Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

ЕККУ саммити:
Кызматташтыкка чек ара жок
1-2-декабрда, кошуна Казакстандын борбору Астана шаарында Казакстандын төрагалыгы астында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жогорку деңгээлдеги жыйыны өтүп, анын ишине ЕККУга мүчө 56 өлкө катышты. Мындай чоң деңгээлдеги жыйын акыркы 11 жылдан бери боло элек болучу. Соңку саммит Түркияда болгон. Андан бери дүйнөлүк геосаясатта, анын Евразия континентинде өтө зор өзгөрүүлөр болуп өттү. Мына ушул өңүттөн алып караганда, Астанада өтүп жаткан ЕККУ саммитинин тарыхый мааниси чоң экени айтпаса да түшүнүктүү.


Белгилүү саясат таануучу Токтогул Какчекеев менен маектешкенибизде, дүйнөлүк саясаттагы оомалуу-төкмөлүү өзгөрүүлөрдү жакшы билген адис катары Казакстандын төрагалыгы астында өтүп жаткан саммитке чоң тарыхый окуя катары баа берди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө терроризм, сепаратизм, диний экстремизм 21-кылымдын чоң коркунучу болуп турганда, коопсуздук жана кызматташтык маселеси алдыңкы планга чыкканы мыйзам ченемдүү иш. Кыргызстандагы июнь окуясы, кечээ жакындагы Ош шаарындагы теракт жасоого даярдангандардын жок кылынгандыгы, Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардыруу дүйнө өтө кооптуу абалда турганынан кабар берет. Айталы, Кыргызстанга болуп жаткан коркунуч ага ичтен эмес, сырттан келип жатканы эч кимге жашырын эмес. Демек, ал коркунуч менен Кыргызстан өзү жалгыз күрөшө албайт. Терроризм, экстремизм, сепаратизм өңдүү эл аралык баш ооруга айланган коркунучтар бүгүн коопсуздук маселесинде чегаралар жоктугун жана бул коркунучтарга биргелешип гана каршы тура аларыбызды тастыктоодо. Евразия континентинин кичи БУУ (Бириккен улуттар уюму) аталган ЕККУ өзүнүн 35 жылдык тарыхында тарыхый миссиясын татыктуу аткарып жатат.
Белгилей кетчү жагдай, ЕККУнун Астана саммитинде Кыргызстандагы коомдук-саясый кырдаал көңүл борборунан сыртта калбастан, дүйнө лидерлери биздин өлкөнүн келечегине тынчсызданганын ачык эле айтышты. Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Казакстандын ишмердигине карата жылуу пикирин билдирүү менен, Кыргызстандагы жана башка аймактардагы кырдаалды жөнгө салууда ишенимдүү иш алпарганын белгиледи. Бир гана БУУ баш катчысы Пан Ги Мун мырза эле эмес, бул саммитке катышкан көптөгөн лидерлер Кыргызстандагы акыркы бир жылда болуп өткөн окуяларга жаны ачыганын угуп олтуруп, аттигиниң кыргыз саясатчылары да ушуларга окшоп Кыргызстан үчүн күйүп-жанса деген ой кетет экен. Кантсе да Кыргызстан алардын өз өлкөсү эмеспи.
Кечээ Кыргызстанда бир күндүк иш сапары менен болуп кеткен АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон: "Кошмо Штаттары жана бардык Кыргызстандын тагдырына кайдыгер эмес карагандар бул өлкөдөгү демократиялык коомду калыптандыруу боюнча алган багытын колдошубуз керек. Кыргызстан өтө оор жолду тандап алды, бирок да Кошмо Штаттары мүмкүн болгон бардык колдоосун көрсөтөт" деп билдирди.
"Кыргызстандагы курч саясый кризис Борбордук Азиядагы жаңы конфликттердин очогу болуп калышы мүмкүн" деди ЕККУнун саммитин ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев. Казак агаиндердин эл башысы Кыргызстандагы кырдаалды стабилдештирүүдө Казакстан АКШ жана Россия менен бирдикте ЕККУнун бардык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланганын белгилөө менен, "Евразия коопсуздугу кандайдыр бир метафора эмес, бул геосасый фактор. ЕККУнын максаты - анын катышуучуларынын ортосундагы интеграцияны жана ишенимди бекемдөө менен, карама-каршылыктарды чечүү. Чыгыш - Батыш багытында бир жагынан НАТО жана Евросоюзу менен экинчи жагынан КМШ жана ОДКБнын ортосундагы өз ара мамилени жөнгө салуу" экенин баса көрсөттү.
ЕККУ саммитинин көптөгөн катышуучулары уюм жаңыланышы зарылдыгын жана өзүнүн мейкиндигин андан ары кеңейтиши керек экенин белгилеп өтүштү. Астана саммити аркылуу ЕККУ бул уюмдун керектигин дагы ирет далилдөө менен, дагы бир тепкичке өйдө көтөрүлдү. Казакстандын тышкы иштер министри Канат Саудабаевдин: "Кыргызстандын түштүгүндөгү окуялар ЕККУнун зарылдыгын бекемдеди" деп айтканына кошулуу менен бирге, жаңыланган дүйнө, жаңы коркунучтар, коопсуздуктар бул уюмдун алдына жаңы максаттарды коюш да керек деген ойду айтар элек.
Ооба, түштүктөгү июнь айындагы демекчи, Кыргызстан бүгүн да тынч эмес. Кечээ жакында Ошто жок кылынган террористтик актыларды жасоо үчүн уюшулган топ, Бишкектеги Спорт сарайынын жанындагы жардыруу өлкө оор жана татаал кырдаалды башынан кечирип жатканын билдирет. Эгер Оштогу жок кылынган топтун арасында мечиттин имамы да болгондугу тууралуу маалыматты эске алсак, анда кырдаал кыйла эле татаал экени айтпаса да түшүнүктүү. Биз эч качан Оштогу июнь айындагы окуяларда мечиттерден азан айтылганын эстен чыгарбашыбыз керек. Ислам таануучу Кадыр Маликов "Азаттыкка" берген маегинде "Кыргызстанда эмнелер болуп атканын көрүп жатабыз. Жакында Тажикстанга барып келдим, ал жак да биздикине окшош. Айрыкча коңшу өлкөнүн Батыш жагында же биз менен чектешкен аймагында тажаал динге кирген жаштардын өкүлү саясатташып баратыптыр. Борбор Азиянын, көбүн эсе компартиянын кадрларынан турган элитасы заман кантип оошуп, доор кантип өзгөрүп келатканын билбейт экен, билгилери да келбейт экен. Ошондуктан кокус Кыргызстанда дагы бир революция болуп кетсе, ал -ислам революциясы болушу ыктымал. Себеп дегенде каруу-күчкө толуп турган жаштар жакшы жашагысы, иштегиси келет. Революция бизде эки ирет болду, тилекке каршы экөөндө тең эл күткөн чыныгы революциялык өзгөрүүлөр болгон жок. Бийликте баягы эле аткаминерлер, баягы эле депутаттар. Коррупция басаңдоонун ордуна кайра күчөп барат" деп билдирди.
Кыргызстанда абал оор бойдон кала берүүдө. ЕККУ саммитине катышкан Роза Отунбаева Астана саммитинин тарыхый ролун белгилөө менен, бул уюмдун мейкиндигинде коопсуздук жалпы жана бөлүнгүс болушу зарылдыгын баса белгиледи. Кыргызстан Евразия континентинин ажырагыс бөлүгү. Бизге ушу тапта тынчтык, бейпилдик, стабилдүүлүк болуп көрбөгөндөй керек. Жаңыланып, жаңы мейкиндиктерди, жаңы максаттарды багынтууну максат кылган ЕККУ мында өзүнүн тийиштүү ролун аткара береринде ишеним чоң. Кызматташтыкта чегара жок.

Болотбек
Таштаналиев





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??