Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Сурагыла, жооп беребиз!
Балам мураскор боло алабы?
Мен жалгыз бой пенсионермин. Жалгыз балам (мураскор болчу башка адам жок) Германияда жашайт. Эгерде көзүм өтүп кетсе, балам менден калтырылган мураска тартуулоо келишими жок болсо да ээ боло алабы? Же укукту ырастоочу документтерди сөзсүз даярдаш керекпи?
Анара Токоева

Өлгөн адамдын мүлкүнө ээ болуу укугу керээз боюнча мураскорлор жок болсо мыйзамга ылайык мурасталат.
Кыргыз Республикасынын Граждандык Кодексинин 1141 ст. 1 п. ылайык, мыйзам боюнча мураскорлор мурас алууга ушул Кодекстин 1142-1146-статьяларында каралгандай, кезектик тартипте чакырылышат. Көрсөтүлгөн Кодексте мураскорлор 5 кезектен турат.
Сиздин кайрылууңуз боюнча уулуңуз (кайсы жерде жашабасын) биринчи катардагы мураскорлордон болуп эсептелет. Эгерде ал мурасты кабыл алса, анда экинчи же кийинки кезектеги мураскорлор өлгөн кишинин мүлкүнө ээ болуу укугуна чакырылбайт. Башка учурда мурас катары кабыл алганга үйдө колдонулган кадыресе нерселер гана кирбей калат.

Венера Жумабаева, Бишкек шаардык юстиция
башкармалыгынын жетекчисинин
орун басары





Мурасты сиңдиме бергим келет, бирок...
Өзүмдүн кичүү сиңдимдин пайдасына мурастан баш тарткым келет. Бирок, нотариуска барганга убактым жок, бул маселени нотариуска кайрылбай эле чечсе болобу?
Б.Байболова

"Марко Эгида" юридикалык компаниясынын берген түшүндүрмөсүндө, мыйзамда каралган мурасты кабыл алуу мөөнөтүнүн аралыгында алты айдын ичинде сиз мурасты кабыл алууну далилдөөчү иш аракеттерин аткарбай койсоңуз болот, натыйжада сиз мурасты кабыл албаган болуп эсептелесиз. Бирок, эгерде сиз мурасты кабыл алуу мөөнөтүн жүйөөлүү себептерден улам өткөрүп жиберсеңиз, анда сиз ал мөөнөттү сот аркылуу эки айга улантсаңыз болот.
Бул маселе боюнча сиз нотариустун атына жазылган жазуу түрүндөгү арыз менен кайрылганыңыз эң туура болот. Анткени сиз мурастагы өзүңүзгө тиешелүү мурас үлүшүнөн жөн эле баш тартпай, ал үлүш кимдин пайдасына өтөөрүн да көрсөтүп жазсаңыз болот.


Жол кырсыгынын катышуучусунун сотко даттанууга укугу барбы?
Жол кырсыгынын катышуучусу администрациялык МАИ комиссиясынын чечими менен макул болбосо, комиссиянын токтомуна же чечимине сотко даттанууга укугу барбы?

Администрациялык комиссиянын чечимине же токтомуна макул болбогон адам, укук бузуу жөнүндө жогору турган органга (кызмат адамына), же райондук, шаардык сотко даттанса болот.

Бишкек шаардык Жолдо жүрүү башкармалыгы





Адам өлтүргөндөрдү катуу тартиптеги абактарда кармоонун зарылчылыгы барбы?
Адам өлтүргөндөрдү күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарында кармоо зарылдыгы барбы? Эркиндигинен өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазага соттолгондордон коркунуч күтүлсө, аларды бөлөк мекемелерде бириндеген камераларда кармоо зарылбы?
А.Болотов

Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесине ылайык киши өлтүрүү бул, атайылап башка кишинин өмүрүн кыйганда, - сегиз жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат же мүлкүн конфискациялоо менен же андай кылбастан өмүр бою эркиндигинен ажыратууга тартылат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 13-беренесине ылайык өзгөчө оор кылмыштар болуп,- мыйзам тарабынан он жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган атайылап жасалган кылмыштар таандык.
Жогоруда айтылган беренелердин негизинде жана Кыргыз Республикасынын Жазык - аткаруу кодексинин 95-беренесине ылайык, күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактарында киши өлтүргөн кылмышкерлер камалат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жалпы тартиптеги түзөтүү абактары жоктугуна себептүү биринчи жолу соттолгон кишилер күчөтүлгөн жана катуу тартиптеги түзөтүү абактарында эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөп жатышат.
Андан тышкары, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленумунун 2001-жылдын 6-июлундагы "соттордун түзөтүү абактарынын түрлөрүн дайындоо практикасы жөнүндө" токтомунун 19-бөлүмүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 30-июнундагы кабыл алынган "Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин эркиндигинен ажыратуу жазасын аткаруу бөлүмүндө каралган жазаны өтөө үчүн жалпы тартиптеги түзөтүү абактар, өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактары, аялдар үчүн катуу тартиптеги түзөтүү абактар, эркек жынысындагылар үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбия абактар, аял жынысындагылар үчүн күчөтүлгөн тартиптеги тарбия абактар, соттолгондор үчүн жалпы жана күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абактар, сот жана укук коргоо органдарынын мурунку кызматкерлерине, коомдук жумуштарга тартуу, жогоруда айтылган жазаларды аткаруу үчүн керектүү шарттар түзүлгөндөн кийин ишке ашырылат.
Ошондуктан, ошол кылмыштарды аткаруу үчүн керектүү шарттар түзүлгөнгө чейин соттор убактылуу дайындайт:
- Соттолгон эркектерге, жалпы тартиптеги түзөтүү абактардын ордуна жатак - абактарды, өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактардын ордуна катуу тартиптеги түзөтүү абактарды;
- жашы жете элек соттолгондорго режими белгиленбеген тарбия абактарды;
- байкабастан келтирилген кылмыштарга соттолгон аялдардын эркиндигинен ажыратуу мөөнөтү беш жылдан ашпаса жатак-абак дайындалат;
- эркиндигинен ажыратууга соттолгон башка аялдарга режими белигленбеген аялдар түзөтүү абактар дайындалат.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 50-беренесине ылайыктуу өмүр бою эркиндигинен ажыратуу соттолгонду өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагына жөнөтүү жолу менен аны коомдон изоляциялоону билдирет жана адамдын өмүрүнө, ар-намысына жана кадыр-баркына каршы өзгөчө оор кылмыштарды жасоо болбосо улуттук, этностук жана диний топторду жарым-жартылай же толук жок кылууга багытталган аракеттер үчүн белгиленет. Өмүр бою эркиндигинен ажыратуу төмөндөгүлөргө дайындалбайт: аялдарга, он сегиз жаш куракка чейинки кылмыш жасаган адамдарга, кылмыш жасаган учурда алтымыш жашка чыккан эркектерге. өмүр бою эркиндигинен ажыратуу ырайым кылуу тартибинде отуз жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга алмаштырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Жазык - аткаруу кодексинин 45-1 беренесине ылайыктуу эркиндигинен өмүр бою ажыратууга соттолгон адам жазаны Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө режимдеги түзөтүү абагында өтөйт. Эркиндигине өмүр бою ажыратуу түрүндөгү жазасы ырайым кылуу тартибинде эркиндигинен ажыратууга алмаштырылган соттолгондор жазаны өтөө үчүн тиешелүү түзөтүү мекемесине жашаган жери боюнча жөнөтүлөт.;
Кыргыз Республикасынын аймагында өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарынын жоктугуна себептүү, Кыргыз Республикасынын 2007-жылы 25-июнунда кабыл алынган №91 кылмыш мыйзамдарын гуманизациялоо жөнүндө Мыйзамында белгиленген, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарды кармоо үчүн Кыргыз Республикасында өзгөчө түзөтүү абагы түзүлгөнгө чейин өлүм жазасы алмаштырылып, өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга катуу режимдеги түзөтүү абактарында жазасын өтөө белгиленсин. Ошону менен катуу тартиптеги түзөтүү абактарга жакындатуу үчүн, ошондой эле кызматкерлердин коопсуздугун сактоо үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги менен мыйзамдын долбоору дайындалган, ал долбоордо өмүр бою эркиндигинен ажыратылган соттолгондорду штрафтык изоляторлордо жана катуу тартиптеги түзөтүү абактардын камералык түрдөгү абактарда өзгөчө тартиптеги түзөтүү абагы түзүлгөнгө чейин кармоо каралаган.

Жооп, Жазаларды
аткаруу башкармалыгы тарабынан даярдалды




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"