Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери




  Ордолуу шаарым

"Кыргыз бир бүтүн эл экенин Оштогу кандуу согуш далилдеп койду"

О рдолуу Ош шаарындагы кандуу согуштан кийин жабыркаган үйлөр толук бүткөрүлө элек. Бардыгы акырындык менен иретке келип жаткан учуру. Дегинкиси өзбек туугандар кыштын ызгаар суугуна калчудай эмес. Жалал-Абад шаарында бардыгы ойдогудай болуп, өзбек-кыргыз мамилеси баштагыдай болгону менен Ош шаарында элдин маанайы пас. Көп жыл бою батирде жашап, алакандай жерге зар болгон кыргыздар жер берүүнү талап кылып чыгышкан эле. Мындай маселени кимдир бирөө өз кызыкчылыгына пайдаланганы менен Ош шаарында жерге, үйгө муктаж кыргыздар миңдеп саналат. Жер берүүнү талап кылып чыккан элдин пикирине ортоктош болуп, колдоо көргөзүп жүргөн Ош шаарынын тургуну "Өчпөс от" коомунун төрагасынын орунбасары Сапаргүл Бердалиева менен баарлаштык.


- Жер берүүнү талап кылып жаткан адамдардын катарын эмне максат менен толуктап калдыңыз?
- "Өчпөс от" коому коомдун атынан эки миң адамдын катышуусу менен Курултай өткөрүлүп, "эл үчүн иштеп бергиле" дешип, эл тарабынан он беш өкүл шайлашты. "Өчпөс от" коомунун төрагасы Төрөбек акенин орунбасары кылып мени шайлашты.
- Азыркы күндө кандай иштерди алып барып жатасыздар?
- Чындыгында Ошто жери жок, үйү жок жүргөндөр, кандуу согушта шейит кеткендердин үй-бүлөсүнүн абалы кыйын болуп турат. Негизинен биздин коом беш маселенин үстүндө жер бөлүштүрүүнү карап жатабыз. Биринчи кандуу согушта шейит кеткендердин ага-туугандарына, экинчи жаракат алгандарга, үчүнчү качкындарга, төртүнчү жыйырма жылдап бир бөлмө жатаканада күн кечирип жүргөндөргө, бешинчиси өлкөбүздүн ар кайсы региондорунан Ошко иштеп келип, Ошто өзбектердин үйүндө батирде жашап жүргөндөргө жер тилкесин берүүнү чечтик.
- Өкмөт тарабынан кимдерге кайрылдыңыздар?
- Биз биринчи президентибиз Роза Отунбаевага кайрылдык. Укук коргоочу Турсунбек Акунга, губернаторубуз Сооронбай Жээнбековго, мэрибиз Мелис Мырзакматовго кайрылдык.
- Мындай жер берүү маселесин шарт боюнча биринчи жергиликтүү бийлик мэр, губернатор чечип, алар жыйынтык чыгара албаса анан жогорку бийликке кайрылууга туура келет эмеспи?
- Менин оюмча бул жергиликтүү бийликтин иши эмес. Мамлекеттик деңгээлде чечиле турган иш.
- Сиздер бөлүп берүүнү талап кылып жаткан айдоо аянты кимдерге тийиштүү экенин билдиңиздерби?
- Жок. Аны бийликтегилер өздөрү териштирет. Биздин билгенибизге караганда Акаевдин убагында үлүшкө берилип, кийин шаар чоңойгондо элге берилмек экен. Ошондон бери биздин аткаминерлерибиздин кайдыгерлигинен улам жер кайтарылып алынып, элге бөлүнүп берилген эмес. Жыйырма жылдан бери бизде эч бир адамга жер берилген жок. Биз болгону ушул жагын гана билдик. Жерге муктаж эки жүз миң адам бар. Анан бул маселени бир гана мэр же губернатор чече албайт да. Өлкө башчысы болгон президент, Жогорку Кеңеш карашы керек. Азыр үлүш жердин ээлери "биздин жерди тартып алып, укугубузду тебелеп жатат" деп жатышыптыр. Эмне сексен адамдын укугу укук. Ал эми эки жүз миң адамдын укугучу. Алардын укугун ким коргойт? Жер кодексинин 66-беренесинин 2-пунктунда " үлүшкө берилген жерлер мамлекетке же элге керек болгондо мамлекет кайтарып алганга укуктуу" деп көрсөтүлгөн. Биз бөлүп берүүнү талап кылып жаткан жердин ээлерине башка жерди беришсин.
- Демек, "бул жер биздики"-деп чыккандар болуптур да?
- Жок. Биз үстүртөн гана угуп жатабыз. Бетибизге келип эч кимиси айта элек. Калп эле болдубу же чынбы органдын адамдары келип бизди биринчи чыккан күнү коркутуп, бир эжекенин колун сындырып, бир агайды дубинка менен урушту. Эркектер чыкса эле камап таштайт эмеспи. Ошол себептүү көбүнчө аялдар, энелер чыкканбыз. Өзүңүздөр билесиздер ишке жарамдуу кыргыздардын бардыгы сыртта мигрант болуп жүрүшөт. Азыр жер тилкесине муктаж болгон эки жүз миң адам сыртка мигрант болуп чыгып кетсе Кыргызстанда ким калат? Статистика боюнча алып караганда 2009-жылы калктын саны Ош шаарында 243 000 түзсө, Бишкекте 885 000 болгон. Бишкекте 846 000 жашоочуга 160/2км, Ошто 243 000 жашоочуга 16/2км. Бишкектин калкы Ошко караганда 3,5 эсе көп болгону менен жери 10 эсе көп. Ош шаарында Бишкекке караганда элдин жыштыгы 3 эсеге көп болуп жатат. Ош экинчи борбор болгондуктан күнүмдүк жашоосун өткөрүү үчүн алыскы райондордон келген адамдардын саны андан көп. Баткен, Лейлек, Алай, Чоң Алай, Ноокат, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Чүй, Кызыл-Кыя, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу, Таш-Көмүр, Өзгөн, Тогуз-Торо, Сузак, Базар-Коргон жана башка көптөгөн аймактардан соода-сатык жүргүзүү үчүн, окуп билим алуу үчүн келишет. Мындай каттоого турбаган адамдардын саны 200 000 миңден ашык атуулдар. Аларды карабай таштап койбостон, жер, үй берүү керек. Мындай маселени Ош облустук губернатор же Ош шаардык мэри тарабынан чечүү мүмкүн эмес, мамлекеттик жогорку деңгээлде гана чечүүчү маселе деп эсептейбиз. Ошол себептүү мамлекет бардыгын мыйзам чегинде чечип берсин деп күтүп отурабыз.
- Маселе кандай чечилип жатат?
- Кудай буюрса жакшы жагына чечилип жатат. Губернаторубуздан биздин үнүбүздү президентке жеткирүүнү талап кылган элек. Азырынча маселебиз оң жагына чечилип калды.
- Эже, азыркы түндүк-түштүк маселесине кайрыла кетсеңиз?
- Биз кыргыздар бирбиз. Эч убакта бөлүнбөшүбүз керек. Түндүк-түштүк маселесин саясатчылар гана көтөрүп жатышат. Өткөндө кандуу согушта көрдүк го. Ошко Кыргызстандын туш тарабынан Таластан, Ысык-Көлдөн, Нарындан, Чүйдөн кыргыз жигиттер келип, кыргыздын намысын коргошту. Ошондо көзүмдөн жаш тегеренди. Ал балдар менин үйүмдө болушту. Эже деп кайрылышса, өзүмдүн балдарымдай элжиреп, жүрөгүм ооруп турду. Кыргыз эли бир бүтүн эл экенин Оштогу кандуу согуш далилдеп койду. Кыргыз деген кылым эл, кызым!

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Ош-Бишкек




"Камбар-Ата-2" ГЭСи ишке киргизилди
Ана ишке кирет, мына ишке кирет делинип келе жаткан "Камбар-Ата-2" ГЭСи акыры 27-апрелден тарта иштеп, электр энергиясын өндүрө баштады. Анда иштелип чыккан электр кубаттуулугу азырынча Токтогул районунун муктаждыгын камсыздоого багытталат. Электр станциясынын биринчи гидроагрегаты электр кубаттуулугун 7-8 ай бою үзгүлтүксүз иштеп чыгарууга жөндөмдүү.


Сыдыков менен Масалиевдин соту дагы жылды
Кечээки күнгө белгиленген мурдагы администрация башчысы Үсөн Сыдыковго жана Коммунисттер партиясынын жетекчиси Исхак Масалиевге байланышкан сот 10-декабрга жылдырылды. Сот отурумунун жылдырылышына стационардык дарыланууда жүргөн Үсөн Сыдыковдун жана дагы бир соттолуучу Макеевдин сотко келбей калгандыгы себеп болгон. Белгилей кетсек, Ү.Сыдыков менен И.Масалиевге "12-13-май күндөрү "массалык башалмандыктарды уюштурган" (233-берене) жана "конституциялык бийликти күч колдонуп басып алууга аракет кылган" (295-берене) деген беренелер боюнча кылмыш иштери козголгон.


"Алиби" пресс








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика