Бакылдаган Балтабаев "кетсин"
Жогорку Кеңештин ишке кириши менен мыйзамга ылайык баарынан улуу болгондугуна байланыштуу төрагалык кызматты аркалап жаткан Ташболот Балтабаевдин ысмына карата сын айтылып, коалицияга кирбей калган партиялар тарабынан "кетсин" талабы коюлду. Алардын бири "Ата журттун" ана башчысы К.Ташиев болду. Камчы мырзанын эсине салгыбыз келет. Кыргызга каршы саясат жүргүзгөн Бакиевдерди колдоп, 2007-жылы эл тарабынан кабылданган Башмыйзамды талкалаганда эмне кылганыңызды билесизби? Конституциялык мыйзам добуш бергенде өтпөсө, алты айдан кийин каралаарын уруп ойнобой, төрт жолу добушка коюп отуруп, М.Салымбековду "төпөштөп" жатып бузганыңызды унуттуңузбу? Сиз мүмкүн танарсыз. Анткени, танып көнгөнсүз. Мүмкүн актанарсыз, себеби, актанып көнгөнсүз. Бирок, тарых сизди эч качан тандырбайт! Ал эми "Ар-Намыс" партиясынын депутаты Анвар Артыков төраганын орундугуна учуп жетип, Ташполот Балтабаевди "жакалаганга" чейин барды. Түштүктүк депутаттар жалпы Кыргызстанга коюп берген шоу жөнүндө кийинки саныбызда кеңири сөз кылабыз.
Ошентип, жаңы парламент элди эриктирбей тургандыгы биринчи отурумунда эле айын болду.


Жаңы жолдор жалтырайт, айдоочулар калтырайт
Жаңы мэр И.Өмүркуловдун келиши менен Бишкектин чок ортосундагы Исанов көчөсүнүн Жибек-Жолудан Чүй проспектисине чейинки аралыгы жаңыртылып, жалтыратылган. Бирок, жолдун ортосундагы люктардын бирөөсү ачык калгандыктан, далай айдоочуну чыгымга учуратып, какшатып жатканын айтпай коюуга болбой калды. Анткени шаар айдоочулары, жалтыраган жолдо эми эле зырылдатып мэрди мактаганда дөңгөлөгү аңга сайылып, ашата сөккөнү акчага арзыбай жатыр. Айла кеткенде чыгымга учураган бирөөсү кийинкилерин аяп, дарактын сыныгын сайып кетиптир. Кызыл желек байланган дарак азыр жол белгисин туюндуруп, Бишкек шаарын көркүнө чыгарып турган кези. Болгондо да кечээги Спорт ордосундагы жардыруу болгон жердин жанында, Горький скверинин тушунда. Окуя болгон жерге чет элдик өкүлдөр келип-кетип, кыргыздардын "уникалдуу" жол белгисине таң берип, күлүп жатышканын көзүбүз чалды. Тилекке каршы, жардыруу орун алган жерге Бишкектин мэри келген эмес окшойт. Болбосо, жер түтүктүн түйүнү бириккен тешиктин капкагы жабылып калбайт беле дейбиз куру кыялдарга жетеленип…


Мургабдык кыргыздардымуунткандарга бөгөт коюлабы?
Орустардын геосаясий кызыкчылыгынын негизинде тарыхый Ата-Мекенинде туруп Тажик өлкөсүндө калып кеткен кыргыздар бар. Алар учурда Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда күн кечирип жатышканы баарыбызга маалым. Этникалык кыргыздар аталып, бөтөн өлкөдө тиричилигин өткөргөн кандаштарыбызга кыргыз мамлекети тарабынан жасалган катаал мамиле революция болгонуна карабай өзгөрүүсүз калды. Тескерисинче, Кыргызстан менен болгон келип-кетүү байланышында боордошторго жасалган ээн баштык "зөөкүрчүлүккө" чейин жетүүдө. Айласы алты кеткен мургабдыктар кыргыздын Бажы, Чек ара, МАИ кызматткерлери тарабынан жасалган кордукка чыдабай, азык-түлүк, кем-карчын миң чакырым алыстыктагы Душанбе шаарынан алууга өттү. Күнүнө эки-үчтөн ээрчишип, Ош шаарынан Мургабды көздөй жүк ташыган унаалар учурда эмнегедир көрүнбөйт. Азыр айына бир жолу кетсе кетет, кетпесе жок экен. Кыргыз бийлиги этникалык кыргыздардын мектептерине китеп жөнөтпөгөнү аз келгенсип, акылга сыйбас мамиле жасаганы алакандай кыргызды жоготуп алуу коркунучун жараткан жокпу!? Душманга жасабаган мамилени көрсөтүп, өтүнүчүн өкмөткө айталбаган Мургабдык жана Жергеталдык кыргыздарды шорлотуп жаткан "Шооруктарды" жалпы кыргыздын ажосу катары кой-ай деп койгонго убактыңыз жетер бекен, Роза Исаковна!


Демократия агымы өз нугунда
Парламенттик түзүм өзүнүн алгачкы баалуулуктарын алдыга алып чыга баштаганы бийликтин алгачкы куралышынан таасын көрүнүп, мыкты экендигине акырындан ынана баштадык. Демократиянын дагы бир баалуулугунун катарында сөз эркиндиги турганын баарыбыз билебиз. Албетте, анын да чеги бардыгын азырынча түшүнө элекпиз. Аталган чекти аныктоо иши да акырындан аяк сала баштаганын, мыйзамдардын акырындан иштей баштаганын ушундан бир билиңиз, адамдык ар-намысына шек келтирген гезиттерди жарандар бир чекеден сотко бере баштады. Сөз эркиндиги деген ураандын алдында революциянын шарданы менен тизгин тарталбай калган ММКлар эми эстерине бир келет окшойт. Маалыматты так берип, чындыкты жазууда журналисттердин жоопкерчилигин көтөрүүдө мындай жөрөлгө болушу керек болчу, болду. Маселен, Финансы полициясынын жетекчиси Э.Булекбаев жалган жалаа жапкан "Аалам" гезитин кечээ соттон утуп алды. Эки тарап келишимге келип, утулган тарап расмий кечирим сурамай болду.


"Ымыркайдын" аты: "Ырыс алды - ынтымак"
Каканагы эки күн мурун жарылып, кечээ ЖоКенин бешигине бөлөнгөн КСДП, "Ата Мекен" жана "Республика" партиясынан турган коалицияга ырымдап, "Ырыс алды - ынтымак" деген ысым ыйгарышты. Парламенттик өлкөнүн жаралышы менен жаңы түзүлгөн коалиция атына ылайык ынтымактуу болуп, бирдиктүү иштеп берсе деген тилекти калайык Жараткандан суранып турган кез. Бириккен партиялар кызматтарды да бөлүштүрдү. Күч структуралары тармагы КСДПга, экономика тармагы "Республикага", социалдык тармак "Ата Мекен" партиясынын энчисине тийди. Айтарыбыз, бешикке бөлөнгөндөр мурдагылардай жеп-ичкенден башканы билбеген бечел болбой, тезирээк торолсо, басса дейбиз. Мамлекетти телчиктирип, өлкөнү бутуна тургузуу үч лидердин колунда экендигин эстерине түйүшсүн. Эгер ич ара келишпей же чогуу-чаран кыргыз өлкөсүн кемирип кирсе, буларга кечирим болбойт. Эки бийликти эңшерген кыргыздар, элин ойлобогондорду чогуусу менен чоң атасы көрбөгөн жакка айдашат.


"Алиби" пресс
"АЛИБИ" газетасынын эмгек жамааты газетанын саясий баяндамачысы Машакбай РАХМАНКУЛОВго бир тууган эжеси

РАХМАНКУЛОВА ЖАМИЛАнын

узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгырып көңүл айтат.