Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




  Карегимде түштүгүм!

Куттумидин Базаркулов,
Жалал-Абад облустук телерадио компаниясынын башкы директору:
"Камерамды талкалап, өзүмдү сабаганына
карабай иштеп жаттым"
- -Куттумидин мырза, сөздү Жалал-Абад телевидениесинин азыркы абалы тууралуу баштасаңыз. Дегеним, бир учурда ар кандай башаламандыктардын болуп жатканын уккан жайыбыз бар эле.
- -Укканыңызды төгүндөй албайм. Ал кезде бир эле ЖТРде эмес, бардык жерлерде басып алмай, кууп чыкмай айтор, ээнбаштык иштер болуп жатканы анык. Биздин телевидениеде да шумдуктуудай окуялар болуп жатты. Башкасын айтпасам да 7-апрелдеги күндөр эсимден кетпейт. Ишенсеңер, телевидениеде жалгыз өзүм иштеп жаттым. Баары жумушун таштап чыгып кетишти. Эл дароо эле "телевидениени алыш керек" деп ошол жакка чуркайт экен. Андан кийин да башаламандыктар болуп жаты. ЖТР башчылыгына Эркин Каимовду алып келип коюшту эле, ЖТР андан бетер башаламандыкка кабылды. Азыр ишибиз жаман эмес. Мен ишке келээр замат "иш таштаганыңар да, таштабаганыңар да келгиле" деп баарын чакыртып, алар менен биргеликте сүйлөшүп, келишип, азыр ынтымакта баарыбыз иш алып барып жатабыз. Бирок, иш берсем да кээ бири иштебей, улам ар шылтоо менен ишке келбей жатканда, аларды айла жок бошотууга туура келди.
- -Анын акыры тынч эле бүттүбү же адатка айланып калган пикеттер менен аяктадыбы?
- - Жок, иш таштап кетип калгандарынын кээ бири келип кечирим сурап учурунда туура эмес кылган экенбиз, кайра иштешели дегендери болду. Иш таштап кетип калгандарды кайра кантип алмак элем. Эл маалымат күтүп, эмне болуп кетээр экен деп турса иш таштап басып кеткендери уят иш болгон. Ошону да эске алдым. Бирок, ЖТРде азыр мурункулардын 40% иштеп жатат.
- -7-апрелде бийлик оодарылганы менен Бакиев Жалал-Абад аймагында жашырын жатпадыбы, элди калкалап, ал кезде айрым тележурналисттер дал ошол Жалал-Абад менен Оштогу орчундуу окуяларды элге ачык чагылдыра алышпай жатты. Сиздер кандай иштеп жаттыңыздар ал кезде?
- - Чынын айтсам ал учурдай кыйын кырдаалды башыман өткөргөн эмесмин. Кыргыздын башына мындай күн эгерим келбесин. Өзгөчө журналисттер үчүн кыйын болду. Бийлик тарапта жүргөн журналисттер кайсыл тарапка качып кетээрин билбей буйдалаган учурларды көрдүк. Айрымдары "бийлик кайсыл жакка өтүп кетээр экен" дегенсип аңдып, акмалап турган да журналисттер кездешти. Бирок, мен ошол кезде "Ала-Тоо" маалымат чыгарылышынын Жалал-Абаддагы кабарчысы болуп иштеп, эч нерсесине карабай окуяларды болгон жеринде ачык берип турдум. Эл кайсыл жакка ооп бара жатканын, эмнени көздөп турушканын, баарын биз жеткирип турдук да. Айрым интеллигенция өкүлдөрү да керек болсо кырдаал кай жагына ооп бара жатканын сезип турушса да, ачык айтпай турганын көрүп турдук. Албетте, арасында эл үчүн жан үрөп, күйүп бышып жүргөн саясатчылар да болушту. Эл деген сел тура. Ким жакшы сүйлөсө ошол жакка ооп кете берет экен. Мындай учурда курч мүнөздү, саясий көз караштарын ойготуп, адамгерчилигин көргөзүп интеллигенция өкүлдөрү жүрүш керек эле.
- -Куттумидин мырза, бардык жерлерде жүрдүм деп жатпайсызбы. Ошол кезде курман болгондорду өз көзүңүз менен көрүп жаттыңызбы?
- -Көрүп жаттык. Снайперлерди обладминистрация башына, банктын үстүнө жайгаштырып коюшуптур. Ок тийгенде адам үн-сөзү жок эле сулк этип кулай берет экен. Ал учурларды да тартып алганга жетиштик. Айрым адамдар түшүнбөй бизди да ур-токмокко алып камераларыбызды талкалап салышты. Биз кайра камера таба коюп тартып алганга үлгүрүп жаттык. Акырында жашынып улам бир имараттын ичине кирип же башына чыгып тартып, баарын КТРге жөнөтүп элге маалымат бердик.
- -7апрелден соң түштүк аймагында улуттар ортосунда жаңжалдар чыгып, кыргыз элинин кабыргасын кайыштырган окуялар менен коштолуп кетпедиби. Бул күндөр тууралуу эмнелерди айта аласыз?
- -Ал учурда деле мен эл арысында баарын тасмага түшүрүп жүрдүм. Эл көтөрүп жүргөн камерамды министрлердин көзүнчө эле колуман тартып алып бурап, сындырып салган учурлар болду. Мен баарына туура түшүнүп, сабырдуулукту кармадым. Анткени, ал учур ошондой кез болчу. Баарыбыз амбициябызды жыйыштырып, бирөө менен жакалашпай, ушул кездегидей тынч мезгилди күтүшүбүз шарт эле. Баарына чыдап элге туруп бердик, кээ бир учурларда качып кеттик. Мына ушундай кыйын кездерди башыбыздан кечирип, таяк жеп, сабалып, колубузда болгонун тарттырып, талкалатып бүткөн кездерде, эл бир аз сабырдуулукка келип тынчый баштаган учурда башка телевидениелер, гезит, журналдар бара башташты.
- - Ошол түштүк окуялары боюнча маалыматтар дүйнө коомчулугуна чагылдырылбай, маалымат майданында биз уттуруп койдук деп жатышпайбы.
- -Эми андай болгонун мен деле моюнга алам. Биз кан кечип, өлүм менен өмүрдүн ортосунда жүрүп жыйнаган материалдарыбызды албетте, дүйнө коомчулугуна бере албай калдык. Телевидениелердин анабашы болгон УТРКнын Жалал-Абадды байланыштырган интернет компьютери жок экен. Айла жок өз чөнтөгүбүздөн акча төлөп интернетке бердирдик. Ал кезде интернет байланыштары үзүлүп, бардык жерлер өрттөлүп, бул жагы деле кыйынчылыктарды жаратып турду да. Ошого карабай интернет таап жөнөткөнгө жетиштик. Эми тилекке каршы аз болуп жатса болуп жаткандыр бирок, окуя болгон жеринен дүйнө эли да маалыматтар менен таанышып турушту. Буга биздин салым чоң болду. Жанымда жапжаш балдар камера көтөрүп, жардамдашып жүрүштү. Улам бирине үйүндөгү ата-энелери "качкыла силерди да атып коет" деп чалып жатышты. Менин да үй-бүлөм, туугандарым телефонумду тындырган жок. Бирок, намыс, улут үчүн ал кезде биз туруп бербесек ким турат эле.
- -Өзбек туугандар окуяны алдын ала билген деп жатышат. Муну сиз байкай алдыңызбы?
- -Башкасын билбейм, бирок биз жумушка эртең менен келсек, ЖТРдин айланасында жашап жаткан адамдар бир нерсени сезгендей көчүп кетишип, шаар ичи тымтырс боло калганын сездим. Жумуштагылар да жыйналып жатышты. Бирок, мени менен алты жаш бала калып, алар айтты: "Куттумидин Дербишалиевич, биз сиз менен акырына чейин турабыз, эл үчүн башыбызды сайып иштейли" деп. Ошондо биз кечки саат 7: 00 го чейин турдук, "бизде курал жок" деп 4 милиция кызматкери ЖТРдин ичинен чыгып кетишти. Бир учурда эле эки "Тико" машинасын өрттөп кетишти. Додологон эл биздин имарат жакка жакындап келе жатышты. Кырдаал курч экенин сездим да, балдарыма карап айттым: "Жигиттер, мамлекеттин эң негизги байлыгы силерсиңер, мен үчүн жана ата-энеңер үчүн да биринчи силер керексиңер, имарат, техника деген табылат тезинен чыгып кетели" дедим да, 6 баланы машинама салып алып чыгып кеттик. Мына бүгүн имаратта, техникабыз да ордуна келди, ал эми 6 баланы кайдан табат элек.
- -Жанагы машина өрттөп, ээнбаштык кылып жатышкан адамдар кимдер эле?
- -Алар ошол жерде жашаган өзбек тургундары болчу. Анткени ЖТР имаратынын маңдайында Кадыржан Батыровдун Университети турат.
- -Анан эмне болду? Жанагы топтошкон өзбектер сиздердин имаратка залакасын тийгиздиби?
- -Албетте, биздин имараттын эч нерсеси калбай өрттөнүп кетти да. Ушундай кыйын кырдаалда да кээ бир адамдар ар кандай интригаларды чыгарып жатышты. Эптеп менин ордума келе албай жаткан адамдар мени өрттөтүп жибергендей ушактарды да таратышты. Ал адамдар облус губернатору Бектур Асановго, шаар мэри Максат Жээнбековго да бут тосушкан. Эл кимдин ким экенин, ким элге күйүп жан үрөп иштеп бергенин жакшы билет.
- -Куттумидин мырза, азыр имаратыңыздар, техникалык жабдыктарыңыздар жакшырып калдыбы?
- -Баары ордуна келди. Жомоктогудай болгон имараттуу болдук. Заманбап имарат десем болот. Жалпысынан 20 млн сом акча жумшалды. Бул акча Ош, Жалал-Абад шаарын кайра калыбына келтирүү дирекциясы тарабынан бөлүнүп берилди. 6 млн сомго техника жабдыктарын алдык. 10 млн сом ошол имаратты курганга кетти. Эми дагы ала турган шаймандарыбыз анан имараттын айланасына да кошумча сала турган нерселерибиз бар, ошолорду курмакчыбыз. Биз бүгүн имаратыбыздын заңгырап бүткөнүнө ыраазыбыз. Жакында имаратыбыздын ачылыш аземин өткөрөбүз, ага Президентибиз Роза Исаковнанын катышуусу күтүлүүдө.
Президентибиз менен бирге Ош, Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын башчысы Сатыбалды Жээнбековго, облус губернатору Бектур Асановго, шаар мэри Максат Жээнбековго ыраазычылыгымды билдирем.

Күнболот
МОМОКОНОВ








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика