Маараке кут болсун!

КАРА-БУУРА 80 ЖАШТА

Чокулары ак кар, көк мөңгү баскан улуу тоолор менен чектеш, тогуз жолдун тоомунда жайгашып илгерки улуу жибек жолу менен тутамдашып, байыркы жана азыркы цивилизациянын шоокумун күн мурун кабылдап, анын ар түркүн ысык-суугун көкүрөгүнөн сызылта өткөрүп, теңирдин кудурети коштоп, дүйнөгө Чыңгыз Айтматовдой аалам таңыркаткан залкар жазуучуну берген касиеттүү Кара-Буура ушу кезде баралына келип, мартабасы артып 80 ге чыгып, сыймыгы артып туру.

Көк теңирдин мээрими түшүп, ай-асманды керемет жарыкка бөлөп, кометадай жанып өткөн жылдыз менен жаны бирге эгиздей боорлошуп, айбарланган ооматы менен дүйнө таңыркаткан, айбатка толгон бул не деген шардана эрдик эле өзү. Аалам койнунда толуп - ташып бууракандап турган турмуш стихиясында дүйнө жүзүнө чолпон жылдызындай жаркырап көрүнгөн, кыргыз элинин теңир сүйгөн тагдырына таң бербеген жер бетинде эл жоктур. Кыргыз элин дүйнөгө таанытып, зоболосун арттырган даңктуу уулубуз Чыңгыз Айтматовго райондун борборунда эстелик орнотулары жөнүндө айтылган жалындуу сөз майрамдын маанайын ого бетер көтөрүп, мааракенин катышуучуларын курсант кылды.
Убакыттын учкулдугун караңыз, а бу дегиче ондогон жылдарды арытып, оомал-төкмөл замандын эчен бир ысык-суугун баштан кечирип, мезгил менен жарыша закымдап Кара-Буура району заңкайып 80 ге чыгып калыптыр. Өз мааракесине мезгил санынан өткөн бараандуу иштери, кылымды таң калтырган жеңиштери менен келгенине турмуш күбө. Ушуга байланыштуу райондун 80 жылдык торколуу тою чоң салтанат, оюн-зоок менен өткөрүлдү. Ага райондун эли түп көтөрүлө келип, борбордон ардактуу коноктор, райондун, областтын жетекчилери катышты. каз-катар тигилген боз үйлөр шаан-шөкөтү менен тойдун ажарын ачып, улуттун зоболосун көтөргөн маараке кайрыктары элдин маанайын эргитип, табият да өзгөчө мээримин төгүп, күн мемирей тийип турду.
Кара-Буура районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Төлөгөн Наралиев куттуктоо сөзүн айтты.
- "Эгемендүүлүккө ээ болгон жаш мамлекетибиз жаңы саясий багытка, парламенттик башкарууга өтүп жаткан тарыхый кырдаалда биз Кара-Буура районунун уюшулгандыгынын 80 жылдыгын белгилеп олтурабыз. Бул мааракени өлкөбүздөгү саясий жана экономикалык жагдайларга байланыштуу арыраак жылдырып кийинки жылы өткөрсөк деле болмок, эл түшүнмөк. Бирок, биз бул тарыхый окуяны ардактап өз учурунда өткөрүүнү туура деп чечтик. Ата- бабаларыбыздын басып өткөн жолун аздектеп эскерип туруу биздин айык парзыбыз", - деп айтты Төлөгөн Байызбекович.
"Өткөндү мылтык менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат",- деп авар элинин улуу акыны Абуталиптин айтканын эстен чыгарбасак. Албетте, биз өткөн тарыхыбызды унутпоого тийишпис. Анын сабактары бизди мекенди сүйүүгө, бирдиктүү болууга чакырып, ырыстын алды ынтымак болоорун тастыктап турат. Азыр Ата Мекенибиз өтө оор абалды баштан өткөрүүдө. Келечегибиз кандай болот деген ой ар бирибизди санааркатууда. Элибиз чынында эле саясаттан чарчап, атүгүл жалкып турган учуру. Биз бүгүн бул жерде кыргыз элинин келечеги, улуттун бактысы, мамлекеттин бүтүндүгү жөнүндө, ырыс алды ынтымак экендиги жөнүндө сөз кылышыбыз керек. Демек, районубуздун 80 жылдык мааракесин өткөрүү өсүп-өнүгүүнүн, жаркын келечектин, ынтымак менен элдин бак таалайынын тою болсун деп тилек кылып коёлу.
Райондун тарых-таржымалынан учкай кеп. Алгач район 1918-1924-жылдары Конституциянын негизинде болуштук комитет болуп түзүлүп Түркистан АССРинин Сырдарыя областынын Олуя-Ата уездине караган. 1924-1929-жылдары Олуя-Ата уезди Сырдарыя областы Казак АССРине карап, Александров болуштук аткаруу комитети болуп түзүлгөн.
Кыргыз АССРинин 1930-жылдын 1-сентябрындагы №61 буйругунун негизинде административдик-аймактык кантон болуп Кыргызстанда жергиликтүү райондук аткаруу комитети уюштурулуп, мурдагы Александров болуштук аткаруу комитети жоюлган. Анын ордуна Рыков райондук аткаруу комитети түзүлгөн. 1930-жылдары Рыков райондук аткаруу комитетинде 23 айылдык Совет болгон. Калкынын саны 40049 адамга жеткен. 8329 чарба, 20 мектеп болгон.
