Чым-чым!

"Эл башкарам" десең этегиңди жап
Ошентип, баш айланткан парламент баягы таскагынан жанбай элдин үмүтүн актай албай койду. Эл эмнени күтүп жатат эле? Тезинен коалицияга биригип өкмөтттүн курамын аныктап, спикерди шайлап Кыргызстандын бүгүнкү, эртеңки турмушу менен алектениш керектигин күтүп жаткан. Эми эмне болду? Ич ара келишпеген ит оюндар элибиздин эртеңин ойлобогон тариздеги бүдөмүк ойлорго кептеди. Эл арасында тымызын буларды да кетирип кайрадан жаңы шайлоо өткөрүү керек деген маселелерди көтөрө баштады.Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу деген кептин төркүнү ушул тура, эл болуп-боло элек бул парламенттин деле ичи-тышын аңтарып "ай буларың деле жыргабай" калды деген ойлорго оролуп бара жатканын кантип жашыралы. Эл үмүтүн актабай калыш бул сөзсүз эле үчүнчү революция болушу керек деген түшүнүктү бербейт. Акырын эле "сыйыңар менен тарагыла, секетиң кетейиндер" десе, булардын кетип калбашка аргалары деле жок. Андыктан элибиз болобу же элден чыккан ээрге минген эр азаматтарыбыз болобу, баарынын тилеги менен максаты эркин мамлекетибиздин көз карандылыгы менен тынчтыгын, жыргалчылыгын сактоону эске алсак анда бул парламент алгачкы эле отурумунда тийиштүү же көрсөтүлгөн өкмөттү, спикерди шайлап ишке батыл киришүүлөрү керек болчу. Анте алышкан жок. Шайлоодо сапырылган акча дал ушул спикерликти шайлоодо да сапырылып кетти. Аны анабашы лидерлердин кээ бири ачык айтып чыкты. "Шайлоодо акча тараткан жокпуз, элди алдаган жокпуз" деген айрым сасий партиялардын жалган сөз айтып актангандарын тар коридордо таасын тастыктап беришти. Демек, акча парламент, арсыз айрым депутаттар, эл ойлобогон ээрине кыйшык минген мындай парламент менен биз келечегибиздин ачкычын ача албайбыз. Президент баш болуп бүткүл дүйнө Кыргызстанга көз салып турганын эскертип, жаңы өкмөттү тез арада куроого чакырып коалиция түзүүдөгү ишенимди берген СДПК максатына жетпей, революциянын локомотивдери болгон партиялардын ити чөп жебей тургандан кийин анда бул парламентти акчалуу бакиевчилердин үстөмдүгү орногон деп кесе айта берүүгө жарашат. Ишенип койгула, "Ата Журт" партиясы алдыга чыкканда эле айттым эле, "Кыргызстанга Бакиев бир бутун салды" деп. Мунун чындыгын азыр жон териңиздер менен сезип жаткандырсыз бурадар. Алыста жатып алып, Бакиев айрым кыргыз басылмалары аркылуу, томдоп маектерди куруп актанганын керек болсо азыркы анбашчыларыбыз шылдыңга ала баштады. Ал өзүн акырын актап араң турган түштүк тарабыбыздагы (чындыгы ушул аны ал жакта колдогондор көп экени маалым эмеспи) Бакиев үчүн жанын берип кое турган арсыз фанаттардын ойлорун узун кылып улап, анан калса ичтеги бугуп жаткан таарынычка, акылсыз бөлүнүүгө жик салган арам ойлордун өчүп бара жаткан чогуна от тамызгы болбойт деп кимиң кепил боло аласың? Актанган жагынан ат салдырбаган Кукебиз жаш баладай эле маек бериптир, күйбөгөн жериңди чиркин күйдүрөт го, ар-ар жеринен тим эле Кыргызстандан кыйнап куулуп чыгып, эч бир күнөөсү жок кишидей "Ий ата, ай-ий" деп кейийт тим эле. А бул жакта канчалаган үй-бүлө боздоп жатканын бир эсине алып, мүңкүрөп койбоптур го жарыктык киши, кыргыз эмес да.
Мына замандаш, аптешке-чаптеш дегендей азыркы Кыргызстан ичиндеги саясаттын өйдө-ылдыйы, бара жаткан бараандуу жолубуздун бардак көрүнүштөрү. Эрки бош адамдын эртеңине эч кимдин деле ичи чыкпаган сыңары, азыркы саясаттагы салмактуу жүрүш баштай албаган саясатчыларыбыздын айынан өлкөдө болуп көрбөгөндөй башаламандык башыбызга чыкты. Кудай сактай көр, төбөбүздөн тепкилеп туру го чиркин! Мите курттар "колорад жугуна" айланып каныбызга сиңгени аз келгенсип, эми эсибизди оодарып, алардан арыла албай калдык. Кай жагыңды караба кайгырган адамдын үнү кардуу аяздын ышкырыгына кошулуп сыздайт. "Катыгүн, эми кантээр экенбиз" деген алардын бул үнү үмүттүн үнү эмес экенин жакшы билип тургандыр, жарыбас жакшылар! Азыркы парламент менен биз келечегибизди аныктай алаарыбыз арсар. Ырас, акыры коалиция түңүлөт акча берип көнгөн тарап бермей адатына салып акыры акча парламент келет. Буга бөркүңөрдөй ишене бергиле. Эгер келечегибизди туура тандайлы десек бир үмүт элде, бир үмүт жалпы парламенттин жакшыларында. Кандай дейсизби? Бакиевчилердин башы баткан акча парламентти таратып, Президент Отунбаева 5 жыл аралыгына Бакиев мезгилинде иштеген атка минерлерге мыйзам чегинде "кызматка албоо" жөнүндө мораторий жарыялап, мурдагыдай таза шайлоону кайрадан өткөрүшү керек же азыркы парламент бир бүтүмгө келип, ынтымак менен арбак алдындагы берген убадаларынын негизинде, баарынан мурда элди урматтап кадам таштоого тийиш.

Күнболот
МОМОКОНОВ




  Досум дегендер,токоч алдап жегендер!

Башаламан, будуң-чаң

Кыргызстандагы акыркы саясый окуялар - эгемен кыргыз мамлекетинин тагдыры АКШ, Россия өңдүү ири державалар тарабынан чечилип жатканын, кыргыз саясатчылары карапайым көзгө дыгдыйып, өтө эле олуттуу, салабаттуу көрүнгөн менен, галстук тагынган куклалар (куурчактар) экендигин дагы бир ирет тастыктагандай болду. Кыргыз саясатчылары Кыргыз парламентине төрага шайлоо түгүл, бокко да куурай сая албастыгын моюнга алышы керек.

Мында маселе Текебаев парламент төрагасы болуп шайланбай калганда эмес. Маселе, жаңыдан шайланган парламент жана анын депутаттары өз ишин баштабай жатып, интригалардан башы чыкпай, бири-бири менен тирешип, өздөрүн парламентте эмес, эрежесиз эр уруштун аренасындагыдай алып жүргөнүндө. Мындайды "ээрге олтурганда эле кыйшык олтурду" деп коет.
Жашырганда эмне, кырдаал өтө курч. Кыргызстан финансылык жактан да, саясый жактан да жарга такалып туру. Кыргызда "душманга таба, доско күлкү" деген жакшы кеп бар. Бүгүн Кыргызстанды табалагандар табалап, күлгөндөр күлүп жатат. Дүйнөнүн ири державалары болсо Кыргызстанга эки жүздүү (двойной стандарт) саясат менен мамиле кылууда. Бир колу менен маңдайыбыздан сылап, бир колу менен далыбызга бычак урду.
Кыргызстанда Россия таасири бар. Кыргыз парламентинин бир коалицияга биригип, парламенттик көпчүлүктү түзгөн СДПК, "Республика", "Атамекен" саясый партияларынын депутаттык фракцияларынын парламент төрагалыгына Өмүрбек Текебаевди өткөрө албай калышы Россия таасири деген ынанымды дагы бир жолу бекемдебей койбойт.
Кыргызстандын парламентинде башаламан, будуң-чаң абал түзүлдү. Коалициялык көпчүлүктү түзүү менен, парламент жана Өкмөт тагдыры ишенип берилген СДПК саясый партиясы (фракциясы) чындыгында да Кыргызстандагы таза шайлоолорго жол ачкан, Акаев жана Бакиев бийлигинин режимдери менен айыгышсыз күрөш жүргүзгөн, өлкөдө жаңы бийлик системасы орношун каалаган саясый партия эле. Парламент төрагалыгына Текебаевдин талапкерлигин колдобой коюу - "Атамекен" саясый партиясынын фракциясын эле эмес, Атамбаевди, СДПК партиясынын фракциясын колдобой коюу дегендик. Кыргызстанда жаңы бийлик системасынын орношуна, өлкөдө өзгөрүүлөр болушуна, мамлекеттеги стабилдүүлүккө каршылык экенин да ачык айтып коюуга тийишпиз деп эсептейбиз. Кыргызстандагы кландар жана криминалдар мына ушундай башаламандыктан, будуң-чаң