Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери

меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


 "Жумуртка" операциясы

Көлдүктөр "жумуртка" лакабынан качан, кантип арылат?

"7- апрель" окуясы боюнча тарыхый сот Спорт ордосундагы жардырууга байланыштуу убактылуу токтоп турганы менен, негизинен жүрүп жаткандыгы маалым. Жай айындагы кандуу июнь окуялары боюнча да сот иштери уланууда. Атүгүл, алардын айрымдары боюнча жыйынтыктар чыгарылып, бир нече адам түрдүү жазаларга тартылышты. Андан тышкары, улуттук жана эл аралык комиссиялар иштеп, окуянын чыгыш себептерин иликтеп, ага саясий баа берүү аракетин көрүп жаткандыгы да белгилүү.

Ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан 2007-жылы өткөн парламенттик шайлоодогу, андан сырткары Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоодогу мыйзам бузуу иштери боюнча да кылмыш иштери ачылып, эл добушун бурмалап, фальсификация жолуна барган күнөөкөрлөр сөзсүз жазаланарын, атурсун түрмөгө да отургузуларын баш прокурор Кубатбек Байболовдун өз оозунан укканыбыз бар. Журналист Геннадий Павлюктун, мурдагы президенттик администрация жетекчиси Медет Садыркуловдун өлтүрүлүшү жана Өмүрбек Текебаевге байланышкан "матрешка" окуялары боюнча да иликтөө иштери жүрүп жаткандыгы белгилүү. Бир сөз менен айтканда, Бакиевдин учурундагы бир топ кылмыштуу окуялар кайра тергелип, өз бааларын алып жатат. Адилетсиз сот чечимдери, туура эмес жүргүзүлгөн тендерлер, мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келип, өлкөнү чоң экономикалык чыгашага кириптер кылган келишимдер, менчиктештирүүлөр, сатуулар-сатып алуулар боюнча да апрелден бери көп иштер жүргүзүлүп, алардын айрымдары бүгүн аягына толук чыгарылган. Ал иштердин ичинде "Петровка окуясы", АУБ, "Жер үйдүн" айланасындагы алдамчылык, "Манас" базасын май менен камсыздаган "Мина" компаниясы жана башкалар бар. Ушинтип, санай берсек уланып кете берчүдөй. Жасалып жаткан иштердин баары адилеттикти орнотуп, күнөөлүүлөрдү жазалоо менен кийин бул сыяктуу окуялардын кайталанышына жол бербөө аракети экендиги айтпаса да түшүнүктүүдүр.
Бирок, тилекке каршы, жогорудагы маселелерден кем калбаган, терең талдоону, изилдөөнү жана калыс саясий бааны талап кылган бир окуя такыр эстен чыгарылып, сөз кылынбай келүүдө. Эсиңиздердедир, 2008-2009-жж. катары менен кайталанган Ысык-Көл облусундагы "жумуртка окуясы". Балким, бул окуяны иликтеп, изилдеп отуруунун зарылчылыгы жок дегендер да чыгышы мүмкүн. Ошон үчүн ал эске алынбай жаткандыр. Бирок, антип ойлогондор чоң жаңылышат. Себеби, бул окуя бүтүндөй бир өрөөндүн бетине чиркөө болуп, карапайым элин ушул күнгө чейин баш көтөртпөй келе жатат десек жаңылышпаган болор элек. "Көлдүкмүн" десе бүгүнкү күндө жумуртканы түшүнгөндөр четтен табылат. Анан кантип, жалпы элди жаманатты кылып, терс маанай жараткан окуя изилденбей, туура баасын албай калат? Чын-чынында, эки жыл катары менен, ошол кездеги оппозиция тарабынан Каркыра жайлоосунун казактарга берилишине каршы уюштурулган Элдик курултайга карапайым көлдүктөрдүн өздөрү каршы чыгышкан эмес, тескерисинче колдошкон. Жети-Өгүз районунун тургундарынын Түпкө чогулган элге кошулуп, Бшкекке жөө жүрүш жасайбыз дегенин элдин баары эле билсе керек. Ошентсе да, муну билгендер бар, билбегендер да бар экен. "Билбегендердин ар бирине муну түшүндүрүү кыйын экен, бакиевдерди көлдүктөр-силер колдоп, Каркыраны саттырып жибергенсиңер деген айыптоолор жаныбызга батып бүттү" дешүүдө көлдүк туугандар.
Андыктан, бул окуя мамлекет тарабынан атайын изилденип, күнөөлүүлөр табылып, кылмыш жоопкерчилигине тартылбаса да, жок дегенде калыс саясый баасын алса, көл элинин үстүндөгү оор жүктүн алынышына, жалпы кыргыз элинин алдында жүзүнүн жарык болушуна жардам болор эле деген тилек. Бул бүгүнкү бийликтин бир гана көл элинин алдындагы эмес, залкар инсан маркум агабыз Дооронбек Садырбаевдин адындагы да милдети. Эсиңиздерде болсо, 2008-жылы Түптөгү курултайдан соң, Бакиевдердин элге, анын ичинде оппозиция (алардын арасында кылымда бир жаралчу Дооронбек Садырбаев агабыз да бар эле) жасаган мамилесинен катуу иренжиген Дооронбек агабыз көп өтпөй оо дүйнөгө кете берген. Билгендердин айтымында, ошол окуя жүрөгүнө катуу тийип, ансыз да сыркоолоп жүргөн агабыз биротоло төшөктөп калган экен. Ким билет, балким чындап эле, ал окуя агабыздын өмүрүнө залакасын тийгизгендир. Тийгизбей да коюшу мүмкүн эмес. Себеби, Көкөтөйдүн ашы өткөн Каркыра жайлоосунун тарыхый маани-маңызын, бүгүнкү күндөгү баалуулугун Дооронбек Садырбаевчелик эч ким түшүнө да алмак эмес. Кыскасы, жеринен ажыраган кыргыз элинин кайгысын Докебиз өз жүрөгүнөн өткөргөндүгү чын. Ошондуктан, бул окуяга күнөөкөлөрдүн аты аталып, ага саясий баа берилсе, Докебиздин арбагы да ыраазы болот беле деген кеп.
Дагы белгилей кетчү нерсе, Түп окуясы Бакиев учурундагы бардык терс көрүнүштөрдүн башаты болгон. Ага чейин Бакиевдер эл эмне дейт деп, бир аз ийменип келген болсо, ал окуядан соң, алардын өкүмзордугу, калкка жасаган карасанатайлыгы күчөгөн. Ошол окуядан соң "Алиби", "Де-факто" гезиттери жабылган, Ноокат окуясы орун алган.Түп окуясына жыл айлана электе, Петровка окуясы болуп, ондогон адамдар камалган. 2009-жылдын жазында үч киши менен бирге Медет Садыркулов өлтүрүлгөн, С.Абдылдаев бычакталып, сабалган. Санай берсе, уланып кете берет.
Менин жеке пикиримде, эл арасында деле ошондой айтылып жүрөт, "жумуртка операциясы" Жаныш Бакиевдин жеке көзөмөлүндө уюштурулган. Албетте, ал өзү же Бакиевдердин дагы бири келип элди жумуртка менен урбаганы, же оппозиция лидерлерин сабабаганы белгилүү дечи. Буга Бакиевдерге колдон келишинче кошомат кылып, алардын оту менен кирип, күлү менен чыккан ошол эле көлдүн Ак үй ичиндеги уулдары кол кабыш кылган экен. Ошондогу "ОБОНчу" аялдарды да ошолор Жаныштын "заказы" аркылуу даярдашканы бүгүн да айтыла калып жүрөт. Бирок, мындан жалпы көлдүктөр жаманатты болуп жаткандыгы өкүнүчтүү. Ал эми оппозиция лидерлерин ур-токмокко алып, көк бөрү кылган жигиттер, таяк таянып жүргөнүнө карабай, Дооронбек Садырбаев аксакалды ары-бери жулмалагандар кимдер эле?
Заирбек Бактыбаев




Редакциядан:
Түп окуясында эл баштаган ошол кездеги оппозиция лидерлери, окуяга күбө болгон журналисттер, дегеле ага катышкан элдин чыгаан уулдары да өз пикирлери менен бөлүшүп, окуя кандайча болгондугун айтып берүүгө убада кылып жатышат. Демек, Түп окуясына калыс баа бериле турган күн алыс эмес экен дей туралы.
Кийинки саныбызда белгилүү журналист, Түп окуясынын түздөн-түз катышуучусу, Көлдүн кулуну Сабыр Муканбетовдун эскерүүсүн окумакчыбыз. Сабыр көп "секреттерди" ачууну убада кылды.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика