Жапониядан жалындуу кат!

Кантип мамлекеттик институттарды
эффективдүү иштете алабыз?
Өлкөдө саясий жана экономикалык реформалардын илгерилебей турушуна негизинен үч субъективдүү себеп бар, 1) бийликтегилер реформаларды жүргүзгүсү келбейт таптакыр, 2) абдан жүргүзгүсү келет, бирок, бийлик институттарынын же бюрократиянын (позитивдүү мааниде) импотенттүүлүгүнүн же колунан иш келбегендиктен (бейкомпетенттүүлүгүнүн) улам, кааласа да кыла алышпайт, жана 3) реформаларды кылгылары да келишпейт, ал колдорунан да келбейт. Эмесе, ушул кырдаалдан чыгыш үчүн кандай рецепт, кандай полиси (policy-бул сөз кыргыз тили эле эмес, биз ар дайым жалдырап, таянып келген орус тилинде да так, туура котормосу жок болгонуна байланыштуу, бул сөздү ПОЛИСИ бойдон кыргыз тилине киргизгенди эп көрдүм) ылайык болмогу тууралуу аргументиме токтолоюн. Азыркы учурда өлкөдө жамандыр-жакшыдыр, "Freedom House"тун минималдык аныктамасына ылайык электоралдык демократия орноду деп эсептей турган болсок (быйылкы жылдын жыйынтыгы али чыга элек болсо да, алардын методологиялык ыкмасына таянсак, быйыл "жарым-жартылай эркин" өлкөлөрүнүн категориясына киребиз деп ойлойм), анда 1 менен 3 бизге анча ылайык эмес деп ойлосок да болоор. Андан сырткары, арийне, менчик сектордун ролун тануу менин максатыма кирбейт, ошого бул жерде мамлекеттик сектор тууралуу гана сөз кыламын.
Мындай суроо туулат: "Башталган реформаларды ким аткарат, алар кантип аткарылат, негизинен кандай механизмдер эске алынган, алар ишке ашуусу үчүн" Реформаларга байланышкан полиси чечимдер адегенде саясатчы деп аталган депутаттардын колунан "алдей" болуп жарык телегейге келет. Аларды бапестеп чоңойткон, ишке ашыргандар булар мамлекеттик кымзаткер-агенттер же бюрократия болоору баарына маалымдыр. Ошондон улам, Кыргыз Улусунда азыр реформалардын эффективдүү тез арада үзүрлүү ишке аша башташы, менин оюмча, көбүн эсе кадр саясатын түп тамыры менен оңдоп чыгарууда жатат. Ал үчүн мен астейдил жана чечкиндүү түрдө Батыш жана Ыраакы Чыгыш моделдериндей (Жапония, Корея, Сингапур) Кадрларды Тандоо Коммитетин (КТК) түзүүнү сунуш кылам. Сунушум кезектеги баналдуу риторикага жана коррупциянын жаңы жолун пайда кылуусунан алыс болушу үчүн анын механизмдерин чечмелеп берейин.
Эгерде бюрократияны кыскача мамлекеттик институттар деп атай турган болсок, анда алардын эффективдүүлүгү, алардын агенти деп эсептелген мамкызматкерлеринин компетенттүүлүгүнүн, профессионалдуулугунан, иш билгилигинен көз каранды болоор. Мамлекетти так ушундай институттар менен камсыз кылуу үчүн КТК аба менен суудай керек. Азыр бул сыяктуу деле Мамлекеттик кадр кызматы (МКК) иштеп атканын билгенибиз менен анын эффективдүү, системдүү жана ачык-айкын иштеп аткандыгы тууралуу бир нерсе деш мен үчүн кыйын. КТК болсо ММКдан маңызы менен айырмаланат. Мисалы, КТКда коррупция орноп кетпөөсүн ишке ашыруу үчүн жана адегенде өзү үлгүлүү, компетенттүү жана жөндөмдүү кадрлардан туруусун камсыздантуу үчүн, персоналдык курамынын жарымын (50%) Жапония, Америка, Норвегия, Швеция, Германия, Дания, Финляндия сыяктуу өлкөлөрдүн менеджерлери менен толукташыбыз абзел.
Ал эми КТКнын кызматынын маңызы жана милдеттери тууралуу айта турган болсок, ал үч этаптан турган иштен башталат: 1) ар бир министрликтер менен агентчиликтердин жетекчилеринин орун басарларына конкурс жарыяланып, кылдат иштелип чыккан сынак аркалуу өлкө ичинде жана сыртында жашынып жаткан кадр ресурстарынын арасынан мыктыларын ылгап чыгып, аларга министрлердин орун басарларынын кызматын жүктөө, 2) ошол эле сынак системи менен телегейдин төрт бурчундагы мыкты кадрларды элеп чыгып, министрлик жана агентчиликтердин бөлүм башчыларына ишке орнотуу, 3) бул системаны мамкызматтын баардык баскычтарына колдонуп, жыл сайын өтчү регулярдык мамкызматтарынын сынагын институтташтыруу болот. Бул деген жыл сайын орун басарлардын ордун сынактарга коюу дегенди билдирбейт, болгону башында ушул чукул жана радикалдык ыкманы колдонуу абдан чоң эффект берээри айкын. Ал эми КТКнын кызматынын деталдарын чет элдик менеджерлерибиз баарын жөнгө салып берээринен шегим жок.
КТКны каржылоо, чет элдик менеджерлерге коопсуздукту кепил кылып берүү, машине, үй, офис менен камсыз кылуу ж.б. техникалык маселелерди Америка, Жапония, Германия, Швеция, Сорос Фонду, JICA сыяктуу донорлор менен чечип алуу эң оптималдуу болмок.
Убакыт өтүп аткандыктан, кандай гана комбинациядагы коалиция түзүлбөсүн, жаңы өкмөт приоритет катары кадр проблемасын ушул жол менен жарым жылдан бир жылдын аралыгында чечип жумушту баштаса, аз эле дегенде жакынкы эки жылдын ичинде реформалардын үзүрү даана көрүнөөрүндө эч шегим жок. Ошондо, азыркы кыргыз элчиликтери ыңгайсыз оппоненттерди "сооротчу упчу" же жазалоочу "сүргүн" катары колдонулган функциясынан ажырап, чыныгы сырттан инвестиция алып келчү, кыргыз элинин нукура жүзүн чагылдырган, компетенттүү профессионалдар иштеген элчиликке айланаары ишеним жаратат. Арийне, элчи болуу бул саясий чечимдин туундусу. Анткени биз кыргыз эли, башка бакубат өлкөлөрүнүн (welfare state) атуулдарынан улуу болбосок да, кем эмеспиз, жана жыргал коомду куруп алууга татыктуубуз да, милдеттүүбүз!

Сейтек Качкынбаев,
"Васеда" университетиндеги "Political Economics" кафедрасынын докторанты, Токио, 2010-жыл, 7-декабрь




  Демилге!

Саламаттыкты сактоо тармагын кантип көтөрсө болот?

29- сентябрда президент Роза Отунбаеванын министрликтердин алдында Байкоочулар кеңешин түзүү боюнча жарлыгы чыккан. Ага ылайык, Байкоочулар кеңешинин курамы, алдыда жасалуучу иштери эки ай аралыгында такталып бүтүшү керек болчу. Ал эми аталган кеңешти түзүүдөгү негизги максат: жарандык коом менен мамлекеттик органдардын ортосундагы мамилени жакындатуу, коррупцияны азайтуу болгон.

Бүгүнкү күндө жалпысынан өлкө боюнча 9 министрликте Байкоочулар кеңеши түзүлүп, курамдары такталып, ошондой эле алдыдагы аткаруучу иштери, жоболору иштелип чыгууда. Алардын ичинде Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Байкоочу Кеңеши да бар. Аталган Байкоочу Кеңештин өзүнүн биринчи жыйынында мүчөлөрүнүн ичинен жетекчилерин дайындаган. Ага ылайык, "Социум консалт" уюмунун жетекчиси Роза Үчкемпирова Байкоочулар Кеңешинин төрайымы, ал эми анын орун басарлары болуп, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин төрайымы Замира Акбагышева жана Айылдык ден соолук комитеттери ассоциациясынын төрагасы Атанов Кубанычбектер, ал эми жооптуу катчылыкка Мамлекеттик Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун окутуучусу Гүлмира Мамбетовалар шайланышкан болучу. Өткөн жумада Байкоочу Кеңеш өзүнүн үчүнчү чогулушун өткөрүп, өкмөттүк эмес уюмдар жана жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушуп, кеңештин жобосун талкуулап, ошондой эле алардын сунуш пикирлерин укту.
Байкоочу Кеңештин төрайымы Роза Үчкемпированын айтымында, кеңештин максаты бир гана Саламаттыкты сактоо министрлигинин үстүнөн көзөмөл жүргүзүү эмес, тескерисинче анын ишине ар тараптан көмөк көрсөтүү, көйгөйлөрүнүн чечилишине кол кабыш кылуу жана колубузда калган азыркы дарыгерлердин курамын сактап калууга ар тараптан жардам берүү.
Чындыгында эле, бул тармактын бүгүнкү күндө чечилбей жаткан маселелери жетишерлик. Айлык-акынын аздыгы канчалаган мыкты адистерибизди башка өлкөлөргө кетүүгө мажбур кылды. Ошондой эле талапка ылайык, техникалык дарылоочу аппараттардын, шарттардын жетишпестиги да өлкө жарандарынын ден соолуктарына кам көрүүгө тоскоол болуп жаткандыгы да жашыруун эмес. Ал эми Саламаттыкты сактоо жаатында тамырын жайган коррупцияга, бюрократиялык иш ыкмага ар бирибиз эле күн сайын туш болуп жаткандыгыбыз ырас. Атүгүл, кээде мамлекеттик ооруканага же жеке менчик ооруканага кайрылганыңды билбеген учурлар арбын эле кездешет.
Быйылкы жылдагы кайгылуу окуялар да бул тармактын канчалык маанилүү экендигин даана айгинелеп көрсөткөндөй болду. Андыктан, сиздерде да Саламаттык сактоо тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, ага кол кабыш кылуу боюнча сунуш-пикирлер болсо, 0778 41 70 44 телефонуна чалып, же urmaral@mail.ru элетрондук дарегине кат-кабарларды жөнөтүп коюңуздарды өтүнөбүз.

Заирбек
Бактыбаев