Сотко сурак болобу?
(Башы өткөн санда)

ДЭУнун начальниги биз жогоруда келтирген далилдердин баарын, өзгөчө акимдин 09.12.96- №231 чечими жөн эле кийинки число менен жазылган жалган документ экендигин аныктаган шектенүүгө жатпай турган далилдер менен Жогорку сотко келет. Айта кетчү нерсе мурдагы өткөн райондук, областтык сотто мындай далилдер болгон эмес. Ушул фактылардын негизинде Жогорку соттун граждандык коллегиясы жок дегенде ошол документ жасаган шумпайлардын үстүнөн кылмыш иш козгоо жөнүндө талапты Башкы прокуратурага жөнөтүп, талашка түшкөн тамды кырк жыл жолго колу менен асфальт жайышып карама сокур болуп калышкан карыяларга бериши керек эле. Бул болгон жок. К.Акназарова башында турган Жогорку соттун граждандык иштер боюнча коллегиясы мыйзамга таптакыр сыйбай турган адам ишенбей турган ишти кылып, тамды Кочкорго келе элек жаткан сот Койгелдиевге алып берип койду. Тагдыр мени Калиман Акназарова башында турган Жогорку соттун граждандык иштер боюнча коллегиясынын дагы үч-төрт чечими менен капыстан тааныштырды. Бул чечимдерден мыйзам эмес кадыресе жөнөкөй логиканы да көргөн жокмун. Бул чечимдерден мен мыйзамды бурмалоо, аны тебелеп-тепсөө менен зомбулукту карапайым элди кордоону көрдүм. Мен Жогорку сотто Курманбек Осмонов менен Калиман АКназарованын болушуп бул кыргыз элин кордоо, кыргыз мамлекетинин трагедиясы деп ачык эле кыйкырып, президентке, Жогорку Кеңешке кайрылдым. Бакиев менен сот реформасы тууралуу эки жолу "Вечерний Бишкекте" оозмо ооз сүйлөштүм. Бир жолу "Жал" кичи районунда көрүштүк. Бирок Курманбек убадасын аткарып мени менен бетме-бет отуруп сүйлөшө алган жок. Менден качты. Президенттин коомдук кабылдамасында "ой, мунуңардын президенттик касиети болбосо дагы эр-жигиттик ар-намысы барбы?" деп кыйкырганым дагы анын абийирин ойгото алган жок. Мындай дардес сымал, өтө пас адамдын президент болуп калышы кыргыз элинин трагедиясы деп айткандарым 7-апрелде аныкталды. Менин ушул айткандарыма ошол кездеги Жогорку Кеңештин сот тармагын тескеген комитеттин башчысы Алишер Сабиров сыртынан билгизбөөгө аракет кылганы менен ичинде макул болуп турганын сезип, туюп турдум.
Эми Кочкорго Койгелдиев менен Өмүралиевдер сот болуп келишкени сот залынан чыккан эки тарап тең ыйлап чыгышчу болду. Бул эмнени билгизет? Демек, судья тутулган тарапты өтө оор кескен, ал эми кутулган тараптан абдан көп акча алган. Көп баскан аяк бок басат дегендей бир аздан кийин Койгелдиев пара алып жаткан жеринен сөздөрү жазылып, өңдөрү тасмага түшүрүлүп кармалды. Эмне болмок эле? Акаевдин режиси муну да куткарды. Койгелдиевдин ишин Летвинов деген прокурор жаап, Россияга баса берди .Демек көрсөтмө жогор жактан болгон. Акаевдин режимине ушундай зомби сыяктуу сабатсыз, айтканды жасаган, кылмыш жолуна шектүү судьялар керек болгон деген жыйынтыкка келесиң. Эми медсестранын аңгемесин улайлы. Жанынан түңүлгөн медсестра башпаанек издеп 15-декабрда Башкы прокуратурага келет. Баш прокуратура оперативдүү иштешет да медсестранын айтканы чындык экенине көздөрү жеткенде Нарынга чыгышат. Ошентип Нарын областынын сотунун судьясы Койгелдиев Жумаалы 6 000 сом айыпты кечип берем деп 10 000 сом пара алып жаткан жеринен 16.01.2009-ж. кармалды. Бүгүн 11.10.2010-ж. Койгелдиев бул ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун иштерин ар кандай айла-амал менен создуктуруп келе жатат. Элим билесиң го соттун чоюлганы кылмышкердин кутулганы. Бирок бүгүн абал өзгөрдү. Бакиевдин кылмыштуу режими (анын ичинде соттор башкы ролду ойношкон) кулады. Эгерде Койгелдиев дагы эле кутулуп кетсе революциянын текке кеткени.
Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында 07.08.91-ж. президенттин мамлекеттик мүлктү приватташтыруу боюнча указы чыгат. Бир топ ызы-чуудан кийин Кочкордогу быткомбинаттын 4 чоң цехи конкурстук ыкма боюнча сатууга коюлат. Конкурстук ыкманын башка ыкмалардан айырмасы, эң негизги шарты, жаңы менчик ээси ошол цехтердин профилин өзгөртпөй, аны кеңейтип, жаңы жумуш орундарын түзүү болуп саналат. Бирок бул болгон жок. Сөз кылган Акаевдин 40 пункттан турган указынын 19 пункту бузулса дагы судья Койгелдиев, сотто суралышкан конкурсттук комиссиянын мүчөлөрүнүн "Указдын пунктарынын теңинен азы эле бузулуптур. Ошондуктан комиссиянын ишин туура деп табалы" деген сөздөрүн кубаттап мыйзамды көзгө илбей чечим чыгарат. Оо, шумдугуң кургур! Эмне деген заман келе жатат деп жакасын кармагандар болду. Себеби мыйзамдын 19 пункту эмес, жарым пункту бузулган болсо иш бузулуш керек, бул мыйзамдын талабы. Чала сабат сатылган комиссиянын сөзүн мыйзамдан жогору койгон судьяны ким деп айтабыз? Судьябы же ? Дөөпөрөс, чала сабат Койгелдиевдин чечими областтык сотто бузулуп, ал Жогорку сотто бекитилди. Бирок, шумдугуң кургур арадан 5-6 жыл өткөндөн кийин баягы эле Жогорку соттун төрагасынын орун басары К.Акназарованын жаңы ачылган себептер боюнча ишти кайра кароо жөнүндө аныктамасы Кочкор райондук сотуна келди. К.Акназарованын бул аныктамасы мыйзамсыз экенин билип турсак дагы анын мазмунуна кайрылалы. Жогорку соттун төрагасынын орун басарынын ишеними боюнча ошол конкурста жеңип алган ишкерлер Кочкордргу калкка кызмат көрсөтүүчү цехтерди магазинге айлантып, банктарга ижарага берип, профилин өзгөртүп жатыптыр. Айлаң кеткенде күлөсүң. Демек Акназарова мамлекеттик мүлктү мыйзамдаштырууну ачып да койгон эмес. Судья оюна келген ой-толгоолорду тантып жаза берген. Орустар "бумага все терпит" дегендей эле болду. Муну эмне дейбиз? Акназарова чала сабат же такыр эле дөөгүрсүп мыйзамды көзгө илбей калган десе болот. Себеби мыйзамда приватташтыруунун конкурстук ыкмасынын эң негизги шарты: жаңы ээлик кылуучулардын ишканалардын, цехтердин профилин өзгөртпөй жаңы жумушчу орундарды түзүү болот деп бакырайта жазылып турат. Эми окурманым нукура өз башымдан өткөргөндөрүмдү айтып берейин. Сот, прокурорлордун жогорку эшалондогу чиновниктердин кылмышкерлер менен биригип кеткендиктерине деги эле ишенген эмесмин. Бала эле бойдон экенмин. Өз башыма келегнде ишенбедимби. 1997-ж. күз маалында мен үйдө жок экендигимден пайдаланышып аферистер Бишкектеги Биринчи Май районуна караштуу жерге салынып жаткан тамымдын ичинен 10 000 долларлык курулуш материалдарын чыгарып кетишет. Буга Чүй областтык прокуратурасынын кызматкерлери активдүү жардам беришет. Мен Кочкордон келе жатып эле Чүй областынын прокурору Зоотбек Кудайбергеновго жолуктум. Өз көзүмө да, уккан кулагыма да ишенген жокмун. Мен ага бир эле сөз айттым. "Зоотбек иним, менин сага агалык кеңешим сен элдин убалына калчу адам окшойсуң, мындай жогорку постто сендей адамдар иштебеш керек" дедим. Өзүмдүн ишенимимди Акаев менен башкы прокуратурага кат жүзүндө билдирдим. Алар менин сөзүмдү угушкан жок, аягы Аксы трагедиясы менен бүткөнүн элим жакшы билесиң. Бул иштин аягы 10 000 долларлык оокаттын 15 %ин кайтарып алуу менен бүттү. Калганы Зоотбек Кудайбергенов менен анын досторунда калды. Ой жүгүртө турган нерсе чыр-чатак Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун территориясында болсо, Чүй областынын прокуратурасынын кызматкерлери ал жерде эмне кылып жүрүшөт деген. Бул окуянын уландысы бар. Эң эле кызыгы 2002-ж. башталды. Ошол аферисттердин бири менин үстүмөн Биринчи Май райондук сотуна доо арызы менен кайрылыптыр. Мен муну "прокурорго 10 000 доллар берипсиң, бизге эмнеге бербейсиң" деген соттордун дооматы экенин түшүнбөптүрмүн. Бул кийин белгилүү болду. Чакыруу кагазын алып сотко келдим. Ишти судья Оморова Максуда карай баштады. Судья баарын жыйыштырып келип, доогерден "1000 доллардан чыгарып бизнес кылсаңар, 5 айда 8 000 доллар алып 10 000 доллардын оокатын тартып кетсең анан дагы Рамановдон 40 000 долларды кантип доолап жатасың" дегенде эле аферистканын эси ооп жыгылып кала жаздады. Соттун заседаньеси кийинкиге жылдырылды. Кийинки заседаньеге келсем эле судья алмашып калыптыр. Оморованын ордунда Максымбекова Дилбар отурат. Бул мыйзамды өтө эле одоно бузгандык. Жогорку жактын буйругун аткаруудан судья Оморова баш тартса керек. Анан бөрк ал десе баш кескен адамдык уят сыйыттан такыр кеткен Максымбекованы тандашса керек. Аферистка доогер Майрам Акаеванын левый дары-дармектерин саткан Жогорку соттун төрагасынын орун басары К.Акназарованын жакын сиңдилеринен болот экен. Уюшкан кылмышкерлер (аферист+соттор) планды мындай деп түзүшсө керек "Арадан көп жылдар өттү (1992-2002 ж.ж.) Раманов документтерди жоготту жана күбөлөрдү табууга болбой калды" деген. Бирок мен документтердин бардыгын сактап жүргөм, сотко күбөлөрдүн бардыгын алып келдим. Айласы кетип, амалы түгөнгөн сот менен аферист Устат-Аудит деген компаниянын ушул биздин чатагыбызды изилдеген аудитерлик "жыйынтыгын" алып келишиптир. Мен контр ход кылып Адилет министрлигинин астындагы соттук бухгалтериялык борборунун экспертизасын талап кылдым. Мен мындан сырткары оор жүктөрдү ташуу боюнча мамлекеттер аралык келишимдерди жана ушу келишимдердин негизинде Кыргыз Республикасында кабыл алынган мыйзамдарды, нормативдик актыларды да алып келдим.
Эми окурманым өзүң калыс бол. 25-30 тонна жүк көтөргөн машиналарга жүк жүктөп, бардык госпошлиналарды, бажылык төлөмдөрдү төлөп, мыйзамдагы 40-50 посттон жана мыйзамсыз бандиттерден өтүп, Бишкектен Красноярскиге (3300 км.) чейин жетүү үчүн аудитор Акопяндын эсеби боюнча орточо 156 доллар кетет имиш. Ал эми Кыргызстандагы мыйзам, нормативдик актылар боюнча жолго кеминде 1750 доллар кетет экен. Бул сумманы Адилет министрлигин алдындагы бухгалтериялык экспертиза да колдоду. Бирок судья Максымбекова ишти эки жарым жылга ыгы жок эле создуктуруп, Адилет министрлигинин алдындагы бухгалтериялык экспертизасына, оор жүктөрдү ташуу боюнча эл аралык келишимдерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен нормативдик актыларына түкүрдү дагы мурда колхоздун сүт товар фермасында учечик болуп иштеген бухгалтериялык курсту чала-була бүткөн, чала сабат бухгалтердин "аудитерлик жыйынтыгын" туу тутуп, 2007-ж. 17-ноябрында аферистканын пайдасына жыйынтык чыгарды. Иш шаардык сотко жетти. Шаардык соттун бул ишти караган экономикалык иштер боюнча коллегиясына (докладчик судья Закиряев) бир эле талап койдум. Жолго кеткен чыгымды судьялар өзүңөр эсептегиле деген. Эсептеп көрүштү. Жолдун бир тарапка кеткен чыгымы мыйзам боюнча 1750 долларды түзөт экен. (Ал эми мыйзамсызы канча?) Бишкек шаардык сотунун экономикалык иштер боюнча коллегиясы 2006-жылдагы 24-июндагы чечими менен Биринчи Май райондук сотунун 17.11.2004-ж. чечими бузулду.

(уландысы кийинки санда)

Кытайбек Романов