абалдан пайдаланып келишкен. Биздин өлкөдөгү хаос абал да сырткы күчтөр үчүн өтө ыңгайлуу. Демек, мына ушул ыңгайдан алганда, кыргыз парламентинде, депутаттар арасында Кыргызстандагы саясый башаламандыкка кызыкдар болгон күчтөр бар деген тыянакка келгенге аргасызбыз. Бүгүн биз ал кандай күчтөр, алардын артында кимдер турат деген суроолорго жооп беришибиз керек.
Парламентте коалициялык көпчүлүктү түзүү укугу берилген "Республика" саясый партиясынын депутаттык фракциясы ал озуйпаны канчалык аткара алат, аны айтуу кыйын. Дэн Сяо Пин айтмакчы, "кара мышык болобу, ак мышык болобу, же сары мышык болобу, чычкан алса болду" дегендей, азыркыдай кырдаалда коалиция эртерээк түзүлүп, төрага шайланып, өкмөт курамы бекитилип, иш башталганы ийги болсо да, бул Кыргызстан үчүн өтө принципиалдуу маселе экенин, "кара мышыктын" да, "ак мышыктын" да ким болору биз үчүн маанилүү экенин унутпашыбыз керек. Кыргыз парламентинин тагдыры кандай чечилет? Төрага ким болот? Премьер-министр ким болот? деген суроо келди-кетти маселе эмес. Парламент башына да, өкмөт башына да күчтүү лидерлер, 7-апрель элдик революцияны жакындатууга түздөн түз салымын кошкон саясатчылар келиши керек. Эгер, "Республика" түзө турган коалицияга СДПК менен "Ата Мекен" саясый партияларынын фракциялары кирбей калса, Өкмөт башына Атамбаев, парламент башына Текебаев келбесе, анын өзү бир кадам алга, эки кадам артка кеткендикти, 7-апрелдеги элдик революция жеңилгендигин, эл дагы революциясын уурдаткандыгын түшүндүрөт. Эл ушуга чыдап, эл ушуга макул болор бекен, депутаттарыбыз ойлонушу керек. Чындыгында, жаалданган эл, колундагы чынжыр менен кишенинен башка эч нерсеси жок ач-жылаңач эл, 24-март жана 7-апрель революцияларын башынан кечирген эл, уулдарынан айрылып, жаны ачып турган эл, шайлачусун шайлап алданып кала берген эл - орус революционерлери Петербургдагы Кышкы Сарайды штурмалагандай, дагы бир революцияга чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт. А карапайым эл болсо дагы бир революцияга даяр турат. 10-октябрдагы парламенттик шайлоодо катуу алданган эл ызага ууккандан араң турат. Добушту сатып алса болот, бирок элдик революцияга каршы контрреволюцияны сатып алалбайсың. Кыргызстанда контрреволюцияга орун жок.
Кыргызстанда баары башаламан, будуң-чаң. Күлгөндөр күлүп, табалагандар табалап атат. Бирок, орус агаиндер акыркы болуп күлгөн күлөт дечү эле.
Болотбек Таштаналиев