Биринчи IТ форум ийгиликтүү өттү

К ыргызстандагы эң прогрессивдүү жана динамикалуу телекоммуникация тармагы реформалардын жана жаңы ачылыштардын алдында турат. Өткөн жумада Бишкекте маалыматтык технологиялардын I улуттук форуму өттү. Бул иш-чара бийлик, бизнес жана активдүү коомчулукка пикир алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түздү.

Форумда маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, Интернетти жана уюлдук байланышты өнүктүрүү маселелери кеңири талкууланды. Президент Р. Отунбаева форумду ачып, бүгүнкү күнү республикада байланыш рыногунун көлөмү ички дүң продуктунун 8% жетип, жылына 15 млрд. сомду түзөөрүн белгиледи.
Форумдун катышуучулары 3G (үчүнчү муундун байланышы) стандартындагы байланышка өтүүгө өзгөчө көңүл бөлүштү. Үчүнчү муундун мобилдик түйүнү экинчи муундагы түйүндөн (GSM жана GPRS) маалыматтарды берүүнүн өтө жогорку тездиги, үндүн мыкты сапаты, кеңири кызматтары менен айрымаланат.
Роза Отунбаева ошондой эле IT-технологиялар көргөзмөсүнө катышты. Биринчи дубал тактасы "MegaCom" компаниясына тиешелүү болду. Башкы директордун орун басары Жылдыз Караталова жана россиялык инвесторлордун бири Президентке Кыргызстанда уюлдук байланыш рыногунун өнүгүүсү жана компаниянын жакынкы аралыктагы аракеттери жөнүндө айтып беришти.
- Россиялык инвесторлордун мыйзамдуу укуктары кайтарылгандан кийин биз жаңы телекоммуникациялык долбоорлорду ишке киргизип жатабыз, - деп билдирди Жылдыз Караталова. - Мындан өлкө эмнени утат? Инвестициялык климат жакшырат, салыктык чегерүүлөр өсөт, жаңы жумуш орундары пайда болот. 2013-жылдын аягына чейин 3G жана LTE долбоорлоруна болжол менен 50 млн. доллар инвестиция тартуу пландалып жатат.
Жылдыз Караталова компания өлкөнүн ар бир облусунда өзүнүн өкүлчүлүктөрүн ачып, элет менен шаарлардын ортосундагы "маалыматка жетүү теңсиздигин" жоюуга алгылыктуу аракеттер жасалганын айтты.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда уюлдук байланыш менен 4 млн, Интернетти - 2 млн. адам колдонот.

Нурбүбү БөдөшОва





  Террорбу же тентектикпи?

Жардыруулар жана атышуулар.
Эксперттер эмне дейт?

О штогу атышуулар жана Бишкек шаарындагы жардыруу боюнча эксперттердин пикири кандай? Аталган окуяларга кимдер катышкан жана алардын максаты эмне болушу мүмкүн. Бул суроолорго жоопту эксперттердин пикиринен алмакчыбыз.

Кадыр Маликов:
"Теракты уюштурууга буйрук кылгандар
Кыргызстанда экендиги күмөн"

Булар Бишкекте жардыргыч заттар менен кармалган жана Ошто жок кылынган топторго тиешелүү адамдар болушу мүмкүн. Алар биргелешип, бир учурда иштеген жана радикалдык чоң топторго тиешеси жок адамдар. Мен булар радикалдык мүнөздөгү сепаратисттер деген Ички иштер министринин тыянагы менен макулмун. Бирок, алар болгону катардагы аткаруучулар гана. Терракты уюштурууга буйрук кылгандар Кыргызстанда экендиги күмөн туудурат. Ал эми мунун артында эл аралык саясий идеалар турат дегенге ишенүү кыйын.




  Токтогул Какчекеев:

"Ошко үйрөтүлгөн сепаратисттер кайтып келишти"
Ошко 250-500 үйрөтүлгөн сепаратисттер кайтып келишти. Түштүктүктөр бүткүл мамлекеттик күтүүсүз өзгөрүүлөрдүн катышуучусу болуп жатат. Наркотрафик тууралуу маалымат базасы 17 жылдан бери түзүлгөн жок! Системалык жүрүштөр жок. Орусиялык эксперттердин айтымында 80-90- жылдары биз аркылуу эки млрд доллардык наркозаттар Орусия тарапка жеткирилип турган.
Оштогу атышуулар кийинки окуялар менен байланышы бар деп божомол кылып жатам. 250-500 түштүктүктөр июнь окуяларынан кийин трансулуттук наркобарондорго кетишип, аларды атайын лагерлерде окутушкан жана түштүктө мамлекеттик бийлик жок экендигин билишип, ушундан пайдаланып калууга аракет кылышууда.




  Тарыхтын темгил барактары

ТУБАЙДЫН ТУУ КАЗЫГЫ ТАБЫЛДЫ!
Сол канат кыргыздардын тутумуна кирген Саруу уруусунун санжыра-тарыхында көрүнүктүү орунда турган Тубай баатыр аралашкан тарыхый окуялар тарыхчылар, санжырачылар, археологдор, этнографтар арасында али күнчө жеткилең изилденбей, кырмандын чети оюла элек. Ал жашап өткөн доордун окуяларын камтыган тарыхый да,көркөм да, илимий да эмгектер сейрек. Мына ошол Тубай баатырдын жортуулдарда, чабыштарда алып жүргөн Туусу туурасында эл ичинде не бир аңыз кеп, кызыктуу окуялар айтылып жүргөнү бар. Ошол аңыз кептердин бири - "Төңтөрт душманды төңтөрө сайбаганда, Тубайга туу кайдан тиймек!" Узун окуялуу бул учкул кептин ток этээр жери ушул деңиз - Саруу элинин Туусу сайылып келген туу казыгы болжол менен 600 жыл чамалуу мезгил өткөндөн кийин жакында Аксы районунан табылды! Бул туу казык Таласта Баркы уругунун насилдеринде сакталып жүрүп, кайсы бир мезгилде Аксыга кеткен деген божомол айтылып жүргөнү менен анын дайын-дарегин иликтеген, ага кызыккан адам болгон эмес.
Окуя издеп, сөз кубалап жүрүп түндүн бир оокумунда Аксынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Тубай айылынан Асылбек Абылгазиевдин үйүнө жеттик. Баарлашып отуруп кайра жолго чыктык да, көп өтпөй эле ушул айылдын дагы бир тургуну Турат дегендин жарыгы өчө элек терезесин такылдаттык. Ал чоң жарыгын күйгүзүп, үйгө киргизди. Тубайдын Туусунун казыгы дал ушул жерде экен.
Совет өкмөтү чыгып, колхоздоштуруу башталганда Тураттын чоң аталарын кулакка тартып, мал-мүлкүн ортолукка тартып алып жатканда Керимаалынын кемпири ушул туу казыкты жашырып алып калат.
1993-жылы Кара-Суу орто мектебинин салтанаттуу ачылышы болуп, мугалимдер окуучуларга "эски-уску буюм-тайым апкелгиле, музей да ачабыз" дешет. Тураттын 1981-жылы туулган кызы Айжан ушул темир баканды алпарат. Айылдагы темир уста Каныбек көрөрү менен эле, "бул бакан эмес" дейт. "Жөн темир мындай болбойт. Жаткырылган күмүшү өзгөчө ыкмада экен. Түпөк жана туу илүүчү бутактары да өзгөчө ширетилиптир, башындагы жарым Айды элестеткен эн тамгасы да башкача. Туу казыктын ашташа турган аягы да атайын үзөңгүгө таканчыктай турган болуп,ылайыкташып жасалган. Ээрдин кашына тушташ жери кармоого ылайыкташып, бир аз ичкерээк."
Ошондон кийин туу казыкты мектептен алып, Турат үйүндө сактап жүрөт.

Машакбай
РАХМАНКУЛОВ,
Аксы району