Тил табышуу - тирешүүдөн пайдалуу

"ПАРЛАМЕНТ ТАРАЙТ-ТАРАБАЙТ"
"Республика" партиясынын ичинен чыккан чыккынчылардын айынан (балким СДПдан да бардыр-?) Атамбаев түзгөн парламенттик коалиция быт-чыты чыкты да калды. Кайран кыргыз? Кекчил кыргыз, көк бет кыргыз, анан да ээрчиме кыргыз? Текебаев атаңды өлтүрүп койгон күндө да Кыргызстандын келечеги, дүйнө элинин алдындагы кыргыздардын кадыр-баркы үчүн деп жеке таарынычты,көр пенделик кызыкчылыгыңды унутуп, жеке кызыкчылыгыңды Кыргызстандын келечегинен төмөн коюп, спикерди шайлап алсаңар болмок. "Ата Журт" менен "Ар Намыста" го кеп жок, алар башынан президенттик башкаруу киргизебиз деп көшөрүп келатышат. Баарынан да коалицияга кирдик деген Бабановдун балдарынын иттиги бардык мээнетти текке кетирди. Каршы добуш берген "республикачы" депутаттардын аты-жөндөрүн эл-журтка жарыя кылганга партиянын Саясий Кеңешинин эрки жетээр бекен? Ынтымакты ыдыраткан ошол "эргулчиктердин" аты-жөнүн эл, тарых билип койсо ашыктык болбос эле.
Бул кылыгы менен "Республика" партиясы ич ара ынтымагы жок экендигин дагы бир жолу далилдеп койду. "Ак жолго" окшоп шашылыш "турмушка чыга салып", бир-эки ай же жуманын ичинде эле "итий" төрөлө калышы башынан эле кооптонууну жараткан. Эми итий төрөлгөн ал партия минтип алгачкы "итий мөмөсүнөн" ооз тийгизди. Андай "мөмөңөрдү" өзүңөр эле жесеңер жакшы болмок. Ынтымагыңардын жоктугу өзүңөрдүн эле кара башыңарга көрүнсө болот эле, бирок кесепетиңер минтип жалпы элге, мамлекеттик түзүлүшкө да тийип жатпайбы, кысталактыкы! Ошол "эргулчиктердин" аттарын ошон үчүн эл-журтка жарыя кылып коёлу деп жатпайлыбы.
"Демократия эмне экенин анча түшүнбөгөн кыргыз деген кичинекей эл парламенттик республика түзүүгө бет алды, буларды көрөлүчү кыйын эл экенин" деп кошуна элдер, аларга кошулуп дүйнөнүн Батышы менен Чыгышы, Түндүгү менен Түштүгү кулак түрүп, алар аз келгенсип океандын ары жагындагы "демократиянын бышып жетилген накта борборубуз" деген Америка деген дөө өлкө кастарын тигип турганда, 3 партиянын ынтымагына таянып, ишибизди илгерилете берсек, сонун эле болбойт беле. "Ата Журт" менен "Ар Намыс" да оппозицияга өттүк дегендей, Белоруссиянын токоюнда аңчылык кылып жүргөн "атасынан" ак бата алышкандай болду эле? Атаганат?
Эми Кыргызстанда кандай коалиция түзүлөт деген бүдөмүк суроо пайда болду. Жообун баарың издеп жатасың, бирок ал- табышмак. Бабанов беш кочкордун башын бир казанга салып бышырып берем дейт - аны да көрөлү. Жалгыз баштуу өз казанындагы ичеги-карын, боор-өпкөлөрүн жакшы бышыра албай, шору куйкум шорподой боло түштү эле, эми мунусу кандай болоор экен? "Кой көрбөсөк да койдун корголун көргөн партиябыз, Бакиев бийлигин кулатпасак да, коюн-колтугуна кирип күрөшүп жүргөнбүз" деп КСДП менен "Ата Мекенди" тээп ташташы да ажеп эмес берки үчөө. "Текебаевди спикер кылганга Россия болбой жатпайбы" деп же "Ата Мекенди" сүрүп ташташы да мүмкүн. Айтор варианттар көп, 24-декабрга чейин далай кызыктарга батаарбыз.
Алдыдагы кызыктардан да парламент иштеген 2-3 күн ичиндеги кызыктарчы? Кудая тоб-боо-оо... Жакаңарды кармагыла. Биз кимдерди депутат кылып шайлаганбыз деги? Мамлекет тагдырын чечет деген депутаттарыбыздын баскан-турганын, сөөмөй кезегендерин, микрофонду мыкчый кармап талтайып туруп алгандарын, ныгырып сүйлөгөн сөздөрүн, жаалданганда жаак эттеринин титирегенин көрүп жакаңды карманасың. Байкуш Балтабаев аксакал! Сиз алардын кылыгына көп капа болбой эле коюң. Алар ушул маанайлары менен сиздин ордуңузда Дооронбек Садырбаев, же Орозбек Дүйшеев, же Топчубек Тургуналиев отурса да атырылып-жулунушмак. Ызырынуу, жулунуп-жулкунуу, ал турмак муш көтөрүү, чыпалак сындыруу, чачташууну эми көрөт окшойбуз.
Ал ортодо "мындай маанай менен бул депутаттарың жыргатып деле иштебейт окшойт, андан көрө Бабановдун аракети да, андан кийин үчүнчү жолку парламенттин өзүнүн аракети да ылайым ишке ашпай, Президент Отунбаева Жогорку Кеңешти таратып жиберип, жаңы шайлоо дайындаса. Ошондо жаңылган эл, алданган эл эми сак болуп, акчага эмес, жүрөгүнүн буйругуна баш ийип добуш берээр беле" деген да маанайлар айтыла баштады.

