"Парламентке келгендер (депутат деп айтканга ооз барбайт) коңшу өлкөлөргө уят кылдыңар го"
01-28. Түштүктөр деп бөлбөгүлөчү. Түштүктүн уулдары түндүктүн кыздарына деле үйлөнүп жатат. Менин жеңелеримдин үчөө тең түндүктөн. Андан көрө ынтымакты тилейли. Ынтымак, тынчтык болсо бизде өнүгүү да болот.
ХХХ5744

01-29. А.Артыковго айтар сөз, эсиңе кел. Биз кыргыздар баары эле Кулов же Жапаровдой предатель эмеспиз, сени дардаңдата бергидей. Билип кой сени эмес Бакиев акаңдын эмне болгонун көрдүң го.
Бакыт, Бишкек

01-30. Кыргызым патриот болгула, бөлүнбөйлү. Жүз өзбекке бир кыргыз татый алат.
Санжар.

01-31. Аллах кыргызды колдосун! Тилиңерде, дилиңерде келме болсун!
Санжар, Папан

01-32. Шайлоо убагында беш партиянын лидерине көйгөйлүү проблемамды түшүндүрүп кат жазып кайрылдым эле. Мен кайрылган париянын төрт тобу парламентке шайланды, бирок эч кимисинен эч кандай жооп алган жокмун. Бийликте тууганчылык, таанышчылык аябай өсүп, өркүндөп кеңири жайылып кеткендиктен. Ишенер, таянарым болбогондуктан сенин үнүң жөн эле кор турбайбы.
Руслан, Талас

01-33. А.Акаев, К.Апас, Ф.Куловдорго окшогон эл башкарам деген кадр сөрөйлөрдүн баарын Москва бизге даярдап берди го. Дагы да даярдап жатат. Анын кесепетинен кыргыз эли ушундай кырдаалга туш келүүдө.
ХХХ2794

01-34. Урматтуу Өмүрбек Токтогулович Бабанов, сизди урматтап, сизге ишенип, сизди колдоп бердик эле. Эми чечкиндүү болуп ишти түз баштап, убадаңа тур. Шайлоочуларыңды уят кылба.
Тынчтык, Ысык-Көл району

01-35. Категорически против быть Кыргызстанкой, была и останусь казашкой. Идеи Т.Тургуналиева для нашего общества пока не приемлимы.
село Тюп.

01-36. Текебаев эми өзү айткандай асынып алса деле боло берет.
ХХХ7206

01-37. "Мекен Ынтымагы" барсыңарбы? Таркабагылачы. Жаңы шайланган депутаттардын түрүн көрүп атабыз. Парламент деле узакка жашабайт окшойт. Кайра шайлоо болсо сөзсүз силерди шайлайбыз.
Кайгырган эл

01-38. "Ыңгайсыз суроолор" телеберүүдө орус саясатчы Алексей айткандай Кыргызстанды "көп багыттуу алака" гана сактап турат дейт. Анын сыңары ошол мамилени сактап, анын аркасы менен өлкөбүздүн ички абалын, экономикасын оңдоп, түзөп, өнүгүп албайлыбы. Саясатчылар саясатты эле былжырай бербей, өлкөнүн өнүгүшү боюнча багыт берсеңер боло?!
Ташкул, Талас

01-39. Парламентке келгендер (депутат деп айтканга ооз барбайт) коңшу өлкөлөргө уят кылдыңар го. Алакандай кыргыздар бириге албай жатабыз. Деги максатыңар эмне? Кыргыз шордун үстүнө жаралганбы? Сахара чөлүндө жашаган арабдар деле жаратылыштын сыноосуна чыдап, кырдаалдан чыгып, эң сонун өнүгүп жатпайбы. Биз кыргыздар андай сыноону көрбөсөк да (анын бетин ары кылсын) бейиштин төрүндө жатып, жолубузду алигиче таппайбыз. Анын себеби биримдик жок.
Кыргыз патриот

01-40. Кыргызда жакшы сөз бар "ийри отуруп, түз кеңешели" деген. А парламентте баары түз отуруп алып, ийри кеңеш болуп жатат. Дагы айтаарым: Курманбек Осмонов эмнеге орусча сүйлөп жатасыз? Сизди көргөн жаш депутаттар кантип кыргызча сүйлөсүн? Эмне кыргызча ой жүгүртө алайсызбы? Анда куруган экенбиз да.
Жайлообек, Сокулук

01-41. Орусияда Бакиевди "кидала" саясатчы дешчү экен. Демек, бакиевщиналарды кантип "кидать" этпейт деп ишенебиз. Ошондуктан аларды шайлабашыбыз керек болчу. Эмнеге аларга ишенип, колдоо көрсөттүңөр? Эми алардын кылганын көрүп жатасыңар.
ХХХ5327

01-42. Урматтуу "Алиби" жылдын мыктыларына Өмүрбек Текебаевди - супер-жылдыз депутат деп көрсөтүп коюңуздарчы. Калгандары баары "лампочка" депутаттар.
Тимур, Бишкек

