесинин колуна келген. Апасы алып келип таштап кеткен. Ошондо биринчи ирет апасы Катиранын аябай өксөп ыйлаганын көргөн Дамира.
- Келип-кетип турам. Кийим-кечектен өксүтпөйм. Мектепке, биринчи класска бере бериңиз. Кичине бутума туруп алсам, алып кетем. А тиги атасынан кайыр жок болуп калды. Бир күн келсе, бир ай жок. Андай эрдин барынан - жогу. Бизди багып деле кыйраткан жок. Эптеп, өзүбүз менен өзүбүз болуп жатабыз...
- Балам, Жыргал деле жаман адамдай көрүнгөн жок эле го, силерге эмне болду?- деп сураган таенеси Дамиранын апасынан.
- Жакшы эле болчу...Достору көбөйүп кетти, ичкен достору...анан, аялдар пайда болду окшойт...ой билбейм! Канча ирет кечирип, канча ирет ачуумду тыйганым менен болбой койду. Акыры менин да тилим чыгып, экөөбүз бир үйдө отура албай калдык. Бири-бирибизди көргүбүз жок!
- Силер го - силер, а мобу кичинекей наристеде кайсы күнөө? Балаңды ойлосоң да эриңе теңелбей койсоң болмок. Эркек деген ошол, өйдө-ылдый болуп, оң-тескери басып жүрө берет. Каякка кетмек эле, акыры кайра келет да, баласы турганда...
Апасынын сөзүн оозунан жулуп алган Катира долуланып кирди.
- Өз билгенин кылып, мени пешкадай көргөнүнө чыда дейсизби! Жок, мен чыдай албайм. Артымдан канча чуркады эле "Мен сени сүйөм, сени албасам - өлүп калам!" деп. Мен анын куру сөзүнө ишенипмин. Анын сүйүүсү жети жылга да жеткен жок!
- Силер го, эч нерсе болбойсуңар, бирок бул кичине немеге оор болот го,-деп оор үшкүрүнгөн таенеси ошондо.
- Айтпадымбы, эч нерседен кем кылбайм деп, коркпой эле коюңуз,- деп көз жашын аарчый буркулдады.
- Олда айланайын ай, корккон-эткен жокмун. Сени деле селкилдетип бой жеткирбедимби, анан сенин кызыңды баккандан коркот дейсиңби. Кайра мага эрмек болот, караан болот. Бир гана бу кыздын жүрөгүндө атасына болгон сагынычы таркабай, бук болуп кетеби дейм. Ата деген оңой бекен?!
Таенеси санын чаап катуу күйгүлтүккө түшкөн ошондо.
- Эч нерсе болбойт. Азыр ар бир үчүнчү аялдын эри жок. Балдар ата-энеси жок эле чоңоюп жатышат. Кантели, тагдырдын башка салганын көрөбүз да!- деп өз кадамына чекит койгон кызын кыялбаган эне кичинекей Дамиранын маңдайынан жыттай көкүрөгүнө кысып алып калган.

ХХХ
Дамира ошентип таенесинин колунда калып калды. Ушу айылдагы мектепке барды. Окуу жагынан тың экендигин эжекеси дайыма келип таенесине айтып кетет. Бирок, мүнөзү башкачараак дейт. Классташтарына көп кошулбай, өтө ойлуу тартып жүрөт. Өзүнчө күбүрөнгөнү көп. "Эмне деп эле жатасың?" деп сураган эжекесине жооп бербей тултуюп коет. А кээде эч нерсени укпай деле отуруп алмайы бар...
А таенеси Дамиранын андай мүнөзүн эжекеси айтпаса да билет. Ичинен сызат. Күндөн-күнгө Дамиранын илмийип арыктап баратканын көрүп, ого бетер тынчсызданат. Өгүнү апасы-атасы тууралуу сөз кылып коем деп балээге калды. Ошол күнү кечке сүйлөбөй, көзү тоодой болуп ыйлап жүрдү кыз. Таенесинин жүрөгү буга чыдабай кетти. Шаарга кеткендерден айттырып жиберди:"Кызын эч болбо дегенде кышкы каникулда алып кетсин" деп.
Катира өзү да араң эле жүргөн кызын сагынып. Декабрдын 25теринде эле айылга келип, бир күн жатып:"Жаңы жылды чогуу тособуз" деп Дамираны шаарга алып жөнөдү. Түнү менен буюм-тайымдарын салыштырып, өзүнчө убараланып жатты Дамира. Өзгөчө, бир нече сөз жазылган жаңы жылдык открытканы көпкө карап отурду, аны кайра-кайра күбүрөнүп окуп, анан башына, жаздыгынын алдына коюп уктады. Эртең менен тураары менен анысын сумкасына салып алганын байкады апасы.

ХХХ
Шаарга келгени деле баягы адатын таштаган жок Дамира. Күнүгө жатаарда күбүрөнүп , открыткасын башына жазданып жатып жүргөнүн көргөн Катира кызы уктап калганда жаздык алдынан акырын алиги открытканы сууруп алып окуду.
"Аяз ата, мен сиздин кереметтерди жасай ала турганыңызга ишенем! Ушу жаңы жылда атам бизге кайрылып келсин. Мен атамды аябай сагындым. Апам менен атам урушпасын.Сизден ушуну гана суранып,- ДАМИРА."- дегенди окуган Катира дал болуп туруп калды. Бүткөн боюна өрт кеткендей ысып чыкты. Айылга алып барып таштаса да атасын күтүп жүргөн кызын тигилип карап отурду. Жаактары шапайып арыктап кетиптир, өңү да саргайып кеткендей туюлду...
Ал түнү Катира уктай алган жок. Канча жолу келди Жыргалбек кечирим сурап. "Ой, экинчи ирет ичсем өлөйүн, бир жакка кетсем өлөйүн! Дамира каякта, кызымды аябай сагындым..." деп. Бир кара жини кайнаса оңой менен ийибей турган мүнөзү бар Катира аны үйдөн кууп жолотпой койду. "Бар, барчу жагыңа бара бер. Мени да, Дамираны да унут!" деп жаалданды. Акыры, колун шилтеп алып кеткен бойдон Жыргалбектин карааны көрүнбөй калганына эки-үч ай болуп калган...
Открытканы кайра кызынын жаздыгынын алдына акырын коюп жатып, эми кызына эмне деп жооп берерин билбей карайлап турду Катира. Кап, ага эрегишпей эле кечирип койсо эмне?! Чычкандай кызынын "ата" деп сары санаага малынып сагынып жүргөнүн кайдан билди?! Олдо каралдым ай! Же бир атаң жыргаган киши болгон жок, же бир мен ала-салган тагдырды оңдоп-түзөп кетүүгө аракеттенген жокмун. Экөөбүз тең ит экенбиз. Сенин алдыңда экөөбүз тең чоң күнөөгө батыптырбыз. Атаңды го арак менен аялдарга азгырылды дейли, а соо жүргөн мен эмнени кыйраттым? Арадай жерден чарадай жаңжал чыгарып, өзүмдүн гана жеке керт башымды ойлоп, жеке өзүм гана таарыныптырмын го атаңа. Сени ойлогон, сени менен эсептешкен эч ким болбоптур, кызым. Кечир бизди, кичинекейим...
Таң атпай көзү тоодой шишиген Катира сыртка шашылды.
- Апа, каякка, "бүгүн иштебейм" дебедиң беле?- деген кызына:
- Азыр, мен бир нерсени унутуп калыптырмын. Ошол жакка барып келейин. Сен телевизор көрүп, чайыңды иче бер,- деп шашкан бойдон чыгып кетти.
Катира түз эле Жыргалдын классташы Кеңештин үйүнө жөнөдү. Таң атпай каалгасын тарсылдатып жаткан ким деп чыккан Кеңеш Катираны көрүп таң калып калды.
- Ой, кайдан таң атпай?
- Жыргалды көрдүңбү?
Кепке-сөзгө келбей сурап жиберди Катира.
- А, ал досум Ак-Өргөөдөгү карындашыныкында жүрөт...Ой, эмне болду, тынччылыкпы?!

ХХХ
Ошол замат Ак-Өргөөгө жетти Катира. Эч кимиси тура элек экен.
- И-ии, жеңем келиптир!-деп сүйүнүштү алар.- Кириңиз, үшүп кетиптирсиз,-деп. Катира бир чыны чай ичкиче, Жыргал дурусураак кийимдерин кийинип даяр болуп калды.
Апасы менен атасы экөө эшиктен ээрчишип кирип келгенде Дамира төшөктө оонап жаткан болучу. Ошондо да колундагы открытканы түшүрбөй, анын ичиндеги жазылган өзүнүн тилектерин улам-улам кобуранып окуп жаткан. Анан эле, бет алдына чагылган түшкөнсүп атасы менен апасы ага жылмайып карап турушат!!!
- Ата! - деп кыйкырган бойдон атасынын мойнуна асылып калды. Кызынын көзүнөн буурчактаган жаш койнуна куюлуп жатканына атасы да эреркеп кетти.
- Ата, мен Аяз Атадан сурангам. Сени кайра келсе экен деп сурангам, мен сени аябай сагындым! Аяз Атага ырахмат! Анан, таенем дайыма "Жаштын тилегин Кудайым берет" деген. А мен дайыма апам, атам менен бирге болсок экен деп тиленчүм...эми урушпагылачы а, мейлиби? Мен силерди " урушпасын" деп да суранып-тиленчүмүн...
Атасынын мойнунан жыттай, өпкөлөп ыйлап, сүйлөп жаткан кызын көрүп, Катира ого бетер балбалактап жиберди.
А кечинде,31- декабрда саат 12де Дамира атасы, апасы үчөө жаңы жылды чогуу тосуп отурушту. Балалык тилеги ишке ашкан Дамира каткырып күлүп, кооз балатыны айланып бийлеп жүрдү...
Нурбүбү БӨДӨШОВА





КОЕН КАНДАЙ ЖАНЫБАР?

Чыгышта коенго төмөндөгүдөй мүнөздөмө беришет: коендун төлү өзгөчө көп болгондуктан, аны үй-бүлөнүн колдоочусу дешет. Кичинекей болгону менен ал үй-бүлөгө зор жакшылыктарды алып келчү жаныбар. Өзү үчүн жакшы нерселерди жасаган коен жанындагылардан да жардамын аябайт.

Коен жылында ар түрдүү өзгөчөлөнгөн окуялар болуп өтүшү ыктымал. Өзгөчө илим, искусство, саясат, дин жаатындагылар менен таланттуу, жаратман адамдарды болуп көрбөгөндөй ийгилик коштойт.
Коен жылы - жаңы иштердин башталышы менен баалуу. Айыл жериндегилер өз үй-бүлөсү үчүн там салып баштаса, эч кыйынчылыксыз эле бүтүрүп, ушул жылы кирип алышат. Ошондой эле бизнес менен алектенип, ар кандай соопчулук иштерин жасоо максатка ылайык. Айрым учурларда чыккан чыр-чатактар оңой эле басылып, кайра эле жайкерчилик заман башталат.
Коен канчалык аккөңүл, момун, сыпайы болгону менен бир аз жеңил ойлуураак жана жоопкерчиликсиз болоорун да белгилеп кетүү оң.
Эмесе, коен жылында Кыргызстан деген зор үй-бүлөнүн ишин жалаң гана ийгиликтер жылоолоп, бейпил заман орносун!

ЗАМАНАЙ