Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Коопсуздук кеңешинин экс-катчысы Мирослав НИЯЗОВ:
"Терроризмге шартты, опурталдуу кырдаалды түзүп берген бийлик күнөөлүү"
- Мирослав мырза, өлкөдө болуп жаткан азыркы кырдаалга тажрыйбалуу адис катары өз бааңызды берип кетсеңиз?
- Азыркы опурталдуу кырдаал кечээ же бүгүн түзүлгөн жок. Биз билип, билбей он беш, жыйырма жылдан бери келе жатканбыз. Бүгүнкү кырдаалдын жаратылышын түшүнбөсөк, анда аракеттердин баары оң жагына эмес, тескери жагына бурулуп кетиши мүмкүн. Ушул суроого туура жооп тапсак, мүмкүн келечегибизди ачып алаарбыз. Эгемендүүлүктү алгандан бери тажрыйбанын жоктугунан мамлекеттик түзүлүш, мамлекеттик курулуш деги эле мамлекет деген эмне экенин түшүнбөй, мамлекетти оюнчук катары пайдаланып келдик. Эки президентибиз үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын жогору коюп, акчанын артынан түшүп алышкан. Бийликте турган ар бир адам өз кызыкчылыгын коргоп, өз кызыкчылыгынын артынан чапкылап жүрүп, мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы четке кагылган. Мына бүгүн натыйжасы кандай болду? Элде бийликке ишеним жоголду. Керек болсо азыркы бийликке да ишенимсиз карап жатат. Анткени булар мамлекетти башкарууда тажрыйбасы жок болгондугунун кесепетинен башаламандыктар болууда. Алар бийликке "эмне болсо да барабыз" деген максаттар менен, кан менен болобу, өлүм менен болобу абдан опурталдуу жол менен бийликке келишти. Эми бийликке жетишкенден кийин арасында талаш-тартыш жаралып, биримдик болбой отуруп, ортодо кандуу окуялар болуп кетти. Ушунун айынан Кыргызстан эң артта калган мамлекеттердин катарын толуктады. Социалдык жактан начарлап, экономикалык абал оорлоп, керектүү товарлардын баасы күндөн-күнгө асмандаганы, андан сырткары улуттар арасындагы талаш-тартыш маселеси, бюджеттин таңкыстыгы көптөгөн кыйынчылыктарды пайда кылды. Муну менен биз дефолтко түшкөн мамлекеттердин катарын толуктадык. Кыргызстандын дүйнөгө аты чыгып кетти. Бирок, жакшы жагынан эмес тескерисинче жаман жагынан чыкты. Мындай шартта инвесторлор кача баштады. Бизнес кылып жүргөн адамдар кача баштады. Криминал башын көтөрдү. Иштейм деген адамдарга мүмкүнчүлүк берилбеди.
- Эми мындан ары келечегибиз эмне болот?
- Бул суроо менен ар бир кыргыз олуттуу ойлонуп, кылымдан кылымга келген кыргыз элибизди, жерибизди сактап калганга ар бир кыргыз аракет кылышыбыз керек. Анан чындык болбосо, биз кайрадан элдин үмүтүн үзүп салып, эртеси күнү жоголуп кетсек эмне болот? Ушуга жол бербешибиз керек.
- Терроризм боюнча айта кетсеңиз?
- Мына азыр терроризмге келдик. Буга билип билбей өзүбүз алып келдик.
- Балким сырткы күчтөр болуп жүрбөсүн?
- Жок. Мен буга эч качан кошулбайм. Биз өзүбүз, кыргыздар кыргыздардын түбүнө жеттик. Бүгүн терроризмге жол ачып бердик. Азыркы күндө терроризм реалдуу түрдө ачык болуп чыкты. Эми бул бүгүн-эртең токтоп калат деп эч ким кепилдик бере албайт.
- Демек улана берет экен да?
- Ооба. Уланып кетет. Анткени, өзбек сепаратизми деген көйгөй чыкты. Бүгүнкү күндө бул Кыргызстандагы реалдуу факт. Мен ойлойм жалпы өзбек эли тынччылыкты каалайт. Бирок, айрым өзбектердин лидерлери жана ошондой эле аларга жаштар дагы кошулуп кетип, сепаратизмге айланып кетти. Мына коркунуч ахыбалга эми келдик. Оор жолго түшүп калдык.
- Бүгүн бул жолдон кантип чыгуу керек?
- Биринчиден бул жолго эмне себептен түшүп калдык деген суроо туулушу мүмкүн. Себеби, биз эгемендүү мамлекет болгондон бери кадр маселеси тууганчылык, жердешчилик, жоро-жолдошчулук жол менен чечилип келаткан. Профессионалдык деңгээлин, адамдын мамлекетке керектүүлүгүн бүгүн биз четке кагып, өзүнчө жеке бир адамдын кызыкчылыгына иштеп берген адамдарды коюп койдук. Адашпасам, азыр мамлекеттин бир дагы тармагында ишене турган, тажрыйбалуу, профессионалдык деңгээли жогору, патриоттук сезими бийик адам жок. Эгерде бар болсо өлкөнүн абалы мынчалык төмөн түшүп кетпейт эле. Мамлекеттин кызыкчылыгын ойлосок, тууганчылык, жоро-жолдошчулук, жердешчиликти таптакыр четке кагып, профессионалдарга таянуу керек болчу. Кайсы тармак болбосун жалаң гана профессионалдык адистер бутуна тургузат. Ал эми чала сабат адамдар эч качан ишти алып кете албайт. Кыргызда "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун", "Кыйынчылык келгенде кыргыз башын көтөрөт", "Азапты тартканда акыл эсине келет" деген сөздөр бекеринен айтылбаса керек. Азыркы күндө акыл-эсибизге кирчү учур келди. Кыйкырык-өкүрүктөр менен эч нерсе чечилбейт. Тезирээк аткаруу бийликти түзүү керек. Аткаруу бийлик боюнча мен алдын ала айтып коеюн. Аткаруу бийликке эл арасына ишеним болбосо, булардын аракеттери биринчиден жокко чыгат, экинчиден опурталдуу ахыбалды ого бетер күчөтөт. Анткени эл чарчады. Ишеничтүү бийлик керек. Тилекке каршы, азыркы түзүлгөн парламент баягы эле эски саясатчылар болду. Бул боюнча элде кенен маалыматтар бар. Эмне болгон күндө дагы өзүбүз шайлап, өзүбүз түзүп алган бийлик. Эми буларга биз кандайдыр бир ишеним көрсөтүп, шарт түзүп, иштегенге мүмкүнчүлүк берүү керек. Анткени жоопкерчиликти ала турган аткаруу бийлиги болбосо эч кимден эч нерсени сурай албайбыз. Өкүнүчтүүсү бүгүнкү күндө бийлик жоопкерчиликсиз системаны түзүп коюшту.
- Деги эле азыр жоопкерчилик кимде болууда?
- Бийликте турган адамдар мансап үчүн жоопкерчиликтен качкандар болучу. Мына Аксы окуясы болгондо бир дагы саясатчы жаза тарткан эмес. 7-апрель боюнча сот иши жүрүп жатпайбы. Жоопко тартылып жаткандардын бардыгы укук коргоо органынын кызматкерлери. Ал эми кылмышка тиешелүү саясатчылардын бардыгын качырып жиберишти. Бакиевди жана анын жан-жөкөрлөрүнүн бардыгы жок болуп кетти. Эми офицерлерди соттоп жатабыз. Офицерлердин ар-намысын тебелеп-тепсеп берсек Кыргызстанды ким коргойт??? Мен буларды мактайын деген оюм жок. Аларда деле көп кемчилик бар. Бирок, күнөөнүн баарын булардын мойнуна койгонго болбойт.
- Соттук кароо адилет болобу?
- Эгерде сот ишин будамайлоо жолу менен бүтүрүп сала турган болсо, бийлик жоопкерчиликтен качырса, эл бул чечимге ишенбейт. Анткени эң негизги бир дагы күнөөкөр жоопко тартылбастан, офицерлер соттолуп жатат. Ортодо бүгүнкү бийлик мурдагы бийликтин саясатын колдоп, жоопкерчиликтен качып жатышат. Өткөндө тополоң болуп, кан төгүлүп кеткенде "кечирип койгула калайык калк бизде күнөө"-деп бийликтен бирөө кечирим сураган жок. Миңдеген үйлөр өрттөлүп, көптөгөн адамдар өлүп кетти. Белгисиз жоголуп кеткен адамдар болду. Буга ким жооп берет? Жооп бере турган адам болбосо биз кандай мамлекет болобуз? Мамлекетибиз бутуна тура электе, чек арабыз тактала электе, көйгөйлүү маселелер күндөн-күнгө ырбап жаткан учурда жоопкерчиликтен кача турган системаны толугу менен куруп алдык. Мунун келечеги кандай болот белгисиз? Азыр жерим, элим, Кыргызстаным деп күйүп-бышып жүргөн инсандарыбыз көп. Бирок жол табалбай дагы деле темселеп, адашып жүрөбүз. Келечегибиз бүгүнкү күндө дагы бүдөмүк болуп, улам барган сайын кырдаал оорлоп, ишеним жоголуп жатат. Миграциянын саны өсүүдө. Ал эми биздин өлкөбүз Кыргызстан кереметтүү жер. Ата-бабаларыбыз бизге кереметтүү жерди, таза сууну, толгон-токой байлыктарды калтырып кеткен. Эми биз арбактардын алдында аларды көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз. Бейпил жашоо-турмушка бара турган жол-Конституция эмес, адам! Биз адамдын феноменин ордуна коюшубуз керек. Албетте Конституцияга башыбызды ийишибиз керек. Бирок, эң мыкты Конституция дагы бизди бейпил жашоого алпарбайт. Адамдын феномени, башкача айтканда мыкты инсан гана кыйын кырдаалдан чыгарып кете алат. Элибиз да адамдык абийири бийик, профессионалдык деңгээли жогору адамга таянса, ошондо биз ушул кырдаалдан чыгып кеткенге шарт түзөбүз.
- Кечээ биздин өлкөдө чети кылтыйа баштаган террорго токтоло кетсек. Бул боюнча түрдүү божомолдор айтылып, аягы Бакиевдерге барып такалууда. Мунун канчалык ишенимдүүлүгү бар?
- Биз бир нерсени түшүнүшүбүз керек. Бийликке ишеним жок болгондо радикалдуу күчтөр башын кошушат. Ошентип жүрүп булар мамлекетте өзүнчө бир өтө коркунучтуу чоң күч болуп калат. Анткени бийликтин алсыздыгы, алардын аракеттери өз кызыкчылыгына багытталып отурса, анда эл арасында ишеним болбой, тескерисинче радикалдуу күчтөргө ишеним көбөйөт. Ошол үчүн бүгүн террордук ишти ким жасады деген суроого укук коргоо органдары жооп бериши керек. Ал эми бүгүнкү шартты түзүп берген - саясатчылар. Бул боюнча күнөөнү бүгүн ар бир саясатчы көкүрөгүн какпай мойнуна алуусу керек. Терроризмге шартты, опурталдуу кырдаалды түзүп берген бийликтеги бардык саясатчылардын эл алдында күнөөсү бар.

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??