Эки жакты деле карап койсок...

Үлгүлүү мамлекет

Үлгүлүү мамлекет дегенди түз маанисинде түшүнүп турганыңызды көрүп турам. Кыргызстан кайсы жагынан үлгүлүү боло алмак эле деп таңданып жатсаңыз керек. Сөзүбүз Кыргызстан эмес, Грузия жөнүндө. Мындан беш жыл мурун Грузияны башка мамлекеттер өрнөк ала турган үлгүлүү мамлекетке айланат деп эч ким ойлогон эмес. Андан бүгүн постсоветтик же Азия, Африка чөлкөмүндөгү өлкөлөрдөн тарта, Европанын өзү да бардык жагынан үлгү алууга куштар болуп, жетишилген ийгиликтерге тан берип турган чагы.

Бир гана мисал: мындан беш жыл мурда Грузияда күнүнө 50 машина уурдалып турган болсо, бүгүн жарым жылда бир машина уурдалса уурдалды, болбосо жок. Албетте, биздин эл ынана тургандай "жомок" айтсаң боло дегендер да чыгышы мүмкүн. Арийне, бул бүгүнкү күндөгү Грузиянын чыныгы турмушу. Элестетиңиз, Бүткүл Дүйнөлүк банктын жыл сайын бизнести жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө Грузия быйыл дүйнөдө 11-орунга чыкты. Биз таңкалып жүргөн Швеция, Финляндия жана Япония өлкөлөрүнөн да ашып түшкөн, КМШ өлкөлөрүн айтпай эле койолу. Бир канча ай мурда америкалык "Форбес" журналы салыктарды төлөөнүн жеңилдиги боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө бул өлкөнүн салык системасын Европадагы эң либералдык деп таап, ал эми дүйнөдөгү Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Гонконгдон кийинки төртүнчү орунга чыгарды.
Грузия мамлекетинин жалпы кирешеси 2003-жылы 558 млн доллар болсо, 2008-жылы 3,3 млрд долларга жеткен. 2004-жылдан тарта экономикасы жылына 9-12 пайыздык ылдамдык менен өсүүдө. Жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасында орточо айлык акы 2005-жылы 30 доллар болсо, 2009-жылы 240 доллар.
Мындай ийгиликтер асмандан эле түшө калбаганы, анүчүн Грузиянын жетекчилиги чоң эмгектерди жасаганы түшүнүктүү. Атап айтсак, 2005-жылы революциялык жол менен Михаил Саакашвили бийликке келгенден тарта мамлекеттик бардык тармакта реформалар башталып, сандарда көрүнүп тургандай, алардын көпчүлүгү аягына чейин чыгарылган. Бул жерде эң негизгиси, Грузия жетекчилигинин реформаларды жасоого болгон каалоосу жана саясий эрки жетиштүү болгон. Биз деле өлкөдөгү эки ирет революцияны тамаша кылыш үчүн жасабаганыбыз, кыялыбызда дал ушул Грузиядагыдай жашоону элестеткенибиз жалганбы. Бирок, ал азырынча биз үчүн кол жеткис кыял бойдон калууда.
Анын себептерин жана Грузиядагы ийгиликтүү жүргүзүлгөн реформалар жөнүндө кийинки сандарыбызда кең-кесири кеп кылмакчыбыз. Бир нерсе айкын: бизде да ошол реформаларды жүгүзүүгө толук мүмкүнчүлүктөр бар, эгер эле жетекчилерибиздин саясий эрки жетсе.

Заирбек БАКТЫБАЕВ




  Күнгөй-тескей

СОТТОР КАЧАН АДИЛЕТ БОЛОТ?
Урматтуу Роза Исаковна !
К.Бакиевдин коррупцияга белчесинен эмес, кекиртегине чейин малынган бийлиги кетип, жашообуз аз да болсо оңоло турган жагына ооду деп жалпы кыргыз элиндей мен дагы сүйүнүп жүрдүм эле, ал ишеничим жакында таш капты. Мени каратып туруп, чиновник сөрөйлөр, адилет сот сөрөйлөр шорлотуп жатышат. Болгондо да көчөдөгү жүргөн зөөкүр-кылмышкерлер эмес, кара кылды как жара турган, калыс, адилет чечим чыгарчу биздин, Сиз бекиткен чыгаан сотторубуз. Коррупцияга накта малынгандар ушулар, соттор десе көп ишене берчү эмес элем, башыма келгенде ишенмек турсун өз жон терим менен сезип жатам.
Билем, түшүнөм, Сиздин меникиндей майда-барат иштерге көңүл бурууга убактыңыз жетпейт. Бирок, мамлекетти мага окшогон адамдар түзөөрүн Сиз жакшы билесиз. Менин дагы Сизге кайрылууга, арманымды айтууга укугум бар.
Түшүнүктүү болсун үчүн башынан айтып берейин.
Мага, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынын 2006-жылдын 21-ноябрындагы номери 322-болгон токтому менен "Совхоз" декоративдүү бакчасынын аймагындагы Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндөгү 244-номерлүү жер тилкеси бөлүнүп берилген.
Турмуштун өйдө-ылдый жагдайларынын, үй-бүлөлүк шарттардын айынан бул жер тилкесине турак үй сала албай келдик. Таш-кум түшүргөндөн башкага мүмкүнчүлүгүм келген эмес. Быйыл, тактап айтканда 2010-жылдын июнь айында бала-бакырам менен чыгынып үй салганы барсак, ал жерди бир аял ээлеп алып, үй салып жатыптыр. Колунда кудум меникиндей, эгиз козудай окшош, болгон айрымасы Ешеналиев Эрмек Муратовичтин атына жазылган токтому бар экен. Ал, Э.Ешеналиев Бишкек шаардык Мамкаттоодон өтүп, 2009-жылдын 30-декабрында жазылган номери Ч 231696-болгон мамлекеттик актынын негизинде кызыл китеп дагы алып алыптыр.
"Бул жер тилкеси мага бөлүнүп берилген, бошотуп бер" деген менин кайрылуума алиги аял "Бар, билгениңди кылып ал, бул жер тилкеси бизге бөлүнүп берилген. Сотко бар, сот чечет, мен сени менен сүйлөшпөйм" деп бизди жолото турган түрү жок.
Айлам кеткенден адвокат жалдап алып, Бишкек шаардык райондор аралык сотуна тиги Э.Ешеналиевге берилген токтомду жараксыз деп таап берүүсүн өтүнүп кайрылдым. Себеби, бул жер тилкеси башында бизге бөлүнүп жатканда, ошол жер тилкесин алган 250 адам бири-бирибизди жакындан тааныйбыз да. Бир күн эмес, айлап-жылдап чуркап жүрүп жер алганбыз. Күнүгө жолугушуп жүрүп, бири-бирибизди жакшы таанып да калганбыз. Ал убакта бул Эрмек Ешеналиев деген неменин аты-жыты да жок болчу, аны эч кимибиз көргөн дагы эмеспиз. Бул тууралуу сотко 18 адам келип күбө болуп беришти. Керек болсо ошол 250 адам күбө болуп берүүгө даяр.
Бишкек шаардык райондор аралык сотунун судьясы Ж.Б.Нурунбетов иштин чоо-жайын абдан териштирди. "Совхоз" декоративдүү бакчасынын аймагындагы Бишкек шаарынын Щербаков көчөсүндөгү 244-номерлүү жер тилкеси Биринчи май райондук администрациясынын 2006-жылдын 21-ноябрындагы 322-болгон Токтом Ешеналиев Эрмек Муратовичке бөлүнүп берилгендигин жасалма, "поддельный" экенин тастыктап, жараксыз деп таап, калыс чечим чыгарып берди.
(Уландысы 13-бетте)




Калкка кайгырбаган Канат Исаев
Парламентке келип, келбей жатып депутаттардын көпчүлүгү шайлоо алдында элге берген убадаларын аткармак болушуп теледен бир жарк этишти. Айрымдары 7-апрель ыңкылабынан кийин түзүлгөн кошуундарды мамлекеттик ар кандай иш-чараларга пайдалануу керектигин көтөрүп чыкса, кээ бири жакынкы күндөгү экономикалык багытта иш алып барып өкмөттүн тартыш бюджетининин эртеңкиси тууралуу сөз козгоду. Убадага бек тургандардан сыягы "Республика" партиясынын депутаты болуп шайланган мурунку мэр Канат Исаевдин демилгеси демдүү боло тургансып калды. Республикачылар шайлоо алдында электр жарыгы үчүн төлөмдү бекер баада кылабыз деген убадаларды беришти эле. Ошол убадаларын утурлап Канат мырза катуу кириштим дейт. Дегени жакшы экен. Кептин баары, анын баягы эле элди эзмей адатын баштаганы турганы кылтыйып калганында. "Электр төлөмдөрү үчүн бааны түшүрүү үчүн ириде электрди уурдап жаткан уурулуктун кендирин кесишибиз керек" дейт. Кайра эле баары бир эл байкушка барып такалат экен да. А эмне үчүн 10 жылдап млндоп карызын төлөбөгөн айрым ишкана, фабрикаларды, алардын кожоюндарын айтпайт дейм да. Канча бир жылдан бери жарытып жарык бербеген өкмөттүн иш аракетинен эмнеге баштабайт? Элге иштеп берем деген эргулдун эңшерип түшөөр эртеңки аракети ушул болсо, анда тим эле койгону жакшы го элге. "Жолдору бар" деп жаткандарына жол болсун.