Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери





Отунбаева ЕККУнун жыйынына катышат
КР Президенти Роза Отунбаева 1-2-декабрь күндөрү Астанада өтүүчү Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун саммитине катышат.Саммит учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү да өткөрүп, дүйнө коомчулугун Борбор Азиядагы жана Кыргызстандагы кырдаалга көңүл бурууга чакыруусу күтүлүүдө.
ЕККУ саммитине Франция президенти Николя Саркози, Россиянын президенти Дмитрий Медведев, Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон, Германия канцлери Ангела Меркель баштаган дүйнөлүк саясий ишмерлер катышат.
Ал эми АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондун ЕККУнун жыйынынан соң, Кыргызстанга келиши күтүлүүдө.


Текебаев менен Кулов Астанага неге барышты?
27-ноябрда "Ата Мекен" , "Ар-Намыс" жана "Жашасын Кыргызстан" партияларынын лидерлери Өмүрбек Текебаев, Феликс Кулов жана Токтайым Үмөталиевалар Казакстанда болуп келишти. Аталган лидерлер "Нур Отан" партиясынын Парламентаризм институтундагы илимий практикалык конференцияга катышып, "ЕККУнун конфликттен кийинки абалды чечүүдөгү инструменттери жана механизмдери" деген аталышта баяндама жасашкан.
Бул сапарды укканда алгач, Кулов менен Текебаев коалиция түзүү маселесин президент Нурсултан Назарбаев менен акылдашканы кетти деп божомол кылганбыз. Арийне, бул боюнча лидерлер Назарбаев менен сүйлөштүбү же жокпу, белгисиз.


Орусия майды арзандатат, бирок бир шарт менен
Тажикстандын борбору Дүйшөмбүдө өткөн ШКУнун жыйынында Орусиянын Энергетика министри Сергей Шматко Кыргызстанга берилип жаткан нефти өндүрүмдөргө пошлинаны алып салууга даяр экендиктерин билдирди. Бирок, бир шарт менен: анүчүн биргелешкен ишкана түзүү сунушталган. Биргелешкен ишканада күйүүчү-энергетикалык инфраструктура, май куюучу заправкалар тармагы жана нефти сактоочу жайлар болот. Бирок, Орусия тарап бул ишкананын көзөмөлдөөчү пакетин өзүнө алууну болжолдоодо.
Экономисттер муну, өлкөгө пайда гана алып келе турган эки тараптуу кызматташуу катары баалап жатышат. Эгер бул план ишке ашып калса, Кыргызстанда күйүүчү майлардын баасы жок эле дегенде он сомго чейин арзандамак.


БУУ: Кыргызстанга 42 млн доллар керек
Кыргызстан зарыл түрдө 42 млн долларлык гуманитардык жардамга муктаж. Ноябрь айынын акырында Бириккен Улуттар Уюму ушундай чакырык менен донор өлкөлөргө кайрылды. Ал кайрылууда каражатка июнь айындагы окуяларда жабыркаган 810 000 адам муктаж болуп тургандыгы айтылган.
Каржы министрлигинен билдиргендей, Кыргызстанга убада кылынган 1,1 млрд доллардын учурда 319 миллионуна кол коюлуп, келишим түзүлгөн. Мунун ичинде 150 млн грант түрүндө, калганы узак мөөнөткө 0,75-2 пайыз менен берилмей болгон.


Чакан ГЭСтер боюнча дирекцияны "ар-намысчылар" эч кимге бербейт
Ишкер, Кыргызстандагы немистер союзунун төрагасы, "Ар-Намыс" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Валерий Диль Чакан жана орто ГЭСтерди өнүктүрүү дирекциясынын жетекчилигине дайындалды. Буга президент Роза Отунбаева кол койду. Мурда бул кызматты "Ар-Намыс" партиясынын төрагасы Феликс Кулов аркалап, Валерий Диль анын орун басары болчу. Биздин билишибизче, В.Диль Курманбек Бакиевди колунан келишинче колдоп жүргөн адам эле. Оппозицияга каршы туруп, Бакиев бийлигине саясий колдоо көрсөтүү үчүн түзүлгөн Коомдук палатанын да мүчөсү болгон. Мындан тышкары, 2008-жылы апрель айында парламенттеги оппозициячыл депутаттар стратегиялык ишканаларды сатууга каршы болушканда айткан сөзүн келтирсек эле анын "өтмүшү" кандай экендиги жетиштүү болор: "парламенттеги депутаттардын стратегиялык маанилүү объекттерди менчиктештирүү маселесин чечүүдөн качышы-өз элине карата кылмышка тете иш" деген эле ал. А кийин, Бакиевдер акыры маанилүү ишканаларды сатканда, эмне окуялар болгондугун эскерип отуруу кажетсиз. Кыскасы, Валерий Диль орошон ойлору менен Бакиевдерге жагынып келгендигин өзү деле жокко чыгарбас.


Мигранттар Орусиядан 334 млн доллар которушкан
Үстүбүздөгү жылдын III кварталында Россиядан Кыргызстанга 334 миллион доллар которулган. Мындай маалымат Россия Борбордук банкынын расмий сайтында берилген. Маалыматка ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен акча которуулардын көлөмү боюнча Өзбекстан биринчи орунда. Жалпысынан III кварталда Россиядан Өзбекстанга 993 миллион доллар которулган. Экинчи орунда Тажикстан туруп, бул өлкөгө 756 миллион доллар жөнөтүлгөндүгү белгилүү болгон. Андан кийинки кезекте Украина (606 млн доллар), Армения (348 млн доллар), Кыргызстан (334 млн доллар), Молдова (261 млн доллар), Азербайжан (252 млн доллар), Казакстан (290 млн доллар), Беларусь (57 млн доллар) жана Түркмөнстан (10 млн доллар) турат. Жалпысынан КМШ өлкөлөрүнө 3 миллиард 708 миллион доллар которулган экен.
Ал эми Россияга которуулар боюнча Казакстан биринчи орунда турат. Мында Казакстандан Россияга 181 миллион доллар которулган. Кыргызстандан болсо 52 миллион доллар жөнөтүлгөн.


Адилетчи Н.Кочкоровдун адилетсиз жоругу
"Ата-Журт" партиясынын ички саясаты азыркы күндө олку-солку тартып, бирдиктүү партия катарында көрүнбөй жаткан кези эмеспи. Түшүнүүгө деле болот. Алардын ичинде деле колу таза, жүрөгү таза, элди ойлогон азаматтар бардыр. Баары эле бакиевчилер болуп калды дейсизби? Шайлоо алдында шайдоот көрүнгөн бул партия кайсыл кара теке сүзүп жиберди айтор, чаңыскып эле калышты. Бул көрүнүш алардын камчысы болгон, чап дегенин чаап турган "Жаңырык Апта" гезитине да барып бир тийиптир. Партиянын пресс кызматын жетектеп турган тележурналист, адилетчи Нышанбек Кочкоров аталган гезиттин журналисттерин катуу таарынтыптыр дейт. Кыйла жылдан бери адилеттикти чагылдырган Нышанбек мырзанын кылган иши ушул болсо, анда анын ушунча жыл адилеттик үчүн жан үрөгөн аракетине "түү" деп эле коюш керек го!


"Алиби" пресс




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика