Бир собол

Жаңы түзүлгөн коалиция туруктуу боло алабы?
Парламенттин келечеги барбы?
Мукар Чолпонбаев, экс-спикер:
Кандай болгон күндө дагы бул парламенттин келечеги жок. Азыркы тапшыруу боюнча ала турган болсок, "Республика" партиясы коалиция курай албайт. Бул жерден куралды деп кол коюлган күндө дагы парламентке барганда биринчи үчилтиктей болуп жыдып калышы мүмкүн. Андан кийин баягы кеңири коалициясы башталат. Ошондо өздөрү ары-бери тартышканда бир нерсе болушу мүмкүн. Бирок, кандай болгон күндө дагы парламент мартттан ары жашай албайт. Ошентсе дагы бириккенге аракеттер жасалат. Анткени парламенттик көпчүлүк бакиевчилерден куралган. Алардын башында Үсөн Сыдыков бар. Ал баарын бириктиргенге аракет жасайт. Бириктирсе бир гана ошолор бириктириши мүмкүн. Андан башка бир дагы баш коштурчу күч жок. Эгерде ОДКБнын уставына киргизилчү өзгөрүүлөрдү эске ала турган болсок, анда келечек арсар болуп баратат. Эгерде алар биригип туруп легитимдүү өкмөт түзүп башкарабыз дей турган болушса анда ОДКБга сыйынып, кайрадан жеке бийлик түптөшү мүмкүн. Ошондо Отунбаевага да чоң сокку болушу мүмкүн. Эгерде Үсөн Сыдыковичтин варианты өтпөй кала турган болсо, анда бул парламент өзүн-өзү таратуу менен тазабыз деген айрым күчтөр өз жүздөрүн сактап калганга шанс бар.


Эдиль Байсалов,
"Айкөл Эл" партиясынын төрагасы:
Мен дагы эл катары чоң үмүт арткам. Чыныгы эл тарабынан шайланган Жогорку Кеңеш түзгөн өкмөт бул элдик өкмөт болушу керек. Анан албетте чечкиндүү элдик реформаларды жүргүзүшү керек. Эгерде "Кудайга шүгүр, элибиз шекер кошулган чай ичип калды" деген Акаев, Бакиевдердин өкмөттөрүндөй тил эмизе турган болушса анда көпкө узашпайт. Тескерисинче алар 2-3 жылдын ичинде жашоону өзгөртөбүз деген күчтөр болушу керек. Мамлекет түп тамырынан бери өзгөрүүгө дуушар болушу керек. Албетте биз канчалык үмүттөнөлү десек дагы ар кандай коркунучтар бар. Анткени президенттик шайлоого карата шайтан оюндар башталат. Анан кайра эле мурдагы күчтөр бирин-бири алдап, элди тоготпой кайра эле баягы жегичтер бийликке келип, Айдарсыз, Максимсиз эле Кыргызстанды өздөрү талкалап салышабы деген коркунуч бар. Ошондой болсо дагы үмүтүбүз зор.


Дайыр Орунбеков, "Асман пресс"
гезитинин башкы редакторунун
орун басары:
Кайдагы келечек? Партиялардын бири-бири менен шайкеш келген программалары жок болсо, экономикалык багыттары да ар башка. Партлидерлердин жеке амбициясын ооздуктай албайсың. Коалиция түзүлгөн күндө дагы өкмөт курамын аныктоо, министрликтерди бөлүштүрүүгө келгенде кызыктын баары башталат. Келечеги олку-солку. Өзгөчө кыргыз саясатында. Анткени партиялар классикалык деңгээлде бышып жетилише элек.


Сабыр Абдымомунов, журналист:
Бул коалицияны туруктуу деп айтууга мүмкүн эмес. Ошентсе дагы элдин чыдамы менен ойноо, азыр чокко май чачкан менен барабар. Ошондуктан фракциялар бирдиктүү коалиция түзүү жолун эмитен сунуш кылуусу зарыл нерсе. Башкача айтканда Президентке алдын ала беш партиянын биргелешкен коалициялык долбоорун сунуш кылышы керек. Болбосо азыркы жол менен, сүйлөшүүлөр, амбиция менен кете турган болсо бул парламенттин тарагандан башка аргасы жок. Мен ойлойм, бир эле лидерди өкмөт башчылыкка же төрагага татыктуу деген көз караш, талаптар, формулалардан эчак чыгышыбыз керек. Башка адамдарды да бийлик башчылыгына сунуштоону коркпостон кабылдашыбыз керек. Бул жерде өкмөт башчы тигил же төрага бул болсун деп отурсак бюджеттин тешиги жыртылып, мугалимдер эмес башка бюджеттин каражатын карагандар да куурап калат.


Сейтек Качкынбаев, Токио шаарынын жашоочусу:
Парламентаризм тууралуу пикирим негизинен жакшы эле. Буга эки негиз бар. Биринчиси, Парламентаризмдин табияты башынан ошондой болот.
Ал демократияны курганга жакшы инструмент, бирок кескин реформаларды же чечимдерди кабыл алууга универсал система эмес. Ошондуктан ары-бери
тартышкан азыркы "көк бөрү" оюндарына таң калбоо керек. Бул дагы тарыхта башыбыздан өткөргөн эң улуу тажрыйба, эң жакшы көрүнүш. Экинчиден, жалпы элге да сабак болуп атат, кимди тандадык эле эми алардын эмгегин да көрөлү дегендей. Парламент деген аты болгон менен заты андан бир топ эле алыс болду, бул дагы сонун кырдаалды түздү. Бирок мени чочулаткан нерсе бар. Азыр, кандай гана комбинациядагы коалиция түзүлбөсүн аткаруу бийлигин же башкача айтканда. мамлекеттик бюрократиянын өзөгү болгон бийлик институттарын жандантуудан баштабаса реформаларды убакыттан гана уттурганыбызды көрөбүз деп ишенип койсок да одоно болбостур. Арийне, жакынкы перспективада жана алыскы перспективада карай турган маселелерди бөлүп кароо керек. Мисалы, 2011-жылдын бюджети чечилбей турат. Андагы дефицит 26 млрд сомду түзүп атат.


Сабыр Муканбетов, саясий серепчи:
КСДП, "Республика", "Ата-Журт" менен бириктик деп коалиция түзүп жатышат. Бул коалициянын иштеп кетүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул коалициянын түзүлүшүндө "атажуртчулар" абдан ыңгайлуу жагдайга туш келди. Анткени калган эки партия коалицияга кирүүдөн баш тарткандан кийин жалгыз гана "Ата-Журт" партиясы калгандыктан аны менен эсептешип, сураганын берүүгө аргасыз болушту. Эки партиядан турган бирикменин акыбалын "атажуртчулар" абдан жакшы түшүнүштү. Бүгүнкү коалициянын шарттарына ылайык Атамбаевдин премьер-министр катары бийликти контролдоосу кыйын болот. Ошол эле учурда Феликс Куловдун революциянын локомотиви болгон КСДП менен "Ата-Мекенди" сөзсүз түрдө бөлүп, бирин бийликке, бирин оппозицияга калтырып, алсызыраак оппозиция түзүү демилгеси негизинен ишке ашты. Бул туруктуулукту камсыз кылат деп айтууга болот. Болбосо, эки президенттин башын алган бул эки партия биригип кетсе, кыйла эле түйшүк жаратышы мүмкүн эле. Кандай болгон күндө дагы өкүнгөн туура болбойт деп эсептейм. Анткени бийлик колдун кири. Кантсе дагы элдин бул жолку тандоосу баарына сабак болду.