Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Аида Касымалиева:

"... турмушка
чыкмак
эмесмин"
Аида Касымалиева-жагымдуу үнү, жалындуу сөзү менен көпчүлүктүн назарын бурган келечектүү кыргыз кызы. Учурда "Азаттык" үналгысы менен Коомдук телеканалдын биргелешкен "Ыңгайсыз суроолор" теледолбоорунун "ыңгайлуу" алып баруучусу.


- Өз кесибиң өзүңө жагабы? Эмнеси менен?
- Жагат. Аябай. Ошондуктан журналистиканы таштай элекмин. Мен өзү бир нерседен тез жадайм, ал эми журналистика жашооңду тез жана чукул өзгөртүп турганга жардам берет. Адреналин. Кызыгуу. Стресс. Кызыктуу адамдар. Баары жагат.
- Кичинекей Аиданы кандай сүрөттөйт элең?
- Мен аябай кызыктай кыз элем. Өтө уялчаак, маңдайы дөң, 8-9 жашыма чейин деле чачым жок - кырып коюшчу, капкара... Бала чагымда апам "менин дөң маңдай кызым" деп эркелетчү экен, мен куурчагым менен "дөң маңдайым" деп ойночумун. "Кара кыз" деп дагы деле чакырышат таякелерим. Маңдайым азыр дөң эмес, бирок тике карашым дагы деле ошол балачагымдан калган. Мен өзү бунтарьмын. "Норма" деген сөздү аябай жек көрөм. Бала чагымда коомго сүйлөбөй каршылык көрсөтсөм керек. Бирок кийин "конформист" болуп, мектепти алтын медаль менен бүтүп, азыр журналистмин. Бирок жакшы окуганым менен кыздар менен мушташчумун.
- Өмүрүңдөгү эсте калган окуя?
- Мен үчүн, жалгыз мен үчүн, башка өлкөдөн Бишкеккке учуп келип кайра эртеси учуп кеткен жигит.
- Сүйүнгөнүң жана өкүнгөнүң?
- Сүйүнгөнүм - кызым. Бермет 4, 5 жашта. Өкүнгөнүм - ага азыраак көңүл бурам. Өзүмдү аябай күнөөлүү сезем. Дагы бир өкүнүчү - жазуучу болгум келет, бирок журналистика, саясат деп жүрө берем, китеп жазбай...
- Хобби?
- Китеп окуу жана ойлорумду кагазга түшүрүү, үйдө жалгыз калуу.
- Кумириң ким?
- Хммммм, азыр леди Гага, мага бунтарьлар жагат эмеспи.
- Эгерде кайра баштан торолуп калсаң анда кандай жашоону тандайт элең?
- Жазуучу болмокмун. Турмушка чыкмак эмесмин.
- Жашоодо эмне менен сыймыктанасың?
- Таланттын бардык түрлөрү менен. Чыныгы чыгармачыл адамдар менен сыймыктанам.
- Жакшы көргөн адабий чыгармаң?
- "Сто лет одиночества" Габриэль Гарсиа Маркес.
- Сүйүү деген түшүнүктү кандай чечмелейсиң?
- Чечмелей албайм, чечмелегим да келбейт. Сүйүү кенен түшүнүк катары - бул Кудай.
- Эгерде жолдошуң ала жипти аттаса...
- Мен бул жөнүндө ойлонбойм. Ойлонууга "шарт" да түзүлө элек. Эгер аттаса, көрөбүз да. Алдын ала божомолдош кыйын. Жашоодо баары мүмкүн, бардык нерсеге даяр боло албайсың.
- Жашоодогу девизиң?
- Азыр жана ушул жерде жашоо керек.
- Жаңы жылда жолдошуңдан кандай белек күтөсүң?
- Кофеварка, кофе жакшы көрөм, көп ичем. Негизи Бишкекте жакшы кофе дээрлик жок.
- Сенин оюңча Кыргызстан өнүгүүнүн кайсы жолун тандашы керек?
- Жаратмандык . Позитивдүү ойлонуу. Конструктивдүүлүк жана мыйзамды баарыбыз урматташыбыз керек.

Маектешкен
Адилет АЙТИКЕЕВ









кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??