Жуман АЛИЕВ




  Үмүт өчкөндө!

Парламенттин селкинчек, андай тартпай мындай тарт...

Парламентте депутаттар кыл чайнашыбатат. Дүрбүсүз караган көзгө деле депутаттык фракциялардын баары биригип алып, "Ата Мекен" фракциясына жана анын лидери Өмүрбек Текебаевге карата каршы иштеп аткандай. СДПК фракциясы бул кутумга кандайча кошулуп, "Ата-Журт", "Ар-Намыс" жана "Республика" фракцияларынын кылычын чаап, ырын ырдап калганын өздөрү да аңдабай калгандай таасир калтырат. Эсил кайран эл жазуучусу Насирдин Байтемиров "Жакшы самолет жакшы учат" деп койчу. Анысы кандай, чоң киши чоң жаңылат.

"Ар-Намыс" саясый партиясынын лидери Феликс Кулов парламенттик шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыя боло электе, партиялашы Турсунбай Бакир уулунун оозу менен "Ар-Намыс" партиясы СДПК менен бир коалиция түзүүгө даяр экенин билдирген эле. Эмнегедир Атамбаевден буга ак да, көк да деп жооп уга алган жокпуз. Азыркы парламенттеги идеалдуу коалициялык көпчүлүк СДПК, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" фракцияларынын коалициясы эле. Атамбаев мына ушул жагдайды эске алган жок. Үчүнчүдөн, ушуга улай айтсак, каалайбызбы, же жокпу СДПК, "Ата Мекен" жана "Ар-Намыс" саясый партияларынын көп жылдык тарыхы бар экенин моюнга албай коюуга болбойт. Төртүнчүдөн, аталган саясый партиялардын лидерлери - Текебаев, Кулов, Атамбаевдер кыргыз саясатында өз орду бар, көптү көрүп, кагылып-согулуп калган саясатчылар. Акыркы жыйырма жылдагы кыргыз саясаты алардын көз алдында гана өтпөстөн, алардын түздөн түз катышуусу менен жасалды. Акаев бийлигин кулаткандардын артында да, Бакиевге каршы күрөшкөндөрдүн артында да ушул саясатчылар жана алар жетектеген саясый партиялар турду. Мына ушул ыңгайдан алганда, парламенттеги эң идеалдуу коалиция аталган партиялардын фракцияларынын коалициясы болмок. Мүмкүн бактыбызга жарашабы, бул коалиция түзүлгөн жок.
Эгер "Республика" жана "Ата-Журт" фракциялары, же тагыраагы саясый партиялары тууралуу айтсак, бул жаш партиялар. Кыргыз саясатында өз тарыхы жок, парламенттик шайлоо алдында жарала калган саясый партиялар. Демек, бул саясый партиялардын жана алардын парламенттеги "Республика" жана "Ата-Журт" фракцияларынын кагазга жазылган устав,программаларынан башка жазылбаган кандай программа минимум, максимумдары бар экенин айтуу кыйын. Ушундан улам, парламенттик шайлоо алдындагы айрым чакырыктарды эске түшүрүүгө туура келет. Жаңылбасак, кимдир-бирөөлөр "Бакиевди Кыргызстанга апкелебиз" деп катуу бакылдаса керек эле. Кыргызстанга Бакиевди апкелеби, же Акаевди апкелеби анысында эч кимдин каршылыгы жок деңизчи, андан Кыргызстан жана анын жапа чекпеши керек эмеспи!
Ким кимдин кылычын чаап жатат? Кимдин артында кимдер турат? Эмнегедир бул суроолорго эч ким жооп бере элек. Текебаевдин спикерликке өтпөй калышынын артында кандай күчтөр болду? Текебаевдин "башын" ким сурады экен? Бакиевби, Медведевби, Обамабы, Бен Ладенби? Эл арасында СДПК, "Ата Мекен", "Республика" фракцияларынын "Ырыс алды ынтымак" коалициясын "Республика" фракциясынын айрым депутаттары "кидайт" этип кетти деп айтылыбатат. Чындыгында эле ошондойбу? А мүмкүн мунун баары алдын ала ойлонулуп жасалган саясый акт болуп жүрбөсүн. Парламенттеги оппозициялык коалицияны түзүп калганына карабастан, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Ф. Куловдун адамдык жана саясатчылык позициясына деле көп нерсе байланыштуу болчу. Феликс Кулов өзүнүн саясый беделин пайдаланган жок. Кыскасы, биерде биз билбеген, таптакыр оюбузга да келбеген чоң оюндар жатат.
"Ырыс алды ынтымак" коалициясын ыдыраткан "Республика" фракциясына парламенттеги башкаруучу коалицияны түзүү жөнүндө демилге укугу берилгени да таңгалычтуу. Президент ушундай эле укукту алгач Атамбаевге берибатып, эгер коалиция түзүлбөй, өкмөт бекитилбей калса, эмки кезек "Ата Мекен" фракциясына берилет деп айткандай болду эле.
"Ата Мекен" фракциясына жана анын лидери Текебаевге жасалыбаткан кутумдун артында кимдер турат? Колунан кармап калбагандан кийин ким күнөөлүү экенин айталбайбыз деңизчи, ошентсе да бүгүн "Ырыс алды ынтымак" коалициясын "кидайт" эткендер, коалиция ынтымагын ыдыраткандар эртең мамлекетти "кидайт" этпестигине, мамлекет ынтымагын ыдыратпастыгына эч ким кепилдик бере албайт.
Саясатчыларды түшүнүп болбойт. Качан көрбө, бири-бири менен кучакташып, бири-бири менен күлүп-жайнап жүргөнүн көрөсүң. Анан алар бири-биринин далысына кайсы убакта бычак урууга жетишет болду экен?
Парламентте башкаруучу коалиция түзүү мүмкүндүгү "Республика" фракциясына берилди. Кулов, Атамбаев, Текебаевдердин Бабановдун оозунан кандай жылуу сөз чыгар экен деп тиктеп турганын элестете бериңиз. Биз элестете албайбыз!!!

Болотбек
Таштаналиев