Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Үмүттүн шамы жанып…

Коалиция түзүлдү, эми үзүлбөсүн!

Ары тартышып, бери тартышып отуруп акыры калк күткөн үчилтик коалиция түзүлдү. Түзүлгөнгө чейин массалык маалымат каражаттарынан түрдүү божомолдор айтылып, ар кандай сөздөр таратылды. Мөөнөт бүтөөргө саналуу күн калганда "Ата Мекен" партиясы гана терсаяктыгын көрсөткөнүн божурашкандар же анын лидери спикер болушуна макул экендиктерин ачыктаган билдирүүлөр чыкты. Бу айла кеткендеги, арга түгөнгөндөгү иш болгондугун баарыбыз түшүнүп турубуз. Болбосо, мындай биригүү чүчүкулакты алган алгачкы күндөрдө эле болушу кажет болчу.

Канткенибиз менен өздөрүн кыйын сезгендиктин, бирин бири тоотпостуктун айынан, ортодо бир топ оор сүйлөшүүлөр өкүм сүрүп, "Ар-Намыс" атургай "Ата-Журт" партиясына чейин аттап кетишти. Жакындарынан айрылып, жарааты айыкпай турган "Мекен шейиттери" коому да арга жоктон, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн айкөлдүк кылышып, эгер ылайыгы келсе "Ата-Журт" менен биригүүгө макулдук беришкенине да күбө болдук. Бирок, бир эле спикерлик орунду ыроологон менен маселе чечилбестигине КСД партиясы ынанды көрүнөт, акыры айланып келип, эски дос эстен кетпейт дегендей "Ата Мекенге" кулачын жайды. Себеби, "Ар-Намыс" менен болгон сүйлөшүүдө Турсунбай Бакир уулуна спикерликти карматып, Ф.Куловду Башкы прокурорлукка же Улуттук банктын төрагалыгына отурушун суранышкан. Алар макул болбогонун тарс билдиришип, иштешпей турганын ачык айтышты. Албетте, аталган кызматтар менен эч кимиси эч нерсе чече албасы турган иш. Ортодо башка министрликтер, майлуу агент, комитеттер боюнча талаш-тартыштар болбой койбоду. Айтылгандардын бирин да карматпаганы үчүн ар-намысчылар баш тартканы айтпаса да түшүнүктүүдүр. Ал эми атажуртчуларга спикер болуп А.Келдибеков келсин дешкени ачыкка чыгып, М.Султановго каршы болушкандыктары айтылды. Пикирлешүүгө үлкөндөрдүн бири, маселени чечүүчү К.Ташиев катышпаганы да көп нерседен кабар бергенсийт. Албетте, "бригаданын" бандалары башкалардай эле майлуу-сүттүү кызматтардан кантип сурабай койсун. Анүстүнө чүйгүн "креслонун" даамын татып калган "карышкырлар" тойус, чоңойсок чуу салабыз деген "бөлтүрүктөр" отурганын кайда катабыз. Алкымы кеңдер далай креслону сураганы КСДПнын шак эле терс бурулганынан байкасак болот.
Ошентип, КСД партиясы бардыгынын дымагын, сугу түшкөн кызматтарын, партиялардын алкымын бир бирден билип, кылдат текшерип чыкты. Анан ортого коюп анализдегенде, албетте "Ата Мекен" партиясынын койгон талабы, экономикалык маселелерди чечүүдө көздөгөн кызматтары, башкалардан реалдуу болуп чыккандыктан жогоруда белгилеген билдирүүлөрдү айтып чыгышты. Негизи, кыргыз эли күткөн коалиция түзүлдү. Сатылмалыгы же бакиевдерди чогултуп алганы болбосо, Ө.Бабанов деле кечээги пикирлештеринин бири. Эми чогуу, бир казанда кайнай билишсе, сөзсүз иш алдыга жүрөрүндө күмөн жок. Тилекке каршы, үчилтиктин ичинде өз позициясында турбай кылт берген же ойт берген саясатчылар бар. Мамлекеттин оор жүгүн көтөрүүдө, эңшерилген экономиканы оңдоодо чабалдыгын көрсөтүп, элден упай топтоо максатында болбогон шылтоолорду айтып, коалицияны беш жылга жеткирбей ишин аксаткандар, элге бүлүк салчулар чыгышы толук мүмкүн. Жыйырма жылдан бери саясаттын сатылмалыгын көргөн кыйдылар дал ушуну илгиртпей сезгендиктен, бир жылга чейин коалициядан чыгууга болбойт деген буктурманы туура коюп отурушат. Мындай тосотту койгону албетте алгылыктуу. Ушуну эки жыл десе андан да жакшы болмок экен. Себеби, учурда өлкөнүн экономикасын, мамлекеттин камын көрө турган кез болуп туру. Муну элибиз жон териси менен сезип, акылы менен туюп турат.
Ошол эле маалда коалицияга киралбай, оппозицияга оогондор дагы капага батпайт. Вице-спикерлик, эки комитеттин жетекчилиги берилет. Оппозиция ала турган комитеттин бири бюджет комитети болмокчу. Мындан сырткары өз адамдарын Эсептөө палатасына, Соттордун кеңешине, КТРКнын коомдук кеңешине жана БШКга кызматка койо алышат. Мындай тең салмактуулук же оппозицияга болгон урматты парламентаризмде сексен жылдык тарыхы бар Түркияда дагы жок экендигин баса белгилеп коюубуз керек. Кубанарлыгы, кечээ президенттик системага кайтабыз деп кыйкырык салган лидер сөрөйлөрүбүз парламенттик системанын алгылыктуу экендигин, бир адамга бийлик топтолбогонун көрүп, эмнегедир үн катпай калышты. Биздин лидер сөрөйлөрүбүз гана эмес, кошуна өлкөлөр, КМШ жетекчилери ит жыгылыш менен бийлик курагандыгыбызды көрүп, абдан кызыгуусу артып турат. Кыргыздар бардыгына үлгү, өнүгүүгө карай жаңы жол көрсөтүүнүн алдында тургандыгынын алгачкы саамалыктары байкала баштады. Кудай ушуну кут кылсын. Сатылууну, ойт бермеликти өнөр көргөн лидерлер акылына келип, эл-жер үчүн иштеп берсин дейбиз. Айтор, Революциянын локомотиви болгон жаңы коалицияга иийгилик каалайбыз. Кыргыздын үмүтүн эми үзбөгүлө.

Памир МАНАС





  Күнөөкөрлөр кимдер???

Оозубузду ачып отурсак, террористтер кол салбай эмне болуптур…

7- апрель кандуу окуя боюнча тергөө иши аяктап, Спорт сарайында миңден ашык адамдын катышуусунда чоң сот башталган. Трагедиялуу бул окуянын соттук териштирүүсү борборубуздагы Спорт сарайында жүргүзүлөөрүн ар ким ар кандай жоромолдоп, айрымдары каршы да чыккан эле. 29-ноябрда Ош шаарында куралчан террористер колго түшүп, шаарда башаламандык башталып, өзбек туугандар Өзбекстандын чек арасына чейин жетип барышкан. Эртеси 30-ноябрда эртең менен Бишкек шаарында Спорт ордосунда жардыруу болуп өттү. Жардыруунун кесепетинен Улуттук коопсуздук кызматынын бир кызматкери жана төрт милиция кызматкери жабыр тартты.

Бул жардыруу боюнча Улуттук коопсуздук кызматын ур-тепкиге алып сындоо акылга сыйбаган көрүнүш. Мамлекеттин жоопкерчилигин күч структураларына оодара салып, өзүбүз сырттан сындап карап турганыбыз алсыздык! Биз эгемендүү мамлекетпиз. Бизде өз кызыкчылыгынан мамлекетибиздин кызыкчылыгын жогору койгон күчтүү бийлик болушу керек. Бүгүнкү кырдаалга ким күнөөлүү? Албетте алсыз бийлик! Арсыз саясатчылар! Саясатчылардын кыргыз элинде ала турган акысы калган жок. Жайла дешсе эл жайлап берет, шайла дешсе эл шайлап берет. Шайланып алгандан кийин тез аранын ичинде аткаруу бийлигин түзүп, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сактап, коопсуздугун коргоону эстен чыгарып, "кайсы структураны ким алат" болуп, чүчү кулак кармап жатканда террор эшиктен кирип, төрүбүзгө өтүп алды. Түштөн кийин терроризм менен катуу күрөшөбүз дешти. Терроризм менен биз эмес чоң-чоң державалар күрөшүп жеңе албай келет. Кечээги теракты Бакиев уюштурдубу же исламдык радикалдар уюштурдубу, криминал уюштурдубу айырмасы жок. Кимдер уюштурган болсо да мамлекетибизде мыйзамдын жоктугунан, кырдаалдын курчтугунан пайдаланды. Өлкөбүздө кандай гана жаман иштер болбосун Бакиевдерге шылтап коюп, жоопкерчиликтен качкандан бийлик уялса болот эле. "Бакиевдер деп коюп отура бербей аларды качан кармайсыңар?" деп талап койчу бир жан жок. Кресло талаш болуп жатканда Бакиевдер жана бакиевчил криминалдар, экстремизмдер жана террорлор кол салбай эмне болуптур?! Мындан ары дагы оозубузду ачып отура берсек, душмандар мамлекетибизди омкоруп кетээри бышык.

Назгүл МАМЫТОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??