Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Дениң сакпы, замандаш?

Светлана Мамутова:
"Кант диабети -
ХХI кылымдагы дүйнөлүк
медицина көйгөйү"
Редакциядан :

Өлкөбүздө Бүткүл Дүйнөлүк диабет күнүнө карата акция өткөрүлдү. 2000-жылдын ноябрынан тартып Кыргызстан Эл аралык Диабетикалык Федерациясынын тең укуктуу мүчөсү болуп эсептелет. Кант диабети бул XXI кылымдын дүйнөлүк медицина жактан социалдуу көйгөйү. Бул жөнүндө ШЭДдин башкы дарыгери Мамутова Светлана Калиевнанын өзгөчө пикирине орун берели деп чечтик


Кыргыз Республикасы Бүткүл Дүйнөлүк Диабет (БДД) күнүндө - 2010-жылдын 13- ноябрдан 14 ноябрга караган түнү, Бүткүл Дүйнөлүк Диабет күнүн белгилеп көк отторду күйгүздү. Ал оттор Мамлекеттик Тарых музейинин имаратына көк өңдүү жарык берди. Дүйнө боюнча көк түс кант диабетинин символу болуп эсептелет жана бүткүл дүйнөлүк диабетикалык коомунун диабетке каршы бириккендигин билдирип көрсөтөт.
Ар кайсы өлкөлөрдө белгилүү имараттарды жана эстеликтерди көк оттор менен жарык кылуу, бул Бүткүл Дүйнөлүк Диабет күнүнүн дүйнө боюнча негизги белгиси. 2008-жылы 14-ноябрда 1 000 ден ашык эң атактуу жана белгилүү кызыктыраарлык имараттар жана эстеликтер көк оттор менен жарык кылынган.
Өткөн жылы көк оттор менен жарык кылуу аземине дагы бир нече бүткүл дүйнөлүк белгилүү имараттар кошулган, белгилей кетсек - Токиодогу императордук сарай, Токио мунарасы.
Ниагарадагы шаркыратма, Дубайдагы Буру Ал Араб, Сириядагы Цитадель-Алеппо, Буонес-Айрестеги Обелиск, Пизанск мунарасы.
Жыл сайын цивилизациялуу мамлекеттерде адамзаттагы эң оор дарттардын бири - кант диабети менен күрөшүү күнүнө карата ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт. Бул күн Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму тарабынан аныкталган, анткени, кант диабети инфекциялык эмес эпидемия жана өлүмдү алып келген оорунун төртүнчү себеби катары каралат (кээ бир маалыматтар боюнча үчүнчү себеп деп аталат). Диабетти, ошондой эле "унчукпаган ажал" деп да эсептешет… Эл аралык Диабетикалык Федерация (МДФ) диабеттин өсүүсүн "жай жарылуучу диабетикалык бомба" катары аныктаган.
Диабеттин негизги белгиси болуп кандагы канттын деңгээлинин жогорулашы эсептелет, ал инсулиндин жетишсиздигинин же организмдеги ткандардын ага сезгичтигинин начарлашынан келип чыгат жана башка факторлор дагы себеп болот.
Бул эң кымбат турган жана дүйнөдөгү кеңири тараган инфекциялык эмес, медицина жактан өмүр бою үзгүлтүксүз жардам кылуусун талап кылуучу оорулардын бири болуп саналат. Эгер биз диабет жөнүндө фактыларды жана сандарды айта кетпесек баяндообуз толук болбой калат:
o Дүйнө жүзү боюнча ар 10 секунд сайын бир адам кант диабетинен көз жумат.
o Ар 10 секунд сайын эки адамда кант диабети пайда болот.
o Дүйнө жүзү боюнча ар 30 секунд сайын кант диабетинин себебинен ампутация кылынат.
o Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунун маалыматтары боюнча, кант диабетинен 4 миллионго жакын адам өлүмгө дуушар болот, бул дүйнөдөгү бардык өлүмдөрдүн 6 пайызын түзөт жана ВИЧ\Спидден өлгөндөрдүн деңгээлине туура келет.
o Диабет менен жабыркаган адамдардын 46 пайызы бул 46 жаштан 59 жашка чейинки жарандар.
o Кант диабетинин кесепетинен 600 миңден көп оорулуулар көрүү жөндөмдүүлүгүн толук жоготот.
o Болжол менен 500 миңдей диабет менен ооруган адамдар бөйрөктөрү иштебей калат, ал кымбат турган гемодиализди талап кылат жана бөйрөктөрдү алмаштырууга туура келет.
o Диабет менен ооруган адамдардын жарымынан көбү өзүнүн ооруусу жөнүндө билишпейт, кээ бир өлкөлөрдө бул сан 80 пайызды түзөт.

Кант диабетин учурунда аныктабагандыктан же аны жетишсиз дарылагандын кесепетинен келип чыккан оорунун өтүшүп кетүүсүн (кабылдоолорун) дарылоо үчүн коом тарабынан миллиард долларга жакын каражат сарпталат.
Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын саны 2010-жылдын 1-январында 30415 адамды түздү.
Бүткүл Дүйнөлүк Диабет күнү 1991-жылдан баштап жыл сайын 14-ноябрда окумуштуу Фредерик Бантингдин туулган күнүнө карата белгиленип келет. Ал 1921-жылы Чарльз Бест менен октябрь айында инсулинди ойлоп тапкан жана ал үчүн Нобель сыйлыгына татыктуу болгон. Ошол күндөн тартып, кант диабетин дарылоодо инсулиндик заман башталган. Диабет менен жабыркагандар үчүн инсулин бул - өмүр, ал суу менен абадай зарыл! Инсулинди колдонбоо - өмүргө тобокел жасагандык!
Быйылкы жылдын кампаниясы "Диабетти контролго алалы. Азыр" деген девиз менен өтүүдө.
Кампания бул тармакта 5 жылга чейин кармалат (2009-жылдан 2013-жылга чейин). 2010-жылга болгон кампаниянын негизги милдеттери диабет жөнүндө элге кеңири маалымат берүү, адамдарды өзүнүн ден соолугуна кам көрүүгө чакыруу, ооруга чалдыгып жана өтүшүп кетпөөсүн алдын алуу.
Ал дүйнө жүзү боюнча 300 миллиондон ашык адамдардын жашоосуна таасир этүүчү эпидемияны контролго алуу үчүн Бүткүл Дүйнөлүк диабетикалык коомдорду бириктирет.
2010-жылы өткөрүлүүчү Бүткүл Дүйнөлүк Диабет күнүндө мамлекеттик тарых музейинин имаратын көк түстүү жарыктандыруу менен бирге төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү: дүйнөлүк диабеттин символу - бул көк түстөгү шарлардан түзүлгөн айлананы асманга учуруу, диабеттин проблемаларына жана аны менен күрөшүүгө элдин көңүлүн буруу үчун көк түстөгү футболка кийген, колдоруна көк түстөгү шар кармаган адамдардан турган айлана.
Кыргызстандагы Диабетикалык Ассоциация бардык каалаган жана кызыккан адамдар менен бирге иштешкенге даяр жана ал бул ооруга кайдыгер эмес жана диабет менен күрөшүүгө граждандык жактан активдүү позициясы бар адамдарды чакырат, анткени бирдиктүү күч менен миңдеген жанды сактоого болот, майыптыкты четке чыгаруу, аны менен бирге мамлекеттин керектүү адамдык ресурстарын сактап калууга бардыгын чакырат.
Кант диабет оорусунан эч ким сактана албайт! Эртең бул оору менен биздин жакындарыбыз да ооруп калышы мүмкүн - эне-атабыз, балдарыбыз, туугандарыбыз, досторубуз….
Биримдикте гана көп нерсеге жете алабыз! Эл-аралык диабетикалык федерациянын девизи - "Биримдикте биз күчтүүбүз!" деген сөзү бекеринен эмес





Өспүрүмдөр арасында мыкаачылык күчөп баратат
Кыргыз Республикасынын президенти Р.Отунбаевага
"Ата Журт" партиясынын фракциясынын жетекчиси А.Келдибековго
СДПК партиясынын фракциясынын жетекчиси А.Атамбаевге
"Республика" партиясынын фракциясынын жетекчиси Ө.Бабановго
"Ар Намыс" партиясынын фракциясынын жетекчиси Ф.Куловго
"Ата Мекен" партиясынын фракциясынын жетекчиси Ө.Текебаевге
КР илим жана билим берүү министри К.Садыковго

КАЙРЫЛУУ
Биз, өз балдарыбыздын келечеги үчүн терең тынчсызданган ата-энелер сиздерге төмөнкү кайрылууну жолдойбуз. Азыркы кезде мектептерде тоноочулук, кылмышкерлик, балдардын бири-бирин кордоосу, атүгүл өлтүрүү, тамеки чегүү, наркотик колдонуу, аракечтик, жаштардын арасында өзүн өзү өлтүрүү терең кучак жайып баратат. Мисалы жакында эле Кара Жыгач конушунда 9-классттын окуучусу 11-класстын окуучусуна 7 жолу бычак менен сайып, мыкаачылык менен өлтүргөн. Мындай окуялар жыл сайын кайталанып жатат. Мектептерде адеп-ахлаксыздык, моралдык бузукулук күч алууда. Мунун баарынын себеби ыймандын жоктугунан, мектептерде ыйман сабагы берилбегендиктен деп эсептейбиз. Адеп сабагы деп аталган балдардын тарбиясына эч кандай таасир бербеген сабактар берилүүдө. Бул сабак балдарга эч кандай руханий тарбия бере албайт. Бул нерсе балдарыбызды бузукулуктан, кылмыштуулуктан сактай албасын тажрыйба көргөздү.
Ошондуктан
биз сиздерден:
1.Тез арада, эч кечиктирүүсүз мектептердин баарында ыйман же дин сабагын киргизүүңүздү;
2.Депутаттардан атайы парламенттик комиссия түзүп, ушул ишти жөнгө салууну өтүнөбүз.
Бардыгы болуп жүздөн ашык ата-эне кол койгон






Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаевага

БИЛДИРҮҮ
Урматтуу Роза Исаковна!
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциясынын жамааты сизге төмөндөгүдөй себептер менен кайрылат. Мамтоокентехкөзөмөлдүн директору Эрматов К.Э тууралуу, биздин колубуз коюлуп берилген сыяктуу кылып атайын жасалган кат "Форум" коомдук-саясый гезитинин 2010-жылдын 26-ноябрынын №83 санына жарык көргөн эле. Андыктан, расмий билдиребиз, көрсөтүлгөн авторлор да, Мамтоокентехкөзөмөлдүн башка кызматчылары да ал катка кол койгон эмес жана макалада айтылгандай пара алуу, шектүү досторду күтүү жана башка маалыматтар тууралуу бизге белгисиз тараптардын заказынын жалаа жабуусу деп ойлойбуз.
Урматтуу Роза Исаковна!
Мамтоокентехкөзөмөлдүн жамааты мындай жалган айыптар менен күнөө коюп жаткан белгисиз тараптын жасалма ойлорун кабыл албооңузду сизден суранабыз:
Махумутов А.И
Айдаркулов Т.А
Апухтин А.И
Абдылдаев Т.С.
Муратов А.К
Бардыгы 25 киши кол койгон




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??