Warning: include(1117.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/1116_1.htm on line 74

Warning: include(1117.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/1116_1.htm on line 74

Warning: include(): Failed opening '1117.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/alibi/10/1116_1.htm on line 74


п»ї

Мекенибизди тартуу кылып жаткан жокпузбу?
"Илгери-илгери бир падыша жашап, күндөрдүн бир күнүндө кызы ооруп калып, жер үстүнөн мен деген табыптарды алдыртат. -Улуу даражалуум! Кимде-ким өз энесинин жүрөгүн сууруп келип кызга жегизсе дарт айыгат, - дейт алардын бири. Падыша жар салат: -Кимде-ким энесинин жүрөгүн алып келсе, ага кызымды, ага кошуп байлыгымдын жарымын беремин! Калк селейет. Кан-бектер элейет. Ошондо топ ичинен бир боз улан суурулуп чыгып, үйүн көздөй чуркайт. Кирип келсе энеси казанга от тамызып күйпөлөктөп аткан экен. Жигит азга буйдала калат, бирок, падышанын алтын-күмүшү менен айдай сулуу кызын эстеп, энесин балта менен каракушка тартып жиберет. Көкүрөгүн жарып ийип, жүрөгүн сууруп алып кайра чуркайт. Шашып баратып мүдүрүлүп жыгылганда колундагы жүрөк жол четине ыргыйт. Жигит чаңга оонап тура калганда, жүрөк: -Алда балакетиңди алайыным-ай, шашпай барсаң деле жетпейт белең, тизеңди оорутуп алдың окшойсуң, э! Үч ирет түкүрүп ийип кайра чурка! - деген экен...
Эненин жүрөгүндөй жүрөк бар болду бекен бу жалганда? Ата-эне үчүн отко түшкөн балапанды бир да жолу көргөн жокмун, бирок балапаны үчүн жыландын тилинде жан берген чымчыктарды далай ирет көрдүм.
Эгер Ата Журтту - Ата десек, Мекенди - Эне десек, анда биз дагы Батыш менен Чыгыш падышаларынын "илдеттерин" айыктырчу тартуу-сыйына, таттуу токочу менен кооз момпосуйуна Мекен-Энебиздин жүрөгүн сууруп алып, "ким мурда алпарат" болуп, жарышып чуркап бараткан жокпузбу?"

Шайлообек Дүйшеевдин
"Шакен азган" китебинен алынды






PDF формат







??.??