Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  КурумУшу

Патологиялык калпычы

"Жаңы ордо" - К.Бакиевдин бийликке келгенинин салтанатына карата пайда болгон гезит. Одиоздуу Ү.Сыдыковдун (ылакап аты - Кашкулак) менчиги. "Жаңы ордо" "хандын жаңы ставкасы" же "хандын штабы" деген маанини туюндурат. К.Бакиевдин хандык бийлигинин бекемделишине өнтөлөп кызмат кылган басылма. Башкы редактору - Б.Назаралиев деген журналист. К.Бакиевдин көп сандаган кошоматчы чиновниктери сыяктуу ашкере сабаттуулугу жана ашкере билимдүүлүгү менен айырмалана албайт.

Башы менен эмес, ийилчээк омурткасы менен ойлонгон журналисттерден. Мына ошо Б.Назаралиев К.Бакиев сыйын тапкан, баш калкалаган Минскиге атайы ат арытып барып, үзүктөй болгон интервью бөктөрүнүп келиптир. Чанда кезикчү алда немедей болгон примитив интервью ("Жаны Ордо" №37 от 03.12.2010). Мөөндөй узун мындай материалды аягына чейин чыдап окуп чыгуу үчүн темирдей эрк талап кылынат. Жадатма, чала сабат, мааниси тайкы мындай материал, ырасын айтканда, дүйнөдө жолукпаса деле керек, жолукса да чанда жолугаар. Интервьюда журналисттин акыйкатты аныктоо максатын койгону байкалбайт. Тек гана "дейт-дейт" сыпатындагы имиштерге, жоромол-божомолдорго таянып, кожоюндун алдында жалпактап төшөлө калган кошоматчы суроолордун түрмөгүнөн турат. Ачыктан-ачык заказ материалы. "Эшегине жараша тушагы" демекчи, суроого жараша К.Бакиевдин жообу да тайыз - ой-тоону оттоп тамтаңдаган ой жүгүртүүлөр, кыргыз элине багышталган акыл-насааттары интервьюнун өзөгүн түзөт. Качып-бозуп кеткенден бери Бакиевде эч бир өзгөрүү болбоптур, тобо дейсиң. Баягы эле карөзгөйлүгү, баягы эле акты - кара кылып, караны - ак кылып көргөзүү жагынан жан аттууну алдына салдырбаган шылуундугунун чыпчыргасы коробой сакталганын көрүп айран таң болосуң.
Башынан эле К.Бакиев жогорку интеллект, бийик моралдык принциптери менен айырмалана албасы белгилүү болучу. Ал элдин баарына алаканга салгандай айкын эле. Мантайган сырткы түрпөйүнөн интеллекттин белгилерин күндүзү чырак менен издеп табышың кыйын. Анткен менен аппараттык интригага келгенде алдына эч кимди салдырбаган жайы бар болчу. Санаалаштарын өз кызыкчылыгына пайдаланып алып, кереги жок калганда, б.а.мөртү келе түшкөндө сатып жиберип баса бериши текейден арзан иш. Башкасын айтпаганда да, Ф.Кулов менен тандеминин таржымалы, А.Атамбаевдин премьерлик кыска тарыхы, А. Бекназаровдун "генпыркырорлугун" мисалга тартсак жетиштүү болор. Айткан убадасына туруу, берген убадасын аткаруу дегениң жомоктогудай жорукка айланган. К.Бакиевдин тушунда саясый буюртма өлтүрүүлөрдүн, баш көтөрүп кылапат кылгандарды талпактай тебелеп таштоонун күнү тууду. М. Садыркуловдун табышмактуу өлүмү, Г.Павлюктун кайгылуу тагдыры, өлөрчө сабалган көп сандаган журналисттер менен политологдор…
К.Бакиевдин доорунда политолог А.Князев айткандай, архаизация процесси ишке ашты. Өлкө кедеринен кетип бир кылымга артка, феодализмге ыргытылып ташталды. Бакиевдин криминалдык үй-бүлөсүнүн абсолюттук бийлиги орноду. Үй-бүлөлүк-кландык режим, т.а.кландык-корпоративдик башкаруу системасы түптөлдү. Туугандары, жердештери менен кошоматчыларын мамлекеттик жооптуу кызматка дайындоо кадыресе көрүнүшкө айланды. Үкөсү Жаныш Бакиев бүт күч органдарын койчо чарк имерип башкарып калды. Баш көтөрүп каршы чыккандарды тымызын жайлап таштоо ишке салына баштады. Кенже уулу Максим өлкөнүн бүт финансы жана банк секторун, бизнес структураларды тизесине бүктөп басты. Максимдин уруксаты болмоюн бир дагы бизнес ишке салынбай калганы жашыруун эмес эле. Премьер-министр Д.Үсөнов баштап мамлекеттик чиновниктер Максимдин колуна суу куйган балдарга айланды. Максимдин чет өлкөгө жасаган иш сапарында министрлердин машкедей жандап узатып жүрүшү адаттагы көрүнүш боло баштаган. Өлкөнүн активин башкаруу Максимдин колуна биротоло өткөрүлүп берилишин чиновниктер жажылдап жаалап колдоп чыгышканын көрүп жаныңан түңүлсөң болор эле. Азыр дүйнөнү дүңгүрөтүп жаткан WikiLeaks сайтында жарыяланган документтерге караганда К.Бакиев америкалык "Ганси" авиабазасын чыгарам деп 2 миллиард долларды өндүрүп алып, кийин убадасына турбай В.Путин алдап кеткенине Максимдин түздөн түз тиешеси бар экени аныкталып жатпайбы. Авиабазаны "транзиттик борбор" деп атын өзгөртүп арендалык төлөмдү көтөрүү, ошону менен аны өз ордуна козгобой калтырып коюу идеясы Максимге таандык экен. Ошентип чордондуу мамлекеттик маселелерди Максим чечип, мамлекетти атасы эмес баласы башкарып калган болуп чыгат.
К.Бакиев эки жүздүү, тайыз киши экени башынан эле белгилүү болучу. Митингге чыккан тынч элге ок аттырып 87 жигиттин канына забын болуп, миңдей киши жаракат алган 7-апрелдеги массалык кыргындан кийин элдин каарынан качып кеткен адам азыр "Жаңы Ордодогу" Б.Назаралиевдин примитивдүү интервьюсунда сүттөн ак, акактан тунук, күн-түнү элдин камын ойлоп элге кызмат кылган, оппозициянын уюштурган мамлекеттик көңтөрүлүшүнөн насыя запкы көргөн, кенедей да айыбы жок адам болуп чыга келип жатканы карөзгөйлүктүн туу чокусу катары бааланууга татыктуу. Бакиевдин огунан каза болгондордун каны тынч уктатпайт деп түйшөлүп кереги да жок окшойт.
К.Бакиев 7-апрелде эл-жерден качып-бозуп кетүүгө аргасыз болушунун себебин, албетте, өзүнөн көрбөйт дечи, өзгөлөрдөн табат. Анын ою боюнча "кандуу төңкөрүш тымызын даярдалган". Көтөрүлүштүн башында Шерниязов, Текебаев, Отунбаева, Cариев, Бекназаров сыяктанган оппозиция турган. Чет элдик мамлекеттер акча жана кеңеш насааттары менен көмөк берген имиш. Атайы даярдыктан өтүп машыккан куралдуу кишилердин күчү менен мамлекеттик төңкөрүш ишке ашты дейт К.Бакиев. 7-апрелде шейит болгондор жана жарадарлардын көбүнүн аркасынан жаракат алганына караганда аларга митингге катышып ичинде жүргөндөр тарабынан ок атылган деген пикирде. Жаман оюнда, алдын ала тымызын уюшулган мамлекеттик төңкөрүш, б.а. "арбоо теориясына" ("теория заговора") таянып "мыйзамдуу президент кулатылды" деп койсо эндекей энөө эл ишенип алат деп жатат окшобойбу. Бакиев алдыга тарткан "далили" кудум эле Гоголдун "өзүн-өзү кызылдай сабап таштаган унтер офицердин жесири" сыяктуу болуп күлкү келтиргендей орунсуз экенин капарына алып койбосо деле керек деп кетесиң. Митингичилер ок жаай баштаганда борбордук аянттан удургуп бир нече ирет качышканын, бирок өлгөндөрүнө, жарадар болгондоруна карабай кайрат кылып кайра майданга кайтып келип турганы, бул жолу үй-бүлөлүк режимди кулатпаса тирания биротоло орнооруна митингичилердин көзү жеткени К.Бакиевдин оюна деле кирбесе керек. Чилче тарап, качып кетпей бел байлап кайрат кылгандыгы - 7-апрелдин катышуучуларынын башкы эрдиги. Митингичилер удургуп кача баштаганда "Ак үй" тараптан аларды узата ок атылышы мүмкүн экенин К.Бакиев айткысы жок дечи. К.Бакиев оппозициянын лидерлери 7- апрелдеги трагедияга чейин эле бирден кармалып түрмөгө отургузулганын эскергиси келбейт. Бул жерде патологиялык калпычыларга мүнөздүү билбемишке, көрбөмүшкө салып маңыроо боло калган "артисттик" өнөрүн көргөзүп жатканын байкоо кыйын эместир. Бакиевдин калпы элдин реалдуу жашоосун билбегендигинен, маалыматка чукактыгынан улам чыгып жаткан жокпу деген ойго кетпей койбойсуң. Асыресе, интервьюну кунт коюп окуп көрүп, анын фактыны атайы бурмалаарына, атайы жалган айтаарына көзүң жетет. Бир аз уяты бар кишинин мтингичилерге ок аттырып, 87 жигитти кырып таштаган өжөр фактыны моюнуна албай, күнөөнү оппозицияга арта коюу далалатын жасоого дити барышы кыйын эмеспи.
Б.Назаралиевдин интервьюсун окуп отуруп К.Бакиевдин өнөкөт калпы патологиялык ооруга айланганына көзүң жетпей койбойт. Жалган айтпаса тура албай калганы, калп айтпай калган күнү башы ооруй турган өнөкөт күткөнүнө ишенбей койбойсуң. Интервьюнун ар бир сабынан бурмалоолорду, бир фактынын тебетейин экинчисине кийгизе койгон эпчилдикти тапса болот. Анын ар бирине бирден токтолуп отуруу мүмкүн эмес. Анын кажети жок. Ошентсе да, 7-апрель окуясына байланыштуу К.Бакиевдин чубуртма калптарынын айрымдарына токтолуунун зарылчылыгы кантсе да бар.
7-апрелдеги элдик революция спонтандуу түрдө пайда болгону көп сандаган макалаларда жетишерлик түрдө далилденген эле. Аны улуттук комиссия да ырастаган болчу. Криминалдашкан ачкөз үй-бүлөлүк-корпоративдик режимге каршы элдин жапа тырмак көтөрүлүп чыгышы К.Бакиев ойлогондой бийлик талашуудан улам чыккан козголоң эмес, анын чоо-жайы социалдык-экономикалык факторго барып такалат. Баарыбызга маалим, 7-апрелдин алдында электр энергиясына тариф эки эсеге көтөрүлүп астрономиялык чекке жеткен, мобилдик байланыштын 70 тыйынга өсүшү, жылуулук менен газга төлөмдөр жогорулашы карапайым калктын иштеп тапкан мыдырынын баарын коммуналдык чыгымдарга жумшап, сызга отуруп калганына алып келген эле. Өкмөт убада кылган компенсациялык төлөмдөр унуткарылып кеткен.
(Уландысы 5-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"