Сактыкта - кордук жок

Кыргызстан - эл аралык
жыйындардын башкы темасы

9-10 -декабрда Москва шаарында КМШга, ЕврАзЭСке жана ЖККУга кирген өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын жыйындары болуп өттү. Бул саммитте өлкөбүздөгү акыркы окуялар башкы темалардын бири бойдон калды. Өзгөчө, Жамааттык Коопсуздук жана Кызматташтык уюмунун жыйынында уюмдун уставына өзгөртүүлөрдүн киргизилиши Кыргызстандагы быйылкы окуяларга түздөн-түз тиешелүү.

Күн тартибинде аталган өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлеринин жана Коргоо министрлеринин Кеңештери тарабынан иштелип чыккан 33 маселе каралып, жыйынтыгында алардын бардыгына кол коюлуп, чечимдер кабыл алынды. Ага байланыштуу Орусия президенти Дмитрий Медведев "Кыргызстандагы окуялар ЖККУнун тез таасир этүүчү күчтөрүнүн уставдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл экендигин көрсөттү " деп белгиледи. Буга чейин ЖККУ айрым эксперттер тарабынан олуттуу сынга кабылып, аты бар, заты жок уюм катары сыпатталып келген. Чындыгында эле, ал Кыргызстандагы июнь окуяларында эч бир маанилүү жардам көрсөтө албаган чабалдыгын көрсөткөн болчу. Муну жыйында сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева да эске салып: "Биз ЖККУга мүчө өлкө катары биринчи кезекте ушул уюмдан жооп күткөн элек. Кыргызстандагы окуялар уюмдун нормативдик-укуктук базасынын талапка ылайыкталышына түрткү болгондугуна шек жок" деген оюн айтты.
Мындан тышкары, Роза Отунбаева Афганистан-Тажикстан жана Кыргызстан-Тажикстан мамлекеттик чек араларын бекем кайтаруу маанилүү экендигине токтолуп, бул маселе уюмдун алдыда чече турган маселелеринин катарына кириши керек экендигин кошумчалады.
1-2-декабрда Астанада өткөн ЕККУнун жыйынында да Кыргызстандагы жана жалпы эле аймактагы коопсуздук темасы күн тартибиндеги негизги маселелерден болгон эле.

Коопсуздук бийликтин да эң чоң көйгөйү
6-декабрда Президент Роза Отунбаева өлкөнүн укук коргоо органдарынын жетекчилери менен жолугуп, атайын кызматтардын жана укук коргоо органдарынын өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал, Спорт ордосунун жанындагы жардыруу жана акыркы убактагы террордук көрүнүштөр боюнча отчетторун уккан. Аны менен катар, УКМКнын алдында Террорчулукка каршы борбор жана ИИМ курамына террорчулук жана экстремизм менен күрөшүү ыкчам бөлүмдөрүн түзүү чечими кабыл алынган болчу. Албетте, бул мезгилдин талабы жана ал жакындагы борбордогу жардырууга жана Ош шаарында жок кылынган террорчуларга байланыштуу өлкөдөгү коопсуздукту мындан ары камсыздоо аракети экендиги айтпаса да түшүнүктүүдүр.
Ал эми 9-декабрда өлкөнүн күч структураларынын жана диний өкүлдөрдүн кеңейтилген жыйынында диний экстремисттердин бирдиктүү базасы түзүлмөй болду. Бул диний жактан шектүү деп эсептелген жарандарды өлкөдөгү жетекчи кызматтарга дайын-доодон качууга көмөк болмокчу. Жыйында мындан тышкары, укук коргоо органдары, чет өлкөгө ислам динин окууга кеткен жаштардын ичинен шектүү жерлерге туш болуп, жалданма өлтүргүч болуп калгандары да бар экендигин айтышты. Диний жетекчилер укук коргоо органдарынын башчыларынын катуу сынына кабылып, имамдарды дайындоодо, алардын кимдигине, буга чейинки өмүр таржымалына карабай, кызматка дайындалып жаткандыгына карата ачуу пикирлер айтылды. Жыйын учурунда белгилүү болгондой, мындан ары диний экстремизмди жайылткандыгы үчүн адамдарга административдик айып пул салынбастан, 11 жылга түрмөгө кесилери айтылды.

Атайын операция жана "атайын" жардыруу
Июнь айындагы кандуу окуяларга туура төрт ай өткөн соң Ош шаарында кайрадан ободо ок жаңырып, атышуулар орун алганы коопсуздук маселеси бычактын мизинде экендигин айгинелеген. 29-ноябрь күнү кеч курун болгон атышуулар шаардыктардын тынчын алып, жайындагы кандуу окуялардын жүрөгү өлүп бүткөн Ош шаарында жашаган калкты дүрбөлөңгө түшүрбөй койгон жок. Кийин белгилүү болгондой, бул күч органдарынын атайын жүргүзгөн операциясы экен. Анын натыйжасында, уюштурулмак болгон бир нече, тагыраагы 33 террордук актыны алдын алууга мүмкүн болгону белгилүү болду. Операция учурунда үч террорист жок кылынган жана дагы бирөөсү жардыргыч зат менен өзүн жардырып жиберген. Алардын бири Ош шаарынын тургуну жергиликтүү мечиттен Фархат Нурматов экен. Атышуу да анын үйүндө болгон.
Бирок, террористтерди жок кылдык деп кубанууга али эрте экени кийинки күнү билинди. 30-октябрда саат тогуздар чамасында "7-апрель" боюнча сот жүрүп жаткан Бишкек шаарындагы Спорт ордосунда жардыруу орун алып, коомдук коопсуздук кыйла татаал экендиги айгине болду. Анүстүнө, бул окуялар 29-ноябрдагы Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевдин "22-ноябрда Ошто ар улуттан турган 9 адам кармалды жана аларды суракка алуу учурунда бул топ Бишкекте жана Ошто бир нече террористтик актыларды жүргүзмөк болгондугу аныкталды. Ошондой эле, террористтер каерде жардыргыч заттарды жана куралдарды сактагандыгы белгилүү болду" деген билдирүүсүнөн кийин болуп жатышы кыйла түкшүмөл ойлорго түртпөй койгон жок. Башкача айтканда, министр "террористтерди кармадык" деп айтып оозун жыйгыча, жогорудагыдай окуялардын кайталанышы өлкөдөгү абалды божомолдоп айтканга болбойт дегенден башканы түшүндүрбөйт эле.
Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловдун аталган окуялардан соң билдиргенине караганда, алар бири менен бири тыгыз байланышта экен. "22-ноябрда ИИМ кызматкерлери тарабынан Бишкекте шектүү адамдардан колго жасалган жардыргыч заттардын тартылып алынышы, ошондой эле коопсуздук кызматкерлери тарабынан террористтик уюмдарга байланышы бар деген шек менен кээ бир адамдарга жүргүзүлгөн Ош шаарындагы атайын операция жана бүгүнкү Спорт ордосунун жаныдагы жардыруу-бардыгы бир чынжырдын тизмеги " деп билдирген эле Иманкулов. Ошондой эле ал, бул окуя Өзбекстан Ислам кыймылына мүчө адамдардын колунан келгендигин билдирип, маселе бир топ татаал экендигин түшүндүргөндөй болгон.

Катылган жана табылган курал жарактар
8-октябрда УКМКнын атайын жүргүзгөн оперативдүү иш-чарасынын натыйжасында Аламүдүн районунун Маевка айылынан жолдун жээгине катылган курал жарактар табылган.
5-ноябрда УКМК Өзгөн районундагы "Булбулча" бала бакчасынын аймагынан курал жарактар табылгандыгын билдирген. Алардын арасында колго жасалып, бөтөлкөгө даярдалып коюлган күйгүзүүчү заттар да болгон.
7-декабрь күнү болсо, укук коргоо органдары Ноокен районунан курал жарактар табылгандыгын билдирди. Ноокен РИИБсинин начальниги Зайирбек Масировдин жетекчилиги астында жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында Кара-Үңкүр дарыясынын жээгинен жерге көмүлүп коюлган бир нече курал жарактар табылган.
Ал эми 8-декабрь күнү Укук коргоо органдары Бишкектеги Раззаков көчөсүндө жайгашкан Германия элчилигинин жанында издөө,иликтөө иш-чараларын өткөрдү. Айрым маалыматтар боюнча ал жерден жардыруучу зат табылган болчу. Булар укук коргоо органдары тарабынан табылып жаткан курал-жарактардын толук эмес тизмеси. Ушунун өзү эле бийликтин коопсуздук боюнча чукул чараларды көрүүсү зарыл экендигин айгинелеп турат.

Заирбек Бактыбаев



  ЛЮСТРАЦИЯ МЫЙЗАМЫ ЗАРЫЛ

Нарын областынын эли азыркы бийликтин иши солгун тартып баратканына нааразы. Парламенттик шайлоонун өткөнүнө эки айдан ашуун убакыт өткөнүнө карабастан эскиче жашоо, эскиче башкарууну көксөгөн акаевчил-бакиевчил "күркүлдөр" кайрадан бийликти алуу аракетин катуу көрүп жатат. "Карапайым элди го акча менен алдадык" дешет алар. "Эми парламенттеги эл кызыкчылыгын коргоочуларды бийликке жолотпосок, анан оозуңарды Ошко каратабыз" деп жан далбас аракет көрүп жаткан чагы. Люстрация мыйзамы апрелдеги окуялардан кийин эле кабыл алынып калганда мындай баш оору бийликте да, элде да болмок эмес.
Мындай ойлорун нарындыктар люстрация мыйзамын кабыл алуу боюнча кол топтоо ишин талкуулаган жыйынында айтышты. Люстрация мыйзамын колдоо боюнча республикалык кыймылдын төрагасы Иманбек Асылбеков бул багытта Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан иштер туурасында айтып берип, нарындык активисттердин уюштуруу иштериндеги кемчиликтерди жоюу, кол топтоону тездетүү зарылдыгын айтты.
Жыйындын аягында Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын, Кочкор райондорунун координаторлоруна атайын күбөлүктөр тапшырылды.