Көз караш

Аркадий Дубнов, Борбор Азия боюнча эксперт:
"Кыргыз элитасынан көңүлүм калды"

Орусиялык журналист Аркадий Дубнов Кыргызстанда коалиция боюнча сүйлөшүүлөр, партиялардын лидерлеринин чет өлкөлөргө сапары тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди. Дубновдун ишениминде, Атамбаев Москвага келгени чын болсо, ал Кремль менен алдыдагы коалиция жөнүндө сүйлөшүүгө гана келет.

- Мен Алмазбек Атамбаевдин жакын чөйрөсүнө кирбейм. Ошон үчүн ал эмне кылып жүргөнү жөнүндө так маалыматым жок. Бирок, шайлоо алдында Атамбаев улам эле Москвага каттап, орус өкмөтүнүн башчысы Владимир Путин менен сүйлөшүүгө аракет кылганын, кийин көрүшүп, Путин анда Кыргызстанга жардам иретинде 10 млн.доллар акча бөлүп, күйүүчү майдан, күзгү себүү үчүн уруктан колдоо кылаарын айткан болчу. Аны Атамбаев шайлоодо да дурус эле колдонду. Эми ал ошол аткарган иши жөнүндө отчет бергени келген болушу мүмкүн. Андан сырткары, непадам ал "Ата Мекен" менен, анын лидери Өмүрбек Текебаев менен коалицияга барса, Москва Атамбаевден жүзүн буруп калбай турганына ынаныш үчүн келсе керек. Жалпысынан алганда, коалицияны куруу боюнча азыркы биринчи жолку аракет майнапсыз болот деген айрым байкоочулардын сөзүнө кошулам.
- Президент Роза Отунбаева деле "Эгерде социал-демократтар коалиция кура алышпаса, бул үчүн мандат "Ата Мекенге" берилет" дебеди беле?
- Менимче, Отунбаеванын минтип айтканынын себеби - ал башынан эле коалиция түзчү тараптар мунасага келишсин деп коркутканы болсо керек. Анткени, кыргыз элитасында баары эле Өмүрбек Текебаев өкмөттүн башына келишин каалай беришпейт.
- Аркадий, азыр эми Атамбаевден сырткары, Өмүрбек Текебаев Парижде жүрөт. Феликс Кулов Украинада экени айтылууда. Сиздин оюңузда, коалиция курчу негизги лидерлердин азыркыдай иш кызып турган кезде баары бир учурда чар тарапта жүрүшкөнү кокустукпу, же мунун артында бирдеме болушу мүмкүнбү?
- Текебаевдин Парижге азыр барып калганы чын эле кокустук болушу мүмкүн. Бирок аны Кремлге жаман көрсөтөм дегендер, балким, анын Францияга сапарын "Мынакей, Текебаев дагы бир жолу өзүнүн батышчыл экенин далилдеп жатат" деши да ажеп эмес. Ал эми Кулов расмий түрдө Украинага кетти деп айтылды. Чынында каякта жүргөнүн ким билсин...
- Эгерде Алмазбек Атамбаев Москвага коалиция боюнча сүйлөшүүгө барганы чын болсо, азыр орус жетекчилиги негизи кандай коалиция болушун каалайт деп ойлойсуз?
- Мен Кремлдин кызыкчылыгын коргобойм. Бирок, бул маселеде "Кыргызстанда стабилдүү бийликке, туруктуулукка алып келчү коалицияны колдойбуз" деген айрым орусиялык жетекчилердин оюна кошулат элем. Менимче, Орусия Кыргызстанга өзүнүн атынан же өзү жетекчилик кылган, негизги добушка ээ болгон уюмдардын, маселен, ЕврАзЭШтин атынан барып жаткан инвестициянын корголушун камсыз кылганга аракет кылат.
- Сиз азыр коалиция биринчи аракеттен эле түзүлүп калбашы мүмкүн дедиңиз. Жаңы жылга Кыргызстан жаңы өкмөт менен кирет деп ойлойсузбу?
- Мен эч кандай жоромол кылгым келбейт. Бирок, өкмөт жаңы жылга чейин түзүлөт деп ойлойм. Антпесе, азыр сууктан тоңуп, ачкачылыктын, бөлүнүп-жарылуунун кырында турган Кыргызстан үчүн эки ай бою өкмөттү түзүүнүн үстүндө тартыша берген өтө эле узак болуп кетмек.
Чынын айтсам, мен азыркы кыргыз элитасынын көпчүлүк өкүлдөрүнөн аябай көңүлүм калып турат. Аларда өлкөнүн келечеги үчүн жоопкердик сезими деген нерсе такыр жок окшойт. Азыр кыргызстандык карапайым эл, мына ушул кишилердин жеке бири-бирине болгон көралбастыгын тамаша кылганга аргасыз болуп калды. Маселен "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов "Биздин экономикалык программаны кабыл алсаңар гана коалицияга кошулам" дегени өзүн көтөргөндүк, өзүнүн маанисин, аброюн көтөрмөлөп көрсөткөнү деп баалайм. Бул - жоопкерсиз кадам. Азыр көп нерсени сүйлөшүп, мунаса табуу менен чечиш керек. Шайлоодо бир да партия 10% ашык добуш топтой албады. Анан кантип булар кескин талаптарды кое алышат? Анан "Ата-Журттун" төрагасы Камчыбек Ташиев да партиялашына таарынып, парламентке келбей койгону такыр акылга сыйгыс нерсе болду. Мунун артында эмне тураарын билбейбиз, биз сыртын гана көрө алабыз. Ал эми сырттан караганда, бул аябай уятсыз, адепсиз жана жоопкерсиз аракет катары көрүнөт.

Төрөкул Дооров,
"Азаттык"




Балтабаев спикер болобу?
Парламентте уткан партиялардын качан коалиция түзүп, өкмөттү кураары белгисиз бойдон калууда. Азыркыдай жүрүш менен болсок, жаңы жылды да Муралиевдин өкмөтү менен тосорубуз бышык. Атүгүл, ишин баштады делген жаңы ЖКнын кийинки отуруму да качан болору белгисиз. Мындай шартта бир гана кишиге жакшы. Кимге дейсизби? Ташболот Балтабаевге. Ал учурда Жогорку Кеңештин спикерлик милдетин аткарууда. Айрым аналитиктер Атамбаев Өмүрбек Текебаевдин эмес, дал ушул Ташполот Балтабаевдин спикер болушун каалайт деп айтып ийишти. Эгер андай болсо, Балтабаевдин козголбой ордунда калышы да мүмкүн экен. Муну уккан Балтабаев лидери Текебаевди тааныбай кетпес бекен.


"Визордун" айласы алты кетүүдө
Арманын төксө, "Визор Холдингдин" (Visor Holding) президенти Майклом Сауэрдин жанына киши туралбайт. Табийгый ресурстар министрлиги жакында аларды "Жер үй" алтын кенин иштетүү укугунан ажыратканы туру. Көрсө, мурдагы бийликке таянган эргул Майклом Сауэр эч кимди көзүнө илбей, келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбаптыр. Бүгүнкү күндө "Визор" компаниясы Таластын жогор жагындагы айылдарга кудайы тамак өткөзүп коюңуздар деп, жүз миңдеген сомдорду берип, анан бизди колдоп бериңиздер деген "акция" жүргүзүп жатыптыр. Бул планы ишке ашып кетер бекен, ай күмөнүбүз бар.


Май арзандаганы туру
2011-жылдын башынан тарта Россия Кыргызстан үчүн мунай продуктуларына болгон пошлиналарды алып салышы мүмкүн. Мындай чечимди Кыргызстанга негизги май жеткирүүчү "Газпром нефть" ААКСы сунуштап жатканы белгилүү болду. Компания пошлиналарды жоюу менен, өлкөдө бензин баасын арзандатуу маселесин карап жатыптыр.
Россиянын Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, бул маселе боюнча учурда тараптар ортосунда талкуу жүрүүдө. Мындай маалыматты Кыргызстандын Экономикалык тескөө министрлигинен да тастыкташып, экспорттук пошлиналарды алып салуу талкууланып жатканын, бирок азырынча конкреттүү жыйынтык жок экендигин билдиришти.
Белгилей кетсек, 1995-жылдан тартып Россия Кыргызстан үчүн эч кандай экспорттук пошлиналары жок мунай продуктуларын ташып жеткирип келген. Ал эми 2010-жылдын 1-апрелинен тартып экспорттук пошлина киргизилип, 1-ноябрдан тартып анын көлөмү тоннасына 208,1 доллар деп бекитилген. Натыйжада Кыргызстанда мунай продуктуларынын баасы өсө баштаган. Бул Курманбек Бакиевдин Россия менен мышык-чычкан ойногон саясатынын акыбети болчу.

"Алиби" пресс