Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Аскар Салымбеков, экс-депутат:

"Бизнесим талкаланса миңдеген киши жапа чегип, канчасы жумушсуз калмак"

Гезитибиздин мурунку санында "Салымбеков эр экен, Президенттен шер экен" деген аталышта маалымат жарык көрүп, Аскар аганын Данияр Көбөновго "Жип" автоунаасын белек кылары белгиленген. Көрсө, Аскар мырзанын кыргыз балбандарына берчү белегин кем көрсөткөн экенбиз. "Жип" эмес, андан өйдө белек камдаптыр. Аны ири ишкердин өз оозунан угуңуздар.

- Аскар Мааткабылович, Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн Азия олимпиадасында өлкөбүзгө аброй апкелген спортчуларга белек даярдап жаткан экенсиз, ошол туурасында сөз баштасак?
- Ар бир өлкөнүн кадырын көтөргөн, беделин бекемдеген тармактардын бири спорт экендигине жакында дагы бир жолу күбө болдук. Жеңишке жеткен мамлекеттердин туусу желбиреп, элинин намысы көкөлөп турду. Алардын арасында биздин балбандарыбыз жеңишке жеткени бардыгыбызды чоң кубанычка, айтып жеткире алгыс сүйүнүчкө бөлөдү. Ушундай жакшылыктарга күбө болгондо, кашыктай жасаган мээнетиң бекер кетпегенине ынанып, кыргыздын намысына жаралган балдарды колдогонго ынтызарлыгың артат экен. Мынабул экөөбүз сүйлөшүп жаткан шаардын ортосундагы (Күрөңкеев менен Шабдан Баатыр (Совет) көчөлөрүнүн кесилиши) "Дордой" спорт комплексинде футболчуларга шарт түзүп бердик. Учурда өспүрүмдөрдөн баштап чоңдорго чейин машыгып жатышат. Билесиңер, эларалык оюндарда "Дордой" футбол клубун сүрөп келатабыз. Ишибиз жаман эмес. Дүйнөдөгү 350 клубдун эларалык рейтингинде 244- орунда турабыз. Экономикалык абалыбызга, өнүгүү шартыбызга ылайык мындай орун бир топ эле жетишкендик десек болот. Мындан сырткары Спорт клубун түзүп, ал жерде күрөшчүлөр, штангисттер, көркөм гимнастика чеберлери тарбияланууда. Жакында кол күрөш боюнча Азия оюндарында жеңүүчү болгон Айнура Асанбекова деген кызыбыз бүгүн (1.12.10) Америкага кетти. Гуанчжоудагы олимпиадага көркөм гимнастика боюнча барган кыздарыбыз жана төрт балбаныбыз куру кайтпады. Калыбек Жолчубеков күмүш медалга ээ болду. Көрүнгөн реалдуулуктан баам салсак, учурда Кыргызстанды күрөш менен даңазалай аларыбыз баарына билинди. Пекиндеги олипиадада күмүш, Гуанчжоуда алтын алдык. Көкүрөк көтөргөн демди солгундатпай, күрөш жаатына өзгөчө басым жасап, бүгүндөн тарта Лондон олимпиадасына кам көрүүбүз кажет. Анткен менен балбандарыбыздын машыккан жерлери кичирээк, абасы оор болуп, азыркы талаптарга жооп бербегенин көрүп, кыргыздын желегин желбиреткен Д.Көбөнов, К.Жолчубеков, Ж.Кенжеевдин медаль алышынын урматына "Дордой" ассосациясы жыйынын өткөрүп, "Дордой" комплексиндеги спорт залды күрөшчүлөргө берели деп чечтик. Жакын арада ал жерге ар бири он миң доллардан турган үч килем төшөлүп, эркин жана грек-рим күрөшүнүн курама командалары машыгып, дене-боюн чыңдап башташат. Ошондой эле кичинекей балдар үчүн күрөштүн эки түрү боюнча секция ачалы деген бүтүмгө келдик. Бул - Пекин жана Гуанчжоу олимпиадасында жеңишке жеткен балбандарга "Дордой" ассоциация берген белеги болот. Силер жазгандай бир "Жип" эмес, бир нече "Жиптин" акчасына барабар болгон мыкты шарттагы залды бардык балбандарыбызга тартуулаганы турабыз. Мындан сырткары жеңишке жеткендер үчүн өз өзүнчө белектерибиз да бар.
- "Дордой" спорт комплексинде спортчулар үчүн кандай шарттар түзүлгөн?
- Биз футболчуларды, күрөшчүлөрдү, машыктыруучуларды айлык акы, мыкты даярдануу үчүн тамак-аш, ошондой эле жатакана менен камсыздайбыз. Айта кетсек бир эле жерде эмес, спорт залдарды Кантка, Ат-Башыга жана Ак-Талаа районуна салдык. Эми Көлгө салалы деп турабыз. Кызыл-Кыя, Баткен, Таласта филиалдарыбыз бар.
- Чоң, өнүккөн өлкөлөрдө спорту колдогон, клубдарды жетектеген адамдар чоң киреше табарын угуп жүрөбүз. Биздин спортто киреше деген нерсе болобу, жокпу?
- Бизде киреше деген түшкө кирбеген нерсе, жалаң чыгым. Мисалы, футболдук команданы бир жыл кармаганга эле 500 миң долларга чукул акча керек. Таратып жиберейин дейсиң, намыс деген нерсе жол бербейт. Себеби, футболу жок өлкө менен эч ким эсептешпейт.
- Чоң каражат менен клубду футболдун күйөрманы катары кармап турасызбы?
- Кыргызстандын намысы үчүн кармап турам. Анткени, ушундай негиз менен он беш жылдык аракеттин аркасында "Көк бөрүнү" жаңы эрежелер аркылуу эл аралык деңгээлге көтөргөнгө салым коштук. А жерде да баарын акча чечет. Аттарды кармаганга жем-чөп, балдарга айлык. Казакстан, Өзбекстанга аттары менен улакчыларды чогуу апарып мелдештерге катыштыруу дегендерге жалаң керектелет.
- Көк бөрүнү олимпиадалык оюндарга киргизгенге аракет көргөн жоксуздарбы?
- Чоң оюндардын катарына киргизгенге бир гана тоскоолдук бар. Ал улакты тартып жатканыбыз. Дүйнөдө жаратылышты коргогон Жашылдар сыяктуу уюмдар улакты тартканыбызды өөн көрүшүп, бизге бөгөт коюп келишет. Улактын ордуна уйдун, топоздун, буканын терилеринен макет, муляштарды жасадык. Бирок, эч кимиси чыдабайт экен, баары айрылып калды. Көрсө, жаңы союлган улак менен торпок гана чыдайт турбайбы.
- Демек, Сиз саясатты жыйыштырып, спортту көтөрөйүн депсиз да…
- Экономиканы десек туура болот. Себеби, каражатың болсо искусствону, маданиятты, спортту ойлой баштайсың. Ал үчүн бизнесиң болуш керек. Азыр социалдык үйлөрдү курууну да пландап жатабыз. Акчасы аз, батирде жашаган жаштарыбызга панелдик болсо да бир, эки бөлмөлүү арзан үйлөрдү курсак деген ой бар. Анткени, баары элиталык үйлөрдү салып, асмандын башындагы бааны айтып, сатып жатышат. Биз болсо арзанын салалы деп, долбоорлорду түздүк. Бирок, үйлөр курулчу жерге шаарыбыздын инфраструктурасы жетпегендиктен токтоп турат. Түтүкчөлөр, суу, электр, газ барганда ишке кирет эле. Тилекке каршы, аны өкмөт аткарбай турат. Жаңы өкмөтүбүз ушул жагын ойлонот деген ишенимдемин.
- Саясатчы…
- Саясатты көрбөдүкпү. Кыргызстанда анын эрежелери так аткарылбайт. Жыйырма жылдан бери мыйзамдар тебеленип келүүдө. Президент баш болуп бардыгы мыйзамга баш ийгенде гана саясат жаралат. Ал эми мыйзамдар кагаз жүзүндө калып, аткарылбаган жерде саясатка аралашам деген курулай иш экен. Эгер бардыгы Конституциянын талаптарын так аткарып, мыйзамдын диктатурасы орносо, саясатка аралашам.
- "Акжол" партиясына өз демилгеңиз менен кошулбаганыңыз чынбы?
- Ооба, мени жазып коюшкан. Сьездине да барган эмесмин.
- Кошулбайм дей албадыңызбы?
- Ошол маалда мен каршымын, барбайм деп айтуу кыйын эле. Өрттөп же белгисиз кылып жоготмок. Же канча эмгек, маңдай тер менен кураган бизнести талкалашат эле. Менин бизнесим талкаланса миңдеген киши жапа чегип, канчасы жумушсуз калмак. Ошончо элдин тагдыры да ойлондурбайт койбойт экен. Экинчиси, жалаңач баатыр болуш үчүн канча жылдык эмгекти, мээнетти талаага таштап, кечип кетүү дагы акылга сыйбаган иштей сезилди. Бирок, алардын ырын ырдап, чоорун созбодум. Элибиздин көтөрүлгөнүн, бакиевдерди кууп чыкканын кош колдоп колдойм. Эми элдин талабы аткарылып, мыйзамга барыбыз баш ийип иштесек. Мисалы, футбол судьясыз ойнолбогондой, саясат да арбитрсиз болбойт. Биздин өлкөдө Конституция бар, ал аткарыла элек. Анткени, арбирт болуп ышкырчу киши өзү тартипти бузуп, башаламандыкка жол берип келди. Тактап айтканда, эреже турат, аны көзөмөлдөп иштеткен арбитр жок.
- Парламенттик системага көз карашыңыз?
- Мага азыр бийликте бир монополия болбогону абдан жагып жатат. Баягыдай бирөө келип эле бардыгын мыкчып, жакпагандарды талкаламай жоголду. Бири бирин көзөмөлдөп, тегиздикте баратат. Журналисттер, депутаттар коркпой-үркпөй сүйлөп, аша чапканын тизгиндеп турганга шарт жаралды. Эми түзүлгөн өкмөт чечкиндүү иштеп, ыкчам иш алпарса эле болду.

Памир Манас










кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??