1937-жылы Рыков райондук аткаруу комитети жоюлуп, Киров райондук аткаруу комитети деп аталып, Кыргыз ССРинин Фрунзе областына караган. 1944-жылы 21-июнда Талас областы уюштурулуп Киров райондук аткаруу комитети Талас областына караган. 1956-жылы Талас областы жоюлуп, кайрадан Фрунзе областына кошулган. 1959-жылы Фрунзе областы жоюлгандыгына байланыштуу Киров райондук аткаруу комитети Республикага баш ийген.
1963-жылдын январь айынан баштап Киров райондук аткаруу комитети жоюлуп, административдик башкаруу бийлиги Талас райондук аткаруу комитетине өткөн. 1964-жылы Каров райондук аткаруу комитети кайрадан түзүлгөн. 1991-жылдан тартып Киров району деген аталыш Кара-Буура району деп өзгөртүлгөн.
80 жашка толгон Кара-Бууранын жылдыздай жанган, сыймыктанаарлык ийгиликтери, өз учурунда дүйнөнү таң калтырган жеңиштери бар. Улуу Ата Мекендик согушта ок бүрккөн дзоттун оозун көкүрөгү менен тосуп куралдаштарынын жеңишин камсыз кылган жердешибиз Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги дүйнөнү аң-таң кылган.
Ал эми айбарланган таланты менен ааламды таң калтырган жердешибиз Чыңгыз Айтматовдун эрдигичи. Манастын руху даарыган инсандарыбыздын керемет чабыты жалпы кыргыз элин дүйнөгө даңаза кылып турганына чексиз сыймыктанабыз.
Кыргыз эли көк теңир сүйгөн таланттуу эл. Элдик поэзияны философиялык деңгээлге жеткирип, төкмөлүк өнөрдүн туу чокусуна чыккан жез таңдай акын Өтө Жеңижок не деген керемет талант. Айдаралы Жөргөлөк, Сологой ырчы Сооронбек, кара сөздүн чебери Ашым Жакыпбеков, сатиранын пашасы Райкан Шүкүрбеков, булбул таңшык Дарика Жалгасынова, Анара Мадиева жана башка ондогон чыгаан калемгерлерибиз элибиздин сыймыгын арттырып жүрүшөт. Ал эми өз учурунда талант даарып элдин сүймөнчүлүгүнө айланып, убакыттын өтүшү менен мезгил каттамдарында калып унутулуп ктекен инсандарыбыз, эл баккан азаматтарыбыз канча дейсиз. Мезгил сапырылып өтө берет. Табияттын адам баласы анча этибар албаган мыйзамы бар. Демек, биз көп нерсени билбейбиз. Чексиз дүйнө бизди чексиз табышмактары менен курчап турат.
Өлкөбүздөгү ар кандай саясий окуяларга районубуздун чындыкты сүйгөн азаматтары мекенчилдикти көрсөтүп алдыңкы сапта келе жатышат. Кыргыз мамлекетинин тарыхында элге душман чыккан бийликке каршылык көрсөтүп, администрациялык имараттан кууп чыгып ээлеп алуу окуясы эң биринчи ирет Кара-Буура районунда 2000-жылы 13-мартта ишке ашкан. Ал акция 22-мартка чейин уланып имарат күч менен бошотулган. Бул тарыхый чындык. Аксы окуясы мындан эки жыл өткөн соң болгон, ал эми бийлик имараттарын ээлеп алуу окуялары 5 жылдан кийин гана башка аймактарда кайталанган.
Эгемендүүлүктү алган элдин бакыбат-бардар турмушта жашоого укугу бар. Ал үчүн бийлик мамлекеттин кызыкчылыгын, элдин жыргалчылыгын көздөп калыс иштеши керек. Калыстык болсо ынтымак орнойт. Анан ырыс, кут келет.
Мааракелик салтанатта райондун элинин талаачылыкта жана мал чарбасында, жеке ишкердикте жетишкен ийгиликтери белгиленип, элдин турмушун жакшыртуу, районду өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө кеңири сөз болду.
Кара-Бууранын келечеги жөнүндө айтылган жакшы-ой тилектер мааракенин катышуучуларын кубантты.
Салтанатта Талас областынын администрация башчысы, губернатору Койсун Курманалиева, губернатордун биринчи орун басары Анарбек Тургуналиев, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Дарика Жалгасынова, коомдук ишмер Анарбек Усупбаев, сыймык туусун көкөлөткөн райондун ондогон көрүнүктүү инсандары жана эмгек ардагерлери куттук сөздөрүн айтышты.
Бул күн тарыхты эске салып, тарых бетинде калды.
Өркөнүң өсө берсин, Кара-Буура!
Меңдибек АСЫЛБЕКОВ,
Кыргыз Республикасынын
Журналисттер Союзунун
"Манас Руху" сыйлыгынын
лауреаты.





КРнын президенти
Роза ОТУНБАЕВАга

КАЙРЫЛУУ
Биз, Чым-Коргон айылындагы Республикалык психиатриялык оорукананын кызматкерлери,Сизге төмөндөгүдөй себептер менен арызданып отурабыз:
Аталган оорукананын башкы дарыгери Ажибеков Жаныбек Асылбекович 2002-жылдын сентябрь айынан баштап ушул кызматка келгенден бери жетекчи катары ооруканага эч кандай коомдук же социалдык жардам көрсөткөн жок. Оорукананын көпчүлүк имараттарын талкалатып буздурду. Мисалы,ооруканага караштуу көмөкчү чарбанын бузулбай турган бир сарайынын үстүн ачтырып,бүлдүрүп, жыгачтарын саттырып, 2-бөлүмдүн да бак-дарактарын кыйдырып саттырып жиберген. Ошондой эле көмөкчү чарбанын территориясында турган трансформаторлорду саттырып жиберген.Ооруканага тиешелүү дарылоо-өндүрүштүк мастерскойду жаптырып, анда иштеген 10-15 адам жумушсуз калып отурат. Ооруканадагы 30 электр карагайы,бөлүм ичиндеги жарактуу темир түтүктөр сатылып кетти.
Транспорт боюнча болсо, иштеп турган эле автомашиналар: "Газ-53"(мамномер 5240 , КАВЗ (мамномер 523), "Газ саз" (м.н 525), УАЗ-3962-01 (м.н.521, ВАЗ-21063 (м.н.22-66),ЗИЛ ММЗ самосвал (м.н. 522), трактор ЮМЗ-6, трактор Т-40 бүтүндөй эле сатылып, жалган документ менен "вторчерметке" өткөрүлгөн делип "списание" болуп турат. Ал эми трактор Т-40 2010-жылдын сентябрь айында эле көмөкчү чарбада турган.
Оорулууларга тамактануу үчүн азык-түлүктү "тендер" аркылуу алабыз деп коюп, башкы врач Ж.Ажибеков жана чарбачылык боюнча орун басар Кузембаева Жийденин тааныштары аркылуу жогорку баада алынат. Мисалы, сүт 2009-жылы 20 сомдон алынган. Сүт айылда кыштын күнү да 10 сомдон жогору болгон эмес.Нан, эт азыктарынын абалы да ушундай эле.
Башкы врач өзүнүн аялы Раеваны аптекада провизор деп "оформить" этип айлык төлөгөн, а чынында, ал иштеген эмес, ошондой эле уулу Ч.Асылбеков дагы айдоочу катары иштебей айлык алган. Айдоочу Абыкеев Нурлан Токмок-Бишкек маршрутунда "бусик" айдайт, бирок, айлык акысы башкы врачтын айдоочусу катары жүрө берет, Акимова деген жакыны да экиден кем эмес ставкада айлык алат.
Башкы врач Ж.Ажибеков кызматчыларга гана эмес, оорулууларга да эч көңүл бөлбөйт. Ушунун айынан ооруканада "брюшной тиф" менен 17 оорулуу, 2 кызматчы оорушту. Буларга эч кандай чара көрүлгөн жок.
Жогоруда көрсөтүлгөн фактыларды МЗнин комиссиясы, облфин полициясы, Бишкек шаарынын Ички иштер бөлүмү, акыркы болуп республикалык Эсептөө палатасы текшерип, бирок эч кандай жыйынтык чыгарышкан жок.
Сиздерден акыйкаттыкты күтүп:

АДИГИНЕЕВ Бекжан
БУРЖИЕВ Ишенбек
МЕРКЕБАЕВ Лизат
МАЛДЫБАЕВА Нурия