Ит арка фракциялар

Соцдемократтар, "Республика" жана "Ата Мекен" фракцияларынан түзүлгөн альянс ыдырап кеткенден кийин президент Р.Отунбаева кезектеги партиялык топко парламенттик көпчүлүктүн коалициясын түзүү мандатын тапшырды. Ишеним алган ал партиялык топ-Ө.Бабанов башында турган "Республика" фракциясы. "Республика" парламентке өткөн беш партиянын ичинен биринчи орунду ээлеген "Ата-Журт" менен бирге туруксуз фракциялардын катарына кирери белгилүү. Фракциялык ички биримдикке ээ боло албаган "Республика" алыска чуркай ала турган башкаруучу коалиция түзүүгө жөндөмдүүбү деген суроо келип чыгаары талашсыз. Эмесе, "Ата-Журт" менен мына ушу ишеним алган "Республиканын" ич ара ыркынын жоктугунун-ыркырашкан ит аркалыктарынын чоо-жайына азын-оолак токтолуп, иликтеп көргөнүбүз дурус болор дейбиз.

Парламентке шайлоонун эки башка системасы бар экени белгилүү. Биринчиси - можаритардык, экинчиси - пропорционалдык деп аталат. Можаритардык системада депутаттар бир мандаттуу шайлоо округдары аркылуу шайланышат. Ал эми, пропорционалдык системада партиялык тизме менен шайлоо жүзөгө ашат. 10-октябрдагы парламенттик шайлоо партиялык тизме менен жүргүзүлдү, б.а. пропорционалдык система ишке салынды. Эбактан бери белгилүү эки шайлоо системасын кайрадан эскерип, кайрадан "жарасын тырмап" атайы кеп кылып жатканыбыздын себеби эмнеде? Себеби, кыргыз саясый элитасынын арасында пропорционалдык шайлоо менен можаритардык системасынын ортосундагы принципиалдуу айырмачылыктар так аныкталып, арасына чек коюла электигине байланыштуу. Парламенттин бешинчи чакырылышын түзүүдө партиялык тизме менен шайлоонун принциптерин жакшы өздөштүрө албаган сабатсыздык болгонун же тескерисинче билип туруп пропорционалык шайлоону партия лидерлеринин жеке кызыкчылыктарына баш ийдирип кыянат пайдаланып кеткен көп учурларга күбө болобуз. Натыйжада партиялык фракциялардын ичинде көптөгөн келишпестиктер менен чыр-чатактар, нааразычылыктар пайда болду.
Парламентке өткөн беш партиянын үчөө "карт бөрүлөр"--СДПК, "Ата Мекен", "Ар-Намыс", калган экөө шайлоого бир ай калганда чампаланып түзүлө калган "Ата-Журт" менен "Республика". Шайлоодон кийин партиялык тизмеге байланыштуу ич ара чыр чатак чыккандары "жаш" партияларга таандык. "Ата-Журт" менен "Республиканын" ич ара келишпестик отунун тутанышын байкоочулар партиялардын ичтен ирип жиктеле башташынын көрүнүшү катары мүнөздөшүүдө. Келечекте мындай жиктелүү эки партиянын парламенттик фракция катары таасиринин төмөндөшүнө, алсызданышына алып келиши мүмкүн деген ойду айтышат.
Конфликттин оту "Ата-Журт" партиясынын тизмесиндеги 7-апрелдеги кан төгүүгө катыштыгы бар деп кылмыш иши ачылып издетүү салынган К.Бакиевдин премьер-министри, айтылуу финансылык аферист Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаеванын тегерегинде капылеттен тутанды. Капылеттен дегенибиз, "Ата-Журттун" саясый кеңешинин мыкчыгерлери үчүн Д.Исаева негедир эле шайлоо өткөнгө чейин жакшы болуп жүрүп, шайлоо бүтүп депутаттык мандатты алууга келгенде жаман болуп чыга келгени менен түшүндүрүлөт. Шайлоонун алдын-ала жыйынтыгы чыгарылганда эле "Ата-Журттун" мыкчыгерлеринин бири С.Жапаров Д.Исаеванын Кара-Балтадан талапкерлиги көрсөтүлгөнү, бирок, ал чөлкөмдөн тиешелүү добушун камсыз кыла албагандыгы үчүн партиянын катарынан чыгарылганын билдирген эле. Арийне, С.Жапаровдун билдирген маалыматы жалган болуп чыкты. Кунары жок куру кеп экен. Д.Исаева партиядан чыгуу үчүн эч кандай арыз жазбаганын, жазайын деген оюнда жок экенин айтып басма беттеринде пайда болгон маалыматтарды чыпчак төгүндүккө чыгарды. Айткандай эле жаңы парламенттин жыйыны башталган биринчи күнү Д.Исаева "Ата-Журт" партиялык фракциясынын мүчөсү катары ант берип, депутаттык милдетине киришкенине күбө болбодукпу. Анткен менен партиянын саясый кеңешинин мүчөсү деп жупуну аталган менен "Ата-Журттун" бейформал жол башчысы, союл чабаары К.Ташиев жыйынга келген жок. Басма бетинде пайда болгон маалыматтарга караганда, К.Ташиевдин келбей калганынын себеби - Данияр Үсөновдун жубайы Динара Исаева депутат болуп турганда парламенттик жыйындарга катышууга моралдык принциби жол бербестигине барып такалат имиш. К.Ташиев менен катар "Ата-Журттун" мүчөлөрү А.Келдибеков менен С.Жапаров парламенттин ачылышына келбей койгонуна караганда, алар да коллегасынын көз карашы, принциби менен тең бөлүшүшө турган түрү бар. Бирок да ЖКнын экинчи жыйынына депутаттар чогулганда, негедир К.Ташиев деле, Д.Исаева деле көрбөмүшкө-билбемишке салышып, "Ата-Журттагы" депутаттык милдеттерин аркалап жүрүшкөнүнө күбө болдук. Мындайды адатта саясатчылардын принципиалдуу принципсиздиги деп коюшат.
"Республика" партиясынын тизмесинде да "Ата-Журттагы" Д.Исаеванын ысымына байланыштуу бүйүр кызыткан чуулгандуу кызыл чеке чыр-чатактар болбосо да кеңири масштабдагы келишпестиктер, ыйкы-тыйкылар келип чыкканы эсибиздедир. Партиянын тизмесинен чыккандыгы жөнүндө катары менен 38 киши арыз бергени, анын ичинен алтоосу шайлоонун жыйынтыгында депутаттык мандатка ээ болгон зонадагылар экендиги маалымдалган эле. "Республиканын" ичиндеги ырктын кетишинин себеби деле "Ата-Журт" партиясына окшош. Депутаттык мандат алууга укук алган партиянын алты мүчөсүнө шайлоодо "Республиканын" копилкасын тиешелүү добуштар менен камсыз кыла албагандыгы үчүн алар тизменин арт жагына жылдырылганына, кысымчылык жасалганына нааразы болуп, өз ыктыярлары менен арызын жазып баса бергендер. 24.kg информагенствосунун жазганына караганда, иштин жөн жайын кинорежиссер Актан Арым Кубат төмөндөгүдөй түшүндүрөт: "Шайлоого баратканда ар бирибизге бекитилип берилген территориядан белгилүү добуш алып келип копилкага кошоорубуз жөнүндө партиянын жетекчилиги менен келишим түзгөнбүз. Иш жүзүндө чоң ишеним артып жибербегендер (алар талапкерлердин тизмесинин арт жагында жайгашышкан) 20 миң добуш топтоого жетишти. Ошон үчүн аларды алдыга коё берүүгө туура келди. Себеби аларга эл ишеним арткан. Биз болсок партиянын катарында кала беребиз. Сырттан туруп биздин фракциянын ишине таасир берип турабыз"-дейт Арым Кубат.
Асыресе, кинорежиссердун айткандары ынаным жарата албайт. Арым Кубаттын айткандары пропорционалдык шайлоо системасынын принциптерине түп тамырынан бери каршы келет. Биринчиден, шайлоо тизмеси партиянын курултайында бекитилгенин унутпоо керек. Ал кийин БШКда ырасталып шайлоого коё берилген. Шайлоо бүткөндөн кийин "жетекчилик" бир талапкерди тизменин артына кубалап, экинчисин алдыга сүрөп чыгарганга укугу жок. Мындай аракеттер - ала жылкыны атынан атагандай өзүм билемдик, зомбулук. Экинчиден, партиянын тизмесине "бөлүнүп берилген территория" эмес, партиянын программасына ылайык бүт республика добуш бергенин эстен чыгарбоо кажет. "Ата-Журттун" Д.Исаева Кара-Балтада тиешелүү добуш менен камсыз кыла алган эмес дегени пропорционалдык шайлоо системасынын принцибинен алып көргөндө -абсурд. Ал эми К.Ташиевдин Д.Исаева депутат болуп турганда парламенттин жыйынына катыша албайм дегени "кыз боозуп энесин коркутканга" тете жорук. Д.Исаеваны актагыбыз келбейт дечи, арийне "Неге К.Ташиев убагында шайлоо өтө электе ага каршы чыгып тизмеден чыгарылышы жөнүндө маселе койгон жок?" деген суроо келип чыгат. Д.Үсөнов менен Д.Исаеванын коррупциянын негизинде топтолгон капиталын шайлоо кампаниясына пайдаланып алышып (айрым гезиттердин жазганына караганда, ал салым 1,2 миллион долларга барабар) төө кыядан өткөн соң Д.Исаеваны көрөйүн деген көзүм жок деп турушу чектен ашкан карөзгөйлүк болор. Үчүнчүдөн, можаритардык системага учурунда кеңири кездешкен депутаттын туулган жерине барып шайланып келген регионалдык-кландык принциптер 10-октябрдагы пропорционалдык шайлоо системасына зордук менен таңууланып жатканына күбө болобуз. (Бир мандаттуу округдан шайлоодон партиялык тизмеге өтүүнүн негизги себептеринин бири - регионализмге натыйжалуу каршы туруу болгонун эске салып кетүү ашыктык болбос эле). Ошентип, "Ата-Журт" менен "Республиканын" мыкчыгерлеринин өздөрүн өздөрү билип, оюна келгендерин оттоп жатканына күбө болобуз. Ал эми бул болсо "Ата-Журт" менен "Республиканын" шайлоого карата түзүлө калган утурумдук саясый уюм экендигин, ошондуктан ыдырап кетиши оңой экендигин гана көргөзбөстөн, мыкчыгерлеринин кенедей да принциптери жок экендигине далил болуп берет.
Мындай ичинен ириген, биримдиги да, тартиби да, ынтымагы да жок партиялардын бири, СДПК узак сүйлөшүүлөрдөн кийин алда-жалда менен эптеп түзгөн коалициянын ыдырашына алып келген (үчтүктөр союзу тарабынан спикерликке сунушталган Ө.Текебаевдин бирдиктүү талапкерлигине коалициялык келишимге карабай "Республиканын" эки депутаты каршы добуш берген чыккынчылыгы коалициянын келечегине балта чапкан иш болбодубу) фракция болгон "Республиканын" болочокто парламенттик көпчүлүктүн негизиндеги туруктуу коалициясын түзө алышына чоң күмөндүк түзөт. "Республикага" артыкча ишеним артып жиберүү - алешемдик болор эле.

Үсөн Касыбеков