Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Марафон

Кара-Буурада Чыңгыз Айтматовдун
эстелиги орнотулат

Таластыктар залкар жазуучу Чыңыз Айтматовдун эстелигин Кара-Буура районуна орнотуу демилгесин көтөргөнүн буга чейин жазганбыз. 28-ноябрда ага каражат чогултуу максатында марафон болуп өттү.

"Дүйнөгө аты чыккан таанымал, өзүн эле эмес, бүтүндөй кыргыз элин жумурай журтка тааныткан Айтматов Чыңгыз агабыздын айкелин жасап, орнотуу демилгесинин өзөгү да, таянычы да өзүңүздөр болмокчусуздар, ошол себептүү ийри отуруп, түз кеңешели деген сөз. Кара-Буура жергесинен кандай гана ойлордун туундусу болбосун албетте аны ар дайым сиздер менен кеңешип чечүүгө аракет кылабыз, анткени сиздер көңүлдүн борборунда турасыздар.
Сиздердин кошкон ой-тилектериңиздер, колдооңуздар аркылуу гана кандай гана маселелер болбосун дайыма чечилип келет. Бүгүнкү марафон кечебиз да ушул кезге чейин жүрөктүн түпкүрүндө кайнап келген ой, жердешибиз, агабыз жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелин жасатуу үчүн каражат топтоо жана аны даярдатып, аны Кара-Буура районунун борбору Кызыл-Адырга орнотуу.
Мен ойлойм, бул демилгени мен кыргызмын деген атуулдарыбыздын бардыгы колдооруна толук ишенем, себеп дегенде кыргыз менен Чыңгызды бөлүп кароого болбойт, бул кадимки уйкаштык эмес, бири-бирин толуктап турган, болгондо да дүйнөгө таанымал ат жана зат.
Шекер айылынын кадырман аксакалдарынын бири, замандашы Байтик Тайсариев агабыздын балалык кези тууралуу айткан сөзү аргасыздан эске түшөт. "Бала кезибиз дейт, - ал киши Чыңгыз бизге "Паравоз" деген оюнду үйрөтүп анда биз паравоз көргөн эмеспиз. Өзү паравоз болуп астыда чыканагын бүктөп, биз болсо чиркелген вагондору болуп, чыканагыбыздан кармашып жай чуркап бара-бара катуулап "Пу-пуу" деп кыйкырып, кайра жайлап, "Пыш-пыш" деп токтойт. Оюнду бизге үйрөтүп эми ойной бергиле деп, биздин купайке, чапандарыбызды бүктөп алдына салып, калың китеп окуп отураар эле. Ошондо мен артынан барып карасам Михаил Шолоховдун "Тынч Донун" орус тилинде окуп отурган экен" деп эскерет. Көрсө Чыңгыз агабыз бала кезинен эле жазуучулукка ынтызар тура.
Агабыздын төө көтөрө алгыс эмгектери муундан-муунга улам терең казылып, окулары-изилденери айдан ачык иш, себеби, адам өзүн таанып билүүсү керектигин эскертип кетпедиби.
Биз кийинки муун-урпактары Чыңгыз агабыз үчүн канчалаган иштерди кылсак дагы ал аздык кылат, анткени ал кишинин адамзат алдында жазып-айтып кеткен эмгектери табылгыс түбөлүктүү нерсе. Мына бүгүнкү марафондун маани-маңызы да ушунда деп ойлойм. Өзүңүздөргө маалым Кара-Буура жергесинен 1 Советтер Союзунун Баатыры, 10 Социалисттик Эмгектин Баатыры чыккандыгын сыймыктануу менен айтсам дагы жарашат. Кечээги Жогорку Кеңешке Талас областынан 9 депутат шайланса анын 5 сү Кара-Буура жергесинен".
Кара Буура районунун акими Наралиев Төлөгөндүн марафондо сүйлөгөн сөзү.
Марафондо каражат
бергендер

Аманбаев айыл округу
Сатыбалдиев Анарбек 100 доллар
Жээнбеков Абдыкул 2000 сом
Эшалиев Нуртай 100 доллар
Сатыбалдиев Каныбек 100 доллар

Кара-Сай айыл округу
Мураталиев Байысбек 5000 сом
Малабаев Алмаз 5000 сом
Курманкожоев Жоробек 5000 сом
Багышев Базарбай 2000 сом
Ибраимов Советбек 50 доллар

Ак-Чий айыл округу
Шаршенов М 1000 сом
Шаршенов К. 1000 сом
Назармамбетов 1000 сом
Айтматов Ж. 1000 сом
Назаралиев А. 1000 сом
Шадыбеков Д. 1000 сом
Эдилбаев А. 1000 сом
Жакыпбеков М. 3000 сом
Асанбеков 1000 сом
Токошов А. 5000 сом

Бейшеке айыл округу
Байботоев Чоткара жалпы Бейшеке айыл округу боюнча 41000 сом + 300 доллар

Марафонго кошуп, бирок акчасын бере электер:
Асанбеков Сыргак 500 000 сом
Момбеков Жума 20 000 сом
Чолпонбайдын балдары 31 000 сом
Руслан Казакбаев 45 000 сом
Усупбаев Анарбек 100 доллар




Ажылыктан түшкөн 3,65 миллион доллар кимдин чөнтөгүнө кетти?

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.ОСМОНАЛИеВге

Урматтуу Каныбек Осмоналиевич!
"Кыргызстан жана Орто Азия Мусулмандарынын Конгресси" Коомдук Бирикмесинин Башкармасы Сизге төмөндөгүлөрдү маалымдайт:
1. Кыргызстанга берилген 5140 хадж квотасынан биздин 3860 гана жаран пайдаланган, ал эми калган 1280 квота кимдерге берилгени белгисиз. Биздеги айрым маалыматтар боюнча ал квоталар криминалдык мафиянын көмүскө "хадж штабы" даярдаган чет элдик (Иран, КНР, Туркия ж.б.) жарандарга бизнестик наркта 3000-4000 АКШ доллардан сатылып, ортодо мафия 1,5 миллион "арам" акча тапкан. Буга 140 виза менен кармалган Иран жараны мисал болот. (Б.Абдырахманов менен К.Мырзахалилов теледен актанышып: "кармалган визалар жасалма болгон" дешип жаш баланы алдагандай жанын жеп жатышат, ага келесоо эле ишенбесе, ким ишенмек. Себеби, алардын "хадж штабына" Сауд арабия Консулу тапшырган, "араб мамлекетинин түстүү жашыруун коддору" менен корголгон визалары Ирандыктар тараптан оңдолуп жатпайбы? Демек кылмыш кылып, визаларды алар гана сатышкан! Алар эми элди дагы алдап: "кармалган визалар эл аралык стандартка туура келбеген жасалма визалар экен" деген пикир жаратып, телеге чыгып жатышат, андай жалган визаларды Ирандыктар кааласа өз жеринде эле жасап алышмак, калп айтуунун да эби-чени болот да?).
2.Алардын арааны ачылып, ага да алымсынбастан, хаджга баруучулардан алынуучу сапар чыгымдарынын калькулациясына да "харам напси" агытышкан:
- "чартердик аба каттамына" дешип 1260 АКШ долларын ордуна 1500 АКШ доллардан жазып, ар бир хадждан 240 АКШ доллардан ашыкча алышып, бардык 5000 хадждан 1 миллион 200 миң АКШ долларын өөнөшкөн;
- "Мина" шаарындагы мейманканага дешип ар бир хадждан 100 АКШ долларынан, баардык 5000 хадждан 500.000 (жарым миллион) АКШ долларын өөнөшкөн;
- "Арафат-Мина" аянтындагы чатырларга дешип ар бир хадждан 5 АКШ доллардан, баардык 5000 хадждан 25.000 АКШ долларын өөнөшкөн;
- КМДБга убада кылган ар бир хадждан 70 АКШ доллардан, баардык 5000 хадждан 350.000 АКШ доллардын ордуна 3853 хадждын гана 270.710 АКШ доллары которуп, Муфтиятка которулуучу калган 79290 АКШ доллар менен Казыяттарга которулуучу 50.000 АКШ долларын эмдигиче которбой жатышат, балким кошо сугунуп салышкан;
- Ал эми визаларды таркатуу учурунда ар бир хадж башчылардан орто эсептен 100 АКШ доллардан "пара" алышканы, бардык 64 хадж башчыдан 6400 АКШ долларын алган болууда. Алардын дагы бизге белгисиз болгон канча кылмыштары бар экендигин бир жазалоочу Кудай билет!
Ошентип, алар тараптан хаджга сапар тарткан мусулмандардан (1,5+1,2 +0,5+ 0,250+ 0,13+ 0,006) жалпы эсебинде 3,65 миллион АКШ доллар өөнөшкөн.
5). Б.Абдырахманов теледен: "Апрелде курман болгон "Мекен шейиттери" үчүн хадж жасоочу туугандарына 89 квота бекер беребиз" деп убада кылып, чынында 7 гана квота ыйгарып, курман болгон "шейиттердин" арбагын да алдады.
6). Ош аймактан эле жаджга кетпей калып, эли-журту алдында уят болуп жер карап, ыйлап, "хадж штабды" каргап жатканган мусулмандар саны 400гө жакын экендиги айтылып, жазылып келди.
Урматтуу Каныбек Осмоналиевич, биз Сизге чейин мусулмандардын атынан Президент Роза Отунбаевага чейин кайрылдык, деле жооп жок, деги бийлик, мамлекет деген бизде барбы, эмне болуп калганбыз? Же баары эле коррупцияга малынып, ооздору жабылып калганбы?!
Ошондуктан, парламенттик-коомдук биргелешкен комиссия уюштуруп, ушул иштерди текшерип, тескеп, мусулмандар укугун коргоп берет деген ишеничтебиз. Сизди терең урматтоо менен,

"Кыргызстан жана Орто Азия
мусулмандар Конгресси"
Коомдук Бирикмесинин Төрагасы:

Бакыт Нурдинов




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"









??.??