Медалдын эки бети бар

Укук коргоочу, Качкын БУЛАТОВ:
"Мейманканага жаткырып, он алты жаштагы кызды сунуш кылган…"

Ө лкөбүздө митингге, пикетке чыгуу кадимкидей эле көрүнүшкө айланды. Гезитибиздин өткөн санында Нарын областындагы митинг тууралуу айтылып, ошондой эле митингчилердин арасында Ички иштер органынын отставкадагы полковниги Нарынбек Молдоисаевдин ишсиз жүргөнүн кыскача билдирген элек. Ал макала чыгаар замат, укук коргоочу Качкын Булатов агабыз нааразычылыгын билдирип "Нарынбек Молдоисаевдин чыныгы жүзүн ачып берем" дегенинен Качкын мырзаны кепке тарттык.


- Качкын агай, айтсаңыз, Сиздин Нарынбек Молдоисаев боюнча кандай маалыматыңыз бар?
- Нарынбек Молдоисаевди абдан жакшы билип калганымдын себеби, 2002-жылы Аксы окуясында элди атып, Бекназаровду камакка алып жаткан убакта, мен Адам укугун коргоо кыргыз комитетинде кызмат кылчумун. Ошол маалда Кочкор районунан атайын офис ачып, аксылыктарга колдоо катары 150-200 адам чогулуп, нааразычылык акциясына чыкканбыз. Акцияга чыккан элдин саны көбөйө баштаганда митингдин уюштуруучусу катары мени кармоого бийлик буйрук берген. Анан Нарын областынын Ички иштер башкармалыгынын башчысынын орунбасары полковник Нарынбек Молдоисаевди жанына дагы полковник, эки подполковникти алып келди. Кочкор районунун акими Тариел Айтбаев 150гө жакын атайын "дүжүрлөрдү" даярдап, менин офисимди талкалатып, ошол кезде "Асаба", "Республика" деген сонун гезиттер чыкчу, алардын баарын тытып, "бул гезиттерди эмне алып келесиң, сен чыккынчысың"-деп мени ур-тепкиге алышкан. Анан прокуратурага алып барышып, ал жерден дароо сотко алып барып, бир заматтын ичинде мени он беш күнгө камакка алуу чечимин чыгарып койгон.
- Күндө ар кайсы методдорду пайдаланышат. Түнкү саат: 1-2 де келип, кыйнап жатышты.
- Сизден эмне талап кылып жатышты?
- "Укук коргоочулуктан кет. Жөн өз ишиңди кыл. Эки гектар, беш гектар жер берели, ошону айдап иштет. Иши кылып саясатка киришпе" деген талаптарды коюшту. Андан сырткары мен Каракече көмүр боюнча да көп иликтеп жазгам. Ошол иштеримди да "токтот. Сен өкмөттүн машинеси менен ойнобо. Ойносоң бир заматта сынып каласың" дешти. Бирок, мен демократияны колдогон адам экенимди айтып, макул болбодум. Тамак ичпей, сыз полдо жаттым. Күндө ар кайсы методдорду пайдаланып, түнкү саат: 1-2 де келип, кыйнап, сабай башташты. Полковник Нарынбек Молдоисаев "сен Каракечедеги былыктардын баарын чукугансың"-деп мага атырылган. Себеби, Нарынбек Каракеченин криминалдашуусуна өбөлгө болуп, кызматта турганда чоң пайда көргөн. Мен бул боюнча жазып чыгып, беттерин ачкам да. Ошондон мага кеги бар экен.
- Тиешелүү органдарга кайрылдыңызбы?
- Бир күнү мени сабап, тишимди сындырып, коридордон сүйрөп кетип баратканда кызым көрүп калып, Бишкекке келип ООНго, Акыйкатчыга, ОБСЕге кайрылганда, анан Хини Джелани деген укук коргоочулардын коргоочусу Акаевге телеграмма жиберип, мени бошоткон. Ошол мен камакта жатканда күч колдонуу менен укол сайдырышты. Полковник Нарынбек Молдоисаев мени Жумгалдын Чаегине алып барып, мейманканага жаткырып, он алты жаштагы кызды сунуш кылганда Нарынбектин бетине түкүргөм. Уялып калгандын ордуна "сен жакшылыкты билбеген акмак экенсиң" деген. Мына силер "элдик" деген полковниктин чыныгы жүзү.
- Ал эми Молдоисаевдин азыркы багытын кандай түшүнөсүз?
- Кандай түшүнмөк элем. Нарынбектин үч жүз кишини чыгарып кое турган каражаты бар. Бул эбак эле отставкага кеткен. 7-апрелден кийин ким алып келди билбейм, Нарынга УВДга начальник болгон. Эми кызматтан түшкөндөн кийин митинг кылбай эмне болуптур. Мен начальник болгондо эле ИИМге Молдоисаев боюнча арыз жазгам. Алты ай болду жооп жок.

Баян КӨЛБАЕВА




 "Батьканын" өлкөсүндө

М. Сариев:
"Кыргызстанга Беларустагыдай ыкма жарашпайт"
19-декабрда Беларустагы президенттик шайлоодо учурдагы өлкө башчы А.Лукашенко 79.67% добуш алганын БШК билдирди. Беларуста өткөн президенттик шайлоо тууралуу талдоочу Марс Сариев "Азаттыкка" маек курду.

- Шайлоо процессине көз салсаңыз керек, кандай деп баалап жатасыз?
- Биз билебиз, Беларуста мурунку Советтер Союзуна мүчө мамлекеттерден айырмаланып, совет системасы ошол бойдон калган. Ошон үчүн ал жакта демократиялык процесстердин болбошу далилденип, билинип турат. Ушундан улам эркин, демократиялык шайлоо болбойт.
- Беларуста оппозициялык күчтөр шайлоого чейин, шайлоо маалында нааразылык билдирип, айрым мүчөлөрү камалганы кабарланууда. Ал жакта оппозициянын даремети канчалык?
- Беларус оппозициясынын күчү анча деле чоң эмес. Мындай жалпысынан карап көрсөк, Беларуста совет системасы өзгөрбөй, завод-фабрикалар талкаланбай калды. Башка мамлекеттерге караганда эл арасында чоң жакырчылык жок. Ошон үчүн Александр Лукашенко авторитардык лидер болгону менен эл аны колдойт.
- Сиз белгилегендей, Беларусту адатта Батышта авторитаризмдин акыркы тиреги, А. Лукашенкону "Европадагы акыркы диктатор" деп сындалып жүрөт. Бирок эл турмушу салыштырмалуу жакшы деп жатасыз. Ушундан улам Беларуста авторитаризм өзүн-өзү актап жаткан жокпу?
- Ал жакта авторитардык режим ошол бойдон эле калат деп ойлойм. Беларус эли мына Орусиядагы демократияны байкап атат, ошон үчүн авторитардык режим ошол бойдон калат. Булар башка, мисалы Кытай, Куба сыяктуу мамлекеттердин жолу менен келатышат.
- Кыргызстанда айрыкча азыркыдай кыйчалыш шартта, кризистен чыгаруу үчүн катуу кол керек деп, диктатор башкаруучуну эңсегендер да жок эмес. Ушундан улам Кыргызстанга Беларустукундай ыкма киргизүүгө кандай карайсыз?
- Кыргызстанга Беларустукундай модель жарашпайт го. Алардын менталитети, тарыхы башка. Кыргызстанда азыркы система башка. Биз башка жол менен баратабыз.
- Беларуста азыр качып барган Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев отурат. Эми шайлоодон соң анын андан аркы тагдыры кандай болушу мүмкүн?
- Азыр А. Лукашенко деле кичине демократиялык принциптерди жылдырбаса болбосун түшүнүп жатат. Анан Орусия менен деле мамилеси жылып баратат. К. Бакиевдин аяктагы жашоосу татаал болуп, башка жакка кетиши мүмкүн. А. Лукашенко К. Бакиевди Кыргызстанга бербейт го, бирок башка жакка жашыруун кетириши мүмкүн.
- Президенттик шайлоодон соң кыргыз-беларус алакалары кандай өнүгүшү ыктымал?
- Саясатка карабай, прагматикалык жол менен Беларус менен экономикалык мамиле түзүп иштесек болот. Беларус товарлары Кыргызстанда көп эле.

Элеонора Бейшенбек кызы, "Азаттык"