"ТРАЙБАЛИЗМ"
ООРУСУ КЫРГЫЗ КАНЫНДА БҮТКӨНБҮ?...

Белгилүү саясатчы Ж. Сооданбековдун лексиконуна таандык болгон "трайбализм", деген түшүнүк саясат айдыңында дагы эле жашап келет. Жөн гана жашабастан жаңы формага өтүп, мамлекеттик башкаруу системасында, экономика тармагында, билим, илим, маданият жаатында кадыресе көрүнүшкө айланды.

Акыркы окуялар көрсөткөндөй, "жердешчилик" оорусу коомубузду өзгөртүүгө аракет кылган эр азаматтарыбыздын төгүлгөн канына да кайыл экендигин көрсөттү. Күнүмдүк акчага көз карандылык, "күндүк өмүрүңө, жорго мин" болгон көр пендечилик кыргыздын пейилинде нарк насилинде качан бар эле. Тескерисинче, "туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген кыргыз философиясы башка улуттардан кыргыздын ошол доордо эле калыстыгын, демократиялуулугун тастыктап келген.
Эмне болду? Эзелтен эркиндикти эге туткан элибиз бүгүн көр дүйнөнүн кулу болуп олтурабыз. Жогорку Кеңешке шайлоо өнөктүгү көрсөткөндөй бул ирет бийлик төбөлдөрүнүн кысымы жок эле журтубуздун, баягы "жердешчилик" оорусу кайра кармап, туюкка кептелдик. "Бийлик системасын өзгөртүп, мамлекетти жеке башкаруучулуктан арылталы, Баш мыйзамды ыйык тутуп, аткара билели" деген аруу тилектер ишке ашпай турган багытка кеттик.
Добуштарды алдап алдыбы, же сатыппы парламентке келген мыктычыкмалар бир пикирге келе алышпай, беш фракция беш жакты карап, алдуу-күчтүү мамлекеттерден буюртма күтүп олтурган чактары. Болбосо, ынтымакка келүүнүн ордуна 70 күндөн бери же парламенттен жок же өкмөттөн жок жашап келгенибиз мамлекеттин келечегин ойлогон кыргыз элитасынын бар экендегинен күмөн санатат экен.
Жеке көз карашымда, кыргыздын карапайым атуулу катары көргөн билген, баштан кечирген тажрыйбадан улам туюкка кептелген абалдан, жердешчилик оорусунан чыгуунун айрым аракеттери боюнча оюмду ортого салгым келет. Албетте, бул менин жеке пикирим. Ошентсе да советтик түзүлүштүн учурунда, андан кийин деле оң натыйжалардын берген иш ыкмаларды учур талабына ылайыктай пайдаланганга неге болбосун.
Биринчиден, кадрларды даярдоо жана жайгаштырууну жаңы нукка бурсак. Албетте, дүйнө элдеринде "калпты кармоо" (детектор лжи) аппараттарын колдонуу иликтөө, кылмыш-жаза процесстеринде, кээ бир мамлекеттерде кызматтык орунга дайындоодо алгылыктуу натыйжа берген учурлары бар. Бирок көп эмес. Кесипкөй чекисттер айтмакчы, мындай аппараттын тестирлөөсүнөн кыйгап өтүүнүн жолдору да жок эмес. Анан калса, бул деле адам факторуна байланыштуу эмеспи. Тестирлөө жүргүзгөн адам деле адамдык пендечиликке барбайт деп ким кепилдик бере алат. Ошондон улам, совет доорундагы сыноодон өткөн кадрларды даярдоо жана жайгаштыруу системасын эмне үчүн алууга болбосун.
1990-жылдары Нарын областынын активи менен жыйын өткөрүп жаткан учурда көп жылдар бою партиялык, советтик, чарбалык жумуштарды аркалаган ардагер агабыз Рахатбек Абдиев капысынан өлкө башчысына кайрылып: "Аскар Акаевич, жок дегенде класском болгон балдарды кызматка койсоңуз. Алардын бери эле болгондо бир классты башкарганга мүмкүнчүлүгү бар. Илимдин кандидаты болуу менен эл башкарыштын ортосунда чоң жоопкерчилик жатпайбы" дегени эсимде. Анда жалпыбыз күлүп, күлбөй кубаттаганыбыз менен ачуу чындык айтылган эле. Башкаруу системасында жетекчиликке даярдыгы жок кадрлардын келе башташы ошол 90-жылдарда эле башталган. Советтик доордо эл чарбасынын өзөктүү тармагы боюнча адистик алган кадрын алгач комсомолго алып келип, коомдук иште такшалтуу менен, эл менен иштегенге бышыктырчу. Андан кийин партиялык кенже кызматтарга, чарбалык иштерге салып, көзү каныккандан кийин гана аймактык деңгээлдеги жетекчилик кызматтарга сунушталчу. Дараметине жараша кадрдык резервге коюп, кызматтык көтөрүлүүсүнө катуу көзөмөл болор эле. Резервдеги кадрларды бир аймакта гана пайдаланбастан ротациялык жол менен түндүктөн түштүккө, түштүктөн түндүккө жөнөтүп турган. Мындай жайгаштыруу бир чети ошол кадрдын көз карашынын калыптанышына алып келсе, экинчи чети тигил же бул региондогу алдыңкы иш тажрыйбаларды жайылтууга, эки элдин эриш аркак мамилесине, туугандаштырып жакындашуусуна алып келчү. "Биздин кулун, өз балабыз, өз улагыбыздан теке салам деген" түшүнүктөр өзүнөн өзү жоюлуп турган.
Азыр болсо кандай? Биздин элден, биздин уруктан башкаруучу чыкпайбы деген тай талаш.Анан да жаңы келген жетекчи өз командамды топтойм деген максатта жек-жааттарын топтомой. Түбөлүк иштебегенден кийин "күндүк өмүрүңө, жорго мин" демекчи, байлык жыймай. Муну менен өзүбүз жердешчиликке, коррупцияга шарт түзүп берип олтурабыз.
Мындай көрүнүштү токтотуу үчүн мамлекеттик кызмат агенттигинде мыйзам даярдалып, мамлекеттик чиновниктерди жайгаштыруу процесси милдетүү түрдө ротация жолу менен жүргүзүлсө оң натыйжа берерине ишенем.
Андан эмне утабыз? Өзүбүздүн балабыз деген түшүнүк аздап болсо да кыскарып, түндүк-түштүк ажырымы жакындайт. Экинчиден, бир региондон экинчи регионго барган кадрлар туугандык жайдайда команда топтобостон, иш билгилигине жараша адистерди өздөрүнө тарта баштамак. Үчүнчүдөн, тигил же бул объектини менчиктештирип, өзүнө ыйгаруу мүмкүнчүлүктөрү азаймак. Кийинчерээк башка ишке кызматка которулганда натыйжа берген алдыңкы иш тажрыйбаларды ала кетип жайылтууга өбөлгө түзүлмөк. Дегеле кандай гана жетекчи болбосун жаңы жерге, бөтөн элге барганда сактанып, адал иштеп берет эле.
Мындай мисалдар Совет доорунда көп эле кездешкен. Алсак, Нарын аймагында өз балдарынан губернатор болгондорго караганда түштүктөн келип иштеп кеткен Э.Узакбаевдин аймак үчүн көп эмгек кылганын эскерип жүрүшөт. Көл элинде областын партиялык комитетин жетектеген жылдарындагы калыстыгы, кесипкөйлүгү жана тазалыгы менен көзгө урунган А. Масалиедин кадыр-баркы абдан чоң.
Өз кезегинде Совет, Алай райондорун жетектеген К. Базарбаев аксакалдын түштүк элинде маданият тармагын, аймактын инфраструктурасын көтөрүүдө кошкон адистик да, жигитчилик да ишмердүүлүгүн сыймыктануу менен эскерип келишет. Айта берсе кайсы регион болсо да өз кулундай кызмат кылган татыктуу кадрлар бүгүн деле жок эмес.
Тилекке каршы, трайбализмдин өнүккөн убагы акыркы жылдар болуп калды. Ак кызмат кылса лейлектик, карабууралык же атбашылык дыйканга жетекчинин кайсы жерден экендигинин айырмасы канча? Жок, ага болбой эле элдин атынан өзүнүн амбициясын ишке ашырууну көздөгөн айрым жердешчил аткаминерлер "сырттан келди, алар ичип жеп кетет" деген имиштерди таратып жүрүшөт.
Өзгөчө, апрелдеги окуялардан кийин райондук, областтык деңгээлдеги жетекчилерди ыксыз алмаштыруулар болуп өткөндүгүн тана албайбыз. Буга кошумча убактылуу бийликке келишкен партия лидерлери тажрыйбасы барбы, кесипкөйлүгү ылайык келеби карабастан эле партиялаштарын башкаруу системасына алып келишти.
Эми парламентке келген партиялык фракциялар шайлоодо иштеп беришкен тарапкерлеринин "карызынан" кутулуу максатында жогорку эшелондон тарта айыл-өкмөттөрүнө чейин портфель бөлүштүрүүгө кайра кирери күтүлүп жаткандай.
Ошондуктан, иш билгилиги, адамдык тазалыгы эске алынуу менен кадрларды ишке жайгаштырууну мыйзамдык негизде мамлекеттик кызмат агенттиги колго алса, оң натыйжа берет деген ишеничтемин.
Замирбек Турсунбаев,
журналист





Кыргыз Республикасынын президенти
Р.И.Отунбаевага
КР ЖК фракция жетекчилерине
КР Башпрокурору К.Байболовго
КАЙРЫЛУУ
Биздин кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө. Өлкөбүз акыркы 20 жылдан бери каар замандын капшабында калгандыктан, экономикалык эңшерүүлөрдүн натыйжасында көптөгөн атуулдарыбыз жумушсуз калбадыбы. Эсил кайран СССР ыдырап, завод-фабрикалар токтоп эле калбай, бир ууч шылуундар металлаломго бөлүп жүктөп кетишти. Миңдеген инсандар жумушсуз көчөдө тентип жүргөндөн көрө деп чет өлкөгө бакыт издеп кетишти. Алардын деле кээ бирлери буттарына турбаса, көбү малай-кул болуп, өлбөстүн күнүн көрүүдө.
Ал эми Кыргызстанда калган жаштарыбыз деле жыргап кеткен жерлери жок. Жумушсуздук, социалдык теңсиздик, экономикалык кризис муунтуп, бир сындырым нан таап жеш чоң көйгөйгө айланды. Ошондуктан, супурасы курук Өкмөттү жүдөтпөйлү деген ойдо көбүбүз павильон, комокторду иштетип, үй-бүлөөнү эптеп багуудабыз. Эми ушуну да көрө калгансып, Бишкек мэриясы: "Соода точкаңарды алгыла, бизге шаардын көркү керек!"-деп өкүмзордукка салып, омуроолоодо. Миң-миллиондоп сом менен алган кредиттерибиз күйүп кетип, банктарга карыз болуп, өзүбүз үй-жайдан ажырап калуу коркунучуна кептелдик. Шаар мэри Иса Өмүркуловго шаар кооздугу керек болсо, бизге ачтан өлбөө ваажит. Өмүркулов ошондой эле деловой болсо, Бишкек көркүн бузуп жаткан Төкөлдөш, Кузнечная крепосттогу жер кепелерди бузуп, жашоочуларына заңгыраган кабат үйлөрдү куруп берсин. нан таап жеп жаткан күркөлөрүбүзгө асылбасын. Өлбөгөн жерде калабыз, ансыз деле жоготоор эчтемкебиз калган жок. Апрелдеги шейит кеткен балдар да жалаң ушу бийлик адилетсиздигине каршы чыгышкан.

Кол койгондор:
Восток-5 кичирайонундагы соода точкаларынын ээлери

1. Кочкарова Х.К.
2. Нарбаева З.А.
3. Джапарова Г.А.
4. Кукенова Б.К.
5. Абдиева Г.Т.
6. Мамаева С.О.
7. Джигитова С.С.
8. Мерзабаязова Б.З.
9. Тоялиева К.К.
10. Заидова А.
11. Зубков Э.Б.
12. Сагаков А.
13. Осмонбекова У.О.
14. Абдиев Ж.Т.
15. Джоомартов А.
16. Абдурахманова Р.З.
17. Алыбаева Б.
18. Аскаров Р