Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Чолпон ЖАКУПОВА:
"Текебаевди, Сариевди,
Байболовду, "Ата Мекенди" коргосом жакшымын,
а "Альфага" келгенде
эл душманы боломбу?"
(Башы 5-бетте)

Элдин алдында "Бакиев - мыйзамсыздыктын, сот өзүм билемдиктин жана күчкө салуунун белгиси (олицетворение)" деп, Демократия жана мыйзамды орнотуу ураанынын алдында кол кармашып бирге келгенбиз. "Бакиев кетсин!" деп кыйкырчубуз, Бакиев кетсе мыйзам болот, Конституция иштейт, акыйкат болот дегенбиз. Бирок, мыйзамдуулук мыйзамсыздык аркылуу орнобойт. Азыр ошол санаалаштарымдын колунда Бакиевден айырмаланышаарынын, андан мыкты экендиктерин көрсөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк бар болчу. "Биз башкабыз, биз сотсуз эле жазага тартпайбыз, атпайбыз, өлтүрбөйбүз, киллерлерди жалдабайбыз. Жек көрүп турсак да, кечээ эле бизге абдан көптөгөн кыянаттыктарды кылгандарга Бакиевчилеп чара көрбөйбүз. Биз мыйзам чегинде иш алпарабыз" деп айтпайбы. Ошол эле санаалаштарым бүгүн бийликке келип, Башкы прокурор, парламенттеги фракциялардын лидерлери болуп, кечээ көтөргөн туусун, айткан ураандарын унутуп калышты. Алар "толпанын" деңгээлине түшмөк тургай, "толпаны" башкарышууда. Бул аракет менен алар коомчулук көңүлүн өлкө тагдырына таасир этчү маселелерден буруп коюшууда. Алар бүгүн элдин сезимине ойноп, бийликти кулатууга кошкон салымдарын эске салып, элдин көңүлүн бүгүнкү реалдуулуктан тескери бурушууда. Алар кечээгилерден кем калышпай, балким, алардан да жаман иштерди баштап атышат. Эл бүгүн Бакиевден талап кылгандай азыркы бийликтегилерден да талап кылса, ошондо эл кечээги фавориттеринин биротоло Бакиевдерге айланып кетишинен сактап кала алат. Антпесе, бүгүн булар Бакиевден ашып түшүштү. Ошондуктан, коркутууларга, дарегиме айтылган мазактоолорго карабастан, бул процесске катышуунун мааниси мен үчүн чоң. Анткени, аянтта туруп элге берген убадаларымды унуткан жокмун.
- 17-ноябрдагы процесстен улам эмнеге басма сөз, псевдосаясатчылар "Адилет" клиникасынын башында турган сизди айыпталган тарапты жактаган адвокаттардын "атаманы" атады деп ойлойсуз?
- "Атаман" туурасында окуганым жок, бирок, "орустарды гана жактап", "сатылганым" боюнча окудум. Убагында Текебаевди, Сариевди, "Ата Мекен" партиясын жактагам, эгер булар да "орустар" болсо, анда мени ушундай айыптагандардыкы чын. Биз коргоп аткан "альфачылар" арасында кыргыздар басымдуу. Бирок, кеп анда эмес. Эгер анда жалаң башка улуттар же жалаң орустар болгон күндө да аларды жактоого алмакмын. Мен улутчул эмесмин, мен интернационалистмин. Эч нерсеге карабай, биздин өлкөдө өткөн тарыхыбызга болгон сыйды сактап калууга мүмкүн экендигин далилдегим келет. Бул процесстин адилет, акыйкат өтүшү кыргыздын этнос катары сакталып калышына өбөлгө болот. Себеби, Манас атанын бардык сапаттарынан кыргыздар дайым анын айкөлдүгүн белгилешет. Ал эми Манас - бул кыргыз этносуна, аң-сезимине, менталитетине болгон ачкыч. Бул жакка келип иштеп калган чет өлкөлүктөр узап атканда көз жаш алып, бул мамлекетке, кыргыз калкына болгон сүйүүсү менен өз өлкөсүнө кайтышат. Эгер азыр кыргыз АЙКӨЛДҮК туурасында унутуп койсо, анда кыргызды кыргыз кылган касиет жоголот. Кылымдардан бери дал ушул сапат кыргыздарды сактап келген. Кыргыздар коңшу эле жашаган башка улуттардан сабырдуулугу, айкөлдүгү, ачыктыгы, кек сактабагандыгы менен айырмаланат. "Манасты" жар салып, бирок, азыркыдай көңүл ооруткан нерселерди жасап атса, демек, андай кишилер эпостун маңызын аңдай билишпейт. Элиме болгон сүйүүм башка улуттарды тануу менен эмес, өз улутумдун уникалдуулугун тереңден түшүнүү менен чагылат.
- Ошол күнкү процесстен кийинки басылмаларда жарык көргөн, теледен берилген маектерди угуп-окуп, чындап эле алар айтмакчы, балким арасында провокаторлор бар болуп жүрбөсүн. Алар айтмакчы, жабырлануучуларга тиешеси жок адамдардыр. Буга ким барып атышы мүмкүн, бийликпи же башка күчтөрбү?
- Сот залын ызы-чууга айланткандар ким экенин билбейм, жалпысынан жабыркаган тарап дейли. Кандайдыр негиздүү далилим жок туруп, аларды айыптай албайм. Алардын да жүрөгү ооруп турганын, алардын жарасы да жапжаңы экенин түшүнөм. Мындайда адам эмоцияга алдырат. Ал эми ызы-чууну баштагандар жабыркагандарга тиешеси барбы-жокпу, бизде акыры укук коргоо органдары бар.
- Кандай болгон күндө да сотко келген ар бир адамдын инсандыгы аныкталууга тийиш эмеспи...
- Ал туурасында адвокаттар тарабынан сот төрагасына билдирилген. Бул процессуалдык нормалардан четтөө. Ошол күнү Биринчи коомдук канал үч тараптан тарткан. Аларда толук тасма бар. Эгер бизде укук коргоо органдары сакталган болсо, алар бул ишти жөн калтырбас. Ал эми улуттук коомдук каналдын сот процессин бир тараптуу чагылдырууда. Массалык маалымат каражаттары толугу менен көзөмөлдө. Менчик ээлеринен тышкары маалымат каражаттарына ким көзөмөл жүргүзө алышы мүмкүн?! Бул бийликтин гана колунан келет. Маалымат сайттары сындап койсо, түшкө чейин ачылбайт. Мындайга кимдин күчү жетет?! Бийликтин гана. Мамлекеттик айыптоочулардын, Башкы прокуратуранын аракетсиздиги, анан Юстиция министрлигинин адвокаттардын лицензиясынан айырабыз деп сыпайы коркутуулары, бул менимче, бул тармактын дагы да болсо, саясатташканы. Эртеси Башкы прокуратура ошол күнкү процесстеги окуя боюнча иш козгойт деп ойлогом. Кечээ эле мыйзамсыздыкка кабылганда мен Байболовду, анын үй-бүлөсүн коргогом. Ал менин бүлөмдүн досу катарында эмес, Башкы прокурор катары бул ишти көз жаздымында калтырбоого тийиш болчу. Албетте, булардын баары кимдир бирөөлөр тарабынан теске салынууда, дагы тескелет. Режиссерлордун дарегине чейин мага угулууда. Аларга ишенип-ишенбесим башка кеп, бирок, Азимбек Бекназаров бул процессте башкы режиссер эмес. Ага баарын илишүүдө. Эмил Каптагаевдин ысымын укканда таң калдым, ага азыр да ишенгим келбейт. Анткени, оппозициялык маалда үйүмдөн менин колумдан чай ичип, балдарымды көргөн киши ушундайга барбайт деп ойлойм. Мунун баарын бул процесске барардан мурун эле билгем, бирок, мынчалык "зоопаркка" айланаарын күткөн эмес элем
- Мейли биздин жергиликтүү бийлик унчукпасын, анда эмнеге эл аралык уюмдар үн катпайт?
- Алар баарын көрүп-билип, бирок, укмаксан, көрмөксөн, билмексенге салып атышат. Аркадий Дубнов жазгандай, бул сот процесси - өлкөдөгү көйгөйлүү, коррупция жыттанган, бомба сыяктуу жарылып кетчү маанилүү маселелерден элдин көңүлүн буруу. Ушул убакта өлкөдө "Ганси" маселеси, "Жер үй" кени боюнча чечимдер, элчилерди өлкөнүн Баш мыйзамынан четтеп, дайындоолор. Бул сот процесси бийликтен, ага төрагалык кылган кишиден көз каранды эмес, баары элден көз каранды. Экинчиден, охлакратияны токтотууга үндөп, мыйзамдуулукка чакырган эл аралык уюмдар, ошол эле Россия үн салбаса, анда бул процессте утулабыз. Эгер мен жактаган адамдар мыйзамды бузган болсо, анда алар камалсын. Ал эми алардын күнөөсү далилденбесе, анда алардан айып алынсын. Бул тарыхый процесске катышып жатканымдын себеби - сотто бейкүнөө адамдар "сары улак" катары садагага чабылбай, өлкөбүздү бүгүнкү кейиштүү абалга алып келген чыныгы кылмышкерлердин жүзү ачылып, күнөөсү далилденип, "эмне үчүн карапайым элдин жонун кайыш тилинип, ажыдаардай коррупцияга жол ачылды, эмне үчүн жапжаш мекендештерибиз акыйкат издеп, көкүрөгүн окко тосушту, ошол окту чыгарганга ким буйрук берди, ким атты" деген суроолорго жооп берилсе деп тилейм. Ошондо гана биз сыртка качып кеткен чыныгы кылмышкерлерди алар жашынган мамлекеттерден, эл аралык уюмдардан кайтарып алууга жол ачат элек. Дүйнөлүк укуктук эреже ушундай экенин элес албай жатпайбызбы?!
- Мейли сиз жакталуучуларыңыздын бейкүнөөлүүлүгүн далилдеп бердиңиз дейли. Ал эми өмүрлүк жарын жоготкон жаш жесир күнөөлүүнү кайдан табат?
- Жаш жесир, эне, эже болобу, ал чыныгы күнөөлүүнүн жазаланышына кызыкдар. Же алар уят-устунуна бейкүнөө адамдын байланышын каалап турабы?!
- Кайгыга батып турган жабырлануучуларга сот процессиндеги өзүн алып жүрүү форматын ким түшүндүрөт?
- Бул тийиштүү структуралардын жоопкерчилиги жана жоопкерсиздик маселеси. Мен андагы өз ордума гана жооп бере алам. Жакталуучуларымдын күнөөсүн айыптоочулар далилдейт. Тергөө иши бүттү. Маселен, "Альфадагы" 19-20 жашар жигиттин винтовкасынан ок атылганы туурасында эч илинчек табылбаса, ал 60 патрон менен алып, 60 патрону менен кайрыган болсо, анда ал эмнеге камалышы керек?! Ар бир курал баллистикалык, ал эми ар бир адамдын сөөгү судмедэкспертизадан өткөн. Баарын алып карап, салыштыруу кыйын эмес да. Мен акыйкат сот үчүн чыгам, бирок, катары менен кишилерди кармап алып эле жазалагыдай өч алууга караманча каршымын. Ким буйрук берген?! Эмнеге Роза Отунбаева Суталиновду узатып койгон?! Ал жөн гана кетпестен, жеке курамы тизилип, алар менен коштошуп узаган, кызматтарына рахматын айткан. Эмнеге ал жоопко тартылбай, алдындагы кызматкерлер азап тартыш керек?! Бакиевди инилери менен кошо Тейиттен узатып коюшат да, түштөн кийин "Бизге кайрып бергиле" деп атышат. Ал эми бейкүнөө күнөөлүүлөр сот залында. Бул мыйзамды, адилеттикти аеосуз тебелегендик. Рангы бийик же бай болсо, алар жазаланбайбы?! СГОдогу бир жигит төрт айдан бери СИЗОдо, ал апрель окуясынын алдында эле ант берип, ишке кирген. Баласынын төрөлгөнүнө 10 күн болду. Атасы кадрдык аскер, өмүр бою жатаканада жашайт. Ал эми особняктарда жашаган, кетээр өлкөсү болгондорду биздин бийлик жетелеп узатып койгон. Эл алданып атканын билиш керек. Чыныгы айыпкерлерди бул бийлик жоопко тарткысы жок. Мурдагы митингдерде Алмаз Шаршеновичтин колоннасында сонун ураан бар эле: "Хватить врать" деген. Эмнеге бийлик чындыкты айткандан коркот?! Коомдук канал комментарийсиз көрсөтсүн баарын. Эл билсин, уксун, анан эл да өз чечимин чыгарып, баасын берсин.
- Башкалардан айырмаланып, мурдагы бир лагерлештериңизге, өзгөчө мурдагы устат-окутуучуңуз Роза Отунбаева башында турган бүгүнкү бийликти кескин сынга ала баштадыңыз. Бүгүнкү кырдаалда туруктуу оппозициячыл, күрөшчүл болуп турасыз. Мындай статус сиз үчүн эмне?
- Азыркы бийлик менен конфронтация жолун тандаганым жок. Мен мыйзамды коргоо жолундамын. Сот системасындагы мыйзам бузууларга менин досторум жана санаалаштарым барып жатса, алар менин досторум, жакындарым болгону үчүн көз жуумп коюшум керекпи?! Мыйзамсыздык дал ошол досторум тарабынан жасалып атканын кабылдоо мага албетте, оор. Бирок, мен алардын өздөрүн эмес, эл тагдырын чечүүдөгү иш-аракеттерин сындап жатам. Демек, мен аларды сатып кеткеним жок. Эгерде жакындарымдын чектен чыккан аракеттерине көз жума алсам, анда принцип кайда?! Анда мен өзүмдү да өзүм сатып кеткен болом да. Ал эми адамдын эң башкы душманы - адам өзү.
Айнагүл САПАРБЕК кызы,
"Атамекен" интернет гезити




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика