Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери





Кыргызстан кландардын жана криминалдардын барымтасында
Кыргыз "той да болор, тойдун эртеси да болор" деп коет. Анысы кандай эл күткөн элдик революция да болду, анан мыйзамдуу бийлик үчүн, жаңы заман, жаңы система үчүн деген ниет менен өткөрүлгөн парламенттик шайлоо да өтүп, анын жыйынтыктары да чыкты. Кыргызстанда качан мыйзамдуу өкмөт түзүлөт, Кыргызстанда качан мыйзамдуу Жогорку Кеңеш өз ишин баштайт деп өлкөнүн эли гана эмес дүйнө күтүп атат. Тилекке каршы, элдик революция, парламенттик шайлоо деген эйфориялар унуткарылып бараткан менен, шайлоодон бери эки ай аралык өтсө да, Жогорку Кеңештин СДПК фракциясы Өкмөттү түзүүгө укук алганына бир айга чукулдап калса да, Өкмөт түзүлө элек. Парламенттик шайлоодо утуп чыккан беш саясый партиянын фракцияларын бир коалицияга биригүүгө мунасасы келбей, ит жыгылыш болуп атышат. Тээ парламенттик шайлоо жыйынтыгы чыгып-чыкпай саясый серепчилер, коомдук ой-пикир, басылмалар жеңип чыккан саясый партиялардын кимин гана кимисине күйөөлөгөн жок. Бирлери эми СДПК, "Атамекен" жана "Республика" биригет экен десе, "Атажурт" менен "Арнамыс" биригип, бу топко "Республика" кошулат деген божомолдор айтылып жатты. Чындыгында, бул саясый партиялардын алган багыты, саясый программалары, коомдук-саясый турмуштан алган орду жана позициясынан улам мына ушундай божомолдордун айтылышы мыйзам ченемдүү иш болчу. Бирок, эч бир саясый серепчи, анын ичинде менин тарыхчы жана саясат таануучу досум Табылды Акеров да саясый партиялардын элге берген убадалары, алган позициялары айсбергдин үстү гана экенин, а саясый партиялардын чыныгы жүзү, стратегиясы, максаты айсбергдей болуп океан астында жатканын, ал саясый партиялардан жана алардын программаларынан эмес, Кыргызстандагы кландардын кызыкчылыктарынан көз каранды экенин, Кыргызстандагы бийликти мына ошол кландар бөлүшө албай жатканын, ошондон улам фракциялар бири-бири менен бир мунасага келип, фракция түзө албай жатышканын айтышкан жок. Кыргызстан кландардын өлкөсү экенин эң алгачкылардан болуп Табылды Акеров айтып чыккан. Андан бери жыйырма жылдан ашуун убакыт өттү. Мына ушул аралыкта Кыргызстандагы кландар кадыресе калыптанып тим болбостон, түптөлүп, оожалып баратат. Басылмаларда ачык айтылбаса да, Нарын кланы, Ысык-Көл кланы, Чүй кланы, Жалал-Абад кланы, Алай кланы, Ош кланы, Баткен кланы, Талас кланы жашап келатканын, улуу мууну кичүү муунду баш тоголотуп аңчылыкка үйрөтүп, алып келаткандыктары эч кимге деле жашыруун эмес. Кыргызстандын бийлиги да, байлыгы да мына ушу кландардын алган таасирине жараша бөлүштүрүлүп, тиги, же бу саясатчыга, же бизнесменге устукандар ыргытылып келатат. Ошол устукандан улам кландар арасында талаш-тартыштар да, таарынычтар да болбой койбойт. Бирок, анын баары убактылуу.
Клан дегенибиз эмне? Жалпак тил менен түшүндүргөндө бул өлкөдөгү бийликти жана байлыкты бөлүштүрүп, ага таасир этип туруу үчүн бириккен адамдардын тобу. Мындай кландар Кыргызстанда эле эмес, ошол эле Россияда деле, кошуна Казакстанда деле, дээрлик дүйнөнүн бардык мамлекеттеринде бар. Биздеги кландар тууралуу айтсак, алар аймактык таандыгына, же тагыраак айтканда кайсы жерден экенине жараша биригишкен. Акаев бийликке жаңыдан келгенде, мына ушул кландардын таасири калып, көп иштер ошолордун каалоосу менен, алардын кызыкчылыктарына жараша жасалып кетти. Ошол эле Кумтөрдү айталы. Жерди жеке менчикке берүү жана колхоз-совхоздорду таратуу тууралуу айталы. Акаев мамлекет башында турган менен, анын бийлигинин алгачкы жылдарында кландардын таасири ага күчтүү болду. Ал дайыма мына ошо таасирден арылууга аракет жасар эле. Бирок, барып-келип, акыр аягында мына ошол кландардын кызыкчылыктарынын барымтасында калчу да, мамлекеттик маанидеги чечимдер алар каалагандай кабыл алынып калчу. Башкасын айтпаганда, Талас кланы менен Кемин кланы ортосунда таасир бөлүшүү чөйрөсүн талашуулар туурасында кимдер билбейт, бул жөнүндө көп айтылып, көп жазылды. Бирок, бул талаш-тартыштардан дайыма Чүй кланы менен Нарын кланы утушка ээ болуп келгенин баары эле билбесе керек.
Мага бир аксакал башын чайкап, "Үсөн Сыдыков түштүктүн саясатта таанылып калган жигиттерин чогултуп, Курманбек Бакиевге бата алып берди. Акыры кандай болор экен" деп үшкүрүнүп сөз кылганын уктум эле. Чыны менен ал адам көрөсөндүк кылып айткандай, акыры жаман болду. Бакиев бийликке келгенде, сени мен бийликке апкелдим дегендей, ага теңаталык кылгысы келди эле, Курманбек Салиевич анын ал жакшылыгын актаган жок. Бул анүчүн сабак болууга тийиш эле. Бирок, болбой эле, 2010-жылдын 7-апрелинен кийин Үсөн аке Сыдыков чуу чыгарып ийгени эсиңерде чыгар. Биздин оюбузча, Үсөн аке ошондо "бөрү карыса да бир койлук алы бар" демекчи, түштүк кланын бир асабанын алдында бириктирүүгө аракет жасады. Арийне, анда өлкөдөгү оор саясый кырдаалды жакшы түшүнгөн Жалал-Абад, Алай, Ош кланын жан мууну аны колдобой койгон окшоду. Муну менен алар Үсөн акеге караганда, бир топ акылдуулук кылышты. Анүстүнө, түштүк кланына аталык ролду ойногон бу киши жаштарды бир топ таарынтып койгон жайы бар экенин баары билишет. Курманбек Бакиевге түштүк кланынын дээрлик бардык көрүнүктүү өкүлдөрүн чакырып, бата алып берген Үсөн Сыдыков кийин кайра Бакиевдин жана бир туугандарынын өзүм билемдигинен ошол батага катышкан, Бакиевдин бийликке келиши үчүн өз амбицияларынан артка чегинген саясатка аралашып, аздыр-көптүр жалпы республикага таанылып калган түштүктүк саясатчыларды коргой албады. Алар түгүл Бакиев бийлигинен өзү да ыдык көрдү. Ошого да карабай, 7-апрелден кийин кайрадан баш көтөрдү эле, анысы да майнапсыз болду.
Бир сөз менен айтканда, Кыргызстанда клан деген түшүнүк бар жана мына ошол кландык топтор Кыргызстанды башкарып жана байлыгын бөлүштүрүп алып жатышат. Биздин оюбузча, мына ушу тапта Кыргыз Өкмөтүн түзүүдө фракциялар эмес, кландар тил табыша албай жаткандай. Анткени, парламенттик шайлоодо мына ошолор акчасын чачып, тиги, же бу саясый партия үчүн жүгүрүп, аларга добуш алперишти да. Болбосо, беш-он миңге жетпеген мүчөсү бар партияларда кайдагы адамдык жана материалдык ресурстар. Акыркы беш-он жылдагы Кыргызстандын саясый турмушуна, аны ичинде ноябрь, апрель, февраль митингдеринин жана 24-март, 7-апрель революцияларынын ички табиятына көз жүгүрткөн акылы сергек адам кландардын саясаттагы таасири канчалык экенин, саясатты кандай нукка өзгөртүп жибере аларын жакшы түшүнөт. Эгер кландардын революциялардагы таасирин эске алсак, анын жанында бийлик бөлүштүрүү маселеси жөн эле оюнчук нерсе болуп калат. Биз карапайым адамдар жөн эле революция деп сүйүнүп, жөн эле келечекке ишенип жүрөбүз. Дүйнөлүк саясат жана экономика еврейлерден көзкаранды болгондой эле, карапайым адамдардын тагдыры мына ошол кландардын ачса алаканы, жумса колунда. Карапайым адам тиги, же бу кландын өкүлүнүн куйругун басып көрсүнчү, эртеси көчөдө калат.
Бир сөз менен айтканда, Кыргызстандын тагдыры, келечеги мына ошол кландык кызыкчылыктардын барымтасында турат. Эмне дейбиз, өкүнүчтүүсү, кландар бийликти бөлүшө албай жатат. Болбосо, СДПК эки тизгин, бир чылбырды колуна алган соң, Өкмөт башчылыгын өзүнө алып, парламентти "Атамекенге", же "Арнамыска" берип, "Республиканы" бул коалицияга тартса болорлугу карапайым көзгө деле даана көрүнүп турбайбы. Барымтадабыз дегенибиз мына ушундан улам. Кландык кызыкчылыктар Кыргызстандын жана анын элинин кызыкчылыгынан жана мамлекеттин келечегинен жогору болууда. Буга чейин да кландар өз кызыкчылыктарын Кыргызстандын кызыкчылыгынан жогору коюп келишкен.
Эми, Кыргызстан криминалдардын барымтасында - деген ойго түшүнүк бере кетели. Биз мында криминал дегенде, кримдүйнөнү жана кримавторитеттерди айткан жокпуз. Криминалдар деп галстукчан криминалдарды айтып жатабыз.
Карапайым адамдардын тагдырында Кыргызстандын тагдыры бар. Байкуш Ата журтубуздун эртеңи кандай болор экен?

Болотбек
Таштаналиев




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Яндекс.Метрика