Сюита Соурбаева:

"...аны кадимкидей сагынам..."
- Журналистикага кокусунан келдиңиз беле же башынан эңсеп жүргөн кесибиңизге жеттим деп эсептейсизби?
-Чынында ар бир кесип ардактуу. Балалык таттуу кыялдар мени ушул чөйрөгө жетектеп келди. Мектепте окуп жүргөндө эле кластташтарым, ата-энем журналист эле болосуң го деп калышчу. Ошондо эле эч кимге сөз берчү эмесмин. Бир окуя эсимде. Кичинекей кезимде Бишкекке келип эжем базарга барам дегенинен эрчип алгам. Ошондо мен байкабаптырмын, көрсө барып келгичи сүйлөптүрмүн. Эжекем сырттан кирип эле апама кызыңыз чарчабайт экен деген. Мындан сырткары мектепте коомдук иштерге активдүү катышып, алып баруучу болуп ырдап да жүрдүм. Ушунун баары чогулуп келип мага журналист деген кесипти тартуулады окшойт. Мен дайыма айтам кокусунан келген нерсе кандай жеңил келсе, ошондой шамалдай кетет. А менин чыгармачылыгымда ишимде өзүмдүн аракетим менен баары болуп келет. Бирөөдөн жардам күтүп олтурбайм.
- Жашоонун маңызын эмне деп түшүнөсүз?
-Биринчиден жашаган жеринде тынчтык болуш керек.Экинчиден үй-бүлөңдө биримдик болсо ырыскы артынан келет. Бул жашоонун маңызы татыктуу жашап артында из калтырууда болсо керек. Сүйгөн жарың жанында болуп, сырттан келгенде балдарың алдыңдан чуркап чыгып апалап турса андан ашкан бакыт болбосо керек. Анткени биз бала кезде атам апам жумуштан келгенде ызы-чуу болуп чуркап моюндарына асылып калчубуз. Ошондо алар айтчу чарчаганым жазылат балдарымды жыттасам деп. Мен да ошондой бакытты сезгим келет.
-Кичине кезиңизден берки кыялыңыз?
-Бекер айтылбайт экен миң кыялдын бири орундалат деп. Мен өзү басам-турсам жакшы нерселер жөнүндө кыялдана берем. Бул бала кезден калган. Мектепте окуп жүргөндө айылдагы үйдүн экинчи кабатына туруп алып кинодогудай болуп мен күткөн, мен сүйгөн адам гүлүн көтөрүп келсе дей берет элем. Дайыма үйдө тартууланган гүл болсо дечүмүн. Азыр ошондой бөлмөмдө бир гүл соолугуча экинчиси келип кээде бөлмө гүлгө оролуп калат. Экинчиден дайыма элдин арасында жүрүп, маанилүү иш жасасам дечүмүн . Ош жергесине да ойлонбой келип иштегеним ошондон болду. Максатым өзүмдүн керт башымды коргоо эмес, кыйын кезде элим менен бирге болуу.
-Кыргызстандын бүгүнкү абалына журналист катары кандай баа бересиз?
-Чынында Кыргызстанды дүйнө жүзүнө маданияты же дагы бар башка жетишкендиктери менен таанытсак деп кыялданчумун. Тилекке каршы андай болбоду. Биз дүйнө коомчулугунун алдында мыйзамсыз кадамдарга ойлонбой барган мамлекет катары таанылдык. Чындыгында абал туруктуу же биз жыргап жашап жатабыз деп айтуу кыйын. Саясатчылар буга чейин кандай оюндарды жасап келишсе ошондой эле болуп жатат. Менимче бизге биримдик жетишпей турат. Кыргызда мамлекетти башкаруунун көзүн билген адистер бар, ошондойлорго жогорку бийликте отургандар жол ачыш керек. Эгерде өткөн бийлик азыркы бийлик деп жилик талаша берсек мамлекетибизди жоготуп алабыз.
- Хоббиңиз эмне?
-Гүлдөрдөн композиция жасоо. Ичиме бугум толуп кеткенде музыканы бийик коюп алып машине айдоо.
-Өзүңүздүн мүнөзүңүз өзүңүзгө жагабы?
-Ар бир адамдын жакшы жаман жактары бар. Өзүмдү кемчилдиги жок деп айтууудан алысмын. Бирок майда эмесмин. Көп учурда анча-мынча ушакка көңүл бурбайм. Бирок намысыма тийген жерде жакшы эле жообун берем.Анан ашыкча эле колунан эч нерсе келбесин билип туруп кыйынсынган адамдарды сыйлабайм. Кыскасы адам баласы бир сырдуу болгонун туура көрөм.
- Жашоодо жүрөк туйлаткан сүйүүгө туш болдуңуз беле?
- Албетте кабылгам. Азыр да ошол сезим менен жашап жүрөм. Ал адамды бир көргөндө жактырып, жүрөгүмдө түйүп алгандай сезилет. Экөөбүз жолуккан күн чоң майрам. Анткени ал көп учурда өлкөнүн ар кайсы аймактарында, чет өлкөдө жүрүп калат. Ошондо кадимкидей сагынам. Ал дагы ошентип көп айтат. Бирок колумду сурай элек. Кансе да жакшылыктын эрте кечи жок эмеспи...
- Эгерде Сиз жактырган үй-бүлөлүү адам колуңузду сураса...
- Эми бул Кудайдын буйругу экен да. Ар бир эле бийкеч биринчи никедеги аял болгусу келсе керек. Бирок турмуш ар дайым эле без каалагандай боло бербейт да. Канткен менен бирөөнүн бактысын бузуп, анын үстүнөн бактылуу болом дегендин өзү чоң жаңылыштык. Ошондуктан мага жолуккан адамдын мага чейинки турмушу бузулуп, бирок мага болгон махабаты таза болгондо гана макулдук бермекмин баарын жаңы барактан баштайт элем. Бул эми Сиздин сурооңузга жооп. Идеалында биринчи жана акыркысы болгум келет.

Адилет
АЙТИКЕЕВ