Улуттук Конгресстин
меморандуму
Кыргызстандын жаңы тарыхы, коомдо демократиянын жогорку стандарттарын орнотууга, акыйкаттуу атаандаштыктын негизинде, кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн тышкы жана ички инвестицияга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жана ыңгайлуу шарт түзүү менен экономиканы өнүктүрүүгө, мыйзамдын бийиктигин камсыз кылып жана мамлекеттин социалдык туура багытын сактоого болгон элдин чечкиндүүлүгүн көрсөттү.
Өздөрүнүн бийлигин карасанатайлык менен пайдалануу менен жеке максаттарын ишке ашырууну көздөгөн коррупциялашкан саясатчылардын бийликте болушун эл каалабайт.
Заманбап дүйнө, Конституциянын базалык принциптерине таянуу менен карапайым калкты бийликтин жападан жалгыз ээси катары карайт.
Мамлекеттин жарандарынын жакшы жашоосу, конституциялык укуктар жана эркиндик менен камсыз кылуу, өлкөнүн чыныгы суверинететтүүлүгүн жана территориалдык бүтүндүгүн сактоо ар бир эле саясий ишмердиктин мүмкүн болгон негизги максаты.
Саясий ишмерлердин жеке амбициялары, алардын саясий экономикалык көз караштары коомдун жана өлкөнүн кызыкчылыгынан өйдө турбашы керек.
Жогоруда айтылгандарды таануу менен, өлкөдөгү коомдук жана саясий процесстерге конструктивдүү таасир берүүнү максат кылып, парламенттик эмес саясий партиялардын лидерлери Кыргызстандагы саясий партиялардын Жалпы Улуттук Конгрессин түзүүнү бир добуштан колдоп чечим кабыл алышты.

Улуттук Конгресстин максаттары жана милдеттери
1. Саясий партиялардын, коомдук кыймылдардын, уюмдардын, илимий жана өндүрүштөгү ишмерлердин ишке жарамдуу активдерин . Жалпы улуттук Конгресстин уюштуруу аянтында бириктирүү.
2.Алардын арасынан профессионалдуу даярдалган өкүлдөрүнөн альтернативдүү парламент жана көмүскө өкмөт түзүү.
3.Жаштар арасынан перспективдүү кадрларды мамлекеттик башкаруу катмарында чыгармачылык кадамдарга жана наватордук чечимдерди издөөгө шыктандыруу.
4.Коомдун жашоо ишмердигинин баардык катмарларындагы мамлекеттик башкарууну, оптимизациялоо боюнча өлкөнүн өкмөтүнө сунуштарды иштеп чыгып көрсөтүү
5. Жалпы улуттук конгресстин атынан, ошондой эле КРнын Конституциясынын 79 статясына ылайык калктын демилгеси менен (10 миң шайлоочу) бийликтин иштеп жаткан институтттарына мамлекеттик жана коомдук маселелерди эффективдүү чечүү жана аларды жоюу боюнча мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана сунуштоо
6.Мамлекеттин социалдык жана экономикалык өнүгүшүнүн Программасын жайылтуу жана ишке ашыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана сунуш киргизүү
7.Коомдун алдында турган эң актуалдуу делген социалдык,саясий, экономикалык, этникалык, климаттык, экологиялык проблемаларды, аткаруу бийлиги жана көз карандысыз адистер, саясатчылар менен талкуулаган "Элдик трибуна" долбоорун жана көз карандысыз телестудиясын түзүү
8. Саясий күчтөрдүн жана коомдук кыймылдардын көңүлүн Актуалдуу проблемаларды позитивдүү жана конструктивдүү чечүүгө багыттоо
9.Бөлөк өлкөлөрдүн коомдук жана саясий күчтөрү менен иш мамилени жөнгө салуу
10.Экономиканын тармактарын жана региондорду өнүктүрүү боюнча инновациялык чечимдер жана оптималдуу, эффективдүү мамлекеттик башкаруу боюнча Жалпы Конгресстин мүчөлөрүнүн арасында ойлордун программалардын сынагын өткөрүү
11 Коомдогу жана мамлекеттеги олутту көйгөйлөрдү талкуулоо боюнча тематикалык конференцияларды өткөрүү
12.Ар кандай пикир келишпестиктерди жөнгө салып өлкөнү өнүктүрүүдө бир стратегияны иштеп чыгуу жана иштеп жаткан бийликке конструктивдүү оппонент болуу
13. 2011 жылдын жазында Жалпы улуттук курултай өткөрүү
14.Жыйынтыгында Жалпы улуттук конгресстин уюштуруу аянтында иш алып барган баардык саясий партиялардын коомдук кыймылдардын өкүлдөрүнүн арасынан татыктууларынан Бирдиктүү саясий партия түзүү
15.Кезектеги президенттик, КРнын ЖКсына, жергиликтүү органдарына болгон шайлоолорго бир команда болуп катышуу
Кыргызстандын Жалпы Улуттук конгресси баардык саясий күчтөр, коомдук кыймылдар, жаштар кыймылдары, коомдук жана илимий ишмерлер менен кызматташууга даяр.

Улуттук конгресстин төрагасы
Аликбек Жекшенкулов