Кутман курак кут болсун

Акын Кожогелди Култегин
50 жашта
ТИЗГИН
Ооз-көбүктөн өнүп чыккан баштанып...
ооздуруктун дал өзүнө ашталып...
ойду-келди жазылган "О" тамгадай -
ошол тизгин менен турчу башкарып!

Капысынан тизгин силккен убакта
каргып-каргып - жорголоп да, чурап да!
Тизгиндин ал бар экени сезилип,
тимеле андан келчү дайым кубат да!

Тизгин менен атка сезим кирчү эле,
тим тура албай - туйлап-туйлап ийчү эле.
Оозун өйдө каккан кезде кайталап -
очорулбай оп секирип - бийчи эле!

Тизгин менен акыл кирип олжолуу,
тил билги эле - оңгобу да солгобу.
Какайткан да, кашайткан да - так ошол,
камчы деген - караан... караан... болгону.

Ээрде олтуруп уктап кетүү - жазыкпы?..
Эсеп-ченсиз байлык ээрде ашыкпы?..
Шагыр-р-р этип!.. Ат чычактап!.. Талп түштү -
ша-арт эткенде колдон тизгин качыппы...

Ат башынан тизгин түштү сомоюп...
анын жерде касиети жоголуп...
Атты кайра мүжүңдөттү, аксатты
ал-ансайын бутка илинип-оролуп.

Бул тагдырдын өзүн улуу мүшкүл де!
Буттан дароо чыгаралы биз бирге!
Коёлу өйдө - ат башынан ашырып,
коку-уй, бул ат сийе электе тизгинге...

Ооз-көбүктөн өнүп чыккан баштанып,
ооздуруктун дал өзүнө ашталып...
Ойду-келди жазылган "О" тамгадай
тизгин менен турсун бирөө башкарып!

Жашап атып шарпасында жазыктын,
жазган ушул ырыма сыр катыпмын -
кызыл кайыш ат тизгинин ырдайм деп
Кыргызстандын көйүн ырдап жатыпмын!




Май. 2010.

"СОГУШ-НЕ БОЛООР БЕКЕН?.."

Сокулуктун каткырык-күлкүсүн ал
соолтту согуш, соолтту бүт кыртышынан.
Айыл суз да үйлөр суз кар-бороонго
артын салган бир үйүр жылкы сымал.

Мусалыга, бирок да, көктөм быйыл
мурункудан башкача төккөн сыйын.
Сайран сезип салпактап - болбойт кайбар(!)
шакек-түтүн чыккандай октон кийин…

Октой сызып жигиттер кеткени чын,
"оомат" анан өзүнө жеткени чын.
Буту майрык жана да колу кайрык,
булдурт тили. Буркурайт чеккени үчүн.

Баары кетип... күн түшүп Мусалыга,
барбай калса - балакет, жут алууда.
Керек болду кетменин саптаганга,
керек болду кээ бирде кусалууга…

Кары-жаштын суранчын ойлонуп ал,
каптап-толуп жаткансыйт бойго кумар.
Майрык буту жакындан көзгө илинбей,
кайрык колун жаагына койгону бар…

Андан ары кеткенде - учат эле,
аты өркүндөп - жеткенде "Мусакеге"
согуш бүтүп… өлбөгөн эрлер кайтып -
"согулду" артка… соолду дем туташ эле.

Малынып ал жалгыздык кучагына,
"Майрык" аты кайрадан күч алууда -
керек болбой кетменин саптаганга,
керек болбой кээ бирде кусалууга…

Андан ары кеткенде - учат эле,
аты өркүндөп - жеткенде "Мусакеге"
согуш бүтүп… өлбөгөн эрлер кайтып -
"согулду" артка… соолду үнү туташ эле.

Басаар жагы жок калып, басаар жагы,
жашаар жагы жок калып, жашаар жагы -
муң-зар муунтуп - төрт уулу кайтпай, аттиң,
Мусалыга сук артат Матан-кары…

Те кийин бир айтпаспы саламды ага:
- Демдүүсүзбү? Билерсиз кабарды, аба?
Жакында бир согуш-не болоор бекен?
Жама-ан гана зериктим, жаман гана…

КҮНДҮЗГҮ АЙ
(Любомир Левчевден)

Аалам өзү Жерден жана Асмандан,
анан дагы Эмне үчүндөн түзүлгөн.
Мына мен да
башкалардай каалаймын
ар нерсенин ачык, даана болушун.
Формула да формуладай калышын.
Билим пайда беришин.
Эмнеликтен, а бирок,
окуганда трамвайда баратып
соңку жаңылыктарды -
ошол замат же болбосо кечирээк
чоңдорумдун талдагансып айтканын
сыдырып бүт карап өтөм асманды
кыры менен көзүмдүн?
Эмнеликтен караймын?

Дал ошондо,
Күндүзгү ай,
туям, сезем сенин чыгып турганың -
эмдегенде калган издей бүлбүлдөп.
Эмнеликтен караймын?
...Ашканада тамак ичип жатканда,
макаламды бүтүрөрдө шашылыш
сезем дайым сени мен.
Алаксыткыч белемсиң маа,
Күндүзгү ай -
аппак аян, тунук аян -
албан сыр...

Жатасың сен эмне кылып, болбосо,
жаркыраган убакта бу түш оогон?
Кеч болсо да кармалып,
кезересиң убак-саатсыз не мынча?
Баары бирдир кеч калганың, а балким?
Баса, мунуң мен гана үчүн эмес дейм!
Мен деген бир убактылуу жан дечи.
Мен кыскамын ырларымдай өзүмдүн.
Ачык, даана болсо экен дейм ар нерсе.

Күндүзгү ай, сен -
үйлөнүү үлпөт күнүндө
үмүт менен кийчү фата белемсиң
көк ааламга ташталган.
Сенби - ал түндүн эскерткичи аялуу...
сенби - эртеңди алдынала сезчү күч?!

ОТ
Күчүгүмсүң, күчүгүм,
күмөн сенин үшүүрүң.
Келгин, ооба, тиштеп кач
кепичимдин үзүгүн.

Кулжуң этип сырактай,
кубуласың сымаптай.
Жөн турбайсың ойдолоп
жонуңдан бир сылатпай.

Кыйла орундуу кекейиш,
кыйын болсоң - жет, өбүш.
Ээн талаада эрикпес
экөөбүзбүз, экөөбүз.

Кээде сүзүп тике эле,
кээде артка итере…
сен балакет окшойсуң -
секиресиң тиземе.

Ачуу эмеспи тырмагың,
айырбастан тырмагын.
Этим калды көрүнүп,
эй-эй, эмне кылганың?!

Сандан ары тепчүбү
сага окшогон кескини!
Кулай жаздап турасың -
курсак ачып кеттиби?

Мына, ме, ме, тамагың,
мыйдай жалмап-жалагын.
Тамак берсем - талпынып
такыр калбайт жан-алың.

Соргогум-ай, соргогум,
сороктоду колдоруң.
Жоо деп санап баарысын,
жолотподуң, коргодуң…

НУРКАН АПА
Нуркан апа, нурлуу апа, жан апа,
нуру толо, нугу толо дары апа.
Айылдын бүт энеси өзүң болчусуң -
абышкаңдын 110 жашын санаса.

Буйрулуптур башка нукта өркүндөш,
бул дүйнөнү өзүңдөйлөр өлтүрбөс -
Жумалы абам журт башкарып турганда
жүрөк туштан жулкуп-жыккан мөлтүр көз!

Торго түшүп өзүң дагы… башкармаң…
токолу элең байбичени башкарган.
"Алсаң…", "Ичсең…", "Жесең…"
менен багуулап,
"Абышка…" деп оозуң көнгөн жаштайдан.

Өзүнөн чоң, улуулардын жеңеси,
өзү менен удаалардын энеси…
Кылым-кылым ары жактагы кыргыздын
кымбаттуу бир керээзи элең, керээзи...

Токсон ашып абам өткөн кезинде
токтобой эч боздогонуң эсимде.
Кандай гана укмуш кооздук чачыдай
кадалуу эле ошол ыйдын четинде?

Кадырмандын кадырына жетүүчүм,
калса артында - какшап ыйлап кетүүчүм.
Өзүң жашташ кызы болсо абамдын
өксүйт беле бере жаздап эс-учун…

Нуркан апа, нурлуу апа, жан апа,
нуру толо, нугу толо дары апа.
Айылдын бүт энеси өзүң болчусуң -
абышкаңдын 110 жашын санаса.

Күркүрөгөн доордун алтын боосу элең,
күр жайлоонун күмүш-чолпу доошу элең.
Балжуурандай биздин бала чактарда
бажырайган күндөн дагы коозу элең!

Ажалга өзүң азоого окшоп көнгөнсүп,
араң турам көзүмдөгү көл көлкүп -
он эки жыл мурун өлгөн өз апам
өзүң менен биротоло өлгөнсүп…

КАЙСЫН КУЛИЕВДЕН
Көзүнөн эч көрүнбөсө муң-кайгы,
Андай жанга ишенбеймин азыр да.
Суулар деле боздоп-ыйлайт турбайбы
Суру кетип - музга айланып-катыырда.

Биз сыңары күйүт тартат дайра анан
Билип туруп өзгөрөрүн табигат.
Эрип муздар, эрип муздар кайрадан,
Кайың-талдын жалбырагын жамынат.

Түшбаратып - барик онтоп-сыздап тур,
Бутак сынса - буркураган муң башка!
Муз эрисе - муун бошоткон көз-жаш бул,
Муңбайт кантип - чөптү эгерде муз басса?

Батаар күндүн шооласы тур көрсөтүп:
Ат тулкусу намыс тура - байкалбай.
Чаңдуу жолго кулайт жашы мөлт этип,
Жаныбар-ай, калса жүгүн тарта албай.

Туюп-сезип турсуңарбы, акындар,
Түп-тамыры кыркылган чөп арманын?
Саргарат не жалбырактар бачымдан?
Зарлатат не таштап кетип ардагың?

Жабыкпастан жашайт адам сомодой -
Жан адамды сүйө албаган каргаша -
Мүңкүрөгөн энесине жолобой,
Мүрт кеткен бир тууганына барбаса.

Көп адамдар сүйүнүшпөйт кайта не
Көрсөткөндө жаштык кезин орчундуу?
Сүйүш оңой адамзатты жалпы эле,
Сүйө билгин, кыйын болсоң, коңшуңду.
1964

АКЫН КАРБАЛАС БАКИРОВГО


* * *
Македонскийден жеримди коргогонсуп
Чач алдырбай атама - салгылашкам!

* * *
Күнөөсүз өсүү жагынан
Үлгү алсак болот чөптөрдөн.

* * *
Жымжырт бөлмө, шыңгырт этет жан дүйнөм.
Мен коңгуроо - там кийген.

* * *
Кеп салабыз дайыма чокулардан.
Байза деген чоңкону жолуктурдум
Биз эңсеген чокудан отун алган.
К. БАКИРОВ


Салды мени ырларың оолуктуруп,
зардал, асем дүйнөгө жолуктуруп…
Ушул сыйкыр ырларды жазгандырсың
ушунчалык супсулуу болуп туруп?!

Жылбайт кимдер секирип тактан-такка?
Жыргайт кимдер секирип саптан-сапка?!
Мала кызыл түспөлүң малинага
айлангандыр буларды жазган чакта?

Сыры эмнеде жерди оё басканыңын?
Сыр-Дарыя ырыңда ташканынын?
Чымчып - жакшы көргүнү келтирип тур
чыпыйган бир муруну саптарыңын.

Жараткандын раазымын буйругуна,
жаным ырдын жагымын туйду мына -
тыйынчычкан шакта ойноп секиргенде
тийип кеткен өңдөнүп куйругу маа.

Оюң кандай жапжаңы, оюң кандай!
Толум-шамдай жапжарык, толум-шамдай -
казан-аяк, китеп-не, кийим-кечек…
кайда болсун жарашып коюлгандай!

Сөздөр... сөздөр... аттардай алкынышкан!
Сөөккө чейин чарпып от, чарпып ызгаар...
Чырмалышып ырыңда жатат ана
Чыңгыз-Ханды чыгарган каршылыктар!