К.Эрматов:

"Адам өмүрү акчадан кымбат турса, демек биз керекпиз"

Кыргызстан кендерге бай. Арийне, алардын реалдуу иштеп, экономикабызга пайда келтирүү жолдору карапайым калк үчүн белгилүү деле эмес. Канчалаган кендерибиз иштеп жаткан менен алардын азап-тозогу, ылдый-өйдөсү, коопсуздугу туурасында анчейин кеп боло бербейт. Ырас, акча түшүп, кендерибиз күтүрөп иштеп турса жакшы дечи, ошол эле учурда кен иштетип жаткандар туурасында да айтпай койсок жарашпас. Буга чейин айрым басылмаларга тоо кендерин көзөмөл кылып жаткан "Мамтоокентехкөзөмөлү" туурасында кайчы пикирлер айтылган эле, анын чындыгын билүү, дегеле бул тармак эмне иш алып барат деген максатта "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" директору Канатбек Эрматов менен маек курдук.

- -Канатбек Эсенович, cиз тууралуу айрым басылмаларга мааламыттар таркап, сиздин кесиптештериңиз анын жалган экенин айтып, Президент айымга кайрылуу жолдоп чыгышкан экен. Кепти ушундан баштасак, деги эмне болду эле?
- Түз айтайын, ушул сыяктуу макалаларга коментарий берүүгө жигерим келбейт жана мен жетектеген ведемствонун ишине дисбаланс киргизүү максатында ушул сыяктуу жалган кабар таратып ишти чаташтыруучу маалыматка реакция кылуунун кажети жок деп эсептейм. Макала заказдык мүнөзгө ээ, көрөалбастык. Менин гана атымды булгабастан Мамтоокентехкөзөмөлүнүн атын да булгап жатканы жакшы эмесч.
Бир жагынан, ал макаланы талкуулап, андагы баяндалган фактыларды чындыка дал келбейт деп таанышып, демилге көтөрүшүп Кыргыз Республикасынын Президентинин атына кайрылуу катын жөнөтүшкөнүнү үчүн жамаатыма ырахмат айтам. Жамааттын минтип колдоосу бул аябай чоң баага турат. Бөлөк жагынан ар бир адамдын кылган ишине макул эмес богондор да болот, бул деген турмуш. Жашыруун деле эмес, кимдир бирөөнү мамлекеттик органга жетекчилике дайындалышы менен эле, анын атын, абийирин жана ар-намысын булгоону каалагандар дайыма табылат.
- -Ал макалада айтылгандай "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" жетекчиси лицензияларды оңго-солго сатып жатат деген сөздөргө эмне дейт элеңиз?
- -Ал маалымат адамдын күлкүсүн гана келтирет. Бул маалыматты "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" лицензияларын берилишинин жана каралышынын тартиби менен такыр тааныш эмес кишилер даярдашкан. Биринчиден, кооптуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга жана долбоорлоого лицензияларды берүү боюнча материалдарды кароо дайыма иштөөчү эксперттик комиссияга жүктөлгөн. Ушул комиссия ишканаларга лицензияларды берүү (же берүүгө макулдук бербөө) боюнча чечимдерди коллегиалдуу кабыл алат, мен бул комиссиянын мүчөсү да болгон эмесмин, мына ушундай. Мен лицензия берүүгө, бул комиссиянын төрагасы болгон директордун орун басары иштен бошонгондон кийин эле ноябрдан баштап катыша баштадым. Экинчиден, эгер мен лицензияларды "сатуу" боюнча мындай "коммерциялык ишканага (айтылган макалада көрсөтүлгөндөй)" кызыкдар болсом, берилип жаткан лицензиялардын 22 түрүнүн жана алардын 3 түрчөсүнүн санын кыскартуунун демилгечиси болбойт элем, лицензиялоого жарылгыч материалдарды жана химиялык кооптуу заттарды колдонууну жана сактоону гана калтыруу сунушталган. Мындай сунушту 2010-жылдын жазында Мамтоокентехкөзөмөлү республиканын Экономиканы жөнгө салуу министирлигине, аларды "Лицензиялар жана уруксат берүүлөр жөнүндө" жаңы мыйзамга киргизүү үчүн жөнөткөн. Мурда, 2009-жылы Мамтоокентехкөзөмөл кооптуу өндүрүш объекттерин курууга (жасоого) жана стационардуу бекитилген жана көчүрүлмө жүк көтөрүүчү механизмдерди, эскалаторлорду жана фуникулерлерди колдонууга байланыштуу болгон кооптуу өндүрүш объекттерин пайдаланууга лицензияларды берүүдөн баш тарткан.
- - Чынын айтсам, мен, жөнөкөй атуул катары көзөмөлдөөчү органдарды дайыма кандай болсо да коррупция менен байланыштырам.
- -Мен минтип айтпакмын, чыныгы реалдуулук мындай, биздин атуулдар көзөмөлдөөчү органдарды гана эмес, бардык мамлекеттик органдарды коррупцияланышкан деп эсептешет. Албетте, мамлекетте туташ жалаң коррупция деген менен макул боло албайм. Ооба, коррупциялык схемаларга өбөлгө болгон айрым нормалар бар. Бирок, муну менен биз иштеп жатабыз, мисалы ушул жылы текшерүү бөлүмү түзүлдү, анын функциясына жеке ишкер субъекттерин пландык текшерүү жүргүзүүдө мамлекеттик инспекторлордун ишин текшерүүнү ишке ашыруу функциясы да кирет, ошондой эле алардын белгиленген убакыттын ичинде жасаган ишин текшерүү да жана мындай маселени Мамтоокентехкөзөмөлдүн коллегиясына киргизүү да функциялары бар. Бирок, бул иш чаралар коррупция менен күрөшүүдө, керек болгондой болгон жыйынтыкты бере албайт, ошондуктан биз мыйзамдык деңгээлде пара алуунун ыктымалдуу жолдорун кыскартууга чара көрүүдөбүз. Маселен, мен ушул жылы "Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун даярдагам, ал ушул жылдын мартында макулдашууга министрликтерге жана ведомстволорго жөнөтүлгөн. Айтылган долбоордо кооптуу өндүрүш объектисинин кызматтык адамынын же жумушчусунуку эмес, тикеден-тике юридикалык жактын жана жеке ишкердин административдик жооперчилиги караштырылган. Ушуну менен бирге, айып санкцияларын мамлекеттик инспекторлор эмес "Мамтоокентехкөзөмөлү" салат. Мындай документтин кабыл алышы менен, мындан бардыгы утат деп ойлойм.
Ушундай эле, өнөржай коопсуздугу жаатындагы биринчи кезектеги тогуз техникалык регламенттерди иштеп чыгууну биз баштадык, алар колдонуудагы коопсуздук эрежелерин алмаштырууга тийиш. Ушул жерден коррупцияга алып келүүгө мүмкүн болгон нормаларды алып салуу максатында жеке ишкерлер бизге кошулушу керек.
- -Канатбек мырза, "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" иши тууралуу айтсаңыз, биздин республикада мындай органдын дегеле кереги барбы? Анын максат-милдеттери тууралуу айта кетсеңиз?
--Билесиздерби, "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" иши, анын керектүүлүгү тууралуу көп айтса болот. Эгерде биздин ишибиз өндүрүштө коопсуздукту камсыздоого, адамды коргоого, аны курчаган техникалык механизмдер менен химиялык кооптуу заттар курчаган шарттарда анын жашоосу менен ден соолугун сактоого жардам берсе, демек, мындай көзөмөлдөөчү орган биздин республикага абдан керек. Өзгөчө белгилеп кетким келет: "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" мамлекеттик инспекторлору өзүнүн жашоосуна тобокел кылуу менен текшерүүлөрдү жүргүзгөндөрдүн жалгызы. Азыркы учурда "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" инспекторлору тоо өндүрүшү, металлургия, газ, химия, нефтехимия жана башка өнөр жай тармактарында өнөр жай коопсуздугуна көзөмөл жүргүзүшөт.
Өнөр жай коопсуздугун жакшыртуу боюнча быйылкы жылы биз көргөн аракеттер, туура багытта иш алынып бара жатканын апачык көрсөтүп турат. Мисалы, 2008-2009 жылдары Сүлүктү күрөң көмүр кенинде 10дон ашык адамдын өмүрү кыйылуусу менен байланыштуу болгон бөөдө кырсыктар болду. Ушул себептен, 2010-жылдын январында биз ал жерде жайгашкан ишканаларды пландан тышкары текшерүү боюнча чечим кабыл алдык. Жыйынтыктары үрөйдү учурчудай эле, бардык жерде бардык ишканалар өнөр жай коопсуздугунун талаптарын такыр эле аткарышчу эмес экен, ошол себептен биринчи жолу Сүлүктү кенин иштеткен бардык 14 ишкананын ишин токтотуу чечими кабыл алынды. Бир ай өткөн соң, контролдук текшерүүдөн кийин 14 ишкананын ичинен ону түзүлгөн кырдаалды оңдоо боюнча абдан чоң иштерди аткарышты. Төрт ишканада эреже бузууларды жоюуга чейин иштерди жүргүзүүнү биз толук токтоттук. Анын жыйынтыгында биз Сүлүктү кенинде травматизмди бир кокустуктан ашырган жокпуз. Өзүңүздөр баа бериңиздер.
- -Мындай жетекчиликте ишке бекем болуу шарт эмеспи?
- -Мени жумушчуларды катуу кармаган жетекчи деп айтууга болбойт, мага "талап кылуучу" деген жакыныраак болсо керек. Биздин маектен белгилүү болгондой, "Мамтоокентехкөзөмөлүнө" абдан көп функциялар жүктөлгөн, текшерүү-профилактикалык жумуштар да, ошондой эле мыйзам чыгармачылык жумуштар да. Албетте, "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" кызматчыларынан оперативдүү жана эң башкысы сапаттуу жумушту талап кылам. "Мамтоокентехкөзөмөлүндө" инспектордон тартып, биринчи жетекчи болуп иштеген бардык жылдары, мага анын ишине жаңы кадамдарды киргизүүнү, эскиче иштөөнүн стереотиптерин сындырууну дайыма каалар элем, бирок, ошол эле учурда көптөгөн жылдар бою жыйналган тажрыйбаны максималдуу пайдалануу менен. Бизде көптөр эскиче иштөөгө көнүп калышкан жана аларга инновациялар жакпайт. Ушул жылы биздин кызматкерлеринин иштөө шартын жакшыртууга көп нерсе жасалды, колдонулган оргтехниканын санын 50% көбөйттүк, анын негизинде дээрлик ар бир кызматкер компьютердик колдонуучу болуп калды. "Мамтоокентехкөзөмөлүнүн" веб-сайты иштелип чыкты, кызматкерлер Интернет глобалдык тармагына кошулушту. Бирок, азырынча тилекке каршы, мамлекеттик инспекторлордун араң гана 3200 - дөн 4500 - дү түзгөн маяна маселесин чечүү мүмкүн болбой жатат.


Заирбек Бактыбаев





"БААРЫН КОЮП МАНАСТЫ АЙТ..."
(Башы 9-бетте)
Өзүмчүлдөр, бийлик үчүн гана келгендер көп. 5 партиянын 2-3 чыныгы саясый уюм деңгээлине чыгалек. Партиянын идеясына берилгендер жокко эсе, "тизмеге кирип депутат болсом эле болду" деген чөнтөгү калыңдар, алардын ичинде эбак соттоло тургандар жүрөт... Булар Кыргызстанды шерменде кылып атат. Парламентаризмдин жөнөкөй жобосун бузуп, кечээ шайлоочулардын добушун сатып алып депутат болгондор эми ЖКда өз добушун сатып, биримдикти кыйраткандарды көрүп атабыз...
- Баса, Топчуке, Сиз баш болгон "Манас" - киноэпопея эларалык коомдук фонд түзүлүп, бир канча кызык талкууларды өткөрдүңөр. "Манас" жана башка эпосторду киноэпопея, мыльтипликация кылып тартуу максатты көздөп атасыңар. бул качан ишке ашат дейсиз?
- Ишке ашыруу үчүн жүздөгөн пуд туз жейбиз го, өзгөчө Манас, "Манас" изилдөөчү, тарыхчы, сценарист, режиссер, оператор, сүрөтчү, композитор, аткаруучулар. "Манасты" киноэпопеяга айлантуу, менимче биздеги гана эмес, дүйнөлүк кинематографияда эң татаал, эң көлөмдүү иш. Мунун ой быша элек, татаал жактары, чечиле элек маселелери көп.
- Мисалы, кайсы татаал тараптары бар?
- Манастын доору кайсы? Көп пикир жазылган. Манас, "Манас" чылк эле жомокпу же чындык негизи барбы? Чындыгы бар дегендер арбын. Дагы-дагы...
- Киноэпопеяларга, мультиктерге абдан көп каражат керек го?
- Ооба. Мен мамлекеттик, коммерциялык уюмдардын баарына "кайрымдуулук, соопкерчилик кылгыла!" деп кат жибердим. Эми көрөбүз. Кыргызстанда мекенчилдер, улуттун улуу ишине жалындап күйгөн канча жарандар, канча башчылар бар экени билинет.
- Ким канча каражат кошконун ачык айтып, жарыялап турасыңарбы?
- Сөзсүз.
- Чет өлкөлөрдөн "жардам беребиз" дегендер барбы?
- АКШдагы S.D.Sunnyland Enterprises, Inc компаниясынын башчысы доктор Хан "каражат кошом" деди. Ал Бишкекте "шаардын ичиндеги шаар" курат: көп кабаттуу (15,25,35 кабат) 57 үй, мектеби, ооруканасы, спорт сарайлары менен кошо болот. Ал, мүмкүн, "Манас - борбор" аттуу имаратты да салат (мейманканасы, музейи, институту болот, баары Манаска арналат).
- Сизге ийгилик. Маегиңизге ыракмат.
- Силерге да жакшылык, чыгармачылык илхам.

Баймырза Накай