01-43. Элибиз канча жолу жаңылса да кара курсактын айынан, бекер акчанын кесепетинен чоң жаңылышты. Анда деле жетпейт! Андай болсо ар бирибиз жон терибиз менен сезгиче жок болуп кетебиз го. Ач карышкырлар туш тараптан жаалап турушат. Эсибизге келели!!!
Алай баатырлары

01-44. Мага №4 автобустун айдоочулары жагат. №4 автобустун кайсынысына отурба дайыма сылык-сыпаа, таза жүрүшөт. Графиктен жаңылбай өз убагында катташат. Бардыгы жасалгаланган, ар кимисинин ичинде музыка жаңырат.
Ак-Тилек жаңы конушу

01-45. Текебаев, баардыгын кылып, кыл жип менен бууп жоопкерчиликтен качып жатасың. Бул кылганың жигитчиликке жатпайт! Деги сага эмне керек?
Абдылда, Чүй

01-46. Менин сүйүктүү кошунам Ринатка чоң салам жолдойм. Каалаганым чың ден соолук, каалаган ой-максаттарыңызга жетиңиз.
Надира, Бишкек

01-47. Назгүл Мамытова, мага сиздин жазган макалаларыңыз абдан жагат. Бирок, сиз кийинки учурда көп жазбай калдыңыз. Сизге бекем ден-соолук, чыгармачылык ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт каалайм.
Белгисиз жигит, Бишкек

01-48. Алтыным, жаным түшүнчү баарын. Мен сени сүйөм, сүйөмүн жаным. ОШОЛ себептүү мени бир жыл күт, мен да сени күтөм.
Баян

01-49. Акматбек Келдибеков, сизди билимдүү, эстүү жигит экен деп жүргөм. Сулуулугуңузга эле кызыксам керек. Сизге болгон сүйүүмбү же сый-урматпы менде эч нерсе калбай калды. К.Ташиевди го баары билет. Сиз жок дегенде адептүүрөк болсоңуз го. Эң башкысы ортодо сый болуш керек дегенге эми түшүндүм. Сүйүүнүн көзү көр деген ушул окшойт.
Айдай сулуу

01-50. "Супер Инфо" эмне эле Акаевди жаза баштадыңар же силерди тойгузуп баштадыбы? Андай болсо Аскар Акаевич Алайкууга, Ошко жардам бербейсизби? Бекерчилерге чиренген байларга акча чачпай.
Абдысатар, Алайкуу

01-51. Топчуке баары бүтүп, эми Манастын атына жамынып жатасызбы? Кыргыз кыйналып өткөөл мезгилде турганда сиз дагы эмнени баштадыңыз. Манасты кыргыз ансыз деле эч убакта унутпайт! Манас ар бир кыргыздын жүрөгүндө. Бир күнү Кудайдын бир берген саатында Манасты эл өзү эле көтөрүп чыгат. Киносу да тартылат, ал жөнүндө эпопея эл жүрөгүндө дапдаяр.
Чынарбек, Бишкек

01-52. Майрамбек, Наргиза 11-декабрь үйлөнүү тоюңар менен куттуктайбыз. Силерге чың ден соолук, узун өмүр, окууңарга ийгилик каалайбыз. Кармашкан колуңар түбөлүккө ажырабасын. Дайыма эл алды болуп жашагыла.
Досторуңар, Бишкек

01-53. Жеңиш Айтикеев, жер которуп Бишкекке келе жатканыңа кубанып жатабыз. Эртерээк көчүп келчи. Кыйналып турган шаардыктар танцага түшүп жыргасын. Депутаттарды да танцага чакырып койсоң бир жыргап алышсын. Антпесе бири-бири менен мушташканы калышты.
Алишер, Бишкек

01-54. Жаңы жылда Аяз Атадан суранарым элиме тынчтык берсин, депутаттар эсине келсин, азык түлүк арзандап, свет өчпөсүн! 2011-жыл ынтымактын жылы болсун.
Бөбөк Пумба

01-55. Анвар Артыков, Алишер Сабировдун ордун басайын дедиңби? Бирок, Сабиров сага караганда бир жарым эсе өйдө экен.
Зарылбек,
Ак Өргөө конушу

01-56. Ысык-Көл областына караштуу Ысык-Көл районунун мырзалары барсыңарбы? Эгер бар болсоңор башыңарды көтөрүп бириккиле! Биригип Ысык-Көлдү булгагандардан тазалагыла! Мен силер менен!
Назгүл.

01-57. Кыргыздын кыздары эмне болуп баратасыңар? Айыл жеринен борборго тойго келип, кафелердин биринен жапжаш кыздарыбыздын кальян чегип отурганын көрүп каңырыгым түтөдү. Аны байкуш энелери билбейт да, бул көрүнүштү көрүп, заман күнөөлүүбү, биз күнөөлүүбүзбү башым маң?!
Канчайым, Тоң району

01-58. Биз Баткен областы баардык жаңылыктардан кур калбайлы деп гезиттерди калтырбай окуйбуз. Чындыкты жазганыңарга ыраазыбыз. Теледен чындыкты толук чагылдырбайт.
Абибилла, Баткен