Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Архив газеты Демо: Всплывающее РѕРєРЅРѕ РїСЂРё загрузке сайта СЃ помощью CSS3 Рё немного javascript
Сурагыла, жооп беребиз!
Жер участогуна салык кандайча эсептелет?
Бүгүнкү күндө там аркасын (огород), дача участокторун пайдалануу салыгы кандайча эсептелет?
Н.Исмаилов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик салык кызматы, жер салыгы тууралуу суроого, төмөндөгү маалыматтарды билдирет:
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 334-беренесинин негизинде, жер салыгын төлөөчүлөр болуп, жердин менчик ээси же пайдалануучусу деп таанылган, жерди пайдалануу укугу Кыргыз Республикасынын жер кодексине ылайык жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акты, жер участокту убактылуу пайдаланууга укук жөнүндө күбөлүк менен, жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүк (мындан ары-укукту билдирүүчү документтер) менен ырасталган субъект жер участогу пайдаланылганына же пайдаланылбаганына карабастан жер салыгын төлөөчү деп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 338 беренесине ылайык, көп кабаттуу үйлөрдүн жанындагы жана анын алдындагы, ошондой эле короо жай, багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын ставкалары төмөнкүдөй өлчөмдөрдө белгиленген:

Мисалы: Сокулук районундагы 500 чарчы метр (5 сотук) дача жер участогун Бишкек шаарынын тургуну менчик катары пайдаланат.
Бул дача участогунун жер салыгы салык органы тарабынан 50 сом өлчөмүндө эсептелинет (500 х 10 тыйын) жана салык төлөөчүгө ушул салык тууралуу "билдирүү" тапшырылат. Өтүп жаткан жылдын 1-сентябрь айына чейин бул салык дача участогу катталган жери боюнча төлөнүшү керек.
Ушул жер салыгын бардык эле адамдар төлөй беришпейт, атап айтсак, Салык кодексинин 344-беренесинин негизинде, үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участокторду пайдаланууда жер салыгын төлөөдөн, төмөндөгү адамдар бошотулушат:
- Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары жана катышуучулары, мамлекеттер аралык макулдашуулар боюнча Афганистандагы жана башка өлкөлөрдөгү согушка катышкан аскер кызматчылары, Чернобыль АЭСиндеги кыйроону жоюуга катышкандар, ошондой эле бала чагынан майыптар, I жана II топтогу майыптар;
- кызматтык милдеттерин аткарууда курман болгон же дайынсыз жок болгон аскер кызматчыларынын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлө мүчөлөрү, анын ичинде балдары эрезеге жеткенге чейин;
- пенсиялык куракка жеткен жеке адамдар;
- 4 жана андан ашык эрезеге жете элек балдары (жаш балдары) бар жеке адамдар.
Мындан тышкары белгилей кетсек, эгерде үй жанындагы, короо жай, багбанчылык жер участоктору же алардын үлүштөрү кандайдыр бир ишкердик максатта пайдаланыла турган болсо, анда мындай жер участоктору же алардын үлүштөрү, башка жер категориясына каралган жер ставкасынын негизинде жер салыгына тартылат.
Демек, мындай учурда айыл чарба багытында болбогон жерлерге каралган жер салыгынын ставкалары колдонулат жана жогоруда көргөзүлгөн үй жанындагы, короо жай жана багбанчылык жер участоктору боюнча жер салыгынын жеңилдиктери колдонулбайт.

Төраганын орун басары З.Осмонов




Баланын тагдыры үчүн кандай кам көрсөк болот?
Биздин көчөдө жашаган бир үй-бүлөдө 12 жашар баланын атасы жок, ал эми апасы болсо арак ичип кеткен. Бала кароосуз калды. Кошуналар колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз, бирок ал баланы мындай абалда калтырууга болбойт да. Эмне кылышыбыз керек?
Венера

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында "Камкордук көрүү жана багуу" органы деген болот, сиз ошол бөлүмдүн кызматкерлерине барыңыз, кароосуз калган балдарды каттоого алып, тиешелүү балдарды багуу мекемелерине орноштурат. Кийин бул бала кандай тарбия, багуу жана билим алып жатканын көзөмөлдөп турат.
Камкордук көрүү жана багуу органына мындай балдар жөнүндө билдирүү түшкөндө, 1 ай ичинде алар бүт жагдаайларды изилдеп балдарды башка үй-бүлөгө, андай табылбаса балдар үйүнө же ушул сыяктуу мекемелерге орноштурушу керек.
Жогоруда айтылган милдеттерди тиешелүү мекеме жетекчилери аткарбай маалыматты жашырууга укугу жок, андай учурда мыйзам чегинде жооп беришет.

Чолпон Кудайбердиева "Юридическая помощь" коомдук фонду





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"




Actionteaser.ru - тизерная реклама
Яндекс.Метрика