Эми ыңкылап болбосо экен
"Революциялык жол өзүн актабайт" дегенге аргасыз макул болбой кое албайсың. Бирок, бул аксиома эместир. Ошентсе да, Кыргызстанда эки ирет болгон революцияны көрүп, анын чындыгына моюн сунууга туура келет. Жашырганда не, өткөн аптада ыңкылаптык маанайга биротоло суу сээп, жаназасын окудук көрүнөт. Жеткен түбү, болор жери ушул болсо, анда дегеле революция болбосун дегиң келет.
Өткөн жумада "Республика", КСДП жана "АтаЖурт" партиялары биргелешип, парламенттик көпчүлүккө ээ болуп, өкмөттү курашты. Бирок, эмне максатта, кайсы негизде? Эми биз кайсы жол менен кетебиз? Жооп берген киши болгон жок. "Республика" партиясы "биздин программаны колдогон партия менен гана биригем" деп жатты эле, демек берки эки партия анын программасын колдогондур. Же Атамбаевдин парламенттик өлкө куруу, аны өнүктүрүү идеясын колдоп биригиштиби? Аргасыз суроо, а балким КСДП менен "Республика" "Ата журттун" Бакиевди алып келебиз дегенине ынашкандыр? Кыскасы, бул жагы табышмак бойдон калды. Анык болгону эле, үчилтик өз ара кызматтарды төмөндөгүдөй бөлүштүргөн экен. (Өзүңүз окуп аларсыз). Карап отуруп, эми не болсо да революция болбосо экен, эми мен да мындан ары революциялык ураандарды чакырбайм да, жазбайм дейсиң.
А бирок, ортозаар ырчы Ибрагим Жунусовду вице-премьер-министр, Курманбек Бакиевдин шакирти Нурлан Шакиевди Маданият министри болгонун көргөндө, кантип жазбай кое аласың?!

Заирбек Бактыбаев





"Ата-Журт" бийликке жетери менен Бакиев Кыргызстанга келдиби?
"Ата-Журт" партиясы кандайча Бакиевдик партия экендигин түшүндүрүп отуруунун деле зарылчылыгы жок. Бакиевчил партия бүгүн эки тизгин бир чылбырды колго алып, мамлекеттин башына келди.
16-декабрдагы Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча Бакиев Белорусияда жок болуп чыкты. Биздин Башкыр прокуратуранын Бакиевди Кыргызстанга кайтарып бергиле деген өтүнүчүнө Белорусиянын Башкы прокуратурасы "Бакиевдин кайда экендигин билбейбиз" деп жооп берген. Ошондон улам ойлойт экенсиң, Курманбек Бакиев Кыргызстанга келип калганбы деп. Бирок, бул жоромолду да жокко чыгарууга болбойт. Бүгүнкү түзүлгөн өкмөттүн курамын көрүп, баары бүттү, эми Курманбек Бакиевди президенттикке, Жаныш Бакиевди УКМКга алып келүү эле калды көрүнөт деген ойго аргасыз жетеленесиң.
Курманбек Бакиевдин Белорусияда жок болушунун дагы бир себеби бар. Өткөндө, Белорусиянын президенти Лукашенко Кремлде Орусиянын президенти Медведев менен жолугушуп, урушуп жүргөн жандар биротоло жарашкан. Аны менен эле тим болбой, Бакиевди өлкөдөн чыгарам деп сөз бериптир деп айтылган эле. Мүмкүн, Лукашенко убадасын аткарган окшойт деп калдык.

"Алиби" пресс