Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Депутаттар ишти түштүк
окуясын изилдөөдөн баштады
Парламенттин бүгүнкү отурумунда түштүктөгү май, июнь айындагы коогалаңды иликтөө комиссиясын күн тартибине киргизүү сунушуна добуш берилди. Ага 106 депутат "макул" болду.
Ар бир фракциядан 5тен депутат комиссиянын курамына кирмей болду. Алар: "Ата Журт" фракциясынан Осмонов Курманбек, Жолдошева Жылдыз, Жапаров Садыр, Жунусов Ибрагим, Жумабеков Дастан. "Ар намыстан" Калматов Анарбек, Мамырова Бөдөш, Артыков Анвар, Гусаров Игорь, Мамытов Токон. КСДПдан Данияр Тербишалиев, Курсан Асанов, Жээнбеков, Атажанов, Исаков. "Республикадан" Сулайманов, Шайназаров, Исаев, Алимбеков, Төрөбаев. "Ата Мекенден" Сасыкбаева Асия, Айтматова Ширин, Сабиров Равшан, Мадылбеков Турат, Төлөнөв Райхан.


Жаңы оппозиция "туулду"
Жогорку Кеңештин депутаттары өлкө үчүн иш алып барбаса, мыйзамдуулук сакталбаса, "Ата Журт" партиясы оппозицияга өтүшү мүмкүн экен. Бизде оппозициялык маанайда болобуз деген азырынча оюбуз жок, бирок парламент депутаттары өздөрү берген антты толук аткарбаса, өз кызыкчылыктарын көздөп, мурдагыдай система кайталанса, биз оппозициялык маанайда турабыз деген оюн билдиришүүдө "ата журтчулар".


Хиллори Клинтон Кыргызстанда
Кечээ АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Кыргызстанга расмий иш-сапары менен келип, президент Роза Отунбаева менен жолугушту. Жолугушууда өлкөдөгү саясий процесстер, жакында эле өткөн парламенттик шайлоо жана эки тарапты кызыктырган айрым маселелер тууралуу сөз болду. Эскерте кетсек, Хиллори Клинтон апрель окуяларынан бери Кыргызстанга келген бийик даражалуу биринчи адам.
АКШ мамкатчысы Астанада өткөн ЕККУнун саммитине катышып, андан кийин Кыргызстанга келди. Х. Клинтондун сапары мындан ары Өзбекстанга уланары айтылган.


Ташиев таң калтырганын койбойт
Шайлоо учурунда Ташиевдин далай эле сюрприздерине туш болгонубуз белгилүү. "Бакиевди алып келем", "Отунбаеванын азыр эле бийлигин алып койобуз" деп калктын башын бир топ эле айландырган. Санай берсе толтура. Баарынан да, кайра мен антип айткан эмесмин дегени кызык. Алары го мейли, саясатчымын деген кишиге эмне айтса да жараша берет эмеспи. А бирок, Данияр Үсөновдун аялы Динара Исаева отурганда мен парламентке басып келбейм деп, бүткүл Кыргызстанга жар салып алып, бирок кечээ парламентке келип эч нерсе болбогондой отурганын кандайча түшүнөбүз. Жөн отурбай бирде спикер Ташполот Балтабаевге, бирде вице-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге сөйкөнүп отурду.




Алмас Касенов:
Мындан да көп медаль алууга мүмкүндүк бар эле

Кытайдын Гуанчжоу шаарында өткөн XVI Азия оюндары жыйынтыкталды. Буга Кыргызстандан 145 спортсмен, уюштуруучулар менен бардыгы болуп 223 адам баргандыгын. Спортсмендерибиздин жетишкендиктери тууралуу "КАБАР" маалымат агенттигинде өткөн басма сөз жыйынында КР өкмөтүнө караштуу дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Алмазбек Касенов айтып берди.

- "Азия оюндарына быйыл 45 мамлекеттен 10 миңге жакын спортсмендер катышты. Жалпы командалык жыйынтыкта Кыргызстан 25 орунга ээ болду, биздин эсепте 1 "алтын", эки "күмүш", 2 "коло" медаль бар.
Кээ бир жалпыга маалымдоо каражаттарында агенттиктин эсебинен чиновниктер баргандыгы айтылууда. Агенттик спортсмендерди жана уюштуруучу топ - врач, массажист, машыктыруучу жана бир журналисти алып барды. Калган федерация жетекчилери, башка чиновниктер, күйөрмандар өз эсебинен барышты".

Данияр Көбөнов - грек-рим күрөшүнүн 74 кг чейинки салмактагы XVI Азия оюндарынын чемпиону. Буга чейин да эки жолку, 2002-2006-жылдардагы Азия оюндарына катышып коло жана күмүш медалдарын жеңип алган.
Каныбек Жолчубеков - грек-рим күрөшү боюнча 55 кг чейинки салмакта экинчи орунду алган.
Евгений Ваккер - велосипед спорту боюнча жарышта күмүш медалга жетишти.
Жанарбек Кенжеев - грек-рим күрөшү боюнча 84 кг чейинки салмакта үчүнчү орунду ээлеген.
Александр Пароль - Кайык менен бир км аралыктагы жарышта коло медалга татыктуу болду.
Алдын-ала маалыматтар боюнча, Азия оюндарында алтын жана күмүш медаль алгандарга Бишкектен батирлердин ачкычтары тапшырылат. Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча алтын медалга татыган Данияр Көбөновго үч бөлмөлүү, ал эми күмүш байгенин ээлери Евгения Ваккер менен Каныбек Жолчубековдорго бир бөлмөлүү батир берилет.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??