Түш көрсөк эле Акаев, Бакиев кирчү болду

Качан жаңы
Кыргызстанда ойгонобуз

Жолдо баратабыз. Арабызда аксакал киши бар эле. Жолдогулардын бардыгы баягы саясат тууралуу түгөнбөгөн сөзгө киришсе да, жарым жолго чейин үндөбөй келди. Анан бир маалда оор уйкудан ойгонгонсуп, "Балдар, угасыңарбы айтып берейин, акыркы эки айда кызыктай түш көрчү болдум" деп калды.

Баятан бери шатыра-шатман келаткандар заматта тымып, тунжурап калышты. Турмуштун ачуусун да, таттуусун да көрүп калган бул адам бизге бир чоң нерсе айта турганын түшүндүк. Анан ал киши бир топтон кийин тунуп калган оор жымжырттыкты бузуп: "Акыркы эки жарым айда көзүм илинсе эле Акаев менен Бакиевди көрөм. Жабалактаган миңдеген кишилер гүлүн көтөрүп алып, аэропорттон экөөн күтүп аткан болот. Добулбас урулуп, коңгуроо кагылып, ыр-күлкү, бий менен күтүп аткан болот. Бакиев бийди жакшы көрчү эле, дешип, солкулдаган жигит менен кыз жер тепкилеп бийлеп атышат. Тимеле баарынын көздөрү жайнайт, энелери эгиз төрөгөнсүп. Акаев келсин, Бакиев келсин деген кыйкырык, ызы-чуу. Бакиевди көрсөм деп көздөрү жайнаган кыз-келиндер. Мен четте ачуум кайнап, кыйкырып атам. Мени уккан киши жок. Саясый партиялардын лидерлери плакаттарын көтөрүп алган. Саясатчылар түгөл көчүп барыптыр Акаев менен Бакиевдин колун кармап калалы деп. Неберем мени колумдан тартып атат. "Чоң ата кетеличи. Ушулар да кишиби. Мен сизди өзүмдүн шаарыма алып кетем. Мен сизди буларга кор кылбайм" дейт, айланайыным. Акылыңдан кагылайыным. Элжиреп бетинен өбөм да, ойгонуп кетем. Ошону менен уктай албай, таң атырам. Күн сайын ушу" деди, кайрадан тунжурады. Ошону менен баягы шатыра-шатман, биринен бири акылдуу сүйлөп келаткандардын тили буулуп, сөз токтоду. Барар жерибизге барганча унчуккан жокпуз.
Ушу бүгүн баягы аксакалдын кеменгердигине тан берем. Аттигиниң дебейсиңби, биз эмнеге андай түштөрдү көрбөйбүз? Эмнеге биздин неберелер бизди өздөрүнүн шаарына алып кетпейт. Эмнеге биздин саясатчылар өздөрүнүн элге жек көрүндү болуп бүткөнүн, эл аларды көргөндө аллергиясы келерин, алар "акылдуу" сүйлөп, эл, мамлекет деп "жалындуу" айтып жатканда, кыжыры кайнап, каргышын айтып турганын түшүнгүсү келбейт. Минтип, элге жек көрүндү болгуча, саясатын да таштап, башкасын да таштап, депутат деле болбой, жөн эле карапайым адамдардын бириндей өмүр сүргөнгө эмне жетсин. Эл ошондо аларга алкышын айтар эле.
Аттигинң, биздин азаматтарыбыз ушул ачуу чындыкты билгиси жана аны менен эсептешкиси келбей атат. Бийликке келгенге, мамлекетти башкарганга тырмактын агындай да моралдык укугу жок экендерин билип, түшүнүп туруп, бийликке жанталашып, тырмышып атышат. Кайран жигиттер, карап туруп, ушулар эмне элге жек көрүндү экенин билбейби, эл буларды көргөн сайын каргап-шилеп жатканын билбейби дейсиң. Ушинтип элге жек көрүндү болгуча, бийликти таштап, эл алдында кечирим сурап, кетип калганга эрдиктери жетпейби? Кайран жигиттер! Аяйсың. Баягы аксакалдын небересинин акылы жеткен нерсеге биздин азаматтардын акылы жетпегенине таңгаласың!
Өмүрбек Текебаев Бакиевге "ушундан көрө асынып өлүп албайсыңбы" дей коем деп, парламент төрагалыгынан түшүп калбады беле. Ошондон кийин айрым азаматтардан Курманбек Салиевич Өмүрбек Текебаевди эл көзүнчө бир муштап, намысымды алып бербейсиңерби деп өтүнсө керек. КТРге да ушул тарыхый учурду дааналап туруп, тасмага түшүрүп калгыла деген тапшырма берилген окшойт. Анан депутат азаматтарыбыз ошондон кийин биринен сала бири Текебаевге карай далай жулунушту, боксер-президенттин өчүн алып бергенге. Бирок, ура алышкан жок.
Кыргыз саясатынын, кыргыз саясатчыларынын болгон-толгон акылы жеткени ошол. Болгону алар саясый буюртманы гана аткара алышат. Булардын куклалардан айырмасы аз. Булардын киллерлерден да айырмасы аз. Киллерлер демекчи, алар буюрт-ма алып, атса бир кишини, көпчүлүк учурда, булганган, сасыган адамды атат экен, аларга караганда булар миң эсе коркунучтуу болуп жатпайбы. Эмнегедир бизге көптөгөн саясатчылар, саясый киллерлер мамлекетти, элди жок кылганга буюртма алып, ушул ишти аткарып жаткандай туюлат.
Эл, анын ичинде биз башка Кыргызстанда жашагыбыз келет. 7-апрелден кийин кимдер бизге жаңы Кыргызстанды убада кылышты эле. Эл ошол эле Атамбаевден, ошол эле Текебаевден, ошол эле Отунбаевадан, ошол эле Сариевден, ошол эле Бекназаровдон "Силер убада кылган жаңы Кыргызстан кана?" деп суроого толук акысы бар. Ошол эле Текебаев, ошол эле Атамбаев, ошол эле Сариев "11- октябрда жаңы Кыргызстанда ойгонобуз" деп убада кылышкан. Тилекке каршы, эл жаңы Кыргызстанда ойгонгон жок. Эл Бакиев Кыргызстанга кайрылып келгендей, дегеле ал Кыргызстандан качып кетпегендей, 7-апрелде элдик революция болбогондой абалда жашап жатышат. Аксакалдын түшү тегин түш эмес.
Маселен, биз парламентке келген депутаттарды, анын ичинде жигиттерибизди кызылдарга жана актарга бөлбөс элек. Болгону парламентке келгенге, депутат болгонго, өкмөттө иштегенге моралдык укугу жок азаматтар моюндарына курун салып, элден кечирим сурап, кызматтарынан кетиши керек. Алар депутат болбой калса эле, Өкмөттө иштебей калса эле, жашоолору жүрбөй, оокаттары өтпөй калбайт. Элге жек көрүндү болгуча, кетип калып "Ушул жигит чыныгы жигит экен, атанын уулу экен. Намысы бар экен" деп элдин алкышын алган оң деп ойлойбуз. Силер да ойлонгула, азаматтар.
Элдик революция чала болуп калды. Беш айлык баладай болуп турат. Келгиле, биз да бир түш көрүп, жаңы жылда жаңы Кыргызстанда ойгонгондой болбойлубу!

А. Бостон




  Максим

Республикага келдиби?
(Уландысы 6-бетте)
"Республика" партиясы күнкорлугун көрсөтүп Эсенаманов Замирбек Садыковичтин Жаратылыш ресурстар министрлигине, Илебаев Нурдинди Мамлекеттик мүлк министри, Шадиев Аскарбекти Энергетика министри, Жамалдинов Зиядинди Суу чарба жана мелиорация мамлекеттик комитетинин төрагалыгына түрттү. Башкысы, аталган кадрлардын бардыгы Бакиевдин бакма туугандары болгондугун коомчулук жатка билет. Бул жүрүш, албетте, Максим Бакиевдин көрсөтмөсү менен ишке ашып жаткандыгынын эч бир төгүндүгү жок. Ошондой эле Өмүрбек Токтогулович учурда Бакиевдердин дагы бир көрсөтмөсүн так аткарууга таманы тешилип турган кез. Учурда кадимки эле Игорь Чудиновду дагы бир үлкөн ишке түртүп жаткандыгын айтышууда. Азыр эч кимге жашыруун болбой калды. Анткени, "Рес-публика" партиясын Максимдин тапшырмасы аркылуу партиянын көмүскө координаторлору Искендербек Гаипкулов, Игорь Чудинов, Аскарбек Шадиев, Азиз Турсунбаев финансылык колдоолору менен сүрөп чыгарышкан. Эми бул эмгекке Өмүкөнүн иши менен жооп бербеске, болбосо алардын ар бирине каалаган кызматтарын камсыз кылып бербөөгө аргасы жок. Арийне, бул арышы менен Өмүкөбүз балким эртең Данияр Үсөновду, Жаныш Бакиев сыяктууларды алып келээр. Андан соң бүткүл Бакиевдер Кыргызстанга, кыргыз бийлигине келе беришет эмеспи. Ошентип, Максим Республикага келди. Мына, эмесе, биз ишенген Өмүрбек Бабановдун максаты жана жүзү.
Эң өкүнүчтүүсү мына ушундай көз боёмочулуктар көз алдында өтүп жатса да эл ишенген уулубуз Алмазбек Шаршенович премьер-министрлик кызматка бекибей калуудан корктубу же башка себептери барбы макулдук бергенине, жол болсун. Анан калса ар кай жактан каптап келген "атажуртчулардын" айбатынан ачык эле чочудубу же парламенттик отурумга куру жалак даярдыгы жок келгенинен алдырдыбы, моюн толгоп, эрктүү оюн эңиштей албады. Натыйжада өкмөттүн курамына 25 жетекчи орундардын 13 ордуна (б.а. көпчүлүгүнө) Бакиевщина азуу салды.
Башкысы эл күткөн үмүт орундалбады. Коомдо дале болсо таза кан жүгүрбөй, коррупция чырмоогу койкоюп кайра өнө келди. Эл тилеги үчүн өмүрүн сайышкан 87 эр азаматтын каны алда бирөөлөрдүн бетинде, жасаган ишинде, көз жумду мамилесинде, бийлик үчүн энесин алмаштырууга чейин көнгөн макулдуктарында кызыл өрт болуп төгүлүп турат. Бул жалган эмес.

Орунбек Чондоев