"Мекен шейиттери" кечирди, "Ата-Журт" баатырларды тааныды
Закиржандын залакасы тийип, Бакиевдердин арасында жүрүп баркы кеткен "Ата-Журт" партиясы 7-апрелде шейит кеткен баатырлардын жакындарына тизе бүгүп, апрелде баатырларча курман болгон жигиттерге акаарат келтирбегенин, Бакиевди эч качан апкелбей тургандыктарын ачыктап, кол куушура кайрылуу жолдогонуна жалпыбыз күбө болдук. Бул атажуртчулардын, Курманбек "акабизди" эми колдобойбуз, адилеттүүлүк үчүн шейит кеткен кандаштарыбызга таазим кылабыз, апрель революциясын тааныйбыз дегенди билдирет. "Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер" же "таш менен урганды аш менен ур" дештиби, апрель окуясында шейит кеткендердин жакындары жана апрель окуясынан жапа чеккендер чогулган "Мекен шейиттери" уюму Кыргызстандын келечеги, мамлекеттин биримдиги үчүн "Ата-Журт" партиясын кечирип, КСД партиясы менен коалицияга биригүүсүнө уруксат берди. Ошентип, шейит кеткен жигиттердин туугандары жана майып болгондор кыргыздын улуулугун, айкөлдүгүн, бийиктигин көрсөтүштү.


Турсунбектин тоюнда Өмүрбек өлө бийлеп…
Акыйкатчы Турсунбек Акун уулун үйлөп той берип, аттуу-баштууларга, тууган-уругуна ала-тоодой эт, ала-көлдөй чык тарттырып, тойго келгендерге унутулгус элес тартуулады. Чоңдордун катарында ЖоКенин депутаты Өмүрбек Абдрахманов агабыздын барып, алка-шалка терге түшүп бийлегенине таң калдык. Анткени, Өмкө элге жагарлык иштин демилгечиси болуп, люстрация мыйзамын кабыл алууну апрелден бери суранып келаткандардын бири. Атургай, аталган мыйзам кабыл алынса кайсы үлкөндөр саясаттан жок болорун аныктаган тизмени түзгөн киши. Бакиевдер менен жок болор адамдардын катарына Өмкө Турсунбек Акунду кошкондо, "баракелде" деп алакан чаап, эр экен дегенбиз. Бирок, Өмкө Акыйкатчынын тоюнда сыйлуу конок болуп, сорпосун ичип, этин жеп алды. "Ичмектин кусмагы бар" дейт кыргызда, эми "тазалоо" жагын кантээр экенсиз?


Өктөмхан өзү уялбады же беркилер кыялбады
7-апрелден бери карай мамлекеттеги кадр саясаттын өздөрү каалагандай калчаган "эрендер" шейит кеткендерди элес албай, аралашма аталаны чалганын бүгүнкүгө дейре токтотуша элек. Мекен үчүн, эл-жер үчүн окко учкан жигиттерди акыргы сапарга узатуу зыйнатын, революцияга кыпындай салым кошпогон Акаевдин сүймөнчүгү К.Иманалиевге башкартканы эсибизде. Кызыгы, ошол мекенчил уулдарыбыздын урматына чыгарылган медалдын эскизин чийген топту Өктөмхан Абдуллаева жетектетиптир. Бул айым Бакиевдин вице-премьери болуп, 7-апрель күнү кырчындай жигиттердин чекесине ок кадалып, кан кусуп жатканда ФОМСтун башында жылуу креслодо отурбады беле. Ушундай акылга сыйбаган жүрүштөр абийирге сыярын бийликтин билермандары качан сезер экен? Жок дегенде арбактан коркушпайбы?


Түйүнчөгүн түйгөндөр…
Коалициянын илең-салаң болушу, түзүлүшүнүн кечеңдеши "атка минип" алган ага-эжекелердин түн уйкусун бузуп, күн санап ден соолугун начарлатууда. Дегенибиз, КСД партиясы менен "Ата Журттун" сүйлөшүүсү бийликтеги саналуу атамекенчилердин шаабайын суутса, "Ата-Журт" партиясынын түнөрүп, жооп бербегени бийликтеги жоон топ Соцдемчилердин жүрөгүн оозуна кептөөдө. Бир келген бийликтин балын эмеле татып кирген "байкуштардын" табитин бузган коалиция деген балакети бар Парламенттик системаны ашата сөгүшүүдө. Ал эми Бекназаровдун баркы менен белдүү кызматка бекигендер май талкандан үмүтүн такыр үзүшүп, "кеткин" деген кагазды гана күтүп, түйүнчөктөрүн түйүп отурушат.


Коалиция түзүлөт, түзүлбөйт…
Коалиция түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жыйынтыктоочу баскычка келип калганын КСДПнын мүчөсү Чыныбай Турсунбеков улам кайталаганы менен, эмнегедир түзүлбөй калчудай таасирин көрсөтө баштады. Анткени, Чыныбай мырзанын "бүткөнү калды" деп чыркыраганына эртең эки жумага айланат. "Ар-Намыстан" катуу кагуу жеген соң, Чыныбай агабыздын ашык өкчөп, төлгө салышы боюнча ушул жумада КСДП - "Ата Мекен" - "Республика" же КСДП - "Республика" - "Ата Журт" үчилтигинен коалиция түзүлүп калышы ыктымал. Эгерде эч ким менен бөлүшкүсү келбеген "папке" талаштын айынан көпчүлүк куралбай калса, 3-декабрда Соцдемчилердин мөөнөтү бүтөт. Президент айым андан кийин көпчүлүктү куроочу чүчү кулакты "Ата Мекенге" ыроолойт. Атамекенчилер айласын табалбаса, жалпысына бир мүмкүнчүлүк берилип, анан Парламент таркатылат. Далай акчаны суудай агызып, капчыктары калдырай түшкөн депутаттар ага барышпайт. Чечүүчү мезгилге жеткенде "чегиртке" менен болсо да биригишет.


Кыргыз моджахеддеринин бири кармалды
Ушул жылдын 15-апрелине чейин Сузак районунун Тейит айылында мыйзамсыз түрдө Бакиевдер тарабынан түзүлгөн куралдуу топтун курамында өлкөнү түндүк жана түштүк аймактарга бөлүүгө аракет жасап, 13-майдагы Жалал-Абад шаарындагы облустук администрациянын алдында массалык тартип бузууларга, 14-майдагы киши өлтүрүүгө катыштыгы бар деген шек менен издөөдө жүргөн 29 жаштагы Сейитмурат Мурзакматов кармалды. Анын жакын досу Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиев 13-14-майда массалык башаламандык уюштурган, мыйзамсыз курал сактаган жана бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөткөн деген айыптар боюнча күнөөлүү деп табылып, 10 жылга темир торго тыгылды.


Салымбеков эр экен, Президенттен шер экен
Кытайдын Гуанжоу шаарында өткөрүлгөн XVI Азия оюндары жыйынтыкталып, Кыргызстан 45 мамлекеттин ичинен 25-орунду ээледи. Азия оюндарына катышуу тарыхында бул саам Кыргызстан эң көп спортчу катыштырып, эң аз медаль алып кайтты. Тактак айтсак, 145 спортчу катышып, 1 алтын, 2 күмүш, 2 коло медалга ээ болду. Маселен, 2002-жылы 60 спортчу катышып, 12 медаль алышкан. Анын экөөсү алтын, төртөөсү күмүш, алтоосу коло болгон. Дегенибиз менен, ортодо сегиз жыл өткөнүнө карабай сыйлыктар дагы 2002-жылдагыдай берилерин Р.Отунбаева билдирди. Атай кетсек, Д.Көбөнов 15 миң, Евгений Ваккер менен Каныбек Жолчубеков 10 миңден, Жанарбек Кенжеев менен Александр Пароль 5 миңден доллар алышат. Белгилей кетчү жагдай, саясаттан кирдеген Салымбеков агабыз, калк алдында агаргысы келдиби, айтор берешендикке салып, колу ачыктыгын көрсөтүп, бийликтен өйдө турарын билдирип, Ата Мекенге Алтын медель менен атак апкелген Д.Көбөновго "Жип" автоунаасын белек кылмак болду.