Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




Азимбек Бекназаров, вице-премьер-министр:
"Кылмышкерди кармап алгансып
сороктошкон Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү уят болду"

(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

- Азимбек Анаркулович, 7-апрелден кийин "телефоногейт" окуялары жүрдү. Жаныш менен Максимдин сүйлөшүүсүнө удаалаш УӨ мүчөлөрүнүн пикир алышуулары элге жарыя болуп, анда негизги каарманга айландыңыз эле. Бирок, сүйлөшүүлөрдүн бирөөсү да иликтөөгө алынбай, жалган маалыматтай жабык бойдон калып кетти. Айтыңызчы, сүйлөшүүлөрдүн канчалык деңгээлде чындыгы бар эле. Же ошол учурда атайын каралоо максатында жасалган иш болдубу?
- Бардыгыңар билесиңер, менин телефонум Акаев мезгилинен бери алмаша элек. Депутат болуп турган кезимде "жучок" коюлгандагы номерим менен жүрөм. Азыр да УКМКнын тыңшоосунда турат. Бул биринчиси. Экинчиден, БЭКтин штаб башчысы болгондугумдан, анан Убактылуу өкмөт бийликке келгенде мен тейлеген тармактар (Укук коргоо, сот, прокуратура) коомчулуктун көңүл чордонунда болгондуктан УӨнүн өзгөчө көзөмөлүндө турду. Анткени, экономиканы кантип көтөрөбүз дегенге караганда, кылмыш ишин ачуу, бийлик алмашкан сайын колдон-колго өткөн объектилерди мамлекетке кайтаруу, кан төккөн адамдарды жоопко тартуу, аларды соттоо, качкан кылмышкерлерди издөө, "Түндүк электро" сыяктуу сатылган объектилерге арест салуу, аларды талап-тоноого жол бербөө сыяктуу орчун иштер мойнума жүктөлдү. Үчүнчүдөн, ошол кезде коомдун, өлкөнүн стабилдүүлүгүнө менин аракетим көбүрөөк таасир берип жатты окшойт. Себеби, ошол күндөрү мамлекеттин Түндүк-Түштүгүнө тынымсыз каттап, башкаларга караганда эл арасында көп жүрдүм. Мисалы, 12-апрелде Курманалиеваны губернатор кылбайбыз деп таластыктар митинге чыкканда дагы мен бардым. Он миңдеген эл сүйлөгөнгө мүмкүнчүлүк бербегенде, Конгантиевди таштайбыз деп көрсөткөн үчүнчү кабаттагы айнектен чыгып сүйлөп, калайыкты тынчтандырып калдык. Мени сыйладыбы же менин сөзүм таасир эттиби, башка губернатор шайлайбыз деп чогулган эл, Курманалиеваны калтырып, тарап кетти. Андан ары Жалал-Абадга карай сапар тартып, үч-төрт күн Түштүк регионунда жүрдүк. Ушундан улам менин телефонум атайын кызматтын өзгөчө тыңшоосунда болду окшойт.
- Миллион долларлык сүйлөшүүгө келсек…
- Миллион доллар тууралуу Т.Сариев экөөбүздүн ортобуздагы сөз кадимкидей эле сүйлөшүү. Биринчиси, мен аркылуу болгон иштердин баары кеңешилип жаткандыгынын белгиси болсо, экинчиси Бакиевдер Түштүктү ээлегенге тынымсыз, күн-түн дебей аракеттенип жатканда, стабилдүүлүктү жөнгө салуу максатында, революцияны колдогон элди Жалал-Абад, Ошко ташуу үчүн каражатты кайдан табуу керектиги жөнүндөгү сүйлөшүү эле. Бир көпүрө сала турган болсоң сүйлөшкөндөй, жүздөгөн адамды ташуу да оңойго турбайт. Сүйлөшүүдө мен Сариевге мыйзам бузулбасын деп жатам, ал "кантип мыйзамга тууралайбыз" деп менден сурап жатат. Ал учурда бир да банк иштебей турган. Бухгалтерия, касса жок болчу. Жалал-Абад, Ошто УӨнүн бийлиги сыртта, көчөдө турган. Анан мен ал жакта, Сариев бул жакта жүрсө телефон менен сүйлөшпөгөндө, маселени телефон аркылуу чечпегенде кантип чечмек элек. Тескерисинче, Т.Сариев экөөбүзгө ырахмат айтыш керек дээр элем. Тополоңго карабай, кырдаалдын оор экенине карабай мыйзамды сактайлы, кантип мыйзамдуу кылабыз деп жаттык. Өкүнүчтүүсү, ошол акчаны бөлгөн жыйынга катышпаган "айрым" Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү кылмышкерди кармап алгансып сороктоп чыгышып, Түштүккө каяктан акча табуу, аны кантип жумшоо керектиги тыйынына чейин эсептелип, такталган УӨнүн төрайымы Р.Отунбаеванын чечимин көргөн соң, өздөрү уят болушту. Айтарым ал сүйлөшүүдө эч кандай криминалдык нерсе жок. Албетте, мурда болуп көрбөгөн окуя экендигинен талаш жок. Бирок, банк, кассалар иштебей турганда, атургай органдагы адамдар жумушка чыкпай жатканда маселе чечүү оңойго турбайт экен. Анан иштебей калды деп алакан жайып, чукул чараларды көрбөгөнүбүздө, кырдаал эмне болуп кетээрин бир Кудай билет эле.
Ал эми А.Атамбаев жана Б.Асанов менен болгон сүйлөшүүлөр деле иш жүзүндөгү маселелер. Мамлекеттин жоопкерчилиги турганда ачууга алдырып жиберген учурлар болбой койбойт. Кошоматтанып мактай бергендердин бийлиги эмне менен бүткөнүн көрдүк. Ошондуктан бардык нерсени өз учурунда, маалында ачуу керек, бетке айтуу керек. Алмазга эски чиновниктер кайра келип жатыптыр, баягыдай эле акча бергендер отуруп жатыптыр, 2005-жылдагыдай кемчилик кетирбейли, жаман жоруктарды токтотолу деген эл арасында айтылып жаткан сөздөрдү айттым. Бирок, адилет сөздөн туура жыйынтык чыгарбай, "бөйрөктөн шыйрак чыгарышты".
- Сүйлөшүүнү кимдер чыгарды деп ойлойсуз?
- Мүмкүн ошол кезде УКМКнын кызматкерлеринин көпчүлүгү эски бийликтин, бакиевдердин жакын адамдары болгондуктан алар пиар катарында жасаган иштир. Же колунда атайын уга турган техникалык аппараттар болгондуктан Жаныш Бакиев УӨнүн аброюн кетирүү, жаманатты кылуу үчүн сүйлөшүүлөрдү атайын таратышы ыктымал. Бирок, биз ошол күндөн бери айтып келе жатабыз, комиссия түзсүн, текшерсин. Кудай алдында, эл алдында абийирибиз таза.
- Ушул нерселерди УӨнүн бир мүчөсү, жаныңыздагы досторуңуздун бири жасагандыгынан шектенбейсизби?
- Шектенмек түгүл билем, бирок азыр айтпайм. Ал убагы келгенде өзүнөн өзү чыгат. Мага каршы активдүү саясат жүргүзүп жүргөн УӨ мүчөлөрү бар. Муну орусча айтканда "зависть" дейт. Пенде болгон соң көралбастар, ичи тарлар арабызда болот экен. Менин активдүү аракеттерим, Түндүк-Түштүк дебей эл арасында жүргөнүм, калктын оозуна илингеним "бирөөлөрдүн" ичин "өрттөп" жаткан өңдөнөт. Дегеним, өздөрү баралбайт, үйүнөн чыкпайт, анан иш кылгандарды көралбайт. Башкасын айтпай ак коеюн, Ош коогалаңына кимдер барганын, кимдер барбаганын эл билет. Көралбастык, ичи тардык кылып, "котур ташын койнуна каткандарды" ушундан деле байкасак болот.
- Аталган сүйлөшүүнү чыгаргандар же элге ушак катары тараткандар максатына жеттиби?
- Ушак чыгаргандар бир топ деңгээлде максатына жетти. Убактылуу өкмөт бир топ ишенимден ажырады. Биздин "душмандар" т.а. бакиевчилер ошол нерсени кайталап жатып "Акшумкар" партиясына добуш бердиртпей койду. Чынчынына келгенде Бекназаров менен Сариев сүйлөшкөн акчалар Түштүктүн бир канча адамдарынын өмүрүн же жанын сактап калды десек болот. Мисалы ошол Жалал-Абадга Токтогулдан, Аксыдан, Ноокенден, Базар-Коргондон барган жүздөгөн эл урушту, бөлүнүп-жарылууну токтотту. Ошондой эле Кара-Кулжа, Алайдан келген адамдар Бакиевдерди кууп чыкты. Эгер аталган нерсе уюшулбай, адамдар ташылбай, Бакиев "президентмин" деп Ошто отуруп алганда эмне болмок? Кудай бетин ары кылсын, атуулдук согуш башталбайт деп эч ким кепилдик бере албайт эле. Чукул бөлүнгөн акчанын арты менен өлкөнүн стабилдүүлүгүн сактап калдык. Маселен, мамлекеттин бүтүндүгүн ойлогон эл ар кайсы айылдарда, келүүгө каражаты, шарты жок отурду. Аларды бир жерден экинчи жерге жеткирүүдө канча каражат талап кылынарын айтпайын. Жеткиргенден кийин курсагын тойгузуш керек деген маселелердин бардыгы акчага барып такалат. Ага акчаны табуу, биздин телефондук сүйлөшүүгө барат. Ооба, ошол учурду пайдаланып упай топтоюн же тигинин кадырын төгөйүн дегендер арабыздан чыкпай койбоду. Биринчи өзүбүздөн кетип, анан биздин душмандар аны курал катары пайдаланды. "Досторумдун" алысты көрө албаган саясатынын жыйынтыгында УӨнүн кадыры кадимкидей урады. "Шылтоодон шыноо таап" бизди жоготом деген максатта сүйлөшүүнү чыгарган "кишилердин" кайра өздөрүнө терс таасирин тийгизди. Ошондуктан, кыргызда "бирөөгө ор казсаң тайыз каз, өзүң түшөсүң" деген сөз айтылат.

(Көкүрөгүңүздү өйүтүп, А.Бекназаровго бере албай жүргөн сурооңуз болсо, редакцияга чалыңыз. Маек тыныгуудан кийин уланат).

Зулпукаар
САПАНОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика