Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
  Алыкул Осмоновдун туулган күнүнүн 95 жылдыгына

ТОЛКУНДАРДА КАЛГАН АКЫН ЖҮРӨГҮ...
Кыргызымдын бешенесине жаралган чыгаан уулдарынын бири Алыкул акын тууралуу сөз болгондо эле бир өкүнүч жүрөгүмө тык дей түшөт. Ал - улуу акындын керээз-мурасыбы, билбейм. Балким биздин муундун калемгерлери ойкуштатып-кайкыштатып, ойдолотуп отуруп жазып салмак, асти Алыкул аба антип "жөн эле" жазмак эмес. Колундагы калеми бекер шилтенмек эмес акындын. Ал: "Көп ыйлабай капаланбай көөмп кой, Ысык-Көлдүн толкун чачкан боюна" деп жөн эле толкундап кеткенден улам жазбаганы анык.Муну ыр килемин токуган колундагы жарагы - калемине айтыптыр. Калеми менен сырдашып, калемине сыйынган акындын эң бир олуттуу өтүнүчүн бирибиз баамдасак, бирибиз баамдабай келебиз...Керээз кимдир бирөөгө түз айтылбаган соң, ыр сабынан чыга албай калып калган өңдөнөт.
Эми, пендечиликте көп нерсенин өөдө-ылдыйы, кемтик-сөлтүгү болуп келген, боло берет. Ошол үчүн пендебиз да. Эгер, төрт тарабыбыз келишип, оозубуздан чыккандын баары орундалып турса, анда периште болуп көктө учуп жүрмөкпүз го. Пенде менен периштенин айырмасы мына ушунда белем. Алыкулдун керээзин да ушинтип пендечиликке ыйгаруудан башка арга жок.
...Алыкул Ысык-Көлдү жанындай сүйүптүр! Эмесе, акындан кийин деле канчалагандардын көөнү түшпөдү дейсиз касиеттүү көлүбүзгө. А бирок, Алыкулдай сүйүп, Алыкулдай ырдай алган жок го, жаныбарды! Анан калса, акындын чыгармачылыгын аңдап отурган адамга анын чыгармачылыгынын толкуп-ташып турган мезгили да дал ушу касиеттүү көлдүн жээгине байыр алган жылдарына туш келиптир. Мына, акындын дүйнө салганынан бери алтымыш жылга аяк басса да, анын сүйгөн көлүнүн ар бир толкуну Алыкулдун лирикаларын али күнчө шыбырап, шоораттап, шартылдап, бууракандап, күңгүрөнүп келет...
Кыргыз поэзиясынын асманындагы чолпон жылдыздарынын бири болгон Алыкулду көрбөсөм да, анын замандаштарынын эскерүүлөрүн дайым окуп келем. Ошолор боюнча акынды түнт, балким өзүмчүлбү деп да ойлоп кеткейсиң. А бирок, ырларын окуй отуруп, андай ойду алыс ыргытасың. Жаздын ак жаанындай шатырап, жыбыраган миллиондогон толкундар менен куушуп ойноп күмүш күлкү чачат. Аны менен акын көбүктөнүп, ээ-жаа бербеген сезимин жанындагыларга чыгарбай, өзү менен өзү алек болуп өткөндөй, эч кимге милдетин артпагандай.
Алыкул акын тууралуу мен деле башка замандаштарыма, адабият күйөрмандарына окшоп көп толгонуп келем. Ал эми бир ирет улуу акын баскан жерге барып, анын рухуна да жолуккандай болгонумду ичимде катып жүрөм... 95-жылдары болсо керек, Көлгө, Чолпон-Атага барып эс алып калдык. Дал эле Алыкулдун мезгилинде санаторий болуп турган имаратка кечке маал жетип барганыбыз эсимде. Бизди ал жерден балдар санаторийинин башчысы, врач, акын Таңатар Кашенов агай көлгө беш кадамдык жердеги кичинекей коттеджге жайгаштырды.
- Мына, ушул жерде Алыкул акын өзүнүн өлбөс-өчпөс чыгармаларын жазган. 1946-47-48-жылдар болсо керек...- дейт Таңатар аба.
...Апакай шыңга бойлуу кайыңдардын улам биринин боорун сылап, андан ары көөлгүп жаткан көлгө тойбой көз чаптыра түмөндөгөн суроолорду жаадыра бердим, ичимден. "Силер алп Акынды көргөнсүңөр да, кандай эле ал киши, кандай эле?.." Суроолорума жооп алалбай уктап кетипмин. Капысынан мени бирөө акырын өйдө көтөрүп бараткандай болуп ойгонуп кеттим. Ооба, жер кадимкидей кыймылдагандай болду. Кулагыма кимдир бирөө ыр окуп аткандай ыргак угулду...Отура калып, эки жагымды карап, тыңшасам, жанымдагылар тынч, мемиреп уктап жатышат. Бир гана терезеден ары шырпылдаган дабыш угулуп, кимдир бирөө басып жүргөндөй, күңгүрөнгөндөй... Жүрөгүм дүкүлдөп, анын Алыкул экенин, акын ыр издеп, ыр окуп, ыр жазып жүргөнүн туюк сезим менен туюп аттым. Ошол отурган калыбымда акынга куран түшүрүп, бетима бата тарттым...
Балким башкалар ишенбес, а бирок, Чолпон-Атадагы ошол түнү Алыкулдун өзү менен болбосо да, акын сүйгөн көл жээгинде калган анын бууракандаган сезимдери менен бет келиштимби деп ойлоп келем...Улуу акындын улуу руху, көлгө деген улуу сүйүүсү, сезими алиге чейин өчпөй, жоголбой келгенине ошондон бери биротоло ишенип алдым. Анан да, Чолпон-Атада 1948-жылы Пржевальскийге жазган ырында:
"Сага окшоп көл боюнда атым турса,
Эмне арман?..Муштумдай бир кара таштан" деп ичтен сызып койгон саптары көкүрөгүмө коргошундай болуп уюп турат. Акын руху дале ак кайыңдарды аралап, өзү сүйгөн Ысык-Көлдү бойлоп, толкундар менен кошо ойноп, сырдашып, муңдашып, "бир четин мүлдө кыргыз көтөрө алгыс" ыр килемин дале токуп жаткандай сезилет. А балким, акын жүрөгү толкундарда түбөлүк калып калгандыр...

Нурбүбү БӨДӨШОВА.




  Талкууга таштадык...

"КЫЙНАЛДЫК, КЫРГЫЗСТАНДАН КАЧАБЫЗ" ДЕБЕГИЛЕЧИ...

00-69. Мен Оштук жигит менен сүйлөшөм. Бирок, азыркы кырдаалда экөөбүз тең кыйналып жатабыз. Кыргызстандан башка жакка качып кеткибиз келет. Ким күнөөлүү билбей жатабыз. Ажырагыбыз да келбейт.
Айназик Калмурат.
"Алиби", 23-ноябрдагы смс.


Бир караганда кадимки эле смстердей көрүнгөнү менен, Айназик менен Калмураттын сөздөрү мени терең ойго салып таштады. Баамымда, Айназик Чүй, Көл, Нарын же Талас тараптан өңдөнөт (түндүк-түштүк деп айткым келбей турат).Ошон үчүн "оштук жигит" деп айтып жатат да. Оштук менен сүйлөшсө эмне экен, оштук жигитти сүйсө эмне экен? Бул жерде кыйналгыдай эч нерсе жок. Сүйүшкүлө, сүйлөшкүлө!
Айтайын дегеним, кыргыз кыйналып турат азыр. Кыргызстандын "тиги тарабы, бу тарабы" деп биринен бирин өйдө коюп же ылдый коюп айтууга болбойт.Бүтүндөй республика кыйналып, экономикабыз эңшерилип турган мезгилде силер - жаштар "башка жакка качып кетебиз" дегениңер не?! "Кыйналдык" деп эле кете берсеңер, тээ Улуу Ата Мекендик согушта тылда калган Кыргызстандын таз кейпин киебиз го. Жаш балдар менен кары-картаңдар калып калсак, мына ошондо биротоло кыргыз эли кургуйга кулап түшпөйбү.
"Ушундай абалыбызга ким күнөөлүү" дейсиңер. Ошону билбей башыбыз маң болуп отурбайбы. "Бийлик күнөөлүү" деп бир эмес эки жолу Ак үйдү алып, анда отургандарды жети атасы көрбөгөн жерге жеткире кууп салдык. Экинчи келгис кылып, келсе эле көзүн чукуп, колун кишендеп зынданга таштайбыз деп ызырынып отурабыз. "Силер кыргызды итке мингизип таштадыңар!" деп аянтка чыккан силердей эле азаматтар окко учуп, анын артынан Ош, Жалал-Абад отко куйкаланып,ызы-чуу, өкүрүк Кыргызстанды чулгап жатып калды. Башта да кичине, иттин белине минип жүрсөк, эми ошол иттин куйругунан ылдый шыпырылып түшүп, как жерге "так" этип отуруп калганыбыз жалганбы!
Отуруп-отуруп эстеп кетем да өткөн жылдарды. Азыркы депутат, а кездеги экономика, каржы министри беле, алиги Акылбек Жапаров деген жигитибиз, ошол ХИПК деген программаны аябай жактырып, ошого киребиз деп чамынганы эсиме түшө берчү болду. Чунак баланын көзү ачык окшобойбу! Анда "ХИПКке биротоло жардыланган өлкөлөр кирип, акыры кул болуп калат эй!" деп асман-айдан түйүлүп болбой койгонбуз. А жылдардан да бу жылы, абал оорлоп кеткенин кантип танабыз. Кул болбосок да, көрүнгөндүн көзүн карап, эшекченди ээрчип, деңиздин аркы өйүзүндөгүлөргө телинип атканыбыз жалганбы.
Кыргыздын башына түшкөн кыйынчылыкка мен күнөөлүү эмесмин! Азыр кимден сурасаң да ушул жоопту аласың. Эч ким күнөөлүү эмес. Кудайы момун мен эмес, күнү-түнү мүшөктөп акча жегендер да этегин кагынып тура калышат. Кыргыздын так жүрөгүн мээлеп туруп аткандар да, кыргызды тирүүлөй куйкалап туруп көмгөндөр да өздөрүн апакай сезишет. Кантели, бу жалган дүйнөдө Конституцияны экинчи-үчүнчү гана эмес, миң бир ирет кайра жазып чыксаң да,чыркыраган чындыкка жеталбайт окшойбуз, биз - кыргыздар. Ошондуктан, силер күнөөлүүлөрдү издеп убара болбогула. Адам өмүрү ансыз деле кыска. Ачып көздү-жумгуча жалындаган жаштыгыңардын жашыл өңү бозоруп, кызыл өңү кыярып кетерин унутпагыла. Шашылып жашагыла, сүйүшкүлө, бири-бириңердин кадырыңарга жеткиле! Бири-бириңерди жакшы көрөсүңөрбү, анда турмуштук кыйынчылыктарды шылтоолоп ажырашып кетпегиле. Кыйынчылыктарды жалгыздап жеңе албайсыңар, а экөөлөп көтөрсөңөр - жеңил болот. Андан көрө, ата-энеңерди кубантып, той түшүргүлө. Мейли, иномаркаларга кызыл-жашыл-сары шарларды тагып, сөөлжандай чубалган лимузинди жалдабасаңар да, эң кымбат кафелерде 200-300 кишиге тай союп табак тартпасаңар да, ак сүйүүнү даңазалап, чын пейилиңер менен жакындарыңарга чай бергиле. Ак жоолук салынып, апакай келин болуп, апаңа жүгүнүп тур, Айназик! Ата-энеңердин батасын алсаңар, кыргыздын арбагы көтөрүлөт. Бата менен агарып-көгөргүлө!

62 жаштагы Айсары
энеден жазып алган
Нурбүбү БӨДӨШОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика