Учур маек

Азимбек Бекназаров, вице-премьер-министр:
"Президентти жана бизди оңтойсуз абалга калтырды"
(Уландысы. Башы өткөн сандарда)

- Азимбек Анаркулович, Манас аэропортундагы НАТОнун транзиттик борборун күйүүчү май менен камсыздаган "Мина" корпорациясы 7-апрелден кийин коррупцияланган ишкана катары таанылган. Бирок, жакында АКШ мамлекети дал ошол корпорация менен кайра келишим түздү. Закиржандын уулу Максим "крыша" болгон ишкананын артында азыр кимдер турушу мүмкүн?
- Биринчиден бизде фирма түзүү беш минуттук иш. Ошондой эле мурдагы президенттер менен жең ичинен кызматташып, бизнесин гүлдөткөн ондогон компаниялар бар. Маселен, "Ретстар" деген фирма Акаев мезгилинен бери иштеп келет. 24-март революциясынан кийин фирмалардын баары Айдардын колунан Максимге өткөн. Алар турмак, Түлеев, Ширшов, Балкыбеков, Турдумамбетов, Валиев, Саркишев деген адамдар өтө качты. Кыскасы, акчаны гана көздөгөн адамдар менен коррупцияланган фирмалар кайсы бийлик болбосун жылчык табат экен. Бийликке ким келбесин колтугуна кирип, былык иштерин жүргүзө берет турбайбы. Анткени, аталган фирманын бир өкүлү азыркы президенттин уулу менен Турцияда жолугуп, эски системаны улантуу аракетин көргөнүн гезиттер жазып чыкты. Менин оюмча ал фирмалар Америка тарабынан дагы колдоого алынууда. Себеби, коррупция кайдан башталары, дүйнөлүк афералар эмнеден жаралары, мамлекет, адам жана улут укуктарынын кантип бузулары Америкадан башталат. Бардык балакетке үйрөтүп жаткан ошолор. "Сем байкелер" былыгы чыккан компанияны келишимге кошуп, бизге кайра жабыштырышы Президентти жана бизди оңтойсуз абалга калтырды. Ошол себептен прокуратурадагы иштерди активдештирип, жакын арада тендерди оңдоп өткөрүү үчүн Америкага маселе койгону турабыз.
- Азимбек мырза, дагы бир маселе. Айдар менен Максимден жалкып калган элибиз уулуңуздун саясатка аралашышын жакшы кабыл албады. Апрелден кийин каканагы жарылган партиялардын биринен талапкер болуп, шайлоого катышышы дагы көптөгөн ушактарды ээрчитип чыкты. Уулуңуздун жүрүшүн өзүңүз кандай баалап жатасыз?
- Эй айланайын, бардыгы шайлоого катышса болот, анан менин балам талапкер катары эмнеге катталбашы керек. Атургай айрым партияларда бир үй-бүлөдөн экиден адам талапкер, депутат болуп жатпайбы. Мисалы, "Ата-Журтта" Абдиев күйөө баласы менен, Осмонов кызы менен отурат. Мындай көрүнүш КСДПда, "Ата Мекенде", "Респуликада" да бар. Аларга болот, а Бекназаровдун баласы же үй-бүлөсүнө эмнеге болбойт? Бул да болсо мага каршы жасалган саясат деп ойлойм. Өкүнүчтүүсү, абийирге жатпаган пастыкка барышып, баламды ММКлар аркылуу каралап жатышат. Эсиңиздерге салсам, "биз иштеп жатканда Бекназаровдор иштебейт" деп уулумду Бакиевдер жумушунан айдап жиберген. Куулган күндөн бери келинчеги менен Дордойдо контейнер иштетип жүрдү. Азыр деле ошол жерде иштеп жатат. Бирок, мамлекет келечегине кайдыгер боло албады көрүнөт, Бириккен элдик кыймылдын алдында "Жаштар биримдиги" деген уюм түзүп, төрагалык кылып келди. БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөсү болчу, кийин алардын атынан Конституциялык кеңешмеге катышты. Уюмдун бир мүчөсү, уулумдун досу Жаштар министри болду. Анан зөөкүр бийлик менен күрөш жүргүзгөн саясатта баламдын активдүү аралашканына көз жумуп, кийинки кадамдарын сынга алгандарга такыр түшүнбөйм. Башка саясатчылардын балдарындай болуп чет өлкөдө бекинип же үйдө жашырынып жаткан жок. 7-апрель күнү Ала-Тоо аянтында жүрүп, жанында жүргөн досуна ок тийди. Мен Нарында жүргөндө "Акүйдөн Бекназаровдун баласын аткыла" деген тапшырма болгонун Атамбаевдин жардамчысы Данияр айтып: "Бизди укпай алдында жүрөт айтсаңыз, бекин десек болбой жатат" деди. Русланга телефон чалсам албай койду. Эртеси да элдин арасында болуп, тополоңду токтотууга жардам кылды. Кыскасын айтканда революцияга ушуга чейин кызмат кылып келатат. Албетте, Бекназаровдун душмандары Акаев, Бакиевдин жакындары болсо, эми арабыздан чыгууда. Бакиевдерден эле үч адам соттолуп жатат. Канчалаган достору, эмне деген лөктөр сот алдына чөгөлөп турат. Анан мени душман кылгандар баламды аямак беле.
Дагы бир айта кетчү нерсе Ош коогалаңында бекинип жатпастан элдик кайгуул түзүп, Түштүккө барды. Ал жакка барганын да сөзгө кошуп, "Бекназаровдун баласы автомат таратып жүрөт" деген сөз чыгарышты, Кудая тообо! Жок жерден ушак жаратып, эптеп эле жаман көрсөтүүнүн айласын кылышканын бул жерден дагы көрсө болот. Баламдын барганын ушак кылгандар эгер барбай койсо, "чоңдордун балдары каякта" деп жазып чыгышып, алгачкы мисалга мени тартмак. Жумуш көп болгондуктан жазылган имиштерге жооп бергенге убакыт болгон жок. Уулум Руслан эми колун бошотуп, жалган маалымат тараткан гезиттердин айрымдарын сотко берейин деп отурат.
- Революциядан соң жумушуна кайтып барган жокпу?
- Барды эле гезиттер жаза беришкендиктен: "Ата мен барбай эле коеюнчу" деп кетип калды. Эл арасында жүрсө аны, ишке барбай шайлоого барса муну жазса, эмне кылыш керек? Жаран катары, жаш жигит катары мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошсом, элиме керегим тийсе деген тилеги Бекназаровдун баласы болгондугу үчүн аткарылбаш керекпи? Сөз эркиндиги десе тизгинин тарталбай калган гезиттер миллиондогон акчаларды Русланга байлап жиберди. Эгер сотко берсе аны кантип далилдешет. Акылга сыйбаган сөздөрдү чыгаруунун, кара пиарды таратуунун чеги болуш керек го дейм. Ойлонуп көрүңүзчү, менин балам эмес мен барсам бирөө акча бербейт. Биздеги ишканалар жана банктар Бекназаровдун баласы келди десе эле миллиондогон акчаларды кармата коебу. Же ал барса эле чиновниктер бирөөлөрдү ишке кое береби? Максат түшүнүктүү, коомдук пикир жаратып, гезит аркылуу сого берсек Бекназаровдун кадыры түшөт дешүүдө.
- 7-апрель деп калдыңыз, 6-апрель түнү бардык оппозициялык лидерлер камакка алынган кезде, Топчуке (Т.Тургуналиев) экөөңүздөр колго түшпөй калышыңыздар түрлүү суроолорду, божомолдорду жаратты. Себеби эмнеде дейсиз?
- Кармалбайын деген лидер үйүндө бекинип жатпай, эл арасында жүрүшү керек болчу. Албетте, үйүңдө бекинип жаткандарды кармады. Бир нерсени айтып коеюн, кайсы күнү митинг кылалы дегенде, Нарындан келгендер "7 деген жакшы сан, ушул күнгө белгилейли" деген. 7-апрелге митинг белгилеген нарындыктарга ким барат дегенде, эч кимиси макул болгон эмес. Демилгени Алай, Аксы, Талас эли колдоду. Баабедин токоч тиштеп антташып, өлкөнү кыдырганда жанымда Д.Чотонов, С.Четинбаев жүрдү. Кийин бөлүшкөндө Ошко Артыков менен Чотонов, Аксыга Тургуналиев, Таласка Шерниязов кетти. Болот барары менен кармашып, Таласта тополоң башталганын баарыңар билесиңер. Дүйшөн менен Анварды эртеси тутушту. Ооба, мени да кармоого буйрук берилип, министрдин орун басары Талант Исаев алты машине "спецназ" менен барып, өздөрү колго түшүп калды. Эгер мен болбогондо Т.Исаев Конгантиевдин кейпин киймек, бардыгын токмоктон куткарып, "Милиция эл менен" деген убадасын айттыртып, машина менен качырып жибердим. Жөндөн жөн элди уруштурбай, милиция менен кагыштырбай, кылдат чечүүнүн жолун билүү, лидерлик сапатка тиешелүү болот. Сүйлөшүүнүн негизинде 7си күнү саат 11ге чейин жалпы Нарын облусуна элдик бийлик орноттук. Эмне дейм, камалган лидерлер үйүндө жатпай эл арасында болгондо мүмкүн кармалбай калмак. Өздөрү барышкан жок. Кээ бири ооруп жатабыз дешти. Бир тобу БЭКтин мүчөсү эмеспиз дешкен. Азыр Убактылу өкмөттүн "ардактуу" мүчөсү болуп жүрүшөт.
- Шак эле колго түшкөнү кармоого аракет көрбөгөндүн белгисиби?
- Кармоого аракет болду. Бактыгүл деген аялдын үйүндө отурганыбызда түндө кармайт экен деген маалымат жетип, нарындыктар аягына чейин күрөшөлү дешип беш-алты машине муштумдай болгон таштарды түшүрүштү. Эшикте 500дөй адам, элүүгө жакын атчан турду. Аксакалдар, аялдар губернатор Акматалиевге барып, бизде даярдык бар, армияң менен талкалашабыз, абайла деп эскертип келишти. Элдин сүрүн көргөн соң түнкү саат 3тө губернатор өзү келип, Нарындын координатору менен сүйлөштү. Эртеси тынчтык митинги өтүп, күч колдонбостон бийликти элге бермей болду. Ошентип, алдын ала кармалбоонун аракетин кылдык, андан майнап чыкты. Эгер кармалышыңды сезип калсаң Барктабасовго окшоп жүгөрүнү аралай качып же жүктүн түбүнө бекинбей эркекче колго түшүү керек. Мисалы, Топчуке Кара-Жыгачта 6-апрель күнү 3 миңдей киши топтоп, эртеси Кербенде курултай кылды. А кишини да кармаганга аракет кылган экен, чогулган эл милицияларды сүрүп таштаптыр. Ошондуктан айтарым, он миңдеген адамдын арасында жүрсөң эч качан кармалбайсың.

(Уландысы бар. Кийинки санда телефондук сүйлөшүү жөнүндө кеп болот).

Зулпукаар
САПАНОВ